ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ ТАНДАЛДЫ

  • 11.10.2021
  • 0

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынагында 1-орунга Ош шаарындагы №61 “Ак-Каркыра” бала бакчасынын тарбиячысы Маргарита Юрьевна Нагаева ээ болуп, 1-даражадагы диплом, 100 миң сомдук сертификат жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо менен сыйланды. 2-орунду Нарын шаарындагы №16 “Ыйман” бала бакчасынын тарбиячысы Сюита Сагынбековна Басылбекова алды, ага да 2-даражадагы диплом, 80 миң сомдук сертификат жана жолдомо берилди. Ал эми үчүнчү байгелүү орун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ш.Самакова атындагы “Наристе” бала бакчасында эмгектенген Любовь Владимировна Саратованын энчисине тийип, ал да 3-даражадагы диплом, 60 миң сомдук сертификат жана көгүлтүр көл жээгиндеги пансионаттардын бирине жолдомо менен сыйланды.

Сынакка жаңыдан катышып, өз билгенине караганда, башкалардын билгенин үйрөнүүгө келишкен жаш тарбиячылар да көңүлдөн сырт калган жок, Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы “Куш-Канат” бала бакчасында иштеген Залина Турдугожоева сынактын “Дебют” номинантынын дипломун, 30 миң сомдук сертификат жана жолдомо алды.

Андан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районундагы «Арча-Бешик» бала бакчасынын тарбиячысы Жазгүл Эркебаева, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №42 «Нур-Айым» бала бакчасынын тарбиячысы Айкүмүш Маманова, Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Нураида» бала бакчасынын тарбиячысы Канышай Бекешова, Талас облусунун Манас районундагы №5 «Бакыт» бала бакчасынын тарбиячысы Айзада Анарбекова, Бишкек шаарындагы №100 бала бакчасынын тарбиячысы Акмарал Байтанаевалар сынактын лауреаттары катары 15 миң сомдук сертификат жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты.

Баардыгы биздей иштеши керек

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” республикалык сынагына катышууга өлкөбүздүн жети дубанынан жана эки шаарынан келишкен тогуз тарбиячы эки күн бою мыкты жактарын көрсөтүштү. 1-орунду багындырган Маргарита Юрьевна Нагаеванын жалпы эмгек стажы 15 жыл, №61 “Ак-Каркыра” бала бакчасында эмгектенгенине жети жылга аяк басты. Ал бизге сынактарга алгачкы жолу катышып жатканына карабай, ушундай жеңишке жетишкени өзгөчө стимул болгонун айтты.

— Алган сыйлыгым мени мындан да мыкты иштөөгө шыктандырат. Калыстар тобун жана жалпы эле башка кесиптештеримди биздин бала бакчада колдонулган өзгөчө методика – валеология программасы кызыктырды деп ойлойм. Валеология – бул саламат жашоо образы деп билем. Биздин бөбөктөр алгачкы күндөн тартып эле ушул ыкма менен, тагыраак айтканда, таза абада көбүрөөк дем алуу, тузга чыланган нымдуу чүпүрөктүн үстүндө жылаңайлак басуу, сууда чайкануу сыяктуу ден соолукту чыңдоонун ыкмалары менен машыга башташат. Бул чынында эле өзгөчө ыкма болгондуктан, алгач ата-энелер менен келишим түзөбүз. Бир эле мисал келтирейин, ар бир квартал сайын жүргүзгөн мониторинг жыйынтыгында, балдардын ден соолугу уламдан-улам чыңдалып, сейрек ооруй турганы көрүнөт. Акыл эс жөндөмү да активдүү болуп, балдар сергек жүрөт. Айрыкча коронавирус учурунда үзгүлтүксүз машыккан балдарыбыздын ичинен бир да бала эч кандай тумоого кабылган жок. Анткени биз аралыктан, онлайн режиминде көнүгүүлөрүбүздү үзбөй жасап жаттык. Биринчи кезекте баланын ден соолугу чың болушу кажет, андыктан баардыгы биздей иштеши керек деп эсептейм — дейт Маргарита Юрьевна.

Баланын тарбиясы бакчадан башталат

“Сүрөөнчү кийик аттырат” дегендей, кандай сынак же мелдеш болбосун, катышуучуларга дем-күч берген алардын күйөрманы болот эмеспи, биз Талас облусунун Манас районундагы №5 “Бакыт” бала бакчасынан келген Айзада Анарбекованын айланасындагы күйөрмандарынан эмгек жамааттын ички ынтымагы бекемдигине ынандык. Бакчанын башчысы Шаарбүбү Абыкеева аталган бала бакча түптөлгөндөн бери иштеп келаткандыгын, эмгек жамааты менен “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” далай кыйынчылыктарды баштан кечирип, эми минтип Талас дубаны боюнча мыктылардын мыктысы аталып, алдыңкы орунду көптөн бери эч кимге бербей ээлеп келатышкандыгын сыймыктануу менен айтып өттү.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ ТАНДАЛДЫ

“Бакыт” бала бакчасы республикалык сынакка ушуну менен үчүнчү жолу катышып отурат. Сынактын жыйынтыгы кандай болгон күндө да, ага катышкандар тажрыйба алмашып, билбегенин билип, көрбөгөнүн көрүп кайтышаары бышык.

— Ата-энелер үчүн да, биз үчүн да баланын ден соолугу чың болушу өтө маанилүү. Ал үчүн баланы мыкты тамактандыруу керек деп эсептейм. Мурда союз учурунда балдардын тамагына витаминдерди кошуп берчү элек, азыр андай болбой калды. Баланы тарбиялоо иши бала бакчадан башталып жатат. Баланы мектепке биз тарбиялап, даярдап беребиз. Андыктан балдардын материалдык шарттарына көбүрөөк жардам бериши керек. Айрыкча балдардын имунитетине көз салып, тамак-аштарын күчөтүү зарыл. Себеби дени сак баланын сабакты кабыл алуусу жогору болот, демек ал бала андан ары мектепте да мыкты окууга жетишет, — дейт тажрыйбалуу жетекчи.

“Мени балдардын аруу дүйнөсү арбап алды”

Жаш тарбиячылардын бири, “Дебют” номинанты Залина Турдукожоева Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында жайгашкан “Куш канат” балдар бакчасында иштейт. Бала бакчанын ачылганына үч жылдын жүзү болду. Ал алгач ачылгандан тарта иштеп келаткан Залина Алсеитовна, балдарды чын жүрөгү менен жакшы көрөөрүн, кантип балдар дүйнөсүнө байланып калганын өзү да билбей калганын айтып, өзү сүйгөн кесиби тууралуу ойлору менен бөлүштү.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ ТАНДАЛДЫ

— Мен иштеген бала бакчада алты тайпа бар, мен улуу тайпадагы балдар менен иштейм. Өзүмдүн үч балам бар. Ата-энем да мугалимдик кесипти ардактап сүйгөн адамдар.Атамдын көзү өтүп кетти, апам азыр ардактуу эс алууда. Мугалимдердин үй-бүлөсүндө тарбияланып өссөм да, балдар менен иштейм деп ойлогон эмесмин, чынымды айтсам, ушул кесипке кантип арбалып иштеп калганымды да билбей калдым. Биздин ар бир күнүбүз балдар менен өтөт. Кээде үйдөгү балдарыма да тыңгылыктуу көңүл бура албай калам, аны туура түшүнүп, туура кабыл алган жолдошума да рахмат. Анан албетте, мен иштеген эмгек жамаатыма, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерине мага ишенип, колдоо көрсөтүшкөндүктөрү үчүн чексиз ыраазымын. Балдардын аруу таза дүйнөсүнө аралашып калганыма бактылуумун. Ушул сынактан алдыда мен үйрөнө турган нерселер өтө көп экенин көрдүм, — дейт толкунданып.

Самара Кыдырмаевна Омуралиева, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси, сынакты уюштуруу комитетинин мүчөсү:

— Бул жылы сынак эки тараптуу жүргөнүнө күбө болдуңуздар. Мен “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынагынын жүрүшүнө токтоло кетейин. Сынактын республикалык, төртүнчү этабы эки тур менен өттү. Катышуучулар биринчи турунда үч тапшырманы аткарышты. Биринчиси, өзүнүн иш тажрыйбасын презентациялоо: концептуалдык-педагогикалык иштеринин маңызын көрсөтүү; экинчиси, тестирлөө жүргүзүлдү, ал түзүлгөн педагогикалык кырдаалды чечип берүү багытын камтыды. Ал эми үчүнчү тапшырманын алкагында калыстар тобу катышуучулар даярдап келишкен портофолиолорун карап чыгышты. Мында белгилей кетүүчү жагдай, ар бир катышуучу талапка ылайык түзүп келүүгө тийиш болсо, кээ бири азыраак көлөмдө, кээ бири көбүрөөк көлөмдө алып келишкендери да болду, калыстар тобу ар бир тапшырманын нормасы сакталышына кылдат көңүл бургандай эле, портофолионун талаптагыдай аткарылышына да көңүл бурду.

Сынактын экинчи күнүндө өткөн экинчи турунда катышуучулар практика жүзүндө ачык сабак өтүштү. Сабак өтүп эле тим болбостон, өзү өткөн сабакка өзү анализ жүргүзүп, баа беришти. Калыстар тобу анын жыйынтыгына да кылдат көз салып отурду.

Сынакты уюштуруу комитетинин мүчөсү катары жеке көз карашымды айтсам, менин баамымда тогуз катышуучунун ичинен 30 пайызы сабакты өтүү процедурасын жогорку деңгээлде өтүүгө аракеттенди, жарымына жакыны өзүнүн усулдук иштерин көрсөтүү, аны баалоо, балдарды окуу-тарбиялоо иштерине кызыктыруу процесстерин ачык-айкын көрсөтө алышкан жок. Кай бирине балким тажрыйбасы аздык кылгандай, теориялык маалыматтары жетишсиз болуп жаткандай. Андыктан кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарына байма-бай катышып, жетишпей жаткан билимдерин толукташы керек деген сунушумду айтаар элем. Калыстар тобунун мүчөлөрү да ар бир катышуучунун билим дараметине баа берип, сунуштарын айтышты.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ ТАНДАЛДЫ

«Жылдын мыкты тарбиячы-2021» сынагынын экинчи күнү өткөн борбор калаабыздагы №22 бала бакчасынын ынтымактуу эмгек жамааты келген меймандарга сый көрсөтүшүп, сынактын жүрүшүнө жакындан жардам беришти. Көрсөткөн меймандостугу үчүн №22 бала бакчанын башчысы Индира Дуулановага жана жалпы эле ал жетектеген эмгек жамаатына ыраазычылык билдиришти.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер