ОшМУнун ректору профессор Кудайберди КОЖОБЕКОВ: “МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО — АР БИР ЖАРАНДЫН МИЛДЕТИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ”
- 10.08.2026
- 0
Бүгүнкү санариптик доордо маалыматтын агымы болуп көрбөгөндөй ылдамдап, күнүмдүк турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бирок ушул ылдамдык менен катар эле фейк, жалган жана терс маалыматтардын таасири коомдук ынтымакка, элдин психологиялык саламаттыгына жана мамлекеттик коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурууда.
Дал ушул себептен, өлкө башчысы Садыр Жапаров маалыматтык гигиенаны — интернет мейкиндигиндеги тазалыкты сактоону демилгелөөдө. Маалыматты иргөө, фейктерге бөгөт коюу, ата мекенчилдик жана коомдук ынтымакты чыңдоо — бүгүнкү күндүн башкы талабы.
Маалыматтык тазалык, интеллигенциянын коомдогу миссиясы, санариптик доордогу мекенчилдик жана жаштарга билим берүү маселелери тууралуу Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков менен маектештик.
— Кудайберди Гапаралиевич, учурда маалыматтык гигиена жана санариптик тазалык маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жатат. Мындай шартта коомдогу терс көрүнүштөрдү ашкерелөөдө жана калкка түшүндүрүүдө интеллигенциянын, илим-билим жана маданият өкүлдөрүнүн ролу кандай болушу керек?
— Абдан маанилүү суроо. Тарыхка кайрылсак, коом оор сыноолорго, аң-сезим кризисине туш болгон учурда калкка жол көрсөтүп, элди агартуучулар, окумуштуулар, жазуучулар жана маданият өкүлдөрү бириктирип келген. Интеллигенциянын негизги күчү — анын терең билиминде, калыс жана адилет сөзүндө, ошондой эле коом алдындагы адеп-ахлактык жоопкерчилигинде деп эсептейм.
Азыркы ылдам өнүккөн маалымат доорунда да интеллигенциянын миссиясы өзгөргөн жок. Бүгүн биздин окумуштуулар менен мугалимдерибиз аудиторияда гана эмес, санариптик мейкиндикте, социалдык тармактарда да элге туура багыт көрсөтүүгө, маалыматтык сабаттуулукту жогорулатууга милдеттүү. Коомго коркунуч туудурган терс көрүнүштөрдү жөн гана сындап же айыптап коюу жетишсиз. Алардын келип чыгуу себептерин, социалдык жана психологиялык тамырын илимий негизде түшүндүрүп, адамдарга муздак акыл менен туура чечим кабыл алууга көмөктөшүүбүз зарыл.
Ош мамлекеттик университетинде биздин окутуучулар, окумуштуулар жана студенттер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, түрдүү агартуу долбоорлорун, ачык дискуссияларды жана коомдук жолугушууларды уюштуруп келишет. Алардын башкы максаты — эмоционалдуу дүрбөлөңгө эмес, билимге жана фактыларга негизделген соо коомдук пикирди калыптандыруу. Биз, билим берүү өкүлдөрү, коомду түрдүү көз караштар боюнча бөлбөй, тескерисинче бириктирген негизги күч болушубуз керек.
Президентибиз Садыр Жапаров белгилегендей, чыныгы мекенчилдик өлкөнүн өнүгүшүнө реалдуу салым кошуу менен өлчөнөт. Бул ой бүгүнкү маалыматтык доордо өзгөчө мааниге ээ. Анткени мамлекетти коргоо — чек араны курал менен кайтаруу гана эмес, коомдун аң-сезимин, улуттук биримдигин жана маалыматтык мейкиндигин сырткы жана ички коркунучтардан коргоп сактоо болуп саналат. Дал ушул себептен ОшМУ жаштардын медиасабаттуулугун жогорулатууга, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана жоопкерчиликтүү жарандык позициясын бекемдөөгө багытталган иштерди системалуу түрдө жүргүзүп келет.
— Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө чыныгы мекенчилдик кандай болушу керек жана ал конкреттүү түрдө эмнеде көрүнөт?
— Мекенчилдик — бул кургак ураандар же социалдык тармактардагы пафостуу билдирүүлөр эмес. Мекенчилдик биринчи кезекте ар бир жарандын күнүмдүк жоопкерчилигинен башталат. Өз ишин чын ниети жана сапаты менен аткарган дарыгер да, мугалим да, инженер да, а түгүл билимге умтулган студент да мамлекеттин өнүгүшүнө түздөн-түз кызмат кылып жатат.
Өлкөнү сүйүү убактылуу эмоциялар менен эмес, натыйжалуу аракеттер менен көрүнүшү зарыл. Жаңы илимий ачылыштарды жасоо, заманбап технологияларды иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү, ишкерликти өнүктүрүп жумуш орундарын түзүү, адептүү жана билимдүү жаштарды тарбиялоо, мыйзамдарды урматтоо — мунун баары чыныгы мекенчилдиктин айкын көрүнүшү.
Биз жаштарга мекенчилдикти кимдир бирөөгө каршы туруудан же араздашуудан эмес, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, интеллектин жана потенциалын өлкөнүн бакубат өнүгүшүнө багыттоодон көрүү керектигин сиңиришибиз шарт. Университеттер дал ушундай заманбап, кеңири ой жүгүрткөн жаңы муунду тарбиялоого милдеттүү.
— Тилекке каршы, бүгүнкү күндө маалыматтык мейкиндикте элди кайраштырууга, аймактык же улуттук негизде бөлүүгө аракет кылган учурлар бар. Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан мындай терс күчтөргө каршы кандай чаралар көрүлүшү керек деп ойлойсуз?
— Ооба, социалдык тармактарда элди кайраштырууга, аймактык, диний же улуттук негизде бөлүүгө аракет кылган чагымчыл күчтөр жок эмес. Мындай көрүнүштөр улуттук коопсуздукка жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө түздөн-түз коркунуч жаратат. Коомду бөлүүгө аракет кылгандардын эң башкы куралы — бул адамдардын маалыматтык сабатсыздыгы жана ашыкча эмоционалдуулугу.
Ошондуктан ага каршы эң эффективдүү жана эң күчтүү курал — терең билим, агартуу иштерин туура жүргүзүү жана мыйзамдуулукту сактоо. Биз болуп өткөн чагымчылыктын кесепетин жоюудан мурда, анын алдын алуу иштерине көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Мектеп босогосунан баштап жогорку окуу жайларга чейин жаштарга сынчыл (критикалык) ой жүгүртүүнү, укуктук маданиятты жана жарандык жоопкерчиликти үйрөтүү зарыл.
Мындан сырткары, мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коом биргелешип, бирдиктүү стратегия менен иш алып барганда гана коомдун туруктуулугун сактай алабыз. Бул кайсы бир мекеменин гана эмес, жалпы улуттук милдет. Коомдун маалыматтык иммунитети канчалык күчтүү болсо, чагымчыл аракеттер менен жалган маалыматтар ошончолук натыйжасыз болот.
— Маалыматтык тазалыкты сактоонун практикалык жолдору кандай? Жалган кабарларды жана манипуляцияларды ашкерелөөдө илим-билим чөйрөсүнүн ролу кандай болууга тийиш?
— Маалыматтык тазалык биринчи кезекте ар бир инсандын маалыматты керектөө маданиятынан башталат. Заманбап адам ар бир көргөн, окуган же уккан сенсациялуу маалыматка дароо ишене бербей, анын булагын, көздөгөн максатын жана чын- төгүгүн талдай билиши зарыл.
Бул процессте мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги өтө чоң. Алар маалыматты тез арада таратуу үчүн ылдамдык кубалабай, биринчи кезекте так, текшерилген, далилдүү жана объективдүү маалыматты өз убагында берип турушу керек. Себеби расмий жана ишенимдүү маалымат жок жерде боштук пайда болуп, аны дароо фейктер каптайт.
Жогорку окуу жайлар да бул процесстин эң активдүү катышуучусу болушу шарт. Биз ОшМУда студенттерди маалыматтарды анализдөөгө, булактарды салыштырууга, фактыларды текшерүүгө (фактчекинг) жана жасалма маалыматты дароо аныктоого үйрөтүп жатабыз. Себеби туура маалыматтык маданият — XXI кылымдын эң негизги компетенцияларынын бири.
— Фейк маалыматтар аркылуу өлкө ичинде башаламандык түзүү кимге пайда жана кимге зыян алып келет? Бул коркунучтарга каршы ОшМУ катары кандай конкреттүү кадамдарды жасап жатасыздар?
— Жалган маалыматтын жана манипуляциялардын эң башкы түпкү максаты — элдин мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатуу, коомдун ынтымагын ыдыратуу жана дүрбөлөң жаратуу. Ал эми ишеним жана туруктуулук жок жерде эч качан өнүгүү болбойт. Фейк маалыматтар мамлекетке болгон ишенимди азайтып, социалдык бөлүнүүнү тереңдетет, өзгөчө жаштарды туура эмес, деструктивдүү багытка жетелеп кетиши мүмкүн. Мындай абал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, инвестициялык климатка жана социалдык туруктуулукка олуттуу сокку урат.
Ошондуктан маалыматтык коопсуздукту камсыздоо — бир гана күч түзүмдөрүнүн эмес, ар бир жарандын ыйык милдети жана жоопкерчилиги. Ар бирибиз текшерилбеген, булагы белгисиз маалыматтарды таратпоого, коомдук ынтымакты сактоого жана чындыкка гана таянган позицияны карманууга милдеттүүбүз.
Ош мамлекеттик университети дал ушул глобалдык жана улуттук чакырыктарды эске алуу менен билим берүү процессинде медиасабаттуулук, санариптик коопсуздук жана маалыматтык маданият маселелерине өзгөчө көңүл буруп келет. Азыркы тапта университетте маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, санариптик билим берүү багыттары активдүү өнүгүүдө.
Инновациялык борборлордо студенттерибизге маалыматты талдоо, ишенимдүү булактарды аныктоо, а түгүл жасалма интеллект тарабынан жаратылган контентти айырмалоо боюнча практикалык көндүмдөр берилүүдө. Ошондой эле тарбиялык иштердин алкагында мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарга, мыйзамдуулукка жана коомдук ынтымакка арналган атайын жолугушуулар, илимий форумдар, ачык лекциялар жана тегерек столдор үзгүлтүксүз уюштурулуп жатат.
Биз өлкөнүн келечеги билимдүү, сынчыл ой жүгүрткөн жана Мекенине ак кызмат кылууга даяр жаштардын колунда экенине бекем ишенебиз. Бүгүнкү маалыматтык доор ар бирибизден жогорку жарандык жоопкерчиликти талап кылууда. Коомдун биримдигин сактоо, маалыматтык коопсуздукту чыңдоо жана жаш муундун аң-сезимин туура багыттоо — жалпыбыздын орток милдетибиз.
— Баалуу, терең жана мазмундуу маегиңиз үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер