УЛУТТУК НАРК-ДӨӨЛӨТТӨРГӨ ШАЙКЕШ БИЛИМ БЕРГЕН ОКУУ ЖАЙ
- 11.09.2025
- 0
Педагогикалык билим берүүнүн флагманы болгон Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети быйыл 80 жылдык мааракесин белгилейт. Бул жылдары университет мамлекетке миңдеген мугалимдерди даярдап, кыргыз педагогикасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө опол тоодой салымын кошту. Алардын арасында өзгөчө макамдуу Мамлекеттик тил жана маданият институту да бар.
Аталган институт республиканын коомдук турмушундагы бардык тармактарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзө ала турган жогорку квалификациялуу адистерди, мамлекеттик тилдин ролун телеберүү жана радио каражаттарынын жардамы менен оптималдаштырууга жөндөмдүү журналисттерди даярдайт. Анын өнүгүү тарыхынын башаты 20-кылымдын экинчи жарымында башталган. Эң алгач В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда 1952-жылы филология факультети, анын ичинде орус тили жана адабияты бөлүмү түзүлгөн. 1987-жылы орус филологиясы факультетинин курамынан кыргыз филологиясы факультети бөлүнүп, аны алгач С.Шарафутдинова, К.Джидеева жетектеген. К.Юдахин, И.Батманов, Л.Батманова, В.Озмитель, B.Щербаков, К.Джидеева, С.Шарафутдинова, Э.Лукьянова, В.Каипова, Е.Кузичева, С.Исаева, А.Эркебаев, О.Ибраимов, А.Кацев, Т.Шамергенова, С.Кайыпов, С.Тентимишева, Ү.Култаева, Д.Саалиева сыяктуу көрүнүктүү окумуштуу-профессорлор, лингвисттер, адабиятчылар, методисттер, окуу китептеринин жана окуу-методикалык колдонмолордун, сөздүктөрдүн авторлору иштеген.

Контингенттин кеңейиши менен 2001-жылы Мамлекеттик тил жана маданият институту болуп түзүлүп, филология илимдеринин докторлору, профессорлор — Ү.Култаева, М.Жумаев, К.Саматов, А.Дюшембиева, А.Эгембердиева директорлук милдетти жигердүү аткарып, институттун өнүгүшүнө зор салымдарын кошушту. Бүгүнкү күндө институт ф.и.д., профессор С.Жумалиевдин жетекчилигинде. Курамында төрт кафедра, бир бөлүм бар.
— Педагогикалык билим берүүнү практикалык иш менен айкалыштырып, заманбап шартка ыкчам ылайыкташа алган, маалыматтык технологияларды жана инновациялык ыкмаларды жигердүү пайдаланууга жөндөмдүү, чыгармачыл адистерди даярдоо биздин негизги максат. Билим берүүдө улуттук нарк-дөөлөттөргө шайкеш дүйнөлүк баалуулуктарды, элдик салт-санааны сактап, маалымат технологияларды, инновациялык ыкмаларды, илимий изилдөө иштерин өнүктүрүү колго алынган, — дейт директор Самат Жумалиев.

МЫКТЫ КУРАМ — САПАТТУУ БИЛИМ
Студенттерге кыргыз педагогикасына таанымал, тажрыйбалуу, профессионалдык деңгээли жана педагогикалык чеберчилиги жогору окутуучулар сабак берет. Алардын жыйырма төртү билим берүүнүн мыктысы болсо, дагы үчөө “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Эки илимдин докторуна КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылса, дагы бир канчасы башка ведомостволордун Ардак грамоталары, төш белгилери менен сыйланган. Бир окутуучу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, дагы бири КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын ээси.
— Мен ушул окуу жайдан окуп, эки диплом алдым, көп нерсени билдим, үйрөндүм. Азыркы күндө ошол алган билимимдин үзүрүн көрүп, мыкты мугалим болууга аракет кылып, балдарга колумдан келишинче татыктуу тарбия, билим берүүгө аракет кылып келем. Биз өз убагында Жылдыз Орозбекова, Миргүл Эсенгулова, Советбек Байгазиев, Сулайман Кайыпов сыяктуу билим берүүгө ашыккан, күчтүү адистерди тарбиялаган чыгаан педагогдордон сабак алганбыз. 3-курс кезимде турмушка чыккан айылга практикага барып 11-класстарга сабак өтүп калдым. Ошол класста окуган окуучу кыз сиз окуган университетте күчтүү билим беришет экен. Сиздин кебиңизден, сабак өткөнүңүздөн эргүү алдым деп, ушул университетке тапшырган эле. Азыр да мен окуткан окуучулардын көбү ушул жакта окуп, билим алып жатышат, — дейт институттун мурунку бүтүрүүчүсү Замирбек кызы Төркүнбү.
Институт ички жана тышкы мобилдүүлүктү колго алып, Казак кыз-келиндер педагогикалык университети, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Андижан мамлекеттик педагогикалык университети, М.Акмолла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен тыгыз кызматташып келет. Кёргиз Эйай Ресерч Инститьют коомдук фонду ж.б. мекеме-уюмдар менен байланышын бекемдеп, тыгыз кызматташта. Шымкент университети менен илимий программаларды ишке ашырууда.
Акыркы жылда институтта университеттин каржылоосунда эки салмактуу долбоор аткарылды. Анын бири “Кыргыз тилинин татаал сөздөрүнүн сөздүгү” (жетекчиси – ф.и.д. проф. С.С.Жумалиев), экинчиси «Кыргыз адабияты боюнча 5-11-класстар үчүн окуу куралын түзүү (мектеп программасына жаңы кирген чыгармалардын үзүндүлөрүн жана ал үзүндүлөр боюнча класста аткарылуучу тапшырмалардын түрлөрүн иштеп чыгуу)» (жетекчиси – ф.и.д. проф. А.А.Эгембердиева).

ЭЛ АРАЛЫК ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА МЕДИА КОММУНИКАЦИЯЛАР БӨЛҮМҮ
Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмү КМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин структуралык бөлүгү катары 1998-жылы коомчулук менен иш алып барган медиа адистерди даярдоо максатында ачылган. 2012-жылы жарнама жана коомчулук менен байланыш адистиги ачылып, кафедранын ишмердүүлүгү кеңейип, чет тилдери (англис, корей, араб) тереңдетилип окутулуп, чет тилин билген журналисттер даярдалып баштаган. 2022-жылы кафедра Мамлекеттик тил жана маданият институтунун курамына кошулуп, телеоператор-педагог багыты боюнча да студенттерди даярдап баштаган. Бүгүнкү күндө бөлүмдө К. Мамбеталиев, Айнура Кабатай кызы, Ш.Искендерова, Ч.Кийизбаева сыяктуу белгилүү журналисттер жана илимпоздор иштешет. Журналистика жана медиа коммуникациялар боюнча тажрыйба алмашуу максатында жана академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кытайдын Ланьчжоу, Шихэ университети, Конфуций институту, Түштүк Кореянын Конкук, Ханнам университеттери, Түркиянын «ТИКА» уюму, Кыргыз Республикасынын Улуттук телеберүү корпорациясы, «ЭЛТР», «Кабар» агенттиги, «Репортер Kg» медиахолдинги, «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Кут Билим», «Тил жана маданият» гезиттери, «Эл агартуу» журналы ж.б. республикадагы жогорку окуу жайлары, мекеме-уюмдар менен кызматташат.

УНИВЕРСИТЕТ ЖӨНҮНДӨ
Кыргыз мамлекеттик университети учурда өлкөдөгү 10 алдыңкы жогорку окуу жайдын катарына кирип, 2022-жылы Канаданын Монреаль шаарында Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан “Жылдын мыкты университети” деп табылган. Университеттин эл аралык аренадагы позициясы жигердүү бекемделип, эл аралык окуу жайлары менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүп, Erasmus + EPIC сыяктуу олуттуу эл аралык долбоорлорго катышып, GreenMetric дүйнөлүк экологиялык рейтинг агенттигинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен экинчи орунду ээлеп, профессордук-окутуучулар курамынын илимий эмгектери Scopus жана Web of Science платформаларына киргизилип, абройлуу журналдардан орун алып жатат. Университетте билим берүү, илим, маданий-гуманитардык тармактар боюнча эл аралык кызматташтык маселелери жолго коюлуп, анын негизинде студенттер академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Казакстан, Түркия, Корея, Япония, Германия, Россия жана башка өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Учурда 12 институт, төрт факультет, бир колледж өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда. Окуу жайда 20 000 ашуун студент билим алып, 1000ден ашуун жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамынан турган эмгек жамааты эмгектенүүдө.
Комментарийлер