«УПАЙ КОШУП КОЙГУЛА» ДЕГЕН ЧАЛУУЛАР БОЛОТ»
- 23.11.2026
- 0
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева ЖРТдагы каталар, миллиондогон сомдордун сарпталышы, тесттин сапаты жана кызмат адамдарынын басымы тууралуу
Быйыл Жалпы республикалык тесттин айланасындагы талаш тесттин суроолору менен эле чектелген жок. Сертификаттардагы жаңылыштыктар, абитуриенттерден чогулган каражаттын кайда жумшалганы, сынакты жыл сайын бир эле уюм өткөрүп келатканы коомчулукта суроо жаратты. 11-ноябрда бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасына чейин жетти. Депутат Камила Талиева ЖРТны уюштурууга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Быйыл тестке дээрлик 70 миң адам катышканын эске алганда, мындай суроолордун мааниси дагы артат. Анткени бир сертификаттын артында абитуриенттин келечеги, бир упайдын артында окууга өтүү мүмкүнчүлүгү турат.
ЖРТны өткөрүп келген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦООМО) 2026–2028-жылдарга да сынактын жеңүүчүсү деп табылган. Бирок аны менен кошо борбордун ишинин ачыктыгы, көз карандысыздыгы жана жоопкерчилиги тууралуу суроолор да күчөдү. Чынында 2026-жылы канча сертификат алмаштырылды? Тесттеги ката абитуриенттин упайына кандай таасир этет? Төлөмдөрдөн түшкөн ондогон миллион сом кандай сарпталат? Жогорку кызматтагы адамдардын балдарына упай кошуу өтүнүчтөрү болобу? Ушул жана башка суроолорго борбордун директору Чынара БАТРАКЕЕВА жооп берди.
— Чынара айым, алгач борбордун өзүнөн баштасак. Жалпы республикалык тестти өткөргөн мекеме кимге карайт? Аны кимдер түзгөн, башкаруу жана көзөмөлдөө кандай уюштурулган?
— Бул суроого жооп бериш үчүн ЖРТнын тарыхына кайрылууга туура келет. Анткени борбордун эмне себептен түзүлгөнүн түшүнбөй туруп, анын бүгүнкү макамын толук түшүндүрүү кыйын.
Жалпы республикалык тест Кыргызстанда 2002-жылы киргизилген. Ага чейин жогорку окуу жайына өтүүдө тааныш-билиштик, коррупция сыяктуу көйгөйлөр бар эле. Айрыкча айылда жашаган, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү, бирок билимдүү балдардын жогорку билим алуусуна бирдей шарт түзүлгөн эмес. Ошол кездеги билим берүү тармагын жетектеген Камила Шаршекееванын демилгеси менен өлкөдө бирдиктүү тест тапшыруу системасын түзүү маселеси көтөрүлгөн.
Мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, Кыргыз Өкмөтү АКШ өкмөтүнө кайрылып, тестти өткөрүүгө жардам сураган. Натыйжада USAIDдин колдоосу жана Америкалык кеңештер уюмунун (АКСЕЛС) долбоору катары алгачкы ЖРТ өткөрүлгөн. 2002-жылы ага 13 миңден ашуун абитуриент катышкан. Ал кезде тест акысыз болгон.
2003-жылы да бул иш улантылды. Эки жылдык тажрыйбадан кийин тест тапшырууну чет өлкөлүк уюмдун долбоору катары эмес, Кыргызстандын өз алдынча мекемеси аркылуу жүргүзүү чечими кабыл алынган. Ошентип, 2004-жылы АКСЕЛС мекемеси түзүүчү болуп, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору түзүлгөн.
Борбордун башынан эле көз карандысыз болушуна өзгөчө маани берилген. Мунун себеби жөнөкөй: тесттин жыйынтыгына бийлик өкүлдөрү, кызмат адамдары же башка кызыкдар тараптар кийлигише албашы керек болчу. Эгер тест өткөргөн мекеме кайсы бир мамлекеттик органдын түздөн-түз баш ийүүсүндө болсо, анда административдик таасир этүү коркунучу жаралышы мүмкүн.
Биз коммерциялык эмес, мамлекеттик эмес мекемебиз. Негизги максатыбыз пайда табуу эмес, билимди объективдүү баалоо. Башында эл аралык өнөктөштөрдүн каржылык колдоосу болгон. Бара-бара ал азайып, 2016-жылдан тартып борбор өзүн-өзү каржылоого өткөн.
Албетте, биздин иш ЖРТ менен эле чектелбейт. Кыргызстандагы PISA изилдөөлөрүнүн алгачкы циклдерине катышканбыз. Дүйнөлүк банктын, Евросоюздун, ЮНИСЕФтин колдоолору менен 4-, 8-класстардын окуучуларынын билим алуу жетишкендиктерин баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. 2017–2018-окуу жылынан тартып Кыргыз Республикасынын окуучулары үчүн республикалык олимпиаданы уюштуруп жана өткөрүп келебиз. Мектеп окуучулары үчүн көз карандысыз тест кызматтарыбыз бар.
Башкаруу жагына келсек, борбордун ишине Камкорчулар кеңеши көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына билим берүү, илим, коомдук ишмердүүлүк жана башка тармактардын өкүлдөрү кирет. Алардын арасында Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештердин ардактуу президенти, Изилдөө борборунун директору жана улук академиялык кеңешчиси Дэн Дэвидсон, М. Рыскулбеков атындагы «Кыргыз экономикалык университети» улуттук изилдөө университетинин илим жана инновациялар боюнча профессор-консультанты Төлөбек Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, 2003–2003-жылдары ЖРТ долбоор болуп тургандагы директору, педагогикалык өлчөөлөр жана баалоо системаларын өнүктүрүү жаатындагы эл аралык эксперт Тодд Драмонд, Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия университетинин (БАУ) Гуманитардык жана так илимдер мектебинин корпоративдик билим берүү программасынын жетекчиси Мырза Каримов, Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Эл аралык жана салыштырма саясат» программасынын жетекчиси Медет Темиров, Казакстан Республикасындагы Назарбаев университетинин Билим берүү жогорку мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов, Career Ambassador Foundation мекемесинин жетекчиси Айнура Чолпонкулова, эркин журналист Амалия Бенлиян сыяктуу адамдар бар. Кеңештин курамы мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.
Камкорчулар кеңеши биздин жылдык ишмердүүлүк жана финансылык отчетторубузду карап, баа берет. Борбордун жетекчилиги аткарган иштери боюнча ушул кеңештин алдында отчет берет.
— Бирок көз карандысыздык деген көзөмөлдөн тышкары туруу эмес да. ЖРТны өткөрүү укугу үчүн 2026–2028-жылдарга конкурс жарыяланды. Ага канча уюм катышты? Эмне үчүн дагы эле сиздер жеңип чыктыңыздар?
— Конкурсту биз эмес, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өткөрөт. Ошондуктан ага канча уюм катышканын мен так айта албайм. Бизге конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болгонубуз гана маалымдалды. Катышуучулардын саны, комиссиянын чечими жана башка документтер боюнча министрликке кайрылсаңыздар туура болот.
Ал эми борборубуздун артыкчылыгы эмнеде деген суроого жооп бере алам. Биринчи кезекте бул – көп жылдык тажрыйба.
ЖРТны өткөрүү деген суроолорду даярдап, абитуриенттерге таратып коюу эмес. Анын артында бүтүндөй технологиялык система турат. Тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу, аларды текшерүү, сынактан өткөрүү, абитуриенттерди каттоо, жер-жерлерде тест өткөрүү, жооп баракчаларын иштетүү, статистикалык жана психометрикалык талдоо жүргүзүү, жыйынтыктарды эсептөө, кабыл алуу системасына өткөрүү, сертификаттарды даярдоо, аларды жер-жерлерге жөнөтүү – ушул иштердин баары бири-бири менен тыгыз байланышта.
Мындан тышкары маалыматтын купуялуулугун, тест материалдарынын коопсуздугун камсыз кылуу керек. Жыл аягында жыйынтыктоочу жана финансылык отчеттор даярдалат.
Бизде ушул иштерди жүргүзүүнүн көп жылдардан бери калыптанган усулдары бар. Тест түзгөн адистерибиз, тапшырмалардын базасы, аларды талдоо мүмкүнчүлүгүбүз, уюштуруучулук тажрыйбабыз бар.
Менин баамымда, биздин негизги артыкчылыгыбыз ушул. Ошондой эле борбордун ишмердүүлүгүндө коррупциялык иштерге жол берилбегенин өзгөчө белгилегим келет – ЖРТны өткөргөн 25 жыл ичинде бир да коррупциялык иш козголгон эмес!
— Ошентсе да 2026–2028-жылдарга өткөрүлгөн конкурстун катышуучуларынын саны белгисиз бойдон калып жатпайбы. Башка уюмдардын катышпай жатышына эмне себеп? Балким, ЖРТны өткөрүү үчүн керектүү инфраструктураны түзүү өтө кыйындыр?
— Башка уюмдар эмне үчүн катышпай жатканын алардын атынан айта албайм. Конкурска коюлган талаптар бар, кызыккан мекемелер аларга ылайык документтерин тапшыра алышат.
Бирок тесттин толук системасын түзүү оңой эмес экенин айта алам.
Мисалы, сапаттуу тесттик тапшырмалардын базасын алалы. Аны бир жылда эле түзүп коюу мүмкүн эмес. Тапшырмаларды даярдоо, апробациядан өткөрүү, алардын статистикалык көрсөткүчтөрүн талдоо, жараксыздарын алмаштыруу, жаңы тапшырмаларды кошуу – мунун баары үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Ага кошумча тестология, психометрика багытындагы адистер керек. Кыргызстанда мындай адистер өтө аз. Биздин кызматкерлерибиз да көп жылдык иштин жүрүшүндө тажрыйба топтоду.
Тесттин логистикасы өзүнчө чоң маселе. Өлкөнүн ар кайсы аймагында тест борборлорун уюштуруп, атайын даярдалган адамдарды жөнөтүү, материалдардын коопсуздугун сактоо, маалыматтарды иштетүү, онлайн каттоо системасын жүргүзүү зарыл.
Жаңы уюм мунун баарын түзө албайт деп айтпайм. Албетте, түзө алат. Бирок канча убакыт жана канча каражат талап кылынарын азыр так эсептеп бере албайм.
Биздин өзүбүздүн инфраструктурабыз да идеалдуу эмес. Өнүктүрө турган жагдайлар жетиштүү. Мисалы, тестти толук компьютерлештирүү маселеси бар. Бирок анын да чыгымы чоң. Бул абитуриенттер төлөгөн акыга таасир этиши мүмкүн.
Ошондуктан технологиялык жактан өнүгүү менен тесттин элге жеткиликтүү болушунун ортосунда тең салмакты сакташыбыз керек.
— ЖРТнын сапаты биринчи кезекте суроолордон көз каранды. Негизги жана предметтик тесттерди кимдер түзөт? Канча адис иштейт? Алардын арасында репетиторлор болушу мүмкүнбү?
— Тесттин тапшырмаларын атайын даярдыктан өткөн адистер түзөт. Алар негизинен мектеп мугалимдери, методисттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана илимий кызматкерлер.
Биринчи талап – өз предметин терең билүү. Экинчи талап – мектеп программасын, мамлекеттик билим берүү стандарттарын жакшы өздөштүрүү. Анткени ЖРТнын тапшырмалары мектепте окутулган билимдин негизинде түзүлөт.
Адистер алгач тандоодон өтүшөт. Алардын билими, иш тажрыйбасы, кесиптик аброю каралат. Репетитордук ишмердүүлүк менен байланышы сыяктуу кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болгон жагдайлар да текшерилет. Андан кийин атайын окуудан өтүшөт.
Тест түзүү өзүнчө кесиптик даярдыкты талап кылат. Предметти мыкты билген адам эле сапаттуу тесттик тапшырма түзө алат деген туура эмес. Тапшырма эмнени өлчөй турганын, анын татаалдыгын, жооп варианттары кандай иштей турганын билүү керек.
Бизде ар бир предмет боюнча туруктуу иштеген топтор бар. Айрымдарында үч адис, башкаларында беш-алты адис иштейт. Негизги тесттин бөлүмдөрү боюнча да өзүнчө топтор түзүлгөн. Мамлекеттик тил боюнча тесттин жана сегиз предметтик тесттин ар биринин өз адистери бар.
Албетте, алардын саны жыл сайын бирдей боло бербейт. Кээде жаңы адистер кошулат, айрымдары алмашат.
Тесттин суроолорун түзгөн адамдардын аты-жөнүн жарыялабайбыз. Себеби аларга сырттан таасир этүү, маалымат алууга аракет кылуу коркунучу бар. Тапшырмалардын купуялуулугун сактоо үчүн ушул талапты карманабыз.
Дагы бир маанилүү маселе – тесттин тили. Кыргыз тилинде түзүлгөн тапшырмалар да, орус тилинде түзүлгөндөрү да бар. Зарыл болгон учурда алар башка тилге которулуп, кайрадан экспертизадан өткөрүлөт. Мында сөздөрдүн түз которулушу эле эмес, тапшырманын мааниси, татаалдыгы жана өлчөй турган жөндөмү эки тилде тең бирдей болушу керек.
— Бир тапшырма расмий тестке киргенге чейин канча жолу текшерилет? Ката кетирбөөгө кепилдик берген кандай механизмдер бар?
— Ар бир тапшырма бир нече баскычтан өтөт. Алгач автор тапшырманы түзөт. Андан кийин ошол предметтик топтун башка мүчөлөрү карап чыгышат. Адатта үчтөн бешке чейинки адистин рецензиясынан өтөт.
Бирок текшерүү ушуну менен бүтпөйт.
Предметтик экспертиза жүргүзүлөт. Анда тапшырманын мазмуну, илимий жактан тууралыгы, мектеп программасына шайкештиги каралат.
Андан соң тестологиялык экспертиза болот. Бул этапта тапшырма эмнени өлчөйт, анын түзүлүшү талапка жооп береби, туура эмес жооп варианттары канчалык негиздүү деген маселелер текшерилет.
Кийинки этап – лингвистикалык жана стилистикалык редакциялоо. Эгер тапшырма которулган болсо, анын баштапкы вариант менен маанилик жактан тең экенине өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан кийин апробация жүргүзүлөт. Башкача айтканда, тапшырма алдын ала текшерилип, анын иш жүзүндө кандай натыйжа берери аныкталат.
Бул жерде психометрикалык талдоо абдан маанилүү. Биз тапшырманын татаалдык индексин, билим деңгээли ар башка катышуучуларды айырмалоо жөндөмүн, жооп варианттарынын тандалышын, жалпы тесттин жыйынтыгы менен байланышын карайбыз.
Айрым тапшырмалар теориялык жактан туура түзүлгөнү менен, иш жүзүндө күтүлгөндөй натыйжа бербей калышы мүмкүн. Ошондо аны кайра карап чыгабыз. Зарыл болсо өзгөртөбүз же колдонбойбуз.
Эң негизгиси – сертификаттар даярдалганга чейин ар бир тапшырманын тууралыгы жана жыйынтыкка тийгизген таасири толук текшерилиши керек.
— Бирок ушунча текшерүүдөн кийин да каталар табылып жатат. 2024–2026-жылдары тест өткөндөн кийин канча суроо жараксыз деп табылды? Алар абитуриенттердин жыйынтыгына кандай таасир этти?
— Тест өткөндөн кийин да тапшырмалардын сапаты текшерилет. Анткени апробацияга катышкандардын саны салыштырмалуу аз болот. Ал эми негизги тестке миңдеген адамдар катышат. Ошондо тапшырманын иш жүзүндө кандай иштегени тууралуу кыйла кеңири статистикалык маалымат алынып, психометриялык талдоо жасалат.
Кээде басма учурунда техникалык ката кетиши мүмкүн. Мисалы, формула туура эмес басылып калышы ыктымал. Айрым учурда суроонун түзүлүшү бир нече жоопту туура деп түшүнүүгө жол ачышы мүмкүн. Кээде болсо тапшырма күтүлгөндөн кыйла оор же жеңил болуп чыгат.
Мындай жагдайлардын баары эксперттер тарабынан сертификаттар чыкканга чейин дыкаттык менен талданат.
Негизги тесттин айрым варианттарынан бир, эки же үч тапшырма алынып салынган учурлар болот. Кээ бир жылдары андай тапшырмалар болбойт. Бул ар бир вариантка жараша өзгөрөт.
2024–2026-жылдары жалпысынан канча тапшырма алынып салынганын азыр так айта албайм. Анткени тесттин варианттары көп. Ар бир вариант боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүлөт.
Бул жерде эң маанилүү нерсе – бир вариантты тапшырган абитуриент экинчисине караганда татаал же жеңил тест тапшырып калбашы керек. Кыргыз тилиндеги тест орус тилиндегисинен оор болуп калбашы зарыл. Ошондой эле биринчи же экинчи сменада тест тапшыргандардын ортосунда адилетсиз айырмачылык болбошу керек.
Эгер кайсы бир тапшырма жараксыз деп табылса, биз аны алып салып, варианттарды кайрадан теңдештиребиз. Алынып салынган тапшырма үчүн бир упай берүү тартиби колдонулат, бул стандарттык процедура. Анткени тапшырманын кемчилиги үчүн абитуриент жооп бербеши керек.
Жыйынтыкты эсептөөдө жөн гана туура жооптордун санын кошуп койбойбуз. Статистикалык моделдер, анын ичинде тапшырмаларга жооп берүү теориясына негизделген тестология илимине негизделген ыкмалар колдонулат. Варианттардын татаалдыгы бир шкалага келтирилет.
Мындай кайра эсептөөнүн таасири айрым учурда бир-эки упайдын чегинде болушу мүмкүн. Бирок ар бир учур өзүнчө талданат.
Биздин максат – абитуриент кайсы тилде, кайсы күнү, кайсы вариант менен тест тапшырбасын, анын билими бирдей талап менен бааланышын камсыз кылуу.
— Эми быйыл коомчулукта катуу талкууланган сертификаттарга келели. Айрым документтерде 2026-жылдын ордуна 2025-жыл деп жазылып калган. Жалпысынан канча сертификат алмаштырылды? Мунун баары борбордун катасыбы?
— 2026-жылы жалпысынан 1813 сертификат алмаштырылган. Бирок булардын баары борбордун техникалык катасынан улам алмаштырылган деп түшүнүү туура эмес.
Сертификаттарды алмаштыруунун себептери ар кандай.
Мисалы, он абитуриенттин сертификатынын түсү туура эмес көрсөтүлгөн. Бул каттоо учурунда мектептин коду жаңылыш белгиленип калганына байланыштуу болгон.
145 сертификатта абитуриенттин фамилиясы, аты же атасынын аты боюнча тактоо талап кылынган.
Алты адамдын жеке маалыматтары расмий өзгөргөндүктөн сертификаттары кайра даярдалган.
46 учурда каттоо номерине байланыштуу каталар аныкталган. Бул абитуриенттер жооп баракчасында каттоо номерин туура эмес белгилеп алышкан.
12 сертификат абитуриенттердин өздөрү тарабынан бузулуп калгандыктан кайра берилген.
Мындан тышкары, 56 абитуриенттин сертификаты бийик тоолуу аймактардын категориясына байланыштуу өзгөртүлгөн. Айрым аймактардын макамы каттоо учурундагы маалыматтарда толук чагылдырылбай, кийин тиешелүү мамлекеттик органдардан расмий тактоолор келген.
Ушундай жана башка себептер менен жалпысынан 315 сертификат алмаштырылган.
Ал эми коомчулукта өзгөчө талкууланган, сертификаттын айрым бөлүгүндө 2025-жыл деп жазылып калган техникалык ката боюнча 1498 документ кайра даярдалды.
Бул жерде бир жагдайды тактап кетким келет. Сертификаттын негизги бөлүгүндө 2026-жыл туура көрсөтүлгөн. Бирок төмөн жагындагы майда жазууда мурдагы жылдын белгиси калып калган. Бул техникалык ката болгонун моюнга алабыз. Аны аныктагандан кийин тиешелүү түшүндүрмө берип, сертификаттарды алмаштырдык.
— Демек, мындай ката кеткенин өзүңүздөр да ырастайсыздар. Бирок ошол себептен окууга өтпөй калган же укугу бузулган абитуриенттер болгон жокпу?
— Биздеги маалымат боюнча, бир дагы абитуриенттин окууга кабыл алуудагы укугу бузулган жок.
Мунун себеби – жогорку окуу жайларына кабыл алуу электрондук система аркылуу жүргүзүлөт. Ал системада абитуриенттердин жыйынтыктары туура көрсөтүлгөн. Ката кагаз сертификаттын өзүндө гана болгон.
Биз бул жагдай тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине расмий маалымат бергенбиз. Алмаштыруу иштери кабыл алуу өнөктүгүнө тоскоолдук жаратпагандай уюштурулган.
Албетте, мындай ката болбошу керек эле. Биз аны жашырган жокпуз, тиешелүү чараларды көрдүк.
Дагы бир нерсени белгилегим келет. Сертификаттарды кайра даярдоо үчүн абитуриенттерден кошумча төлөм алынбайт. Бул чыгымдар тесттин жалпы бюджетинин эсебинен жабылат.
Биз үчүн ар бир абитуриенттин укугун сактоо маанилүү. Ошондуктан катаны аныктоо гана эмес, аны өз убагында оңдоо да биздин милдетибиз.
— ЖРТга катышуу үчүн төлөнгөн акча боюнча да суроолор көп. 2025-жылы борбордун эсебине канча сом түшкөн? Анын канчасы тест өткөрүүгө жумшалган?
— 2025-жылы Жалпы республикалык тестке катышуу үчүн төлөнгөн каражаттын жалпы көлөмү 83 миллион 798 миң 256 сомду түзгөн. Ал эми тестти уюштурууга жана өткөрүүгө 83 миллион 870 миң 635 сом сарпталган.
Көрүп турганыңыздай, чыгаша түшкөн каражаттан бир аз ашып кеткен.
Эмне үчүн мындай болот? Анткени тестке катышуу акысы конкурс аркылуу белгиленген мөөнөткө – 3 жылга – бекитилет. Мисалы, 2023–2025-жылдары негизги тесттин баасы 470 сом болгон. Үч жылдын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жол киренин баасы өзгөргөн. Бирок биз тестке катышуу акысын каалаган учурда өз алдынча көтөрө албайбыз, каттоо акысы өзгөргөн эмес.
2025-жылы жетпей калган каражатты борбордун башка ишмердүүлүгүнөн, анын ичинде ЖРТга даярдануу колдонмолорун сатуудан түшкөн каражат менен жапканбыз.
Эми тест өткөрүүнүн чыгымдарына токтолоюн. Айрымдар ар бир абитуриент 470 сом төлөдү, ошонун баары борборго киреше болуп калды деп ойлошу мүмкүн. Чынында андай эмес.
Алгач тесттик тапшырмалар даярдалат. Ага авторлор, эксперттер, тестологдор, редакторлор, котормочулар катышат. Тапшырмалар текшерилип, апробация, экспертиза өткөрүлөт. Андан кийин тесттик дептерлер, жооп баракчалары, башка материалдар даярдалат.
Тестке каттоо жүргүзүлөт, каттоо системасын иштетүү, ар бир абитуриентке “ЖРТга даярданабыз” аттуу китепчелерди даярдоо, басып чыгаруу, аймактарга жөнөтүү, катталган абитуриенттердин санына жараша тест материалдарын басып чыгаруу, купуялуулукту сактоо ж.б. чыгашалары бар.
Өлкөнүн бардык аймактарына тест өткөрүүчү администраторлор жөнөтүлөт. Алардын жол киреси, жатаканасы, иш сапар чыгымдары, эмгек акысы бар.
Тест аяктагандан кийин жооп баракчалары иштетилет, жыйынтыктар эсептелет, сертификаттар даярдалып, республиканын аймактарына жөнөтүлөт, тесттин жыйынтыгы боюнча жыл сайын ЖРТнын жыйынтыктары жана кабыл алуу жараяны тууралуу отчёттор даярдалып, алар ар бир окуу жайга жөнөтүлүп, расмий сайтка да илинет. Каттоо жана жыйынтыктарды берүү боюнча онлайн системалар үзгүлтүксүз иштеши керек.
Мындан тышкары албетте салыктык милдеттенмелерибиздин баарын толук атарабыз.
Мунун баары каражат талап кылат. Биз жыл сайын финансылык отчетторубузду расмий сайтыбызга жарыялап келебиз. Андан кайсы багытка канча каражат жумшалганын көрүүгө болот.
— 2026-жылы тест тапшыргандардын саны дагы өстү. Демек, чогулган каражат да көбөйдү. Мындай учурда чыгым да ошончолук көбөйөбү?
— Катышуучулардын саны өскөндө чыгымдар да көбөйөт. 2026-жылы тестке катышкандар болжолдонгондон кыйла көп болду.
Буга орто кесиптик окуу жайларга тапшыруучулардын да ЖРТга катышуусу таасир этти. Мурда негизинен жогорку окуу жайларына кирүүнү каалаган абитуриенттер тест тапшырса, быйыл катышуучулардын чөйрөсү кеңейди.
Мисалы, 2025-жылы 127 тест борбору уюштурулса, 2026-жылы алардын саны 147ге жетти. Ар бир тест борборуна администраторлордун тобу жөнөтүлөт. Бир борбордо адатта 14–15 адам иштейт. Жыл сайын 1000ден ашуун администраторду окутуп даярдайбыз.
Алардын баарына уюштуруучулук шарт түзүлүшү керек. Тесттик материалдардын саны да катышуучулардын санына жараша көбөйөт.
Биздин принцип – абитуриент тест тапшыруу үчүн сөзсүз Бишкекке же Ошко барууга мажбур болбошу керек. Алыскы айылдардагы балдар жашаган жерине жакын райондук же шаардык борбордон тест тапшыра алышы зарыл, тестке каттоо да телефон аркылуу “Э-Күндөлүк” платформасы менен интеграцияланган, тесттин жыйынтыктары көрсөтүлгөн сертификаттар да конверттерге бекитилип, ар бир мектепке жөнөтүлөт.
Албетте, администраторлорду аймактарга жөнөтүү кошумча чыгым алып келет. Бирок бардык абитуриенттерди чоң шаарларга чакыргандан көрө, ал жерге тесттин администраторлорун жөнөтүү – абитуриенттердин үй-бүлөсү үчүн кыйла ыңгайлуу жана каржылык жактан жеңилирээк болот.
Борбордун эсебине көбүрөөк акча түшкөнү эле анын кирешеси ошончолук көбөйдү дегенди билдирбейт. Чыгымдын көлөмүн да кошо караш керек.
Мындан тышкары 2025-, 2026- жылдары биз каржы-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде ишенимдүү жана социалдык маанилүү ишканалардын реестрине киргизилгенбиз. «Тармактын сыймыгы» деген статуска да ээ болуп келебиз.
Биз муну каржылык ишмердүүлүгүбүздүн ачык жүргүзүлүп жатканынын бир көрсөткүчү катары экенин баалайбыз.
— Эң талылуу маселеге келели. Сиз мурда мамлекеттик органдар тарабынан абитуриенттердин упайын жогорулатуу боюнча кысым көрсөтүлгөнүн билдиргенсиз. Мындай учурлар чындап эле болобу? Кимдер телефон чалат?
— Ооба, мындай кайрылуулар болуп турат. Бул быйыл эле пайда болгон көрүнүш эмес. Мурда да болгон, жыл сайын кайталанып келет.
Бирок бир нерсени түшүнүү керек. Мындай өтүнүчтөр расмий кат аркылуу келбейт. Эч ким «баланчанын баласына упай кошуп бергиле» деп кол коюп, мөөр басылган документ жөнөтпөйт.
Көбүнчө телефон чалышат.
«Мен мындай кызматта иштейм, жардам берип койгула», «Баланчанын баласынын жыйынтыгын дагы бир карап койсоңор», «Мүмкүн болсо бир аз упай кошуп берсеңер», «Эгерде силер бизди укпасаңар, чара көрөбүз, жаптырабыз» деген сыяктуу кайрылуулар жана коркутуулар жыл сайын болуп эле келет.
Кээде мындай өтүнүчтөрдүн саны азаят, айрым жылдары көбөйөт. Бирок ушул жылдар аралыгында мындай көрүнүштөр болуп келгенин жашырбайм.
Биздин позициябыз бирөө гана: кимдин баласы болбосун, баарына бирдей талап коюлушу керек.
Депутаттын баласыбы, башка жогорку кызматтагы адамдын баласыбы, ишкердин баласыбы же жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан абитуриентпи – биз үчүн айырмасы жок.
Анын кайсы мектепте окуганы, ата-энесинин кызматы, материалдык абалы тесттин жыйынтыгына таасир этпеши керек. Бала кандай тапшырса, ошого жараша упай алууга тийиш.
Жогорку окуу жайларда чындап даярдыгы мыкты, татыктуу, жөндөмдүү балдар окушу керек, анткени – бул балдар Кыргызстандын келечегин түптөй тургандар.
— Бирок мындай кайрылуулар документтештирилгенби? Расмий даттануу, укук коргоо органдарына кайрылуу болгонбу? Эгер далилдер жок болсо, коомчулук муну кантип текшере алат?
— Жогоруда айткандай, мындай өтүнүчтөр расмий документ менен келбейт. Көбүнчө телефон аркылуу айтылат.
Биз бул сүйлөшүүлөрдү өзүнчө документтештирип келген эмеспиз. Ошондуктан сиз сурагандай расмий каттарды же кайрылуулардын катталган тизмесин көрсөтө албайм.
Бирок мындай өтүнүчтөр болгонун айта алам.
Эң негизгиси – биз эч кимдин суранычы менен абитуриенттин жыйынтыгын өзгөртпөшүбүз керек. Ушул принципти сактап келебиз.
Кээде «эмне үчүн ЖРТны мамлекеттик мекеме өткөрбөйт?» деген суроо көтөрүлөт. Менин оюмча, дал ушул жерде мекеменин көз карандысыздыгынын мааниси көрүнүп турат.
Мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкер өзүнөн жогору турган жетекчиге баш ийет. Эгер ошондой жетекчи телефон чалып, кандайдыр бир өтүнүч же талап кылса, кызматкерге ага каршы туруу кыйын болушу мүмкүн.
Ал эми бизде административдик жактан көз карандысыз болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тесттин жыйынтыгына сырттан кийлигишүүгө каршы турууга жардам берет.
Ошондуктан ЖРТны өткөргөн мекеменин көз карандысыздыгы жөн гана юридикалык макам эмес. Ал абитуриенттердин укугун коргоонун маанилүү шарттарынын бири жана коррупцияга каршы күрөштүн маңызы деп эсептейм.
— Сиз борбордун ишмердүүлүгү ачык экенин айттыңыз. Бирок жылдык отчетторду сайтка жарыялоо менен көз карандысыз аудит эки башка нерсе. Тесттик тапшырмалардын сапатын жана финансылык ишмердүүлүктү тышкы аудитке берүүгө даярсыздарбы?
— Бул маселени биз да ойлонуп жатабыз.
Албетте, борбордун иши текшерилбей турган иш эмес. Биз Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийебиз, салыктык милдеттенмелерибизди аткарабыз, тиешелүү мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнөн өтөбүз.
Жакында эле Салык кызматы тарабынан мурдагы бир нече жылдагы ишмердүүлүгүбүз боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, жылдык ишмердүүлүк жана финансылык отчетторубуз Камкорчулар кеңешинин кароосунан өтөт. Отчетторду расмий сайтыбызга да чыгарабыз.
Ал эми тесттин сапаты мурда да сырттан текшерилген. Жогорку Кеңештин демилгеси менен жүргүзүлгөн экспертизаларда тесттик тапшырмалардын сапаты, мектеп программасына шайкештиги, кыргыз жана орус тилдериндеги варианттардын маанилик жактан бирдейлиги каралган. Мындай экспертиза үч жолу өткөрүлгөн: экөөнү министрлик, бирөөнү Жогорку Кеңеш уюштурган. Акыркысы 2023-жылы болгон.
Мындан тышкары, кыргызча жана орусча тесттердин эквиваленттүүлүгүн текшерүү үчүн көз карандысыз DIF-талдоо да жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы тууралуу материалдар, анын ичинде ушул багытта иштеген эл аралык эксперт, Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Тодд Драмонддун презентациясы конференциянын материалдарында бар. Ал ЖРТнын АКСЕЛС долбоору болуп турган 2002–2003-жылдарында директору болгон.
Биз тесттик тапшырмаларды өзүбүз эле текшерип, ошону менен чектелип калбайбыз. Маселе кайра-кайра көтөрүлгөндүктөн, сырттан көз карандысыз адистерди тартып, тилдик варианттардын ортосунда айырмачылык бар-жогун да талдатканбыз. Бул багыттагы иш мындан ары да уланат.
Бирок сиз айткан көз карандысыз тышкы аудит – өзүнчө маселе.
Аны уюштуруунун да чыгымы бар. Эгер биз жыл сайын кошумча аудит жүргүзө турган болсок, анын каражатын кайдан алабыз деген суроо чыгат. Акырында ал чыгым да тесттин бюджетине кошулушу мүмкүн.
Ошол эле учурда тышкы аудитти таптакыр кереги жок деп эсептебейм. Тескерисинче, бул маселени Камкорчулар кеңеши менен талкуулап, келечектеги бюджеттерге киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз.
Бул жерде ким аудит жүргүзөт, анын максаты эмне, тесттик материалдардын купуялуулугу кандай сакталат деген жагдайларды да чечүү зарыл.
Тесттин сапатын текшерүүдө жөн гана бухгалтердик документтерди карап чыгуу жетишсиз. Ал үчүн тестологияны, психометриканы, стандартташтырылган баалоонун өзгөчөлүктөрүн билген адистер керек.
Биз мындай текшерүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бирок азыр аны өткөрүү боюнча акыркы чечим кабыл алынды деп айта албайм.
— Акыркы суроо. ЖРТ киргизилгенде эң негизги максаттардын бири айылдык, карапайым үй-бүлөлөрдүн балдарына жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берүү болгон. Жыйырма жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин ошол принципти толук сактай алдык деп айта аласызбы?
— ЖРТнын пайда болушуна эмне себеп болгонун эстесек, анын негизги баалуулугун да түшүнөбүз.
Мурда жогорку окуу жайына өтүүдө баланын билиминен башка жагдайлар чоң роль ойногон учурлар болгон. Бирөөнүн таанышы, бирөөнүн каражаты бар эле. Ал эми билимдүү, жөндөмдүү, бирок мүмкүнчүлүгү чектелүү үй-бүлөдөн чыккан балдар үчүн жол кыйыныраак болгон.
ЖРТ ошол тоскоолдуктарды азайтуу үчүн киргизилген.
Албетте, бизде көйгөйлөр жок деп айта албайм. Тесттик тапшырмалардын үстүндө үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Технологияларды өнүктүрүү, маалыматтык системаларды жаңылоо, адистерди даярдоо, тесттин сапатын жогорулатуу боюнча иштер алдыда дагы көп.
Бирок эң негизги принцип өзгөрбөшү керек.
Кимдин баласы болбосун, ал өзүнүн билими, жөндөмү жана эмгеги менен ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк алышы зарыл.
Мен үчүн ЖРТнын мааниси ушунда. Кандай гана талаш болбосун, биз ушул максатты унутпашыбыз керек.
Маектешкен Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»