Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

  • 16.11.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда кыргыз тили мугалимдеринин жана китепканачылардын катышуусунда өткөн форум кыргыз тилин биргеликте өнүктүрүүгө арналды.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Форумду ачкан КР Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов өз сөзүндө мектептин китепканачысы жөн эле китеп сактоочу эмес, балдардын окууга болгон кызыгуусун ойготуп, тарбиялоочу, уюштуруучу жана мугалим экендигин, андыктан мектеп китепканачыларынын статусун мыйзам чегинде көтөрүп, мугалимдерге теңдөө керектигин баса белгиледи.

— Мектеп китепканалары коворкинг мейкиндигине айланып, анда жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулган жана заманбап китепкана жабдуулары менен камсыз болгон жарык жана ыңгайлуу бөлмөлөр болушу керек. Мындай китепканаларда мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүүгө болот. Жаштар атайын лаунж аймактарында маалымат алып, жада калса музыка уга алат. Ошондо китепканалар көздөрү күйгөн балдарга толот, — деди Т.Бекташов.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору менен “Жаңы китеп” долбоору уюштурган мындай өңүттөгү форум Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. “Жаңы китеп” долбоорунун жетекчиси Төлөгөн Аматовдун айтымында, форумдун максаты – кыргыз тилчи мугалимдер менен китепканачыларды бириктирүү болуп саналат.

— Форумдун негизги максаты — китепканачылар менен кыргыз тилчилердин башын бириктирип, негизги бир багытты көздөп, биргелешип аракеттенүү, “Бириксек колдон келет” деген ураан менен балдарга сапаттуу билим берүү жана китепканаларды заманбап шартка ылайыкташтыруу. Форумдун форматы дагы мурда уюштурулуп келген башка иш-чаралардан айырмаланды. Форумга катышкан спикерлер башынан өткөн тажрыйбалары, ийгиликтери менен бөлүштү. Спикерлер бөлүшкөн иш тажрыйбалары, кеп-кеңештери, колдонгон методдору форум катышуучуларына жакшы мотивация болуп берди деп ишенгибиз келет, — дейт Төлөгөн Акматов.

Мектеп китепканачылары мугалимдер менен бир имаратта, бир аянтта турганына карабай, ар бири өз казанында кайнап, көйгөйлөрүн биргелешип чечүү жолун, жардамын сунуштагандарга муктаж болуп келгени жашыруун эмес.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Китепканачылар китепканачы-педагог статусуна муктаж

Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Мамакулиев атындагы №22 мектебинин китепканачысы Гүлбара Зулкарова ушундай жолугушуулар алардын статусун көтөрөт деген ишенимде.

— Биринчиден, мен ушул бүгүнкү форумдун уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем. Себеби бүгүнкү күнгө чейин китепканачы деген сөз катардагы “завхозчу” дегендей эле угулчу жана анын эмгеги көзгө көрүнчү эмес. Ушундай иш-чаралардын арты менен китепканачылардын статусу да көтөрүлүп жатат десем жаңылышпайм. Мындай жолугушуулар, ачык баарлашуулар китеп күйөрмандарынын китеп окууга жана китепканаларга болгон кызыгуусу арттырат. Ушул форумдун алкагында Кыргызстандын баардык аймактарынан келген тилчилер, китепканачылар менен тажрыйба алмашып, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алып кетебиз деген ойдомун, — дейт, кубанганын жашыра албай.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Форумга катышып жаткан мектептеги китепканачылардын бири Гүлжан Өмүралиева 20 жылдан ашык убакыттан бери Нарын шаарындагы №5 орто мектебинде эмгектенип келет. Ал бизге форумга катышуу үчүн атайын тестирлөөдөн өтүп, бир жарым жылда аткарылган иштери боюнча отчетторун даярдап келгенин айтты.

— Биздин жолугушуу кыргыз тилчилер менен бирге уюштурулганы абдан сонун болду деп ойлойм. Кандай форматтагы иш-чара болбосун, бизге иштин жыйынтыгы болгону жакшы. Жаңы жобо иштелип, мурдагысына оңдоолор, өзгөртүүлөр киргизилгени маанилүү. Дагы бир артыкчылыгы — автоматташтырылган система киргизилгендиги жакшы болду. Мурда биз формаларды колго эсептеп жазып, статистикалык отчетту шаардык жана облустук билим берүү бөлүмдөрүнө алып барчубуз. 2018-жылы “Жаны китепке” киргенден баштап, системалаштырылып, системдүү түрдө иштеп калдык. Дагы бир оңтойлуу жагы — бири-бирибизди көрүп, баарлашып, кеп-кеңештерибиз менен бөлүшө алгандыгыбыз болду. Китепкана десе эле айыл жериндеги китепканаларды элестетип, китепканага окурмандар барбай калды деген пикир калыптанып калган. Мен буга кошула албайм. Себеби биздин окурмандарыбыз – мугалимдер, окуучулар, ата-энелер. Чындыгында гаджеттер пайда болгону коомдук китепканаларга эл азыраак барып калды. Бирок технологиялар кандай өркүндөп-өссө да, китептин ордун алмаштыра албайт деп ойлойм.

Биздин мектеп китепканаларынын эң биринчи көйгөйү — окуу китептери жетишпей жаткандыгында. Жарык көргөн китептер көп учурда окуу программасы менен дал келбейт, хрестоматиясы менен бирге даярдалбайт. Ырас, китепти даярдап басып чыгаруу өтө татаал, узак процесс экени талашсыз. Ага альтернативалык жол катары электрондук китепканаларды түзүү зарылдыгы айтылып келет, аны бирок шаардагылар менен элет жериндегилер бирдей колдоно албайт. Анын үстүнө аймактарда компьютер тартыш. Эгерде китепканаларда компьютердик зал уюштурулуп, окурмандар компьютер менен текши камсыздалса, абдан ыңгайлуу болмок.

Китепканачылардын көңүлүн өйүгөн дагы бир маселе – бул зыяндуулугу үчүн төлөнүүчү 15-30 пайыз үстөк акча өз убагында төлөнбөй, үзгүлтүккө учурап жаткандыгы болууда. Анан да, китепканачыларга “китепканачы-педагог” деген статус ыйгарылса, көптөгөн маселелерибиз өзү эле чечилмек, — деп, өзүнүн сунушун орто салды.

“Мен жана менин китепканам” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова форумда заманбап технологиялар менен жаңы багытта иш жүргүзүүгө басым жасалганын айтты.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

— Ушул күнгө чейин кыргыз тилчилер өз алдынча, китепканачылар өзүнчө иш жүргүзүп келгенбиз. Натыйжасында мындай жол менен мамлекеттик тилди натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүн эместигине көзүбүз жетти. Ошондуктан мындан ары китепканачылар менен бирдикте иш алып барып, алар аркылуу балдарды китеп окууга тартуу жана кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттырууну көздөп, чогуу кызматташалы деген максатта ушул форумду уюштуруп жатабыз. Форумдун алкагында санариптештирүү сыяктуу жаңы заманбап технологиялар аркылуу иш жүргүзүүнүн усулдук ыкмалары талкууланды. Азыркы жаштардын дээрлик баардыгы маалыматтарды жаңы технологиялар аркылуу алат. Ошондуктан окутуучулар жаштардан калбай, жаңы багыттар менен иш алып барууга тийиш. Бүгүнкү форумга катышкан ар бир катышуучу өздөрүнө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алып, аларды турмуштук тажрыйбаларына колдонот деген терең ишеничтебиз, — дейт.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Форумдун жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаңы китеп” мекемеси китепканачылардын күнүнө карата жарыялаган ачык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. “Мен жана менин мектеп китепканам” аттуу мектеп китепканачыларынын республикалык ачык сынагынын жеңүүчүлөрү КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланды. Биринчи орунга Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин китепканачысы Гүлзат Самсалиева ээ болсо, экинчи орунга Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М.Жумаев атындагы мектептин китепканачысы Эркайым Асангулова жана үчүнчү орунга Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин китепканачысы Махмуджан Кахаров татыктуу болду.

Талантбек БЕКТАШОВ: “КИТЕПКАНАЧЫЛАР ТАРБИЯЧЫ, УЮШТУРУУЧУ ЖАНА МУГАЛИМ БОЛУУГА ТИЙИШ”

Форумдун жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мектеп китепканаларын жана маалыматтык-китепкана борборлорун колдоо, мектеп китепканачыларынын имиджин көтөрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо маселелери, мектеп китепканаларын жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулган жана заманбап китепкана жабдуулары менен жабдылган жарык жана ыңгайлуу бөлмөлөр менен камсыздоо боюнча маанилүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
Фархат КАНЫБЕКОВ,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер