УЛУУ ИНСАНГА УРМАТ

  • 20.08.2021
  • 0

Белгилүү лексиколог, тилчи-окумуштуу, “Манас” эпосун изилдөөчүлөрдүн бири, кыргыз фольклорун жыйноого зор салым кошкон улуу инсан КУСЕЙИН КАРАСАЕВ жөнүндө учкай кеп.

Учурунда Кусейин Карасаев, Константин Кузьмич Юдахин, Зияш Бектенов, Жээнбай Мукамбаев, Калканбай Сартбаев, Качкынбай Артыкбаев, Мухтар Борбугулов, Салижан  Жигитов, Заир Мамытбеков, Кулан Рысалиев, Бүбүйна Орузбаева, Бейшегүл Үмөталиева сыяктуу далай залкар тилчи-адабиятчыларга студент болуп, алардан сабак алганыма, окуткан агай-эжелерим менен аз да болсо аралашып бирге иштеп калганыма сыймыктанам.

Анда Кусейин агай азыркы филармониянын тушундагы тогуз кабат узата үйдүн биринчи квартирасында турар эле. Мен бир нече жолу үйүндө болуп, Айша апанын колунан даам татып калдым. Алардын кадыр-барктуу, даанышман, өз ара тереңурмат-сыйга ээ болгон жубайлар экенин сездим. Кусейин агай өздүк архивинен “Сагымбайдын “Манасын” жазган Ыбырай Абдырахман уулу (Ак Молдо) жөнүндө кыскача эскерме. 1982-жыл, 12-январь” деген кол жазмасын колума берди. Анткени мен Ыбырайым  Абдырахманов тууралуу маалымат топтоп жүргөн элем.

Кусейин Карасаевдин өмүр жолунан, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнөн учкай сөз кылсак, ал – филология илимдеринин кандидаты (1944-ж.), профессор (1966-ж.), Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кызыл Туу, “Манас” орденинин, Мамлекеттик сыйлыктын ээси, эл аралык “Даанышман” сыйлыгын алган.

1901-жылы 5-январда азыркы Ысык- Көл облусунун Түп районунда караштуу Кең-Суу айылында колунда бар орто чарба үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келип, жети жашка чейин чоңатасы Калыбек ажынын колунда өскөн. Эрте кат тааныгандыктан 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы эл менен бирге Кытайга качып, 1921-жылы кайтат. 1921-1922-жылдары Кең-Суу айылдык ревком төрагасына орун басар болуп иштейт. 1923-жылы Касым Тыныстановдун кеңеши менен Ташкент шаарына барып, Казак-кыргыз эл агартуу институтунда билим ала баштаган. Ошол жылдары 1927-жылга чейин Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчулар факультетине кыргыз тилинен сабак берген. ВКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун котормочулар жана рецензенттер тобунун бюро мүчөсү болгон. 1927-жылы Бакуда өткөн жаңы түрк алфавитин түзүү боюнча плениумга катышкан.1928-жылы Ленинграддагы Чыгыш таануу институтуна которулуп, аны 1931-жылы бүтүргөн. 1931-жылдан 1951-жылга чейин адагенде Кыргыз маданий курулуш илим-изилдөө институтунда, кийинчерээк Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1951-1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде сабак берди.

К.Карасаевдин өмүр жолунда тиешелүү айрым бир маалыматтарды айта кетүү ашыкча болбос. Ташкенде жүргөндө “Эркин-Тоону” чыгарууга катышып, анын атайын кабарчысы болгон.Ошол жылдары Ж.Абдырахманов, Э.Арабаев,
Б.Данияров, К.Тыныстанов, С.Карачев, М.Акматов, О.Алиев, Т.Абдырахманов, Ж.Шүкүров өңдүү кыргыздын алгачкы саясий ишмерлери, интеллигенциясы, илимпоздору менен К.Карасаев жакындан тааныш болот. 1932-жылы агартуу майданында иштеген жаштар шерине уюштурган. Шеринеде: К.Карасаев – эрке бала, К.Тыныстанов –шайыр акын, К.Жантөшев – куудул, юморист. Шеринеге дагы Жайнак Саадаев, Турдаалы Токбаев, Аалы, Бөрү дегендер катышкан. Шериненин катышуучулары оозеки пьесаларды чыгарышкан. Касым, Касымалы, Кусейин үчөө “Майлуу таң” аттуу пьеса жаратып, аны өздөрү аткарышкан. Бул ошол кездеги жаштардын өз ара мамилесинен, чыгармачылык активдүүлүгүнөн кабар берет.

Согуш маалында Москвага чакыртылып “Манас” жаздырууга консультант болот да, согушка барбай турган буйрук берилет. Ал эми 1949-жылы Т.Саманчин, З.Бектенов, Т.Байжиев камакка алына баштаганда да Москвага Ломоносов университетине лекция окууга чакырык келип камалбай калган. Кусейин
Карасаев: “Отуз томдон ашык эмгек жаздым, көбү чыкты калгандары архивимде. “Баштан өткөн мажара”аттуу 60 басма табак мемуарымды жазып койдум”, — деп айтканы бар (2.8). 1927-жылы чоңдор үчүн “Жаңылык”
(Э.Арабаев менен бирге) жана “Сабат ачкыч” аттуу алиппелерди жазган. Кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан. Сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.

1928-жылдан жарык көрө баштаган “Орусча-кыргызча” сөздүктүн баардыгына катышкан. Айрыкча өмүрүнүн соңку жылдарында өтө үзүрлүү эмгектенип, “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Накыл сөздөр”, “Түгөйлүү сөздөр”, “Өздөштүрүлгөн сөздөр”, “Күлкүнаама”, “Камус наама” сыяктуу уникалдуу “Карасай сөздүктөрдү” жаратты. Осмонаалы Сыдыковдун “Тарых кыргыз Шадмания” деген китебин азыркы тамгага которуп, баш сөз жазды. Кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусуна, котормо теориясына байланыштуу “ Котормо жайында”, “Манас”, “Кыргыз ырларынын түзүлүшү” дегендей илимий макалалары бар. М.Горький, А.Радишев, Л.Крючковский, Р.Тагордун айрым чыгармаларын которгон. Ушундай эмгектерди жаратууда жубайы Айша апа дайыма колкабыш жасаганын эстен чыгарууга болбойт.

Кусейин Карасаев белгилүү лексиколог, тилчи-окумуштуу эле эмес, ал “Манас” эпосун изилдөөчүлөрдүн бири, кыргыз фольклорун жыйноого зор салым кошкон улуу инсан. 1925-жылы жайкы каникул учурунда Кыргыз билим комиссиясынын тапшыруусу менен Каракол-Нарын округдарына эл адабиятын жыйноого чыгат. Ошол эле учурда “Эркин-Тоо” газетасынын атайын кабарчысы болуп, газетага үзбөй кабар жазып турган. Ысык-Көлдөгү Семетейчи
Жакшылык Сарык уулун издеп таап, андан “ Семетейди”, Токтояндык Сакетай деген адамдан “Олжобай менен Кишимжанды”, “Балбайдын керээзи” деген көлөмдүү поэманы жазып келип Билим борборуна тапшырган . “Ташкендеги Казпедвузда окуп жүргөн кезимде эл адабиятын чогултууга алымдын жетишинче аракет кылып көрдүм . Эмгек текке кеткен жок. Толгон эл адабияттары азыркы Академиянын фондусунда турат. Ошол кезде 1925-1926-жылдын ортосунда жайкы дем алышка чыккан студенттерге атайы акча берип да эл адабияттары чогултулду” — деп жазат К.Карасаев. 1925-жылы февраль айында Сагымбай манасчыны Ташкенге чакыртышат. Ошондо Ишеналы Арабаев Илим комиссиясында иштеп жүргөн Кусейин Карасаевге манасчыны шаар аралатып келүү үчүн кошуп берет. Сакалын ак аралап калган Сагымбайды Кусейин Карасаев айбанаттар ажайыпканасына ээрчитип барат. Андагы ар бир жаныбардын үжүрөсүндө жазылган жазууну окуп берип түшүндүрөт. Манасчы буга өтө кызыккан. К.Карасаевдин пикирине караганда “Манас” эпосундагы “Алоокенин багы” ошондон кийин пайда болсо керек.

Кусейин Карасаев 1931-жылы Ленинграддагы чыгыш таануу институтун бүтүрүп келип, Кыргыз маданий курулуш илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштей баштайт. Ушундан тарта фольклор жыйноого активдүү киришет. “Эл адабиятын жыйноочуларга колдонмо” түзүп чыккан жана ал “Жаңы маданият жолунда” журналына кошумча катары басылып таратылган. Эл арасына жиберилген адамдар ошол колдонмо боюнча элдин оозеки чыгармаларды чогултушкан.Тоголок Молдону Нарындан чакыртып келип, анын чыгармалары жазыла баштайт. Ошол эле 1931-жылы фольклор чогултуу үчүн Ысык-Көлгө командировкага барып, манасчы катары анчалык аты белгилүү боло элек Саякбай Каралаевди издеп таап, Ак-Шыйракта жүргөн жеринен алдырып, Фрунзеге ээрчитип келет. Өз үйүндө фольклордук кече уюштуруп, ал кечеге Касым Тыныстанов, Белек Солтоноев, Абдылда Айылчинов, Ажыйман Шабданов, Мамбеталы Жаңыбаев, Ыбырай тойчинов,
Турсун ата жана да беш-алты илимий кызматкерлер чакырылып, Саякбайга “Манас”айттырып угушат, сындан өткөрөт, жазып алууга арзыйт деген бүтүмгө келишет. Кеченин башталышында Касым Тыныстанов “Семетейден” үзүндү аткарып, Саякбай Каралаевдин жүрөгүнүн үшүн алып чоочуткан экен. Дал ошол кечеден кийин Саякбай Каралаевдин оозунан “Семетей” эпосу жазыла баштаган. Ырыс уулу Жунуш Саякбайды ээрчитип жүрүп “Семетейден” беш дептер (45172 сап) жазып тапшырган. Бул ишти кийинчерээк, 1936-жылдын 24-мартынан тартып Ыбрайым Абдырахманов уланткан. Мына ошентип, Саякбай
Каралаевди биринчи таап, эпостун толук жана мыкты вариантынын жазылып калышына демилгечи себепкер адам Кусейин Карасаев болду.

Окумуштуунун пикирине караганда кыргыз эли оозеки адабиятка өтө бай, эл өз башынан өткөргөн окуялардын баардыгын эңбир кооз, көркөм тил менен укумдан – тукумга мурас кылып отурган, улам кийинки тукум аны абдан электен өткөрүп отуруп эңжогорку чебердикке жеткирген. Ошондой чыгармалардын, “Эл адабиятынын эңак сакалы, төл башы “Манас” жомогу. Кыргыз эли муну Чоңжомок деп атаган. Аны айткан адамдар чоңкадырга, баркка ээ болушуп аларды чоңжомокчу деп аташкан экен”(1966-ж.). Ал эми кийин “Манасчы” деген терминди “Манас” таануу илимине биринчи киргизген да К.Карасаев болгон. Манасчылар жана манасчылык өнөр жөнүндө мындай деп жазганы бар: “Манасчылар “Манас” жомогун аткарганда эч качан бир нерсе алууну максат да кылган эмес. Мен өзүмдүн өмүрүмдө “Манас” айткан адамдын бир нерсе алганын көргөн да, уккан да эмесмин. “Манас” жомогун айткан кезде элдин баары уккан. Ал тургай туштукту түрүп коюп, келин-кыздар, балдарга чейин угушкан. Манасчынын зоболосун көтөрүү үчүн аларды жөнөкөй адамдардын катарына кошпой касиеттүү адам катары көрүшүп, түшүндө Манасты көргөн киши гана манасчы болот дешкен. Ал эмес, өтө чыгаан акындар “Манасты” айтууну максат кылып жүргөндө, Манас баатыр анын түшүнө кириши да табигый иш” (1.267). Кусейин Карасаев ошондой эле “Накыл сөздөр” китебинде, “ Карасай сөздүктөрдө”, “Манастагы” көөнө сөздөр менен башка тилдерден (араб, иран, орус, монгол, кытай ж.б.) оошуп кирген сөздөрдү түшүндүрүп, маанисин ачып берген.

 Кубат Ибраимов,
филология илимдеринин кандидаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер