СЫЙЛЫГЫ ӨЗҮНҮКҮ, СЫЙМЫГЫ ЭЛДИКИ БОЛДУ
- 26.12.2024
- 0
Академик Канатбек Абдрахматовдун ысымы менен аброюн кимдер билбейт. Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен окумуштуулар жамаатынын улуттук чордону – Улуттук илимдер академиясынын президентине өлкөбүздүн илимине кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылды. Куттуктайбыз: сыйлыгы өзүнүкү болсо да, сыймыгы жалпы элдики болду окшоду.
Канатбек Абдрахматов 1953-жылы Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Кажы-Сай айылында туулган. Билими жогорку, 1976-жылы Политехникалык институтту “инженер-геолог” адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, немис тилдеринде эркин сүйлөйт, жатык жазат. Ал геология-минералогия илиминин доктору, профессор, УИА мүчө-корреспонденти. Эмгек жолун катардагы инженерден баштап, узак жылдардан бери Сеймсмология институтун жетектеп туруп, 2022-жылдын 15-ноябрында КР УИА президенттигине шайланган.
Канатбек Абдрахматов илимдин өлкө аймагындагы жер титирөө, кыян, сел, жер көчкү, кар көчкү сындуу кыйчалыш кырдаалдарды кылдат изилдеген сейсмология тармагы боюнча бирден-бир адис же башкы адис десек жаңылбайбыз. Анын 170тен ашуун ири илимий эмгеги менен илимий ачылыштары бар. Илимий чөйрөдө “Чүй ойдуңунун төртүнчү тектоникасы”, “Азыркы жер кыртышынын кыймылы”, “Теңир-Тоонун азыркы жер кыртышынын кыймылы”, “Кемин-Чүй жер титирөө чордонун тилкеси”, «Аламүдүн жаракасынын тектоникасы» сындуу эмгектери менен белгилүү, алар адистер тарабынан ар дайым эске алынат.
Андан тышкары, сейсмикалык жактан активдүү Нарын ГЭС каскадындагы “Токтогул”, “Камбар-Ата ГЭС – 1” , “Камбар-Ата ГЭС – 2” , “Үч-Коргон” сындуу ондогон энергетикалык курулуштардын жана аларды реконструкциялоо иштеринин да ушул киши башында турган сейсмикалык изилдөөлөр жыйынтыгында курулуп жатканын эстен чыгарууга болбойт. Алардын техникалык-экономикалык негиздемелери да дал ошол окумуштуулардын жеринен иликтөө жана илимий изилдөө жыйынтыгында иштелип чыккан. Муну танууга болбойт.
Кыскасы, Канатбек Абдрахматов Кыргызстандын башкы улуттук илимий-изилдөө мекемесин эң оор учурдан бери жетектеп келди. Азыр эле ага анча-мынча көңүл бурула баштады десек да болот. Маселен, быйыл көп жылдары каралбай калган ИИАнын имараты 500 млн сомго толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Буюрса, окумуштуулар менен илимий кызматкерлердин каржылык маселелерин дагы чечип берүү чаралары көрүлүүдө. Мисалы, ушу тапта илимий кызматкерлердин эмгек акысы чакталуу, азыркы шартта аны менен жашоо кыйын. Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-январынан тарта Улуттук илимдер академиясында иштегендердин маянасын көтөрүүгө убада берди. Мунун өзү жакшылыктын жышааны, демек улуттук илимибиздин келечеги бар экен деген ойду туюнтат, жаш илимпоздорго жакшы тилек, илгери үмүт байлай турганы анык.
Бүткүл Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан, өзгөчө ордо калаабыз сейсмикалык автивдүү тилкеде жайгашканын жакшы билебиз. Илимпоз Канатбек Абдрахматов сейсмикалык калаймандар жаатындагы бирден-бир ири адис экенинен да кабарыңар бар чыгар. Маселен, мен ал кишинин ыкчам маалыматтары менен сейсмикалык абалды талдоо боюнча илимий макаларын такай окуйм. Кабары чыкпай кетсе, кабатыр болом, тынчсызданам, суратып алам.
Элибиз деле ошондой ойдо болушу керек. Буюрса, жер алдындагы сейсмикалык лоборатория курулуп жатат, анын жардамы менен кыйла так болжомолдоо жүргүзүлүп, ыкчам маалыматтарды алууга жол ачылат болушу керек. Канатбек Абдрахматовдун жетекчилиги жана коңшу өлкөлөрдөгү кесиптештеринин биргелешкен аракети менен жакын арада Кыргызстан эле эмес, бүткүл Борбор Азия аймагындагы сейсмикалык абал толук көзөмөлгө алынат деген ишенимде турабыз.
Мына, быйыл октябрь КР УИАнын 70 жылдык маарекеси өттү. Мен билгенден, маарекелик ири иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Монголия, Англия, Франция, Германия, Словения, Индия, Беларусь сындуу 14 өлкөнүн окумуштууларынын катышканы эле эл аралык деңгээлдеги бийик кадыр-баркынан кабар берет. «Баарыбыз үчүн өтө кубанычтуу күн. Өткөн 70 жылда кылымга тете жол бастык. Ал биздин илимий мекеме үчүн татаал жана катаал илимий изилдөөлөр менен бир боп ийгиликтердин мезгили болду десек жаңылбайбыз», — дейт УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов.
Ушу тапта Министрлер Кабинетинин демилгеси боюнча академик А.Айдаралиев жетекчилиги астында жана курамы ар кандай адистерден турган атайын топ түзүлүп, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан сунушталган 44 долбоор иргелип алынды. Электен өткөн айрым долбоорлор эл чарбасында колдонууга киргизилиши мүмкүн. Мындай жакшы саамалыктын жыйынтыгын келерки жылдын башында белгилүү болот.
Улуттук илимдер академиясынын 2024-жылдагы бюджети 564 млн 800 миң сомду түзөт. Илимий мекемеде иштеген кызматкерлердин орточо эмгек акысы – 17 миң сом. Ал эми кенже илимий кызматкерлердин маянасы 9800 сомдон ашпайт.
Биз билгенден, КР УИАнын 2024-жылдагы бюджети 564 млн 800 миң сомду түзүп, илимий кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 17 миң сомдун, ал эми кенже илимий кызматкерлердин маянасы 9800 сомдун тегерегинде болгон. Ошондон улам, КР Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-январынан тарта кызматкерлердин маянасын 70-100 пайызга көбөйтүү жөнүндө чечим чыгарды. Бул мамлекет тарабынан улуттук илимге өзгөчө көңүл бурула баштаганынын таасын белгиси.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган илимий мекеме 1943-жылы Кыргызстанда СССР Илимдер академиясынын филиалы катары ачылган. Ага негизинен ок-дарылар жана аскерий техникалар үчүн жаңы кошундуларды иштеп чыгуу, мал чарбасынын өнүмдүүлүгүн арттыруу, кен-байлыктардын корун чалгындоо, жашылча өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өндүрүү сындуу милдеттер жүктөлгөн. Натыйжада Кыргызстандын аймагынан коргошун, темир, сурма, вольфрам сындуу кан майдан үчүн өтө зарыл көптөгөн пайдалуу кендердин ири корлору табылып, жапырт иштетиле баштаган. Мисалы, Улуу ата мекендик согушта атылган ар бир алтынчы октун коргошуну «Ак-Түз» кенинен куюлган.
Ал эми 1954-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясы түзүлүп, анын алгачкы президенттигине Иса Акунбаев дайындалган. Ал дээрлик он жыл бою өлкөнүн башкы илимий мекемесин жетектеп турду. Мына ушундан тарта Илимдер академиясы өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жөлөк болуп, илимий орчундуу изилдөөлөрдүн чордонуна жана жаш окумуштуулардын устаканасына айланды.
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер