STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ

  • 03.07.2021
  • 0

2425-июнда “STEM-билим берүү: келечекте жогорку технологияларды өнүктүрүүнүн платформасы” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ал Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган.

STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ

Аталган конференцияга Москва, Санкт-Петербург, Алма-Ата, Тараз шаарларынан келген жана кыргызстандык STEM — билим берүүнүн көйгөйлөрү менен алектенген илимий-изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары, мектептен тышкары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын илимий-практикалык кызматкерлери катышты.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев конференциянын ачылышында катышуучуларга онлайн кайрылуу жасап, STEM — билим берүү өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү тармактардын бири экендигин айтты.

STEM билим берүү деген эмне?

STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ

STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.

STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт).

STEM билим берүүнүн өзгөчөлүгү — бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат.

STEM билим берүүнүн максаты — балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.

STEM билим берүүнүн натыйжалары:

— чыгармачыл ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүү;

— балдар өзүлөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү;

— коомдо ар тараптуу билим, хобби ж.б. ээ болгон жаңы муундун калыптанышы.

“Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова “STEM — билим берүүдөгү технология – жаңы замандын чындыгы” деген темада баяндама жасады.

STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ

Ал Президенттин “Алтын түйүн” БРИТАга болгон сапарынан видео көрсөтүп, өлкө башчысы STEM билим берүүнү толугу менен колдой турганын билдиргенин айтты.

Президент академияга техникалык лаборатория куруу үчүн төрт млн. сом каражат бөлгөн. Ошондой эле мамлекет башчы академиянын жанына обсерватория, балдар үчүн заманбап планетарий, футбол жана волейбол аянтчалары курула тургандыгын да билдирген.

“Биз азыр обсерваториянын эскизин, сметасын бердик. Бул азыр эле боло кала турган иш эмес. Бир, эки жылдын ичинде болот”, — дейт Бапанова.

Садыр Жапаров иш сапары учурунда “Алтын түйүн” академиясынын филиалдарын облустардын борборлорунда ачуу маселесин иштеп чыгууну дагы тапшырган.

STEM билим берүү замандын талабы болгондуктан, президент биздин академиянын филиалдарын бардык облустарга ачуу зарылчылыгын айтты. Ал филиалдарда ар кандай инженердик техника боюнча ийримдер, окутуулар уюштурулат. Биз президентке мамлекеттик деңгээлде техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча кандайдыр бир концепцияны кабыл алуу керектиги боюнча маселени айтканыбызда, андай концепция боло тургандыгын билдирди”, — деди Жаркын Бапанова.

Келечектеги инженерлерди, ойлоп табуучуларды, окумуштууларды даярдаган академиянын жетекчиси балдар жасаган эмгегинин үзүрүн көрүшү керек деп эсептейт.

STEM билим берүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканыбыздын себеби, биздин буга чейинки жасап келген иштерибиз анын бир бөлүгү болгон. STEM – бул табигый илимдердин интеграциясы. Балдар колу менен жасап жаткан нерселерден сырткары, эмне кылып жаткандыгы жөнүндө дагы түшүнүк алышы керек. Аларга жөн гана модель жасап коюу кызык эмес, кылган эмгегинин натыйжасын көрүү маанилүү. Азыр биздин балдар ар кандай ойлоп табуучулук долбоорлорун ишке ашырып, патенттеп жатышат. Мындан улам STEM билим берүүнү өндүрүштүк ой-жүгүртүү технологиясы деп айтсак болот”,- деп билдирди ал.

Жаркын Бапанова Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине инженерия багытында 15 балага бюджеттик негизде окууга орун берилип турарын да билдирди.

Ал үчүн алгач эки тараптуу келишим түзүлөт. Келишимде бюджеттик негизде  билим ала турган балдар окууну бүткөн соң 3-4 жыл кесиби боюнча иштеп берүү талабы коюлат. Академия аларга жумуш орундарын камсыздап берет. Эгерде окууну бүткөндөн кийин иштебей койсо, 4 жыл окуган мезгилдеги окуу акысын толугу менен төлөп берүүсү керек.

Конференцияда педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов “Кыргыз Республикасындагы STEM — билим берүү саясаты”, Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы “Брейн Девелопмент” ЖЧКнын өкүлү Дмитрий Устинский “Санариптик технологияларды жаш муундарда келечектеги кесиптердин инженердик ой жүгүртүүсү жана компетенттүүлүгүн калыптандыруу куралы катары колдонуу”, Алматы шаарындагы «Бобек» Улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборуобсерваториясынын методикалык кабинетинин башчысы Светлана Потапенко “STEM билим берүү — окуучулардын космос мейкиндигин жана илимий көз караштын дүйнө таанымын калыпка түшүрүү” ж.б. темаларда баяндамаларды жасашты.

STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ

Конференциянын жүрүшү үч секцияга бөлүнүп, төмөндөгүдөй темаларда болду.

STEM — билим берүү уюмдарындагы мазмуну, келечеги жана өнүгүү багыттары.

STEM — билим берүүнүн талаптарына ылайык келген окутуу чөйрөсүн түзүү.

STEM — билим берүүнүн изилдөө объектиси жана предмети.

Секциянын жүрүшүндө катышуучулар математикага, табигый илимдерге жана инженердик ойлоп табуу ыкмаларынын тематикалык интеграциясына багытталган STEM — билим берүүнүн теориялык негиздерин талкуулашты.

STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ

Ошондой эле конференциянын катышуучулары балдарды эрте курактан жана башталгыч мектептен баштап STEM технологияларды колдонууга басым жасоо керектигин билдиришти.

Кыргызстанда STEM программасынын өнүгүшүнө робототехника жана программалоо, моделдөө, 3D дизайн жана окутуу программасын прототиптештирүү тармагынын киргизилиши чоң таасир эткендигин баса белгилешти.

Ал эми жасалган баяндамалар, жүргүзүлгөн секциялардын жана талкуулардын негизинде STEM билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү негизги тоскоолдуктарды белгилешти.

Алар:

STEM — билим берүү жөнүндө мамлекеттик ченемдик-укуктук базанын жана жобонун жоктугу;

STEM — технологияны билим берүү системасынын бардык тармагында окутуучулардын жетишсиз пайдалануусу;

Жогорку окуу жайлардын, мектептердин, бала бакчалардын, мектептен тышкаркы уюмдардын жетекчилери тарабынан  STEM билим берүүнүн талаптарына ылайык келген, окутуу чөйрөсүн түзүү боюнча иштин деңгээлинин төмөндүгү;

Окутуу программаларынын гана эмес, аларды иштеп чыгуу боюнча илимий-методикалык сунуштардын жоктугу;

3D моделдөө, робототехника, программалоо ж.б. илимий-техникалык заманбап багыттарды өнүктүрүү үчүн көптөгөн билим берүү уюмдарында материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги;

STEM — билим берүүнүн жаңы форматы боюнча иштөөгө даяр педагогикалык кадрларды даярдоонун жоктугу;

Орто билим берүүнүн табигый-илимий жана техникалык компонентинин начарлашы;

STEM билим берүүнүн маңызын коом, педагогикалык жамаат, ата-энелердин жетиштүү деңгээлде түшүнбөгөндүгү ж.б.

Эки жылдан бери STEM жаатында чоң маселе көтөрүлүп келе жатат. Билим берүү жана илим  министрлиги тарабынан дагы жакшы колдоолор болууда. Облустук билим берүү борбору катары биз дагы STEM билим берүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Президенттин тапшырмасы менен жети облуска “ Алтын түйүн” БРИТАнын филиалдарын ачуу пландалып жатыптыр. Бул ишке ашса өлкөбүз үчүн абдан жакшы болмок”, — деген оюн билдирди Чүй облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Райымбек Султанов.

Техникалык чыгармачылыкка, инженердик кесипке аймактарда окуучулардын тартылуу көрсөткүчү төмөн. Анткени атайын борборлор, тиешелүү адистер жок. Мындай пикирин Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров:

Биз чыгармачылык борбор болгондуктан төрт багытта иш алып барабыз. Көркөм-эстетикалык, ыр-бий, кол өнөрчүлүк, туризм жана экология. Өлкөдө STEM багыты боюнча билим бере турган адистер жетишсиз. Мисалы физика, информатика жана инженерия боюнча. Бирок “Алтын Түйүн” БРИТА акыркы жылдары ушул багытта жакшы иштерди жүргүзүп келе жатат”.

Ал эми Жалал-Абад облусттук экология, аймак таануу жана техника чыгармачылык балдар борборунун директору Султан Жаркулов STEM билим берүүнү мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жайылтуу керек дейт.

Советтик мектептерде STEM билим берүү болгон. Анда жаш техниктер деген ийримдер иштеп турчу. Ошол ийримдерди министрлик кайра калыбына келтирип, жаш жеткинчектердин кызыгуусун арттыруусу керек дейт Нарын мамлекеттик университетинин доценти Бурулбүбү Биймурсаева.

Менин бала чагымда атайын кошумча сабактар уюштурулуп, сертификаттар берилип турчу. Мисалы, техникага кызыккан балдар техника боюнча курстарга окуп, сертификат алып, иштей беришчү. Азыр техника жаатында билим берүүнү кайра киргизүү убагы келди деп эсептейм. STEM билим берүүнү атайын ийрим же жогорку окуу жайларында гана окутпастан, бала бакчадан баштап үйрөтүүнү колдойт элем. Бала бакчада өзгөчөлөнгөн балдар бар, алар үчүн дагы атайын борборлорду ачуу керек”.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Дыйкан орто мектебинин физика мугалими Калмамат Жунусалиев акыркы 3-4жылдан бери Баткен облусундагы техникага кызыккан балдарды жетектеп келет.

“Бизде балдардын техника, инженерияга болгон кызыгуулары абдан жакшы. Балдар “Атам, апам жана мен”, “Ойлоп табуучулар” ж.б. интеллектуалдык, техникалык олимпиадаларга катышып, жеңүүчү болуп келишет. Быйыл “21-кылымдын интеллектуалдары” эл аралык сынагында эки окуучубуз алдыңкы байгелүү орундарга илинди. Өткөн жылда “Илим жана техника” аталышындагы республикалык сынакта 2-орунду алганбыз”.

STEM — бул жаңы эле чыга калган нерсе эмес. Биз буга чейин деле STEMдин элементтерин колдонуп келгенбиз деди Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун директорунун орун басары Рыскүл Турдалиева:

Эки күндөн бери өтүп жаткан конференция  баарыбыз үчүн аябай пайдалуу болууда. Алтын Түйүн” БРИТА республика боюнча билим берүү тармагында чон иштерди жасап келе жатат. Мисалы, техниканы балдар арасында жайылтуу, мугалимдердин техника боюнча квалификациясын жогорулатуу ж.б. Мурун балдар макеттерди жасаган болсо, азыр моделдерди жасап жатышат. Алар техникалык базанын жоктугуна карабай жогорку көрсөткүчтөргө жетип, бизди кубандырып келишет”.

Бишкектеги «Жаш техниктер станциясы» окуу борборунун жетекчиси Фарида Касымова конференцияда берилген маалыматтар өтө актуалдуу жана кызыктуу болду белгиледи:

“Өлкөнүн ар кайсы региондорунан жана коңшу өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен STEM билим берүү боюнча теориялык жана практикалык жактан тажрыйба алмашуу болуп, абдан жемиштүү өттү.  “Алтын түйүн” академиянын жамаатына жана жетекчилигине илимий-практикалык конференцияны жогорку деңгээлде уюштуруп бергендиги үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем”.

Эки күндүк эл аралык конференциянын жыйынтыгында “Алтын түйүн” балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен Казакстандын «Бобек» Улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борбору кызматташуу максатында эки тараптуу меморандумга кол коюшту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер