Уңгужолдун башкы багыты – таалим-тарбия, билим

  • 31.01.2025
  • 0

Уңгужолдун башкы багыты – таалим-тарбия, билимӨскөн ОСМОНОВ, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КРнын илимине
эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор: «Уңгужолдун башкы багыты – таалим-тарбия, билим».

 

— Президент “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгын чыгарды. Анда эгемен өлкөнүн саясатында улуттун тили, нарк-дөөлөтүн, өлкө тарыхын окуп үйрөнүүнүн мааниси баса белгиленет. Ушундан улам, кыргыз тарыхын мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутууда биринчи кезекте кандай өзгөрүүлөр зарыл деп ойлойсуз?

— Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгында белгилегендей: “Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген Кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут белгилери баркталбай, улуттук сыймыгы төмөндөп, жарандык сезим мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду”. Өлкөбүздү ушундай абалдан чыгарууда тарых баштаган коомдук-гуманитардык илимдердин жана бул илимдер аркылуу окуу жайларында билим берүүнүн ролу жогору. Кыргыз Республикасында мамлекеттик идеологиянын негизи болгон тарыхты, социалдык-гуманитардык билим берүү ишин келечекке ишеним жарата турган, элди жаратмандыкка багыттоого, элдин биримдигин арттырууга багыттоо зарылчылыгы пайда болду. Аталган предметтер боюнча жазыла турган окуу китептери жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан маанайда жазылышы учурдун негизги талабы болуп калды. Биз азыркы кезде ушул багытта иштеп жатабыз. Жарлыкта жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтиги бирдей кам көрүүгө милдеттүүлүгү айтылып, илим, билимде токтоосуз колго алынуусу жана үзгүлтүксүз улантылуусу керек болгон милдеттер да каралган.

— Эгемендикке ээ болгондо окуу жайларында тарых сабагын окутууда кандай өзгөрүүлөр болду?

— Эгемендиктин шартында кыргыз элинин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу жогорулады. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында тарыхты окутуу ишинде чоң өзгөрүүлөр башталды. Совет доорунда орто мектептердин 5-11-класстарында милдеттүү түрдө окутулуп келген “СССРдин тарыхы” окуу планынан алынып, анын сааттары “Кыргызстан тарыхы” деген предметке которулду. Ал мезгилде Советтер Союзунун бардык окуу жайларында окутулган предмет “СССР тарыхы” деп аталганы менен анда жалаң эле Россиянын байыркы доордон берки тарыхы окутулуп, башка союздук республикалардын тарыхы окутулчу эмес. Жогорку окуу жайларында болсо ошол доордогу идеологиянын негизи катары «КПССтин тарыхы» аттуу предмет окутулуп, большевиктер партиясы түзүлгөн 1903-жылдардан баштап, бул партиянын Советтик коомду куруудагы ролу, орду, ишмердиги чагылдырылган эле.

Эгемендиктин шарапаты менен пайда болгон “Кыргызстан тарыхын” окутууну баштоо абдан чоң иштерди талап кылган. Бул үчүн адегенде Ата Мекендин тарыхын окутуунун концепциясын, ага ылайык мамлекеттик стандартты иштеп чыгып, ошондон кийин гана тарыхты ар бир класста окутуунун сааттарын аныктап, ошого ылайыктап программаларды иштеп чыгуу милдети турган. Бул милдет ошол кезде “Кыргыз билим берүү институту” деп аталган министрликке караштуу илим-изилдөө мекемесиндеги тарых бөлүмүнө жүктөлгөн. Ал учурда институтту белгилүү окумуштуу-педагог И.Бекбоев жетектеп турган. Исак Бекбоевич бир күнү мени чакырып: -Өскөн, сенин тарых боюнча жазып жүргөн эмгектериңди билем, анын үстүнө көп жылдан бери жогорку окуу жайында сабак берип жүрөсүң, илимий-педагогикалык тажрыйбаң жетиштүү деп ойлойм. Окуу жайларында тарых сабагын окутуу үчүн реформа жасоо керек. Ушул ишти колго алып, иштеп бер деп өтүнгөн. Мен өзүм эмгектенген Айыл чарба институтунда негизги профессордук ишим менен айкалыштырып, Кыргыз билим берүү институтунун тарых жана коомдук илимдер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып баштагам. Бул иште мен он жылдан ашык иштеп, тарых жана коомдук-гуманитардык  сабактарды орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутууну реформалоо, жолго коюу багытында алымдын жетишинче салым коштум деген ойдомун.

— Орто мектептерде СССРдин, ЖОЖдордо КПССтин тарыхын Кыргызстан тарыхына алмаштыруу оңойго турбаса керек?

— Туура айтасыз. Ошондо айрым аттуу-баштуу педагогдор, көбүнчө орус тилинде сабак берген мугалимдер: -Эмнени окутканы жатасыңар? Кыргызстандын тарыхын СССР тарыхына теңегени жатасыңарбы? Деги 5-11- класстарда окуткудай Кыргызстандын тарыхы барбы?- деп мыскылдаган учурлары болду. Бул сөздөр бизди бир чети сестендирди, экинчи жагынан намыстандырып, өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстан тарыхы боюнча орто мектептердин 5-класстары үчүн 68 саатка эсептелген “Кыргызстан тарыхы боюнча аңгемелер” деген ат менен 6-11-класстар үчүн, ар бир класска 34 сааттан эсептелген “Кыргызстан тарыхы” деген аталыштагы окуу китептерин жазууга киришкенбиз. Мурда Ата Мекенибиздин тарыхы боюнча окуу китептерин жазуу боюнча тажрыйба болбогондуктан мектептин 7-классынын окуучулары, аны менен катар жогорку жана атайын кесиптик билим берүүчү окуу жайлары үчүн окуу китептерин даярдоо оңойго турган эмес. Адегенде: — Мен баланчанчы класска жазып берейин,- деген окумуштуу-педагогдор арбын болду. Бирок ишти баштап көрүп, кыйын экенин көргөндө, шылтоо таап четке  чыга бергендерин көрдүк. Акыры тандалып олтуруп төрт-бешөөбүз 2000-жылга карата, 5-6 жыл тынымсыз, баш көтөрбөй эмгектенип жатып «Кыргызстан тарыхы» боюнча окуу жайлары үчүн алгачкы окуу китептерин жазып бүтүргөн элек. Алардын ар бирин басмаканадан 100 миңдеген нускада чыгарып мектептерге жеткирүү ишинде КРнын өкмөтү, Билим берүү жана илим министрлиги тоодой иштерди аткарышканын айта кетпесек болбос.

-Россиядагы тарыхчы Виктор Козодой Кыргыз мамлекетинин цивилизациясы ХVII кылымды кучагына алат деп көп эмгекти казып чыгарды. Бирок кыргыз мектебиндеги окуу китептеринде анын эмнеге көбү жок?

— Ооба, 2-3 жылдан бери В. Козодой Кыргыз тарыхы боюнча китептерди жазып, аймактарды кыдырып лекция окуп жүрөт. Анын Эренек, сибирдик кыргыздар жөнүндө жазгандары жөнүндө маалыматым бар. Айта турган нерсе,  анын жазгандары мурда эле падышачылык Россиянын, СССРдин, анын ичинен Кыргызстандын тарыхчылары тарабынан изилденип, далай илимий китептер, макалаларында белгилүү болгон аргументтер менен фактылар. Анын жазгандарын СССР урагандан кийин деле россиялык Ю.Худяков, В.Бутанаев, Н.Чаптыкова баштаган окумуштуулар, кыргызстандык тарыхчылар А.Арзыматов, Абдыкалыков, М.Кожобеков, Эсен уулу Кылыч ж.б. илимий негизде жазган. Илимий негизде жазылган маалыматтарды биз окуу китептерине киргизгенбиз. В.Козодойдун жазгандары эч кандай жаңылык же ачылыш эмес. Мурдатан эле изилденип жазылган, окуу китептерине кирген, мектеп окуучулары,  студенттер окуп жүргөн маалыматтар.

Совет мезгилинде билим алган жарандарыбыз Кыргызстандын тарыхын азыркы окуучулар менен студенттерге салыштырмалуу жакшы билишпейт. Бул алардын күнөөсү эмес. В.Козодойдун жазгандары менен лекциялары мурда Ата Мекенибиздин тарыхы менен тааныштыгы жокторго жагып, кубаттап жатышат. Анын үстүнө В. Козодой азыркы Интернет системасын жакшы өздөштүргөн, тили жатык болгондуктан мурдагы даяр нерселерди саймедиреп, жалпак тил менен баяндап, силердин тарыхыңар ушундай “укмуш” дегени тарыхтан кабары жоктордун бүйүрүн кызытып, аны кумир туткандарды пайда кылууда. Бул окумуштуу Кыргызстан эмес, Казакстанды да аралай чаап, Казак тарыхында такталган маалыматтарды жаңыртып сайрап “жаңылыктарды” ачып, элдин башын айлантып жүргөнүнө Казакстандын окумуштуу-тарыхчылары да нааразы болууда.

— Эми ошол сырттан келген “тарыхчы” В.Козодойду кумир туткандарга эмне дээр элеңиз? 

— В.Козодойду кумир тутуп алакан чаап ээрчип, “ Биздин Кыргызстандык тарыхчылар эч нерсе билбейт, баары дипломдорду сатып алган!”,- деген өңдүү сөздөрдү таратып жүргөн мекендештерибизге Кыргыздын: “Өз агасын агалай албаган-бирөөнүн агасын сагалайт,”-деген накыл сөзүн эскертип, Кыргыздардын, Кыргызстандын тарыхына кызыксаңар  мектептин 5-11-класстары үчүн жазылган окуу китептерине көз жүгүртүп койгула дейт элек. Албетте, кыргыз элинин тарыхын башка өлкөнүн, башка элдин өкүлүнүн жазып жатканы жакшы көрүнүш, анын эмгегинин баалуу жактарын кабыл алышыбыз керек. Бирок бир элдин тарыхын башка элдин өкүлүнүн так, таамай жазып бериши мүмкүн эмес. Алсак, КРнын Президенти С.Жапаров кол койгон “Уңгужол” доктринасында көрсөтүлгөндөй кыргыз тарыхынын ар бир доордо жашап өткөн кыргыздан чыккан даанышмандардын, улуу ойчулдардын, акыл-ой корутундуларын, элдик макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү, элибиз сактап келген улуттук наркыбызга ширелген жазылбаган мыйзамдарыбызды, элибиз карманган салттарды, улуу баалуулуктарды башка улуттун өкүлдөрү эч качан жазып бере албасы чындык. Мындай  милдетти аткаруу кыргыздын окумуштуу-тарыхчыларынын гана колунан келет. Бул багытта да аракеттер жасалып жатат.

— Советтик доордо кыргыздар кат-сабаты жок, тоолордо көчүп конуп жүргөн бир байкуш эл деп окутуп келишкен. Ушундай диверсиялык бурмалоолордон Кыргыз тарыхы канчалык тазаланды деп ойлойсуз?

— СССР убагында Кыргыздар байыркы эл, IХ-Х кылымдарда улуу Каганат түзгөн деген бул жомок, Калыгул, Арстанбек, Молодо Кылыч өңдүү акындар эски заманды эңсеген реакциячыл адамдар, кыргыз адабияты менен маданияты Совет доорунда пайда болду деп окуткан. Мектептерде Кыргызстандын байыркы доордогу, орто кылымдардагы тарыхы жөнүндө сөз да болчу эмес. 1916-жылдагы кыргыздардын улуттук-боштондук күрөшүн изилдөө, окутуу жабык тема катары эсептелген.

Эгемендик шартында мен башында белгилегендей элдин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу жогорулады. Тарых адистиги жок адамдар да тарых “жазып”, каражаты барлар китеп чыгара баштады. Бир доордо кыргыздар бүт дүйнө жүзүн каратып, бийлеген деп да китептерди чыгарышты. Ушундан улам “Уңгужолдо” белгилегендей элдин тарых белгисиздигине түшүп кетүүсүнөн сактоо, тарыхыбызды объективдүү чагылдыруу Кыргызстандын окумуштуу-тарыхчыларынын ыйык парзы болуп турат.

-Республикабызда өткөн жылдан бери Арстанбек олуянын 200 жылдыгы белгиленип жатат.  Бизде Калыгул, Арстанбек баштаган заманчыл залкарларды адабиятта үстүртөн окутумуш болушат, ал эми тарых китептеринде өзүнчө каралган эмес. Буга кандай карайсыз? Кыргыз ойчулдарынын эмгектери тарых сабагында окутулабы?

— Албетте, окутулат. Тарых боюнча окуу китептеринде ХIV-ХV кылымдарда жашап өткөн Толубай сынчынын, ошол эле мезгилде жашаган Асан-Кайгынын, ХVII-ХVIII кылымдарда жашаган Санчы-Сынчынын терең философиялык ойлорунан баштап окуу китептерине кыскача жазганбыз. Окуу китептеринде ХIХ кылымдарда ХХ кылымдын башында акылмандар катары таанылган Калыгул Бай уулунун, Арстанбек Буйлаш уулунун, Молдо Кылыч Шаамыркан уулунун өмүрү жана чыгармачылыктары баяндалат. Быйыл, 2025-жылы Калыгул олуянын туулганына 240 жыл болот. Ушуга байланыштуу мен “Кыргыз Туусу” гезитинин 21-январдагы санына “Даанышман ойчулдун улуу мурасы” деген макала жаздым, кызыккандар окуп койсоңуздар болот.

“Уңгужол” доктринасы элибизди жаратмандыкка үндөгөн, тарыхта үлгүлүү из калтырган ата-бабаларыбыздын өмүр жолун, алгылыктуу иштерин кеңири баяндоону талап кылат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тарыхчылар ассоциациясы “Бабалар баяны” деген ат менен китептердин сериясын чыгара баштадык. Биринчи жыйнак Улуу бабаларыбыз Тагай бий менен Манап бийге арналса, экинчи жыйнак Калыгул олуяга, Ормон ханга жана Турдакун Усубалиевге арналып жакында жарыкка чыгып, китепканаларга таратылып жатат. Бул иш улантылат. Мындан аркы жыйнактарга “Уңгужол” доктринасындагы идеялар методологиялык негиз болмокчу.

Аңгемелешкен
М.ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер