ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА КАДР САЯСАТЫНЫН ЖАҢЫ ВЕКТОРУ
- 02.11.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин пенсия курагындагы педагогикалык кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу расмий түшүндүрмөсү социалдык тармактарга тараган ар кандай негизсиз кеп-сөздөргө чекит коюп, мамлекеттин кадр саясатынын стратегиялык багыттарын ачыктады.

Социалдык чыңалуунун себеби жана министрликтин принципиалдуу позициясы
Социалдык тармактарда пенсия курагындагы мугалимдердин массалык түрдө жумуштан бошотула турганы тууралуу маалыматтардын тарашы коомчулукта чоң дүрбөлөң жараткан эле. Агартуу министрлиги буга карата өз позициясын так жана кескин билдирди: педагогикалык кызматкерлерди жаш курагына карап басмырлоо саясаты жүргүзүлбөйт жана жүргүзүлбөйт дагы. Бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эмгек мыйзамдарына жана Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) стандарттарына толук шайкеш келиши шарт. Бул мамиле мамлекеттин укуктук негиздерин сактоого умтулганын жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталганын айгинелейт.
Азыркы тапта өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог ийгиликтүү эмгектенип келе жатат. Бул көрсөткүч улуттук билим берүү системасы үчүн чоң ресурс экени талашсыз. Улуу муундун мугалимдеринин топтогон билими менен методикалык ыкмалары билим берүүнүн сапатын кармап турууда негизги түркүк болууда.
Мамлекет улуу муундун өлкөнүн келечегин тарбиялоодогу кошкон салымын жогору баалап, аларды кысымга алуу маселеси күн тартибинде жок экендигин кепилдейт.
Жаңы чакырыктар жана кадрдык тең салмактуулукту издөө
Акыркы мезгилде мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин мектептерге келүүгө кызыкдар жаштардын жана жаш адистердин саны кескин көбөйдү. Бул жагдай билим берүү тармагында эки маанилүү милдетти бирдей чечүүнү талап кылууда.
Биринчиден, жаш кадрларды колдоо. Кесипке жаңыдан кадам таштаган адистерге жумуш орундарын түзүү жана алардын потенциалын ачууга шарт түзүү. Экинчиден, тажрыйбаны сактоону талап кылат. Айтайын дегеним, узак жылдар бою эмгектенген ардагер мугалимдердин билимин жоготпой, өлкөнүн кадрдык дараметин сактап калуу зарыл.
Дал ушул эки багыттын ортосундагы алтын балансты табуу максатында министрлик бир катар ийкемдүү механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын көрүүдө.
Келечектеги форматтар жана ийкемдүү механизмдер
Министрлик пенсия курагындагы мугалимдерди жөн эле жумуштан бошотууну эмес, алардын потенциалын башка формада натыйжалуу пайдалануу жолдорун изилдөөдө. Бул багытта жаңычыл ыкмалар талкууланууда. Алсак, насаатчылык институту. Тажрыйбалуу мугалимдердин жаш адистерге кесиптик багыт берип, усулдук колдоо көрсөтүшү бир катар чет өлкөлөрдө практикаланып келет. Же болбосо педагог-ассистент жана консультант кызматтары дагы улуу муунду мектепке кармап калуу бирден бир формасы. Т.а. сабак өтүүнүн салттуу жүктөмүнөн тышкары, консультациялык жана жардамчы багыттагы ишмердүүлүккө тартуу. Педагогикалык жүктөмдүн ийкемдүү формалары дагы каралып жатат. Ал деген мугалимдердин ден соолугун, жаш курагын жана каалоосун эске алган графиктерди киргизүү.
Сөз соңу
Агартуу министрлигинин бул түшүндүрмөсү — билим берүү тармагында муундардын ортосундагы салмактуу кызматташтыкты түзүүгө багытталган стратегиялык кадам болуп саналат. Башкы максат — жаш кадрлар менен тажрыйбалуу мугалимдерди бири-бирине каршы койбой, тескерисинче, «улуу муундун тажрыйбасы жана жаш адистердин күч-кубаты» деген формула аркылуу сапаттуу билим берүү максатына биргелешип жетүү.
Коомчулук жана ЖМК өкүлдөрү тарабынан такталбаган маалыматтарга таянып, шашылыш жыйынтык чыгаруудан кармануу — өлкөдөгү билим берүү туруктуулугун сактоонун маанилүү шарттарынын бири.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)