«Сезондук депрессия», узун мурун жана тармал чач. Климаттын адамга болгон таасири

  • 14.04.2026
  • 0

Күн ысыкта шайың кетип, өзүңдү алсырагандай сезген учурларыңызды байкадыңыз беле? Же күн бүркөк мезгилде маанайың суз болуп калганыңыздычы? Бул эмнеге байланыштуу? Адамдын жүрүм-туруму, мүнөзү аба ырайынан көз каранды болушу мүмкүн деген ойго кошулат белеңиз?

Мен жогорку окуу жайда окуп жүргөн мезгилде географиялык детерминизм түшүнүгү менен алгач ирет таанышкам. Анда  француз ойчулу Ш .М. Монтескье адамдардын мүнөзү жана коомдун өнүгүүсү климатка көз карандылыгын айтып, климаттын адам баласына тийгизген таасири өтө чоң экендиги, ал тургай коомдун өнүгүшүнө олуттуу күч катары таасир этери жөнүндө айтып өткөн. Анда ысык климат шартында жашаган айрым  элдер күндүн  ысыктыгынан алсырап, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, тарыхта аларды кулчулукка алуу жана басып алуу салыштырмалуу жеңилирээк болгондугу айтылган.

Ошол учурдан тартып, бул ой менин  кызыгуумду арттырып келет. Чын эле адам баласы климатка канчалык деңгээлде көз каранды? Климат адамдын кулк-мүнөзүн калыптандыра алабы? Ал адамдын психологиясына, дене түзүлүшүнө, ден соолугуна, ал тургай жалпы адамзат тарыхына кандай таасирин тийгизген? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издөө максатында мен да ой жүгүртүүнү туура көрдүм.

Климат – бул белгилүү бир аймактагы узак убакыт ичинде калыптанган аба ырайынын өзгөчөлүктөрүнүн жыйындысы. Ал адамдын жашоо шартына, ден соолугуна жана күнүмдүк иш-аракетине гана эмес, анын кулк-мүнөзүнө, ой жүгүртүүсүнө жана эмоционалдык абалына да таасир этери  байыртадан эле ойчулдардын көңүлүн бурган жана Аристотель баш болуп өз пикирлерин билдирип келген.

Климаттын адамдын кулк-мүнөзүнө тийгизген таасири көбүнчө анын психологиялык абалы аркылуу байкалат. Жылуу жана күн нуру мол тийген аймактарда жашаган адамдар адатта шайыр, ачык жана активдүү болушат. Мындай шарттар адамдарды сыртта көбүрөөк убакыт өткөрүүгө, бири-бири менен көбүрөөк баарлашууга түрткү берет.Ал эми өтө ысык аба ырайында адамдар бат чарчап, кыжырдануу учурлары көп байкалат.  Тескерисинче, суук же узак кыш мезгили өкүм сүргөн аймактарда жашаган адамдар көбүнчө токтоо, сабырдуу жана тартиптүү болушат. Анткени катаал климаттык шарттар адамды чыдамкайлыкка, алдын ала жашоо тиричилигин пландаштырууга (азык-түлүгүн алдын ала камдоого) жана тартипке үйрөтөт.

Күндүн нурунун жетишсиздиги да адамдын маанайына олуттуу таасир этет. Айрым аймактарда кыш мезгили узак болуп, күндүн нуру аз тийгендиктен, адамдарда чарчоо, маанайдын түшүүсү жана көңүл коштук абалы байкалат. Бул абал илимде “сезондук депрессия” деп аталат. Бул көрүнүш климаттын адамдын эмоционалдык дүйнөсүнө түздөн-түз таасир этерин далилдеп турат. Азыркы тил менен айтканда психологиялык жактан интроверт адамдар суук аймактарда салыштырмалуу көбүрөөк экендиги далилденген. Себеби  мындай шартта адамдар көбүнчө үй ичинде убакыт өткөрүп, коомдук активдүүлүгү азаят.

"Сезондук депрессия", узун мурун жана тармал чач. Климаттын адамга болгон таасири

Узакка созулган суук аба ырайы жана күндүн кыска болушу адамдарды тынч, ички дүйнөгө көбүрөөк көңүл бурган абалга жетелейт. Натыйжада алар жалгыз иштөөгө, ойлонууга, китеп окууга же чыгармачылык менен алектенүүгө көбүрөөк ыкташат. Ал эми жылуу жана күн нуру мол аймактарда адамдар ачык, шайыр, коомчулукка жакын болуп, экстраверттик мүнөз басымдуулук кылары байкалат.

Ал адамдын жашоо образына гана эмес, анын дене түзүлүшүнө жана сырткы келбетине да олуттуу таасирин тийгизет. Адамзат тарыхында ар түрдүү климаттык шарттарда жашоо организмдин ошол шартка ыңгайлашуусуна алып келип, муундан муунга өтүп турган айрым өзгөчөлүктөрдү калыптандырган.

Ысык климатта жашаган элдердин териси көбүнчө кара же кара күрөң түстө болот. Бул көрүнүш күндүн ультрафиолет нурларынан коргонуу зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт. Теридеги меланин пигментинин көп болушу күн нурунун зыяндуу таасирин азайтып, организмди коргойт.

Тескерисинче, суук жана күн нуру аз тийген аймактарда жашаган адамдардын териси ачыгыраак болот, анткени мындай шартта организмге күн нуру аркылуу витаминдерди, өзгөчө D витаминин алуу маанилүү.

Климат адамдын дене түзүлүшүнө да таасир этери маалым. Суук аймактарда жашаган адамдардын денеси көбүнчө булчуңдары чымыр, чың, толмочураак жана буту-колдору салыштырмалуу кыскараак болот. Бул дене түзүлүш жылуулукту сактоого жардам берет. Ал эми ысык климатта жашаган адамдардын денеси узунураак, сымбаттуу жана бут-колдору узун болот, бул организмдин ысыкты бат чыгарып, салкындашына шарт түзөт.

Мындан тышкары, климат адамдын келбетинин түзүлүшүнө да таасирин берет. Суук климатта  мурун көбүнчө ичкерээк жана узунураак болуп, муздак абаны дем алууда жылытууга жардам берет. Ал эми жылуу аймактарда мурун кененирээк болуп, абанын эркин айланышына ыңгайлашат.

Ысык климат өкүм сүргөн аймактарда жашаган адамдардын чачы көбүнчө тармал, коюу жана көлөмдүү  келет. Мунун негизги себеби — мындай чач баш терисин түз тийген күн нурунан коргойт жана ошол эле учурда абанын айланышына шарт түзөт. Тармал чач баш менен түз тийишпегендиктен, аба катмары пайда болуп, баштын ашыкча ысып кетишин азайтат. Бул — организмдин ысыкка каршы табигый коргонуу механизми болуп саналат.

Ал эми мелүүн же суук климаттуу аймактарда чач  түз жана жука болот. Мындай түзүлүш жылуулукту жакшы сактоого жардам берет, анткени чач баш терисине тыгыз жайгашып, жылуулуктун сыртка чыгып кетишин азайтат. Ошондой эле түз чач суук шамалга каршы кошумча коргонуу ролун аткарат. Мындан тышкары, чачтын түсү да климатка байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Күндүн нуру күчтүү болгон аймактарда көбүнчө кара же кочкул түстөгү чач кездешет, анткени ал ультракызгылт көк нурлардан жакшыраак коргойт. Ал эми күн нуру салыштырмалуу аз болгон аймактарда ачык түстөгү чачтар кеңири тараган.

Ар бир аймактагы элдин өзгөчөлүгү, маданияты көбүнчө, ошол жердин климаттык шарттары менен тыгыз байланышта. Мисалы, катаал континенталдык климат өкүм сүргөн аймактарда жашаган элдер  көчмөн жашоо образын тандашкан. Борбор Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин маданиятында мал чарбачылыгы негизги орунду ээлеп, жайлоо-кыштоо сыяктуу түшүнүктөр калыптанган. Бул — климатка ылайыкташкан жашоо образынын ачык мисалы. Ал эми нымдуу жана жылуу климаттуу аймактарда дыйканчылык өнүккөн маданият калыптанган. Мындай жерлерде адамдар жер иштетип, түшүм жыйноо менен байланышкан каада-салттарды түзүшкөн. Натыйжада ар бир элдин маданияты анын табигый шарттарына жараша өзгөчөлөнгөн.

Климат турак жайга да чоң таасир этпей койбойт. Суук аймактарда жылуулукту сактоочу, бекем үйлөр курулса, ысык жерлерде тескерисинче, шамал жакшы өтчү, салкындыкты камсыз кылган ачык үйлөр салынат. Бул адамдардын табиятка болгон ыңгайлашуусунун дагы бир далили. Ал тургай, кийим-кече жана тамак-аш маданияты да климатка жараша өзгөрөөрү айтпасак да белгилүү. Суук аймактарда калың, жылуу кийимдер кийилип, калориясы жогору тамактар колдонулса, ысык аймактарда жеңил кийимдер жана өсүмдүккө бай тамак-аш артыкчылыкка ээ болот.

Жыйынтыктап айтканда, климат — адам маданиятынын калыптанышындагы эң маанилүү факторлордун бири. Ал адамдардын күнүмдүк турмушун гана эмес, алардын руханий дүйнөсүн да аныктайт. Ошондуктан ар бир элдин маданиятын түшүнүү үчүн, биринчи кезекте анын жашаган чөйрөсүн жана климатын эске алуу зарыл.

Климат адамзат тарыхында жөн гана фон болуп калган эмес, ал цивилизациялардын пайда болушуна, көчмөн жана дыйканчылык турмушунун өнүгүшүнө, ошондой эле коомдордун күч-кубатына түздөн-түз таасир эткен.

Борбор Азияда катаал кыш жана кургак жаз айлары адамдарды мал багууга жана көчмөн турмушка мажбур кылган. Натыйжада, Алтын Ордо жана башка көчмөн империялар пайда болгон. Африкадагы Сахел аймагында болсо кургакчылык коомдорду айыл чарбасынан көбүрөөк мал чарбачылыгына көндүргөн. Узак мөөнөттөгү климаттык өзгөрүүлөр аймактагы адамдарды көчмөн турмушка жана коомдорду кайра курууга мажбур кылган. Башкача айтканда, климат кээде цивилизацияларды өнүктүргөнү менен, кээде алардын кулашына себеп болгон.

Тарыхка көз салсак, бул көрүнүш ачык көрүнөт. Рим империясы 3–4-кылымдарда Европада жана Түндүк Африкада болгон кыска суук мезгилдерден кыйналган. Азык-түлүк жетишсиздиги аймактарда экономикалык кризиске алып келип, саясий туруктуулукка терс таасирин тийгизген. Мая цивилизациясы 9–10-кылымдарда узак кургакчылыкка туш болуп, бул шаарларды таштоого жана цивилизациянын кулашына себеп болгон.

Кытай тарыхында климаттын таасири да чоң болгон. Тан династиясы (618–907) жана Сун династиясы (960–1279) учурунда узак кургакчылыктар жана суук мезгилдер айыл чарбасына терс таасир берген. Түшүмдөр азайып, азык-түлүк кризиси пайда болгон. Бул көчмөн чабуулдарга жана жергиликтүү башчылардын нааразычылыгына жол ачкан. Натыйжада, династиялардын саясий туруктуулугу төмөндөгөн. Адам баласы климатка ыңгайлашып жашоону үйрөнгөнү менен, табигаттын күчү кээде эң күчтүү цивилизацияларды да сындырган.

Климат адамдын ден соолугуна  түздөн-түз таасир этет жана бул таасир ар аймакта ар кандай көрүнөт. Ысык климатта, мисалы, тропиктерде жана субтропиктерде, жогорку температура организмге чоң стресс алып келет. Бул жүрөк кан тамыр системасына жүк алып, жүрөк ооруларынын коркунучун жогорулатат. Ошондой эле ысык жана нымдуу климатта курт-кумурскалар көбөйүп, денге, малярия жана башка жугуштуу оорулар кеңири жайылат. Жылуулук стресси тердөө системасын күчөтүп, суунун жетишсиздиги жана дем алуу жолдорундагы кыйынчылыктарды жаратат, кээде бул оор учурларда ден-соолукка олуттуу коркунуч туудурат.

Суук климатта болсо дене жылуулугун сактоо маанилүү болуп, гипотермия жана үчүк сыяктуу көйгөйлөр келип чыгат. Муздак аба кан айлануу системасына кошумча жүк алып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана уйку учурундагы кризистердин коркунучун жогорулатат. Мындан тышкары, кыш мезгилинде дем алуу органдары менен байланышкан оорулар — пневмония, бронхит, астма — көбөйөт. Мындай шартта адамдар көбүнчө жабык жайларда отурушат, ал жерде вирустар жана бактериялар тез жайылып, инфекциялык оорулар көбөйөт.

Анткен менен адамдын жашоосу толугу менен климатка байланган деп кесе айтууга да болбойт. Климат адамдын ден соолугуна, мүнөзүнө жана жашоо образына олуттуу таасир эткени менен, ал жалгыз аныктоочу фактор эмес. Адамдын калыптанышында тарбия, билим, коомдук чөйрө жана маданият да чоң роль ойнойт. Ошондуктан адам ар кандай шартка ыңгайлашып, өз жашоосун өзү калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок ошого карабастан, адам канчалык өнүкпөсүн, табияттын шарттарына толук үстөмдүк кыла албайт. Акырында, адам баары бир жашаган чөйрөсүнөн көз каранды. Демек, климаттын күчү баарынан күчтүү.

"Сезондук депрессия", узун мурун жана тармал чач. Климаттын адамга болгон таасири

Асанбек кызы Айтурган                                                                                                                                        Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылына караштуу Досмамбет Батырбашиев атындагы Чалдовар орто мектебинин география мугалими Асанбек кызы Айтурган. 2023-жылы өткөн республикалык “Жыл мугалими” конкурсунун облустук турунда география предметинен 2-орунду ээлеген.

Бөлүшүү

Комментарийлер