ПЕДАГОГИКАНЫН УЛУТТУК МОДЕЛИНИН БИРИНЧИ ҮЛГҮСҮ
- 28.05.2025
- 0
Цивилизациялуу өнүгүү жолуна түшкөн кайсы гана мамлекет болбосун ал үчүн өз калкын, өзгөчө өсүп келе жаткан муунду келечек жана заманбап талаптарга ылайык тарбиялоо маселелери өтө курчуган мезгилдер болот. Андай педагогикалык маселелер өлкөнүн мамлекет катары түптөлүү мезгилинде, мамлекеттин башка өлкөлөр ортосундагы ордун аныктоо учурунда, өз жарандарынын улуттук иденттүүлүгүн калыптандыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекет катары өзүн башка мамлекеттерге таанытуу шартында, дегеле өлкөнүн өнүгүү процесстеринин татаалдашкан мезгилде даана байкалат жана коомчулукту толкунданткан зор социалдык маселеге айланат.
Педагогиканын улуттук моделин иштеп чыгуунун зарылдыгы
Учурда кыргыз мамлекети жогоруда белгиленген көрүнүштөргө тете же алардан да татаал, учу-кыйры белгисиз бүткүл дүйнөнү каптаган ааламдашуу (глобализация) шартында постиндустриалдык коомдо мүнөздүү сандан сапатка өтүү, социалдык-экономикалык тармактарда, коомдук карым-катнаштарда рыноктук мамилелердин отурукташуусу сыяктуу трансформацияларды башынан кечирүүдө.
Ааламдашуу мамлекеттер ортосундагы экономикалык жана саясий мамилелерди гана өзгөртпөстөн, коомдогу социалдык-экономиакалык жана маданий чөйрөнүн, тилдик, диндик, керек болсо руханий дүйнөнүн өзгөрүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Дүйнө бир эле мезгилде кеңейип, ошол эле мезгилде тарып, баары ааламдашкан, нарк-насилдер аралашкан шартта адам, коом, мамлекет өз ордун, жарандык иденттүүлүгүн, инсандык өздүгүн аныктоо аракеттери күч алат.
Алгач, СССРдин бир күндө кыйрашы менен келген эгемендүүлүк кыргыз эли үчүн эч кандай күрөшүүсүз, кыйынчылыксыз, өзүнөн өзү келген
чоң бакыт болуп, элибизди, коомчулукту эйфорияга салган мезгил болду. Ал эми бүгүн болсо ошол эгемендүүлүк деген кичинекей бакыт кушун колдон чыгарбай сактап калуу, аны андан ары телчитип, талпынтып айбаттуу чоң бүркүткө айлантуу зарылчылыгы жашап жатат.
Ааламдашуу доорунда мамлекеттин улут катары жок болуп, башка улуттар арасына сиңип кетиши, тек гана согуштардын, кагылуушулардын натыйжасында болбостон, ал мамлекеттин жарандарынын ички дүйнөсүнүн бузулушунан, улуттук аң-сезимдин төмөндүгүнөн, улуттук иденттүүлүгүнүн калыптанбагандыгынан, дегеле атуулдук, мекенчилдик ар намыстын жоктугуна байланыштуу болот. Себеби, туруксуз, бош, алсыз, тирексиз нерсе бат кулай тургандыгы байыртадан белгилүү. Демек, мамлекеттин башка өлкөлөр арасындагы ордун, анын мамлекет катары коопсуздугун, экономикалык туруктуулугун, саясий жактан көз карансыздыгын, маданий жана руханий бүтүндүүлүгүн, иденттүүлүгүн сактап калуу ошол өлкөнүн жарандарынын атуулдук, мекенчилдик аң сезимине, адеп-ахлактык дүйнө таануусуна, инсандык ой тутумуна, керек болсо өз өлкөсүнүн жараны катары аткарган милдетин аткаруусуна, жалпылап айтканда таалим-тарбиясына түздөн-түз байланыштуу.
Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүнүн татаалдашы, коомдун мүчөлөрү тарабынан материалдык баалуулуктарга гана артыкчылык берилип, жаштардын руханий дүйнөсүнө кам көрүү, балдардын акыл-эс жана физикалык көйгөйлөрү мектептерге гана жүктөлүп, балдарды тарбиялоонун жылдан-жылга татаалдашы даана көрүнүп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр баланын каржылык көйгөйлөрүн чечүү менен гана чектелип, ал эми тарбия, билим берүү иштери толугу менен мектептин, мугалимдердин мойнуна жүктөлүп калууда.
Аталган маселелер татаалдашы жалпы коомдук өнүгүүнүн мурдагыдан түп тамырынан башка нукка бурулушунан келип чыккан идеологиялык бүдөмүктүүлүк, улуттук нарктуулуктун, жалпы маданий баалуулуктардын түшүшү менен шартталат. Аталган көрүнүштөрдүн алкагында жаңыдан гана өнүгүү жолуна түшүп бара жаткан Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин коопсуздугун татаалдаштырган дүйнөлүк ааламадашуу агымында кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин алдуу-күчтүү мамлекеттер арасына сиңип кетүү (ассимиляция жолу менен), улут катары жоголуу коркунучу жаралууда. Мунун себептери:
— дагы эле болсо экономикалык көз карандуулуктун орун алышы;
— коомдогу социалдык ажырымдардын күчөшү, коомдо бай, кедейлердин пайда болушу;
— өзүн-өзү камсыздай ала турган күчтүү орто катмардын дээрлик жокко эсе экендиги;
— руханий баалуулуктардын, нартуулуктун түшүшү;
— күчтүүлөргө мүнөздүү «өзүм билемчилик», паракорлуктун күчөшү ж.б. сыяктуу терс көрүнүштөрдүн орун алышы менен түшүндүрүлөт. Ушул эле көрүнүштөр кыргыздарга мүнөздүү уруучулдук, жердештик жана тууганчылык сыяктуу феодалдык доордон келе жаткан атавизмдер менен коштолуп, келечектин ээси болгон жаш муундарды жарандуулукка, мекенчилдикке, адептүүлүккө тарбиялоо маселесин ого бетер курчутууда.
Мындай учурда тарыхый басып өткөн жолуна кайрылып, руханий баалуулуктарына таянуу менен мамлекеттик курулуш системасын жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу фундаменталдык педагогикалык принциптерди аныктоо зарылдыгы келип чыгат. Бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук педагогикасынын, анын таалим-тарбиялык пайдубалын, негизги принциптерин аныктоочу стратегиялык документ катары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу (2024) доктринасы алдыга чыкты. Ал өлкөбүздүн жарандарын “…бирдиктүү бүтүндүккө бириктирүүгө, жаркын келечекке ишенимди жандандырууга, жарандык патриоттуулукту, улуттук духту бекемдөөгө, жаңы демге жол ачууга багыт берүүчү” документ болду.
“Дүйнөлүк бийиктик Унгужол доктринасы” — педагогиканын улуттук моделинин илимий пайдубалы
Аталган документтеги эки сөз “дем” жана “унгужол” – кыргыз баласынын табиятына жакын келип, жашоо-тиричилик татаалдашкан кезде (муун бошоп, ал кетип, алсырап, айла кетип турганда) дем күч берип, алга сүрөп, жол көрсөтүү дегенди билдирет. Ал эми бүгүнкү күндө кулак сүйүнсүн, Кыргыз Республикасы, кыргыз мамлекети өнүгүү жолуна түшүп, коомдо Өкмөткө, Президентке болгон ишеним жаралууда. Мындай кырдаалда да алдыга жылууда багыт, дем, күч, жол көрсөтүүчү, кыргыз элин дүйнөгө таанытууга шыктандыруучу, улуттук иденттүүлүк, жарандык, атуулдук, мекенчилдик аң-сезимди ойготуучу стратегиялык курал керек эле…
Ушул өңүттөн алып караганда, КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан сунушталып жаткан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолду “Буга чейин улуттук идеология жаатында мындай мамлекеттик деӊгээлдеги ири документ… жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот” [2].
Аталган документти Кыргызстандын, өлкөнүн дээрлик бардык тармагына тиешелүү, кыргыз элинин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан өнүгүү багыттарын камтыган фундаменталдуу жалпы улуттук уӊгу жол деп кабыл алуубуз керек. Улуттук Уӊгужол бүгүнкү кыргыз элинин өнүгүү келечегин аныктоо менен учурдагы кыргыз педагогикасынын, таалим-тарбиянын илимий методологиялык пайдубалын түзүп турат. Анын негизги лейтмотиви дени сак, атуулдук аң-сезими күчтүү, адеп-ахлактык жактан туруктуу, интеллекттуалдык деңгээли бийик, эстетикалык табияты бай, заманбап технологиялар менен куралданган, ар кандай маданияттар арасында өз ордун таба билген, ийкемдүү, жаратман кыргыз жаранын калыптандырууга багытталган педагогиканын улуттук моделди талап кылат.
Эң негизгиси “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасы өлкөбүздүн жарандарын бириктирүүгө, жарандык, атуулдук, мекенчилдик, улуттук духту (демди) бекемдөөгө, жалпы кыргыз коомчулугуна, анын ичинде таалим-тарбия жаатында эмгектенген педагогдорго дем берүүчү курал.
Доктрина идеологиялык өнүгүүнүн жалпы багыттарын гана аныктабастан, мамлекеттин эң негизги субъектиси болгон “Мекенчил кыргыз жараны — элге кызмат кылуу дараметине, заман талабына ылайык билим жана кесипкөйлүккө ээ, эркин ой жүгүртүп, өз алдынча туура чечим чыгара алган, максатына жетүүдө ар кандай тоскоолдуктарды жеңе билген, эрки бекем, өз мекенин, элин чексиз сүйгөн инсан [4, 11] — деп, белгиленген. Ал эми андай жаранды жетиштирүүнүн негизги милдеттери доктринада:
- Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын сыйлоого негизделген улуттук дүйнө таанымын калыптандыруу.
- Жарандык мекенчилдикти өнүктүрүү, коомдук биримдикти чыңдоого өбөлгө түзгөн демилгелерди колдоо.
- Улуттук баалуулуктарды жаштар арасында жайылтууга багытталган билим берүү программаларын жана маданий долбоорлорду иштеп чыгуу.
- Кыргыз Республикасынын бай маданий мурастарга жана келечекке прогрессивдүү көз караштарга ээ өлкө катары эл аралык имиджин бекемдөө;
- Коом мүчөлөрүнүн кыргыз жараны болгондугу үчүн сыймыктануу, шыктануу сезимдери менен коштолгон көтөрүңкү деми жана жаратмандык маанайын калыптандыруу деп аныкталган [4, 12].
Доктринада коюулган милдеттердин эң маанилүүсү катары бүгүнкү социалдык-экономикалык шарт жана постиндустриалдык коом талап кылган “Кыргыз Республикасынын калкын керектөөчү эл абалынан өндүрүүчү эл деңгээлине жеткирүүнүн башбагыттык мерчемдерин белгилөө жана аны жүзөгө ашыруу; жарандардын аң-сезиминде адал эмгектен баар табуу, башка бирөөнүн байлыгына көз артпоо, мамлекеттик мүлктү өз мүлкүндөй көрүү жана коргоо баалуулуктарын калыптандыруу” талабын айрыкча белгилеп кетүү керек [4, 6].
Аталган милдет чыныгы капитализмди башынан кечирбеген, феодалдык доорго мүнөздүү уруучулдук, тууганчылык, өз-ара жардамдашуу салтына ылайык тиричилик кечирип келген, андан соң совет заманындагы бөлүшүтүрүүчүлүк доорунда жашаган кыргыз калкы үчүн “төшөгүңө карап, бутуңду сун”, “башканын байлыгына көз артпастан, ошондой жашоого үйрөн”, “кулча иштеп, байча жаша”, “беш кол тең эмес” сыяктуу эрежелерди сактоо, мамлекеттик мүлккө жана жеке менчикке кол тийбестик эрежелерин сактоо менен ар бир жарандан экономикалык сабаттуулукту, сарамжалдуулукту, уюшкандыкты, тартиптүүлүктү, жоопкерчиликти, ишмердүүлүктүн бардык тармактарында сандан сапатка өтүү талаптарын актуадаштырууда.
Доктринада коюулуп жаткан талаптар Кыргыз Республикасындагы жарандуулук маселесине басым жасоо менен аны ишке ашыруу жолдорун камтыган педагогиканын улуттук моделин талап кылууда. Педагогиканын улуттук таалим-тарбия модели учурдагы социалдык-экономикалык абалды, кыргыз элинин табиятын, менталитетин, тарыхый-маданий басып өткөн жолун, улуттук-руханий дөөлөттөрүн, тилдик, диндик өзчөлүктөрүн Кыргызстандын көп улуттуу мамлекет экендиги реалдуу көрүнүш экендигин эске алуу менен түзүлүшү керек. Аталган маселелер ааламдашуу доорундагы демократиялаштыруу, улут аралык маселелердин курчушу, эмгек рыногунун трансформацияланышы сыяктуу тышкы факторлор менен байланыштуу болуп, эң оболу эмгекке жарамдуу калкты миграцияга дуушар болушун эске алуусу зарыл.
Ошол эле мезгилде жаштарга мүнөздүү болгон ички факторлор: мобилдүүлүк, башка өлкөлөрдү билүүгө умтулуу, карьералык өсүү, өзүн-өзү ырастоо (самоутверждение) жана өзүн-өзү таанытуу, ишке ашыруу сыяктуу аракеттер менен коштолуп, каалайбызбы же каалабайбызбы калкты, өзгөчө жаш муунду эне тилин билүүгө, экономикалык киришимчилик, көп маданияттуулук, социалдык ийкемдүүлүк, эмоционалдык интеллектуалдуулук, технологиялык инновацияларга ачыктык, санариптешүү шартында жашап, иштеп, билим алууга түртөт.
Демек, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу жөнүндө сөз кылып жатып Кыргыз жарандарына мүнөздүү көп маданияттуулук жана тилдүүлүктү унутпашыбыз керек. Белгилей кете турган нерсе, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эки же андан көп тилди билүү жалпы тилдик кырдаал десек болот. Анткени өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде — кыргыз тилинде, ал эми 40%дан ашыгы орус тилинде сүйлөйт жана бүгүнкү миграциялык процесстер башка дүйнөлүк тилдерди өздөштүрүү зарылдыгын ого бетер күчөтүп, анын ичинде англис тилин үйрөнүү зарыл экендигин айгинелеп турат. Бул доктринада «…жакынкы жана алыскы кошуна элдердин тили, тарыхы жана маданиятына нарктуулук менен мамиле жасоо” шарты белгиленген [4].
Кыргызстан жаранын калыптандыруу – улуттук Унгужолдун негизги максаты
Доктринанын өзөгү түзүп турган кыргыз жараны концепциясы талап кылып жаткан жарандуулукту калыптандыруу жалпы кыргыз эли үчүн эң орчундуу маселе болгондугуна карабастан, бул маселеге байланыштуу атайын изилдөөлөрдүн жетишсиз экендигин белгилеп кетмекчимин. Мындан туура 20 жыл мурда п.и.д. проф. Сулайманова Р.Т. тарабынан жакталган «Кыргыз элдик оозеки чыгармалардагы атуулдукка тарбиялоо маселелеринин чагылдырылышы жана алардын педагогикалык тажрыйбадагы орду» (2005)
аттуу кандидаттык диссертациясын жана адабиятчылардын айрым чыгармаларында атуулдук темалардын чагылдырылышын эске албаганда, атайын таалим-тарбиялык изилдөөлөрдүн жок экендиги белгилүү [5].
Ошол эле мезгилде инсандын өзүн жаран катары идентификациялоосу, өзгөчө улут өкүлү катары өзүн-өзү аңдоосу өтө маанилүү маселе. Көп улуттуу, көп тилдүү, көп диндүү, көп маданияттуу, геополитикалык жактан ар кандай тышкы таасирлердин чордонунда турган КР үчүн жарандыкты калыптандыруу теориялык жана практикалык жактан биринчи орунда турган өтө татаал маселе бойдон калууда.
Мындай шарттарда коомдук-гуманитардык илимдердин, анын ичинде педагогика илиминин маанилүү милдеттеринин бири көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук шартында инсан тарабынан өзүнүн улуттук-маданий иденттүүлүгүн сактай алган жана ошол эле мезгилде башка улуттук өзгөчөлүктөргө толеранттуу (маданий өзгөчөлүктөргө сабырдуу) инсанды калыптандыруу маселесин актуалдаштырат, анткени көп тилдүүлүк жана көп маданияттуулук заманбап коомдун социалдык нормасына жана баалуулугуна айланып бара жатат.
Көп жылдык байкоолор көрсөткөндөй тил, дин, маданият ж.б. маселелерге байланыштуу улуттук унгу баалуулуктардын көмүскөдө калышы же дегеле унутта калышы кыргыз элинин баёо мүнөзүнө байланыштуу болсо керек деген ой туулат. Башка калктардан айырмаланып, кыргыз элине мүнөздүү табиятынын келе жаткан меймандостук, толеранттуулук, (сабырдуулук, көтөрүмдүүлүк), теңчилдик (демократиялуулук), боорукерлик ж.б. сапаттар айныксыз түрдө жогорку адеп-ахлактык сапаттар болгону менен ашкере ийилчектүүлүктүн (бир нерсеге бат көнүп, баш ийип кетүү) аркасында (көп учурда башкалардын көңүлүн калтырбоо үчүн) өз кызыкчылыктарынан баш тартууга чейин баргандыгында жатат. Буга бийлик ээлери тарабынан борборго карата баш ийүүчүлүктүн күчтүүлүгү, тез убакыттын ичинде өз баалуулуктарыбызды сактай албай башка маданияттарга (мисалы, тилге, динге) ооп кетүүгө түрткү болуп келет. Натыйжада, Кыргызстанда «кыргыздар» жана «киргиздер» же кыргыз эмес, же орус эмес, же немис эмес, же дагы башка бирөө эмес муун пайда болду.
Жарандыктын көрсөткүчү катары инсандын социалдык жетилүүсү (зрелость) жана ал жарандын мекен жана коом алдындагы милдети, үй-бүлө алдындагы парзы, өз эмгегине, кесибине болгон жоопкерчилик сыяктуу жана саясий-идеяологиялык, моралдык сапаттар алдыга чыгат. Бул сапаттар инсандын жарандык турумун (позициясын) – коомго, мамлекетке, укуктук, диний уюмдарга, бийликке ж.б. болгон мамилесинен көрүнөт. Социалдык жетилүү психологиялык, интеллекттуалдук жетилүүсү менен шартталат. Психологиялык жетилүү толук болбогон учурда инсандын социалдык жетилүүсү кечеңдеп, анын инсандык аракети жана ой жүгүртүүсү, коомдун талабын түшүнүүсү солгундайт [6].
Кыргызстандагы педагогиканын улуттук модели жана аны ишке ашыруу механизмдери
Демек, педагогикалык көз караштан алганда, системалуу жүргүзүлүүчү социалдык, жарандык, мекенчилдик тарбия ар бир өлкөнүн тарыхый жана коомдук өнүгүү өзгөчөлүгүнөн, конкреттүү социалдык жана экономикалык шарттарына шайкеш келген таалим-тарбия саясатына, идеологиясына байланыштуу атайын иштелип чыккан моделди, программаны ырааттуу таалим-тарбиялык иш-чараларды камтыйт. Өлкөнүн адам ресурстарын эске алуу менен өлкөдөгү туруктуулукту (стабилдүүлүктү) камсыз кылуу талаптарына шайкеш келген жарандык тарбия мекенчилдикке багытталган тарбиялоонун максаты, мекенчилдикке тарбиялоонун милдеттери, мекенчилдикке тарбиялоонун мазмуну, мекенчилдикке тарбиялоонун каражаттары, мекенчилдикке тарбиялоонун жолдору (технологиялары, методдору) жана аталган компоненттерге таянуу менен жүргүзүлгөн мекенчилдик тарбиянын натыйжасы сыяктуу компоненттерди өз ичине камтышы абзел.
Уңгужолдун 4-беренесинде анын негизги методологиялык багыты катары таалим-тарбия, илим, билим жана маданият турат. Бул кыргыз элин улут катары, мамлекет катары сактап калуунун бирден-бир жолу ата-бабаларыбыздан калган салттуу таалим-тарбия тажрыйбасына, илим, билим жана маданиятка байланыштуу деген терең ишенимди билдирет. Демек, болочок жарандарды улуттук нарк-дөөлөттөргө ылайык таалим-тарбиялоо, заманбап илим-билим берүү, жогорку маданияттуу кесип ээлери катары калыптандыруудагы үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтигинин бирдей милдеттүү экендигине басым жасалууда [4, 4].
Унгужол доктринасын методологиялык негиз катары карообуздун себеби, кандай гана маселе болбосун, аны чечүүгө киришип жатып, анын өзөгүн түзүүчү пайдубалдык идеяларын түзүп турган методология керек. Методология илимий түшүнүк катары каралып жаткан маселени чечүүнүн “…объектиси, предмети, максаты жана милдеттери, максатка жетүүгө керек болуучу изилдөө каражаттарын жана жолдорун аныктоого багыт берүүчү куралды камтып турат” [1, 66]. Уӊгужолдун методологиялык өзгөчөлүгү, анын учурдагы таалим-тарбиянын максатынан баштап, натыйжасына чейинки бардык элементтерин ачыктап турат. Баарыдан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели болуп эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча билим берүү мекемелеринин, андагы окутуу, тарбиялоо иштеринин заманбап жаӊы үлгүлөрүн жаратуу маселесин коюуда.
Илимий-методологиялык өңүттөн алып караганда, көп улуттуу кыргыз мамлекети үчүн кыргыз жаранын тарбиялоо идеологиялык деңгээлдеги концептуалдык маселелер менен коштоло тургандыгын белгилеп кетмекчибиз. Бул жердеги негизги маселе “мамлекеттик идеология” жана “улуттук идеология” түшүнүктөрүнүн маңыз, маанисин айырмалоо жана аларды таалим-тарбиянын максат, милдеттерине айкалыштыра колдонууда жатат. Бул оңой-олтоң нерсе эмес, себеби, бул эки түшүнүктөрдү илимий деңгээлде түшүнүү, айырмалоо жана чечмелөө, таалим-тарбия процессинде колдонуу илимий-методологиялык даярдыкты талап кылат. Белгилеп кете турган нерсе, улуттук идеология жана мамлекеттик идеология түшүнүктөрү ар бири өз алдынча маңыз маанини камтуу менен ар дайым эле дал келе бербей тургандыгында жатат. Улуттук идеологиядан айырмаланып, мамлекеттик идеология – мамлекеттик уюмдар, институттар тарабынан расмий түрдө колдоого алынып, саясатташкан мыйзамдардын негизинде коомдук жашоого багыт берүүчү идеялардын жыйындысын камтыган саясий жоболор, указдар, буйруктар, билим берүү программалары, атайын чакырыктар түрүндө берилет. Ал эми улуттук идеология жалпы элдин тарыхын, маданиятын, каада-салттарын чагылдыруу менен жамааттык иденттүүлүктү камтыган идеялардын жыйындысын билдирүү менен элдин тарыхый тажрыйбасын, этностук өзгөчөлүгүн жана маданий, руханий баалуулуктарын табигый түрдө чагылдырып турат.
Концептуалдык деңгээлдеги бул эки түшүнүктү чечмелөөгө басым жасалышы аталган түшүнүктөрдү чаташтыруу кандайдыр бир деңгээлде атайын (айрым учурда жасалма, кайсы бир топтордун кызыкчылыгы менен) мамлекеттик идеологиялык демилгелерди калкка саясий кызыкчылыктарга ылайык таңууланып, ал эми улуттук иденттүүлүк расмий көрсөтмөлөрдүн көлөкөсүндө калышы мүмкүн. Илимий жана практикалык дегээлде кеңири талкууланып жаткан Уңгужолдо улуттук идеология менен мамлекттик идеологияны айкалыштыруу аракети көрүнүп турат. Муну мындайча далилдөөгө болот. Биринчиден, 2024-жылдын 18-декабрында жарлыгы менен чыккан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу (18-декабрь 2024-ж.), мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккан документ, демек, ал мамлекеттин учурдагы ар кандай багыттагы өнүгүү багыттарын чагылдырып турат. Экинчиден, Уңгужол улуттук нарк, дөөлөттөрдү, каада-салттарга таянуу менен улуттук таалим-тарбия стратегияларын, керек болсо анын улуттук моделин иштеп чыгууну талап кылган расмий документ. Мындан, кыргыз жараны үчүн инсандын өзүн улут өкүлү, мамлекет жараны катары өзүн-өзү аңдоосу өтө татаал социалдык жана психологиялык көрүнүш катары алдыга чыгат. Турмуштук байкоолор жана илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, ааламдашуу шартында жаштар арасындагы маргиналдашуу (улуттук-маданий чектердин белгисиздиги); улуттук-маданий четтөө (отчуждение); маданий ассимиляция (башка улуттар арасына сиңип кетүү); улуттук бөлүнүү (сепарация) сыяктуу көрүнүштөр менен коштолуп, инсандын социалдык-психологиялык, моралдык жүрүм-турумдук диффузия менен коштолуп, инсандын улуттук-маданий калыптануусун татаалдаштырат.
Учурдагы жарандык тарбиянын негизги максаты — коом мүчөлөрүнүн кыргыз жараны болгондугу үчүн сыймыктануу, шыктануу сезимдери менен коштолгон көтөрүңкү демди жана жаратмандыкты калыптандурууда жатат. Мындай шарттарда коомдук-гуманитардык илимдердин анын ичинде педагогика илиминин маанилүү таалим-тарбиялык милдеттери катары мамлекеттик тил, көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук шартында инсан тарабынан өзүнүн улуттук-маданий иденттүүлүгүн сактай алган жана ошол эле мезгилде башка улуттук өзгөчөлүктөргө толеранттуу (маданий өзгөчөлүктөргө сабырдуулук) инсанды калыптандыруу маселеси актуалдашат. Ошол эле мезгилде мамлекеттүүлүктүн эң негизи атрибутун түзүп турган кыргыз тилинин орду өзгөчө экендиги шексиз. Буга байланыштуу “мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана коомдук турмуштун бардык тармактарында дайыма колдонулушу үчүн кам көрүү — ар бир кыргыз жаранынын милдети, “…кыргыз тили корголууга муктаж эмес, колдонулууга гана муктаж” деп өтө туура жана таамай айтылган [4, 7], бул талапты эч кандай талаш-тартышсыз, түздө-түз аткаруу зарыл жана ал мамлекеттик көзөмөлдө болуусу керек.
Илимий методологиялык көз караштан алганда, Уңгужол доктринасынын артыкчылыгы, ал мамлекеттик дегээлдеги көйгөйлөрдү ортого салып, аларды чечүү жолдорун гана көрсөтпөстөн, учурдагы социалдык-гуманитардык илимдерди теориялык жактан байытууга зор салым кошуп жатат. Аталган документте уңгужол, жарандык мекенчилдик, нарктуу жаран, өркөн, таяным, түпбелги, улут билгеси, улуттук сыймык, экотутум ж.б. түшүнүктөрдү кыргызча илимий тилде берүү менен аталган категорияларды илимий өңүттөн түшүндүрүүгө жана чечмелөөго жол ачуу менен илмий чөйрөгө киргизип жатат. Алсак, “Нарктуу жаран — эли-жерин, өлкөсүн чексиз сүйгөн, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө дайыма даяр турган, өзүнүн жана элдин намысын коргой алган, улуттук баалуулуктарды аздектей билген, улууларга урмат көрсөтүп, кичүүлөрдү ызаттаган, айткан сөзү менен кылган иши дал келген, көптү билүүгө умтулган, калыс, сабырдуу, ак ниет, токпейил, кечиримдүү жаран” – деп берилген [4, 14]. Ал эми “Түпбелги — улуттун бүтүндүгүн, этномаданий турпатын, интеллектуалдык күчүн жана буларды түзүп турган курамдык бөлүктөрдү” чагылдырган кыргыз элинин энтамгасы экендигин таанытып турат [4, 15]. Демек, Унгужол доктринасын социалдык-коомдук илимдерди илимий тилде түшүнүү жана чечмелөөгө кошкон ири салым десек болот.
Аталган түшүнүктөрдүн бардыгы мурда илимий кайнактарда, өзгөчө таалим-тарбияга байланыштуу эмгектерде колдонулбагандыгына карабастан, кыргыз элинин табиятынан келип чыккан, анын руханий дүйнөсүн чагылдырган, “Буттан жыгылган турат, тилден жыгылган турбайт” деп, тил баккан, “Уят деген улуу журт” деп, адептүүлүктү бийик туткан ар намыс, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деп, мекенчилдикти баалаган кыргыз элинин нарктуу дөөлөттөрүн сактоо менен кыргыз тилиндеги педагогикалык түшүнүктөрдү байытууга өбөлгө түзүүдө. Демек, Уңгужол доктринасын Кыргызстандагы педагогиканын, элибиздин улуттук таалим-тарбия салттарын, эне тилибизди, салт-санаабызды, үрп-адатыбызды сактоого болгон саясий-маданий чакырык гана эмес, күнүмдүк тажрыйбада түздөн-түз колдонулуучу модель катары кабыл алуубуз керек. Себеби, өз маданиятын сактап, өнүктүрө албаган, тилин, дилин, улуттук нарктарын жоготуп койгон улуттун келечеги жок, ал жемиш бербеген дарак сыяктуу. Себеби, элди эл кылган, жана башка элдерден айырмаланган, анын түпбелгилерин чагылдырган улуттук баалуулуктары, нарктуулугу эсептелет.
Ошентип, алдыда Кыргыз Республикасынын Президенти жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу (2024) доктринасын ишке ашыруу өлкөдөгү демографиялык өсүүнү, мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн биринчи ирээтте билим берүү тармагын реформалоону камтыган ири долбоорлорду, мамлекеттик деңгээлдеги программаларды иштеп чыгуу зарыл. Андай иш-чаралардын биринчи катарында дүйнөлүк стандарттарга жооп береген 12 жылдык билим берүүгө өтүү, кесиптик билим берүүнү өркүндөтүү, илимге жол ачуучу сапаттуу жогорку билим берүүнү камсыз кылуу милдеттери турат.
Жогоруда белгиленгендер Кыргыз Республикасы бүгүн кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүнө, улуттук маданий мурастарына негизделген, мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыкка ээ болгон таалим-тарбия моделине муктаж экендигин көрүүгө болот. Ошондуктан төмөндө Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук моделинин биринчи үлгүсү сунушталды.
Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук модели
Кыргыз Респуликасынын педагогикасынын улуттук моделине болгон зарылдык: Бүткүл дүйнөнү камтыган ааламдашуу эпкининде мамлекеттин башка өлкөлөр арасындагы ордун, анын мамлекет катары коопсуздугун, экономикалык туруктуулугун, саясий көз карансыздыгын, маданий жана руханий иденттүүлүгүн сактап калуу; өлкөнүн жарандарынын атуулдук, мекенчилдик аң-сезимине, адеп-ахлактык дүйнөсүн, инсандык ой тутумун өз өлкөсүнүн жараны катары аткарган милдетине түздөн-түз байланыштуулугу.
Нурбүбү АСИПОВА,
Ж. Баласагына атындагы
КУУнун профессору, п.и.д.
Адабияттар:
- Асипова Н.А. Заманбап билим берүү парадигмалары. Б.: “Камила принт”, 2019. — 362 б.
- Байгазиева С. Улуттук космополитизмден тарбиянын патриотттук концепциясына карай. //https://aryba.kg/koom/22509-uluttuk-kosmopolitizmden-tarbijanyn-patriottuk-koncepcijasyna-karaj.html (маалыматка кайрылуу: 22.02.2025).
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды. //https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/kg
- Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу. 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 жарлыгы менен бекитилген //https://cbd.minjust.gov.kg/18-11/edition/23328/kg
- Сулайманова Р.Т. Кыргыз элдик оозеки чыгармалардагы атуулдукка тарбиялоо маселелеринин чагылдырылышы жана алардын педагогикалык тажрыйбадагы орду. П.и.к. илимий даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссер. иштин авторефераты. Б., 2005-ж. – 23 б.
- Психологический журнал. Психологические компоненты и критерии становления зрелой личности. 1981, №4 с. 142-147.
Комментарийлер