РЕФОРМАЛАРДЫН БАШКЫ БАГЫТЫ – МАЗМУНДУК ЖАҢЫЛАНУУ

  • 17.02.2022
  • 0

Билим берүүнүн таанылган лидери Алмазбек Бейшеналиев жыл өтпөй кайрадан билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Болотбек Купешев ден- соолугуна байланыштуу кызматынан бошоп кетти.

Билим берүү жана илим министрлигине Алмазбек Бейшеналиевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү алып келип, бул кызматта өзүн мурда эле татыктуу экенин көрсөткөн ишмерге президент Садыр Жапаров кайрадан ишеним көрсөтүп жатканын жана бул тандоонун максаты билим берүү  тармагында олуттуу реформаларды ишке ашыруу экенин баса белгиледи.

Төрага мектепке чейинки билим берүүдө жан башына каржылоону киргизүү, ал эми мектептик билим берүү жаатында программалар менен стандарттарды жаңыча иштеп чыгуу, окуу китептерин сапаттуу даярдоо, кошумча билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу, тарбиялык процессти туура жүргүзүү, билим берүүнүн мазмунун кайрадан иштеп чыгуу маселеси турганын айтты.

“Бул мазмун дүйнөдөгү жалпы адамдык баалуулуктар менен айкалышкан, балдарды жаттама билимге эмес, өз алдынча изденген, көндүмдөрү калыптанган, эл аралык эмгек рыногуна жарамдуу болуш үчүн фундаменталдык негизде табигый илимге, технологияга, инженерияга, искусствого жана математикага басым жасалган мазмун болот деп үмүттөнөм. Башкача айтканда, ар бир билим баскычынын бүтүрүүчүсүнүн моделин иштеп чыгуу милдети турат. Жогорку класстарга багытталган профилдик окутуу жакынкы келечекте ишке ашат деген ойдомун”,-деди Акылбек Жапаров.

РЕФОРМАЛАРДЫН БАШКЫ БАГЫТЫ – МАЗМУНДУК ЖАҢЫЛАНУУ

Ал эми жогорку кесиптик билим берүүдө эмгек рыногунун талабына жараша сапаттуу адистерди даярдоо, дүйнөлүк 4-Модель университеттердин компоненттерин имплементациялоо менен бир гана билим берүү эмес, илим изилдөө, инновациялык табылгалар жана бизнес, экономика менен тыгыз иштешкен функцияларды өздөштүрүү биринчи кезектеги милдеттер болуп айтылды.

Алмазбек Бейшеналиев бул кызматка биринчи келгенде бир топ багыт боюнча реформалык аракеттерди батыл баштап калган эле. Эми аларды улантууга кайрадан жакшы мүмкүнчүлүк келип отурат. Министр кызматына Жогорку Кеңеште бекип жатканда суроолорго жооп берип жатып, биринчи кезектеги реформалык чараларга да учкай токтоло кетти.

“Орто мектептерди алсак, реформаны мазмундан баштоого бул жолу багыт алып жатам.  Советтер союзунан калып кеткен, ошол учурдагы системага багытталган билим берүү тутуму бар. Андан кийинки чыккан окуу китептер менен окуу программалардын көбү, тилекке каршы, биз менен тарыхый байланышы бар өлкөлөрдүн китептеринен көчүрүлгөн маалымат көп. Ошондуктан суверендүү Кыргыз Республикасынын бүгүнкү экономикасына, эртеңки келечегине жараган окуу программасы, окуу мазмуну түзүлгөн эмес. Ошондуктан биз мазмунду толук өзгөртүүгө барышыбыз керек”,-деди Алмазбек Бейшеналиев.

Жогорку Кеңештеги талкуу убагында мектептердин курулушу, мектеп директорлорун ротация кылуу, окуу китептерди сапаттуу жана жетиштүү чыгаруу сыяктуу маселелер козголду.

1-апрелден социалдык тармакта бүтүндөй, анын ичинде мугалимдердин, ЖОЖ окутуучуларынын дагы эмгек акысы 50% жогорулаган жатат. Бул кымбатчылык каптаган учурда агартуу ишмерлерине чоң социалдык колдоо болуп калмакчы. Бирок жалпы тармактагы реформаларды ишке ашыруу, билим сапатын көтөрүү үчүн башка дагы көп көйгөйлүү маселелерди чечүү зарыл. Азыркы ыкчам өзгөрүп жаткан дүйнөнүн жаңы сыноолоруна даяр болуш үчүн турмушка эң керектүү сапат-көндүмдөрдү калыптандырган билим берүүнүн мааниси өзгөчө болуп жатат.

Ошол эле убакта космополиттердин эмес, улуттук жана универсалдык  асыл-нарктарга сугарылган муунду өстүрүү да орчундуу милдет болуп турат, демек, улуттук-руханий тарбиялоонун деңгээлин да көтөрүү зарыл. Андан да алдыда турган эң орчундуу маселе, билим берүүнүн негизги өзөгү болгон мугалимдин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү керек. Мугалимди сыйлабаган, баалабаган элдин келечеги кем, баскан жолу караңгы, ошондуктан мугалимдин кадырын көтөрүү бир гана материалдык колдоо менен эмес, жалпы элдик сый-урмат мамилени калыптандыруу менен боло турган иш. Бул бир гана мамлекеттин эмес, бүтүндөй коомдун алдындагы өзөктүү маселе экенин Алмазбек Бейшеналиев да баса белгилеп айта кетти.

К. Чекиров

Бөлүшүү

Комментарийлер