УҢГУЛУУ ЖУРТ УЮТКАН УЛУТМАНДАР
- 29.11.2024
- 0
Азыркы Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусу менен жашташ жаралган улуттук эл агартуу тармагынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленип, жаңы окуу жылынан тарта жалпы билим берүү мекемелери 12 жылдык окутууга трансформацияланып жаткандыктан, калк арасында бала бакчалар менен мектептердин, окуучулар менен мугалимдердин азыркы абалына кызыккандар арбын. Ошондон улам, окурмандарды жалпы эле билим берүү тармагынын абалы, андагы өзгөрүүлөр менен жаңы жагдайлар жаатындагы маалыматтар менен учкай тааныштырып коюуну туура таптык. Эмесе, ошого назар салалы…
Билим берүү Кыргызстандагы эң ири тармак болуп саналат. Саны жагынан болсун, каржылануу жагынан болсун, азырынча ага теңдеше турган бир дагы мамлекеттик тармак жок. Азыркы учурда өлкө аймагында 2400 мектеп бар, аларда болжол менен 1,6 миллионго жакын окуучу билим алат, 72 миңден ашуун мугалим иштейт. Андан тышкары, тарбиячыларыбыз менен усулчуларыбыз бар. Ал эми атайын кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайларындагы студенттер менен окутуучуларды кошкондо, алардын саны дагын да кыйла арбыйт. Бул – зор күч!
Ошентип, Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагынын 2024-жылдагы бюджети 64,9 млрд сом көлөмүндө бекитилген. Ал толугу менен аткарылды. Буга жеңилдетилген насыялар менен гранттык каражаттар кирбейт. Маселен, жакында эле Евробирликтен 7 млн евро (болжол менен 648,7 млн сом) өлчөмүндөгү каражат алынды. Каражат негизинен мугалимдерди STEM системасында, анын ичинде санарип көндүмдөрүнө кайра дардоого, бир сөз менен айтканда, окуучулардын келечек тагдырын жакшыртуу багытында жумшалмакчы. Буга чейин ушул эле багытта 27 млн евро өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөнүн эске сала кетели.
Ошого карабастан, окуу китептеринин таңкыстыгы келерки эки жыл аралыгында, тактап айтканда, 2026-жылы биротоло чечилери белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште 2025-жылдагы республикалык бюджеттин долбоору каралып жатканда билдирди. “Өткөн жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 1,2 трлн сомду түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгында 1,5 трлн сомго жеткени турат. Буюрса, мындай экономикалык өсүш көп жылдардан бери чогулуп калган калк көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет”, — дейт ал.
Мугалимдерибиздин 87 пайызынын жогорку билими бар. Ушу тапта өлкө аймагында 4000ден ашуун (баштапкы, орто, жогорку) билим берүү мекемеси бар. Билим берүү жамаатарында баш-аягы 130 миң 745 мугалим иштесе, жалпы курамдын 58,2 пайызын аялдар, 41,8 пайызын эркектер түзөт, Бул деле болжолдуу көрсөткүчтөр болушу мүмкүн. Ошону менен бирге, элет жергесинде ар мугалимге болжол менен 15 окуучу, шаар шартында 19 окуучу туура келет.
► Жогорку окуу жайларында 12 миң 322, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 10 миң 426 педагог эмгектенет. Андан тышкары, майып балдарды багып, алардын андан аркы өнүгүүсү багытында аракет кылган жарандарыбыздын да бар экенин унутта калтырууга болбойт.
► Мугалимдердин орточо эмгек акысы – 26 миң 75 сом өлчөмүндө. Ал 2014-жылы 8 миң 621 сомду түзгөн. Мугалимдердин маянасы мамлекет тарабынан кыйла жогорулатылганына карабастан, агай-эжейлерибиздин эмгек акысы анчалык алымсындырарлык эмес экенин моюнга алыш керек. Мунун баары, барып-келип эле мамлекеттик казынанын чама-чаркына барып такаларын жакшы билебиз.
► Ушу тапта Министрлер Кабинети тарабынан мугалимдерге жүктөлгөн түйшүктү жеңилдетүү, алардын эмгек акыларын жеңилдетүү чаралары иштелип чыгууда. Кыскасы, мектептер менен мугалимдердин саны көп, чамгарагы кенен, кыйчалыш маселелери арбын. Мамлекеттик бийлик эл аралык уюмдар менен бирге аларды чечүү аракетин жасап жатат.
► Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдагы бюджети 64,9 млрд сом көлөмүндө бекитилген. Анын ичинде, 40 млрд сом каражат түздөн-түз мектептерге бөлүнөт. Каражаттын дээрлик 87 пайызы мугалимдердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Бул каражат азырынча чакталуу, бирок мамлекеттик бюджеттин жылдан-жылга кескин арбып баратканы жалпы жарандарыбыздын ишенимин арттырып, агай-эжейлерибизге дем байлап турганы чын.
► Мектептерди толук камсыз кылуу үчүн 17 млн нуска окуу китеби керек. Бул багытта 2025-жылдын республикалык бюджетинде 2,5 млрд сом каралууда. Ал каражатка 8 млн нуска окуу китебин чыгарса болот. Ал эми мамлекеттик мектептердин китеп фондунда 11,8 млн даана китеп бар. Ал жалпы керектөөлөрдүн 68,5 пайызын түзөт. Бирок мында окуу китептеринин заманбап жаңы стандарттары түзүлүп жатканын эстен чыгарбоого тийишпиз.
Өлкөнүн өткөн тогуз айдагы макроэкономикалык көрсөткүчү деле жаман эмес. БУУ эксперттеринин айтымында, 2024-жылы Кыргызстандын макроэкономикалык өнүгүү көрсөткүчү болжол менен 5,8 пайызды түзүшү мүмкүн. Ал эми Министрлер Кабинетинин болжолунда, экономикалык өсүү деңгээлибиз болжол менен 6,2 пайыздан кем болбойт. Мындай жоромолду эл аралык эксперттер деле жокко чыгарбайт. Ошентип, көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, акыркы үч жылда экономикалык көрсөткүчтөр кескин жакшырды.
Арабызда гимназиялар менен лицейлердин келечек тагдырына кабатыр болуп, ушинтип ара жолдо кала береби деген жарандар арбын. Ошондон улам, билим берүү жана илим министри Догдуркүл
Кендирбаева өткөн жылы «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынганын, анда «гимназия» жана «лицей» деген түшүнүктөр жок экенин эске салды. «Өлкө аймагында баш-аягы 350 гимназия менен лицей бар. Биз мыйзам талаптарын так аткарууга тийишпиз. Бардык окуучуларга бирдей шарттар түзүлүп, бирдей нукта билим алышы керек. Башка жол жок. Мындан ары бир дагы мектепке артыкчылык берилбейт. Жалпы талап ушундай», — дейт министр айым.
Албетте, башынан эле чыныгы атаандаштык табияты ошондой: аламан жарышта зээндүү балдар иргелет жана тандалат, мыктылардын мыктысы озуп чыгат! Ал эми балдарынын келечегине өзгөчө кам көргүсү келген ата-энелер балдардын билимин өркүндөтүү борборлорунда кошумча окутса же атайын стандарттарда билим берген жеке менчик мектептерге берсе деле болот. Мындай мекемелер бизде жетиштүү.
Ачыгын айтыш керек, азыркы 12 жылдык окууга трансформациялануу маселеси да түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Чынында мектепте окуу мөөнөтү өзгөргөн деле жок, баштагы 0-класс эми 1-класска которулду. Тилекке каршы, айрым мугалимдерибиз дагы өзгөрө элек. Айрымдарынын мындан ары деле өзгөргүсү жок. Муну баары эле баамдап турган чыгар. Мезгил күтпөйт, заман талабы башка, болгону азыр эл аралык деңгээлдеги заманбап окуу усулу өзгөрүп жатат.
Андан тышкары, «Жалпы билим берүү уюмдарына кошумча билим берүү жөнүндө» мыйзам жоболоруна ылайык, өткөөл мезгилде лицензияларынын мөөнөтү бүтө элек мындай багыттагы билим берүү мекемелери жергиликтүү бюджеттер менен жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен кошумча каржыланары, же ушуга окшогон дагы башка булактардан жардам берилери белгилүү болду. Башынан эле гимназиялар менен лицейлердин чыгымдары кыйла арбын. Муну мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да жакшы билет, туура түшүнөт деген ойдомун.
Улуттук билим берүү тармагына эл аралык деңгээлдеги жаңы милдеттер тагылып, заманбап талаптар коюлуп жаткан чак. Жашы жеткен балакайлардын баарын бала бакчага тартуу жаатында иштиктүү чаралар көрүлүп, жалпы мектептер 12 жылдык окутууга интеграцияланып жаткан учурда, жабыла жаңы нукка түшүп, жаңы шартта иштеген мугалимдерди эмгек акынын өлчөмү да кыйла кызыктырары турулуу нерсе. Анын жайын тактап көрдүк.
Жагымдуу бир кабар бар. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ушу тапта Финансы министрлиги тарабынан билим берүү тармагында иштеген жарандардын маянасын маал-маалы менен көтөрүп туруу чаралары иштелип чыгууда. Жолжобого ылайык, инфляция көрсөткүчтөрүнө жараша эмгек акылар көбөйтүлүп турмакчы. Канткен күндө да, мындай төлөмдөр жалпы кунсуздануу өлчөмүнө жараша болорун эгерим эстен чыгарбашыбыз керек. Мынча болду, эми мунусун да күтө туралы.
Көрсө, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүнүн дагы башка кошумча жолдору бар экен. Маселен, мындан ары мугалимдер ар беш жылда аттестациядан өткөрүлүп турат. Сынактан шыр өтүп кеткен мугалимдер келерки беш жыл бою маянасына кошумча 5000 сомдон алат. Ошондой эле, ар мугалимдин өз иш натыйжасына жараша да кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыркы учурда мунун дагы жол-жоболору иштелип чыгууда. Анча болду, эми анысын да күтө туралы.
Андан тышкары, кыргыз парламентинде мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу жосундарына бөгөт коюу боюнча чаралардын долбоору каралууда. Депутат Миргүл
Темирбаеванын айтымында, мыйзам долбоору мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу өнөкөтүн токтотуп, коомдук фонддорду түзүүгө багытталган. «Мыйзам талаптарын бузган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ал эми мыйзам долбоору демөөрчүлүк жана меценаттык жардамдарга бөгөт болбойт», — дейт ал.
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер