УЛУТТУК НАРК МАСЕЛЕСИНЕ ӨЗГӨЧӨ МААНИ БЕРЕЛИ
- 28.01.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыкка кол койгондон бери, мугалимдердин алдына мектеп окуучуларына таалим-тарбия берүүдө так жана айкын милдеттер коюлду. Бүгүнкү макалада улуттук нарк деген эмне, анын каада-салт, үрп-адаттан, ырым-жырымдан кандай айырмасы бар, ушул өңдүү суроолорго жооп издеп көрсөк.
«Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттук нарк башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Ошондуктан ал калктардын, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, өз apa мамилеге шайкешип, бириктирүүчү кызматты аткарган.
Миӊдеген жылдар мурун өз алдынча ээлик түзүп, ага көз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоӊ жана кичине элдер менен тең ата мамиле жүргүзүүдө натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эӊ негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнөтаанымдарына шайкелишкен улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп, айрым жерлеринде толукталып, бекемделип жүрүп отурган. Нарктын таасири эӊ жогорку деӊгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында “Хан бийлигинен нарк күчтүү”, “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок” деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат» деп айтылат аталган Жарлыкта.
Ооба, кылымдарды карыткан кыргыз эли адамзат цивилизациясынын туу чокусу болгон ХХI кылымга төгүлбөй-чачылбай, жок болуп кетпей кантип жетти деген суроого балким, каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, тилибиз менен маданиятыбызды жоготпогондуктан улам эл, мамлекет катары сакталып калдык деп жооп берсек болот. Кыргыз эли этнос болуп калыптангандан бери тарыхтын нечендеген татаал жолдорунан басып өтсө да, улут катары өзүнчө өзгөчөлүктөрүн сактап, бүгүнкү күндө өз маданиятына, руханий байлыгына ээ көз карандысыз эгемендүү мамлекетке айланды. Өзгөчөлүктөрү дегенибиз эле ошол улуттун сүйлөгөн тили, тутунган дини, карманган каада-салты эмесби. Башка элдерден кыргыздар бай маданий мурасы жана өзүнө гана тиешелүү каада-салты менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз илгертен өзүнүн турмуштук түшүнүктөрүн, дүйнө-таанымын билдирген элдик каада-салттарды, үрп-адат, ырым-жырымдарды жаратты.
Илгерки жоокерчилик замандарда кыргыздар сырттан душман кол салганда, дайыма манасчылар менен санжырачыларды жашырып сактап калууга аракет кылган экен. Анткени элдин уучун толтурган ошол адамдар болгон. Ал эми душман кол салган элди тукум курут кылыш үчүн эң оболу улут каймактарын кырууну көздөгөн.
Ала-Тоонун элеси, кыргыз пейили камтылган ак калпагыбыз не деген керемет баш кийим. Кыргыздын калпагындай кооз, жарашыктуу, ыңгайлуу баш кийим дүйнөнүн бир да элинде жок деп ачык эле айтсак болот. Көрсө, улуттун баалуулугу анын материалдык байлыгы менен эмес, рухий казынасына карап бааланат турбайбы.
Япондор деле каада-салтын унутпай сактап келаткандыгы өнүүгүсүнө түрткү берип жаткандыр? Бирок, ушул каада-салт, үрп-адат, улуттук маданий баалуулуктар өзүнөн-өзү эле жарала койбойт, аны манасчылык өнөр сыяктуу кийинки муундарга үйрөтүп, өткөрүп берип туруу керек.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, өз алдынча түтүн булаткан акыркы 34 жылда да кудайга шүгүр уучубуз куру эмес, апаларыбыз, эжелерибиз өз милдетин аткарып келишүүдө. Дегеле кыргыз элине Каныкей, Жаңыл Мырза, Курманжан апаларыбыз көч баштаган аял затынын орду өзгөчө эмесби. Керек болсо алар бүтүндөй улутубуздун башына кыйын күн түшкөндө оорчулукту мойунга алып келишкен. Андыктан арабызда анчалык алдыга озуп чыгып, күнүмдүк арзан популизм же ызы-чуу аркылуу таанылбаган менен унчукпай эле улуттук мурас дүйнөбүзгө опол тоодой эмгек сиңирген эне, эжелерибиз толтура.
Кыргыз элинин өзүнө мүнөздүү салт-санааларын үйрөнүп, билиш үчүн коомдогу үй-бүлөлүк мамилелерге токтолуу зарыл. Себеби, ар бир кыргыздын үй-бүлөсүн баштан аяк ар кандай ырым-жырым, үрп-адат коштоп жүрөт. Баланын төрөлүшүнөн тартып, аны тарбиялоо, эрезеге жеткирип, үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө энчи бөлүп берүү, андан ары орун-очок алып, акыры о дүйнөгө сапар алышында түрдүү каада-салттар күнүмдүк турмуштун мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү катары кабыл алынып калган. Таалим-тарбиялык мааниси зор бул каада-салттар кыргыз элинин маданиятынын бир жагын көрсөтө алат. Адам баласын коштоп жүргөн ар кандай ырым-жырым, салт-санаалар ар бир үй-бүлөдө өзүнүн талабына ылайык тигил же бул деңгээлде кеңири колдонулат. Кыргыздарда үй-бүлөнүн жаралышы этнос болуп калыптанып, уруулук түзүлүштөн баштап мамлекеттик деңгээлдеги үй-бүлөлүк мамилелердин түзүлүшүнө чейин эле болгондугун тарыхый маалыматтардын негизинде биле алабыз. Каада-салттар алгач бүтүндөй эл тарабынан аткарылып, жалпы журтка тиешелүү болуп, ага коллективдүү түрдө көңүл бөлүнгөн болсо, кийинчерээк ал жеке үй-бүлөнүн айланасында топтоло баштаган. Натыйжада, ар бир үй-бүлө өзүнүн бала-бакырасын, үй-бүлө мүчөлөрүн тарбиялоодо каада-салттарды өзүнүн турмушунун, жашоосунун мыйзамы, нормасы катары пайдаланылып, чакан үй-бүлөнүн ынтымагын, биримдигин, адеп-ыйманын сактоого аракет кылган. Ошондуктан, байыртадан аң-сезимибизге сиңип калган ата-баба салтын жок кылууга мүмкүн эмес. Албетте коомдук аң-сезимдин өнүгүшү менен, цивилизациянын тепкичи менен улам жогорулатылган сайын айрым салттык жөрөлгөлөр адамзаттын акылына сыйбай калышы мүмкүн. Бирок аларды такыр эле четке кагып салсак, өз каада-салтын чанган түркөй улутка айланмакпыз. Бүгүнкү күндө элдик каада-салттарды үйрөнүүдө тарыхый-этнографиялык, археологиялык, ал тургай элдик оозеки чыгармачылыктын, акындар поэзиясынын жана профессионал адабиятыбыздын мааниси чоң. Себеби, уюткулуу элибиздин аң-сезиминин түпкүрүндө орун алган, жашоо турмушубузда белгилүү мыйзам, норма катары кабыл алынган элдик каада-салттардын таалим-тарбиялык, философиялык мааниси терең.
Балдарды тарбиялоодогу үрп-адат, каада-салттар
Ала-Тоонун абасынан жутуп, энтиге дем алган мотурайган балдардын оюну, кыргыз журтчулугунда алмустактан калган эмгектик, психологиялык, физиологиялык, таалим-тарбиялык жана нускалуу мааниси мына ушунда.
Салт-санаалар өз убагында астейдил гумандуулукту, кажыбас күжүрмөндүүлүктү, курбулук аскетчиликти, улуулардын устаттыгын, кичүүлөрдүн ысык ымандуулугу менен адептүүлүгүн мурас катары камтып келе жатат. Элдин турмуштук практикасында баланын ден соолугу, туура өсүп жетилиши, жөнүндөгү камкордук, ал жарык дүйнөгө келе элек түйүлдүк кезинде эле башталат. Кош бойлуу, эне болуучу аялды айлана-чөйрөдөгүлөр сыйлап, ар түрдүү камкордук жасашкан. Бойкат аялдардын көңүлүн чөктүрбөө үчүн өлүм болгон жайларга барууга, ал чочуп, ашыкча ой-санаага батса, курсактагы балага доо кетерин эл жакшы түшүнгөн. Тажрыйбага бай көп жашаган энелер аларды атайын көзөмөлгө алышып, көз жарганга чейин өзүн кандай алып жүрүү жөнүндө кеп кеңештерин айтып турушкан.
Баланын төрөлүшү ата-эненин гана эмес, урук-тууган, жалпы жаамааттагы теңдешсиз кубанычтуу окуя катары кабылданган. Жарык дүйнөгө келген наристени тууган-урукка, айланадагы эл журтка кабарлоо, сүйүнчүлөө балдар аркылуу ишке ашырылган.
Салт катары сүйүнчү жеткирген адамга ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша белек-бечкек беришкен. Бала төрөлөөр замат киндигин кесишкен. Аны көп балалуу, баркы бийик аялдар ишке ашырышкан. Ал аял “киндик эне” деп аталып, өмүр бою ата-эненин, баланын, жакын адамына айланган.
“Киндик эне“ баланын жакшылык иштеринин баарына ардактуу конок катары эл алды болуп чакырылган. Жаңы төрөлгөн баланын ден соолугу чың болсун деп, аны туздуу суу менен жуунтушкан. Андан соң «кырк көйнөк“ деп аталган ак көйнөгүн кийгизишкен. Баланын жарык дүйнөгө келгенине байланышкан мындан да башка бир канча каада-салттар бар.
Салт-санаанын сакталышы жана өткөрүлүп берилиши.
Каада-салттардын түрдүүчө болушу ар бир элдин жашоо-турмушуна, отурукташуусуна, географиялык абалына жараша болот. Бөтөн элдер сыяктуу эле кыргыз элинде да түрдүү багыттагы каада-салттар бар. Бүгүнкү күндө ата-бабаларыбыз колдонуп келген салттардын көбү унутулуп же колдонуудан чыгып кеткен, бирок ошону менен бирге эле активдүү колдонулуп келе жаткан каада-салттар да арбын.
Кыргыз элинин оозеки чыгармалары элдин өткөндөгүсү, үрп-адаты, салты жөнүндө маалымат алуучу бирден бир булак болуп эсептелет. Анткени эл өзүнүн жашоо-турмушун түрдүү көркөм чыгармаларында чагылдырбай койгон эмес.
Элдик оозеки чыгармалардын ичинен “Манас” трилогиясында элдик каада-салт, ырым-жырымдарды кеңири жолуктурууга болот. Эпостун баалуу жактарынын бири – элдин өткөндөгү көз караш, түшүнүктөрүн, үрп-адат, салтын изилдөөдө эң бай материал болуп бере ала тургандыгында. Айрыкча кыргыздын салттык эрежелерин, ырым-жырымдарын кеңири баяндайт. Той, аш, кыз узатуу, кудалашуу жана башка ушул сыяктуу эл арасында кеңири жайылган, көптөгөн каада-салттык көрүнүштөр эң майда деталдарына чейин сүрөттөлгөн учурлары көп кездешет. Чынында, буларды кыргыз элинин көп доорлордоргу үрп-адат, салттык түшүнүктөрүн атайын топтолгон жыйындысы дешке толук негиз бар.
Кыргыз элинин каада-салттары көчмөндүк шартта тектеш этностук-маданий чөйрөнүн өз ара байланышында жана таасиринде түзүлүп, олуттуу өзгөрүүлөр (диний түшүнүктөрдө, сөөк коюу каадасында, социалдык мамилелерде ж. б.) менен жаңыланып жана өркүндөтүлгөн. Кыргыздардын үрп-адаттары менен каада-салттары мазмуну боюнча бай жана этностук-маданий комплекс болуп саналат. Анда ар кандай тарыхый доорлордо, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн ар кандай деңгээлдеринде пайда болгон үрп-адаттар менен салт-санаалар жуурулган. Үрп-адат менен каада-салттарды идеологиялык чагылдыруу синкреттик мүнөздө болгон: алардан ислам салт-санаалары менен бирге ислам динине чейинки ишенимдердин, сыйынуулардын жана үрп-адаттардын бүтүндөй катмарын көрүүгө болот. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт. Каада-салт адамдын өмүр мерчемин, социалдык мамилелерди, маданияттын материалдык объектилерин өзүнө камтып, баланын төрөлүшү (сүйүнчү, көрүндүк, ат коюу, жентек, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу ж. б.), кыз берүү, келин алуу, бел куда, бешик куда, кудалашуу (тогуздап калың берүү, сөйкө салуу, күйөөлөө, жар көрүшүү, кыз оюн, кыз узатуу, келин көрүү, нике кыюу, өкүл ата, өкүл эне дайындоо, отко киргизүү, төркүлөтүү, сеп берүү ж. б.), эскерүү (кабар айтуу, тул көтөрүү, кара кийүү, өкүрүү, конок алуу, сөөк жуу, кепиндөө, узатуу, сөөк коюу, мүчө тартуу, жыртыш берүү, кара аш, үчүлүк, жетилик,кыркылык, жылдык аш, жыт чыгаруу, куран окутуу ж. б.), календарлык салт (Нооруз майрамын тосуу, аластоо, Орозо айт, Курман айт өткөрүү ж. б.), көч, конок күтүү, тартуу берүү (эски журтта түлөө берүү, өрүлүктөө ж. б.), турак жай (үй көтөрүү, там салуу, үй тою ж. б.), күндөлүк жашоо-тиричилик (мал багуу, жер айдоо, түшүм алуу ж. б.), кийим-кечек (ак калпак, кандагай, кементай, ичик, тон, топу, тебетей, шөкүлө, элечек, белдемчи, кемсел ж. б.), тамак-аш (айран, жуурат ж. б. сүт азыктары, бешбармак, жөргөм ж. б. эт азыктары, көжө, максым ж. б. дан азыктары, боорсок, көмөч ж. б. нан азыктары, кымыз, бозо ж. б. суусундук ичимдиктер) ж. б. байланыштуу бир нечеге бөлүнөт. Ошентип, кыргыз элинин үрп-адаттары, каада-салттары жана материалдык маданияты анын улуттук, этностук өзгөчөлүгүн аныктайт.
Салт — муундан муунга, укумдан тукумга өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келген социалдык жана маданий мурастын элементардык бирдиги. Ал сөзсүз кайталанат. Кайталанбаган жосун салт болуп эсептелбейт.
Бирок, кайталангандын бардыгы эле салт эмес. Ал — каада. Каада заманга жараша салттын чегинде өзгөрүп турат. Алсак, учурашуу — бул салт эмес. Бирок, анын кандайдыр бир жөрөлгөлөр менен коштолгону, мисалы: кол алышып учурашуу, өбүшүп учурашуу, ийиндерин тийгизип учурашуу, кичүүнүн улууга озунуп салам айтышы ж.б. салт болуп саналат. Демек, ушул сыяктуу кандайдыр бир кубулуштун жөрөлгөлөр менен коштолуп кайталанышы улуттук каада-салттын көрөңгөсүн түзөт. Салттын жолу улук болот. Деги эле салттардын негизги милдеттеринин бири — жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо.
Элдин турмуш-мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө, чарбалык иш-аракетине байланыштуу жаралып, тарыхый узак жолду басып, муундан муунга өтүп, коомдук пикирдин күчү менен корголуучу үрп-адаттар, адамдардын жүрүм-турум эрежелери, улуттун рухий жүзү — элдик каада-салтгар деп аталат. Элдик каада-салттар этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн, башка элден айырмачылыгын көргөзөт жана ошол өзгөчөлүктү сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо анын негизги милдети болуп эсептелет.
Элдин улуттук салттары динден мурда эле түптөлүп, эл- журтка сиңип, укумдан тукумга уланып келе жатса да, элдин тарыхый жашоо-турмушуна, жашаган жерине, алака түзгөн элине, кабыл алган динине байланыштуу өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга учурагандары да бир кыйла. Алардын адеп-ахлак тарбиясына коркунучу жоктугун , кайра ага көмөктөш болгондорун эл өзүнө эчак эле сиңирип алган. Натыйжада айрым салттарды кийинки кирген жөрөлгөлөрдөн ажыратып кароого эч мүмкүн эмес. Кайра алар мурунку салттарга көрк берип, ажарын ачып турат. Алсак, ислам дининин эли-жериңди, ата-эненди, улууларды, аялзатын сыйла, кайрымдуу бол, дүйнөгө таза келип, таза кет деген сыяктуу насааттары, элдик салттар менен өзөктөшүп турганын тана албайбыз.
Кыргыздар ошондой эле маркумга арнап куран окууну тек гана көзү өткөн жакын адамына болгон сагынычын, кусалыгын басуу же таанып-билген адамды ызааттап эскерүү, курман айт, орозо айтгарды диний майрам болсо да, негизинен маркумдарды эскерүү күнү катары кабыл алышат. Демек, элдик тарбиянын тамыры элдин тарыхы менен өзөктөш. Салттарда азыркы кезде совет мезгилинин, кошуна элдердин таасири сыяктуу факторлордун натыйжасында аймактарда ажырымдар бар. Ошондой болсо да айрым аймактык өзгөчөлүктөр болгону менен, алардын келип чыккан түбү бир.
ЖАҢЫБАЙ кызы Айнура, Ош облусу, Чоң- Алай району, Н.Кармышев атындагы орто мектеби, музыка мугалими
Комментарийлер