Олокон тоо легендасы (фантастикалык аңгеме)

  • 02.11.2026

                                                                                                         Турдиев Таалай, Ош шаары

               Олокон тоо легендасы (фантастикалык аңгеме)

Түн. Тунжураган жымжырттык. Асманда жылдыздар жыбырайт. Жер бетин караңгылык чүмкөгөн. Түштүк тараптан тоо кыркалары көрүнөт. Чокулары асман тиреген тоолор алыста заңкаят. Алардан бери бөксө тоолор үрүл-бүрүлдө көрүнүп-көрүнбөй. Тоо этегинен башталган жапыс адырлар түндүккө карай ылдыйлап кетет.

Бир маалда күтүлбөгөн жерден ойдуң жактагы жер кыртышынан жүз метр бийикте жарк-журк этти. Чагылгандай жарыктын булагы аба менен калкып учуп келатты. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда көздү уялткан жарыгы менен бирдемкени издеп келаткандай. Какшап-какыраган сары топурактуу  талаа аянттарын жарык кылып келип, анан бозоргон адыр боорлорун, дөбө бетиндеги ар бир ой-чуңкурду жарык кыла баштады.

Анан эле, кокусунан, кандай жанса, ошондой жалп этип өчтү. Бодур-бодур адырлар менен талаа тегиздери тогошкон аймактын үстү менен учак-кеме жай каалгып учуп баратты. Учак бир эле мезгилде космостук кемеге, суу астында сүзүүчү субмаринага жана абада учуучу самолетко да окшош эле. Узуну отуз метрге жетпеген, диаметри он метрден ашкан сүйрү формалуу учак-кеме көпкөк музга окшош түсү бар өзгөчө бекем металлдан жасалган. Чакан болсо да тулкусунан зор күч-кубаттын илеби келип, угулар-укмаксан шуулдап тоолор тарапка бет алган.

Учак-кеменин жай каалгып учканы аны башкарган учкучтун экиленип баратканын айгинелейт. Кызык, кээ бир учурларда улуу акылмандык ээнбаштыктан башталса, кээ бир учурда бийик көрөгөчтүк буйрукту кынтыксыз аткарууда болот. Мына азыр ушул тапта ой-кыялы сапырылган учкуч башчысынын буйрук сөзүн эстеп жатты. Кол башчы учкучка атайын тапшырма берип жатып “тобокел кылуу – бул күрөштүн башталышы” деп айтты. Ошентип жалгыз учкуч өз шериктеринен ажырап калганына ичинен кейип, тоолор тарапка учуп баратат. Буйрукту так аткарам деп убада берген учкуч убаданын кулу, демек, буйрукту аткаруу керек!

Заңгыраган бийик тоо кыркаларына жакындаган сайын учак-кеме жогорулай берди. Учкуч бет маңдайдан көрүнгөн тоого назарын салды. Эбегейсиз зор опол тоо кандайдыр шаңга бөлөнгөнсүп, эмнегедир, көзгө толуп тураар эле. Жылдыздардын жарыгында көк жылтыр жебе болуп көрүнгөн учак-кеме тоонун ары жагына учуп өттү.

Ошол ортодо таң агарды да күндүзгү жарыкта тоолор алаканга салгандай даана көрүнүп калды. Күл ыраң аска-таштар менен агарган мөңгүлөрдөн турган чаар ала тоолордун кыркалары горизонтко чейин созулуп жатат. Бийик-бийик аска-таштардын жаракаларынан бирдемкени издеп жаткансып учак-кеме жай калкып турду.

Кокусунан кемеден устундай жоондуктагы көгүлтүр жарык чыгып, кудум эле лазер нурундай, аска жаракасын күйгүзө баштады. Энергиясы абдан кубаттуу экен, заматта суюк плазмага айланган тоо тектери жарака менен магма болуп ага баштады. Он минута убакыт ичинде көгүлтүр нур чоң асканын ичин көңдөй оюп койду. Диаметри он беш метр, узуну элүү метр болгон шахта-үңкүрчөнү учак-кеменин нуру жарым сааттын ичинде даярдап бүттү.

Кебелбеген бекем аска-таштарды ылайдай кылып оңой кесип-көзөгөн нурун өчүргөн учак-кеме тоолордун үстү менен айланып учуп жүрдү. Учкуч кеменин өтө сезгич курулмалары менен жер бетин сканерлеп текшерип чыкты. Этияттык шарт. Анын үстүнө коопсуздук муктаждыктары да ушуну талап кылат. Мындан тышкары тоонун координаттары атайын маалымат сапатында сакталып жатты.

Ушул жумуштарды аткарган соң учак-кеме түштүк-чыгыш тарапка зымырап учту. Тоолордун арасында күзгү сымал көрүнгөн көлдүн дал ортосуна жетип келди да чулп этип сууга кулады. Тоо көлүнүн терендиги бир километрге чейин жетет. Суу астында сүзүүчү кемеге айланган учак суу астында балыктай сүзүп жүрдү. Анан эле суу астынан абага атып учуп чыгып, кескин ылдамдык алып жүз километр бийикке учуп космоско жетип барды.

Кемени башкарган учкуч бардык ушул амалдарды ирети менен аткарды. Жок, учак-кеменин өзүн-өзү башкаруу системасы бул амалдарды аткарды, учкуч байкап карап турду. Учак-кеме бардык функцияларды мыкты аткара алды. Баары жайында экен. Жер бетине кайтып төмөндөгөн учак-кеме учкуч тандаган тоого кайтып келди. Ошентип, беш сааттык саякаты бүтүп, туюк тоннелдин төрүнө чейин учуп кирип жасалма үңкүрдүн столдой тегиз негизине тыкандык менен конду.

Учкуч кемени консервация режимине которду. Атайын эвакуациялык кийим, скафандрга опокшош, кийген учкуч кемеден түшүп үңкүр-шахтанын залынан сыртка чыкты. Билектеги кнопкаларды басты, жонуна артылган кош сүйрү контейнерлер титирей баштады да учкуч абада каалгып калды. Шахтердун баш кийим каскасынын чокусундагы фонарга окшош чакан курулмадан голографиялык торчо сымал нурлар чыгып беш-алты секунда ичинде үңкүрдүн кире бериш жерин сканерлеп чыкты. Үңкүр оозунан отуз метр алыстап тапанча сымал куралын оң колуна алды. Сканерлеген нурлар белгилеген аска-таштын боорундагы төрт чекитке кыска импульс-октор атылды. Көзгө көрүнбөгөн сыйкыр аракеттенгенсип олчойгон чоң таш кулап, үңкүр оозун бекитип тосуп калды.

Учкуч чоң жүктөн кутулганына сүйүндү да асманга учуп көтөрүлдү. Акыркы жолу тоолорду тегерете карады. Болду, тапшырма аткарылды, эми артка кайтса болот. Асманда калкыган учкуч түндүк тарапка карай бет алды.

Ошентип, азыркы замандан төрт миллион жыл мурда пайда болуп отуз миң жыл ичинде өсүп-өнүккөн цивилизациянын илимий-техникалык жетишкендиги болгон учак-кеме тоо ичинде кала берди. Консервацияланган абалда караңгы үңкүрдө катып турду. Учкучка берилген буйруктун түпкү максаты эмнеде экендиги да сыр боюнча калды. Себеби байыркы цивилизация кыйраган эле.

Планетардык кыйроого, жок, апаатка апкелген нерсе – согушта алгачкы жолу климаттык куралды колдонуу болду. Жер атмосферасынын кылымдап өзүн өзү жөнгө салган тартиби бузулган эле. Климаттык тең салмактуулукту эске албай согушкан эки тарап бири бирине каршы климаттык куралды колдонуу чоң акылсыздык болуп калды. Жер планетасындагы катастрофа жасалма жамгыр жаадыруудан башталды.

Алгачкы күнү жамгырга айлана турган булуттар түрүлүп келип, асман бүркөлдү. Анан эле жамгыр куюп жиберди. Океан-деңиздердин үстүндө топтолгон нымдуулук булутка айланып келип, жамгыр токтобой жаай берди. Жамгыр, бирде асмандан чакалап куйгандай күчөп, бирде тамчыларга айланып азайып, үч ай бою токтобой жаады. Өрөөндөргө жамгыр болуп түшкөн суулар бийик тоолордо кар болуп жаай берди.

Эки айда өрөөндөр көлгө айланып суу деңгээли адыр аймактарына чейин көтөрүлдү. Үч ай жааган жамгырдан кийин деңиздер пайда болду, адырлар менен бөксө тоолор суу астында калды. Чокулары асман чийген бийик-бийик тоолор гана таштак аралчалардын тизмегине айланып аска-таштуу жээктерге чалпа-чулп суу толкундары урунуп турду.

Акыл-эстүү цивилизация курган бийик имараттары бар шаар-кыштактар карарган суу астында жатты. Байыркы цивилизациядан дайын жок. Киргилт суулардын үстүндө калкыган бирин-экин чоң кемелер болсо бороон-чапкындан талкаланып чөгүп кетти. Бардык байлык менен мураска калган баалуулуктарды саясий кызыкчылыктар үчүн садага чапкандык акылсыздык менен адашуунун жеткен чеги. Мурунку муундун каргышына калды планетадагы климатты согушка пайдалангандар. Талашканга таш дагы жок болуп, топтолгон кудурет-күчтү согуш-жаңжалга багыттаган цивилизациянын изи калбады.

Какаганга муштаган болуп дагы бир табигый кырсык чыкты. Үч километр бийик суу катмары жер кыртышын ныгыра катуу басканда вулкандар жанданып кетти. Вулкандар бүрккөн жүз миллиондогон, жок, миллиарддаган тонна күл абага көтөрүлүп жер бетин күүгүм-караңгылык басты. Күн көрүнбөй калды асмандан эки жыл бою. Жер бети муздап тоңуп муз доору орноп калды.

Арадан дээрлик төрт миллион жыл өткөн соң гана жаңы адамзат цивилизациясы пайда болду. Жердин аймактарында чоң дарыяларды бойлой жайгашкан адам коомдору түптөлө баштады. Тили чыгып сүйлөй алган жаңы адамдар дагы башынан “илим”, “техника”, “маданият” деген нерселерди ойлоп тапканга жетишти. Бара-бара жаңы аймактар өздөштүрүлө берди.

Миллиондогон жылдар өтсө да зор тоо кебелбеди. Оозу бүтөлгөн үңкүрдүн караңгылыгында учак-кеме али да болсо зыңкыйып турат. Сын-сапатын такыр жоготпой,  жашырынып жатканын жаңы адамдар билбеди. Бирок, учак-кемеде ишке ашкан ойлор жаңы адамдарда да пайда болду. Кудум эле анын өзүнүн түзүлүшүн жүрөгү менен сезип-туйган сыктуу жаңы адамдар…

Бул жаңы цивилизация да космосто, абада жана суу астында учуп-сүзгөн кемелерди ойлоп тапканы таң калыштуу. Мындай кемелерди жасаган соң аларды “вимана” деп атап алышты. Бирок бул цивилизация дагы жаңжалдардан алыс болбоду, тынбаган согушууларга кабылды…

…Жайык бөксө тоонун берки бетинен ылдый кеткен токойдун ары – жапжашыл майса чөптөгү эртең мененки шүүдүрүм жылт-жулт эткен шалбаада, анын орто ченинде олчойгон чоң таш жатат. Чуңкур эмес сайдын нугу менен басып келген жаш жигит чоң ташка жетип келип токтоду. Кызыл-тазыл гүлдөрү жайнаган шалбааны тегерете карады да дем алып туруп калды. Шүүдүрүмгө суу болгон жаңы кирзи өтүгү бутунда карарат.

Олокон тоосунун аскалуу капчыгайларына жетүүнү көздөгөн жигит жолду кантип кыскартсам деп ойлонуштура баштады. Көз болжоо менен карасаң да тоолордо аралыкты так аныктай албайсын. Кол сунса жетчүдөй болгон жерге жетиш үчүн жөө басканда көп саат убакыт кетет. Бул жерден сай бойлоп айланып барыш ыраак.

Жогорку окуу жайды быйыл ийгиликтүү бүтүргөн Эржигит альпинизм менен спелео-туризмге кызыгат эле. Окуу жайда, студенттик кезде, бир агайынын таасири менен ал кызыгып калган үңкүр чуңкурларын изилдегенге. Спелео-туризмди кызык хоббиге айлантып алган ошол агай Кыргызстандагы бардык тоо кыркаларда болгон экен. Окуу жайды бүткөргөн бүтүрүүчүлөр жаңы турмуш баштайт эмеспи. Дал ушул кезде  бүтүрүүчүлөр дендароо болуп ойго чөмүлүп калышат. Анткени жаңы турмуш баштаардагы жүрөксүп чочугандан. Эржигит дагы уйгу-туйгу сезимдерге ээленген бейм, айтор, тоо тарапка баргысы келип туруп алды.

Ооба, атасы менен апасы ажырашып кетпегенде анын жашоосу, балким башкача болоор беле. Окуу жайды бүткөрүп айылга кайтып чоң атасы менен чоң энесин кубанткысы келет. Эсинде, анда кичине бала, атасы менен апасын ээрчип тоодогу туугандарга мейманчылап барганда жайлоодогу туугандардын боз үйүндө бир нече күн катары менен туруп калышкан. Ошол күндөр Эржигиттин эсинде эң бир жаркын көгүлтүр-тунук бактылуу элес болуп сакталып кала берди…

Кээ-кээде спелео-туризмге берилип калгандыгын ошол тоо коюнундагы сонун элес-закымдарга кайткысы келгендиги менен байланыштырат. Ал тургай анын тоо тарапка дайыма баргысы келгенин агайы түпөйүл сезип, ошондуктан ага сунуштагандыр. Агайдын студенттерге таштаган чакырыгын ойлонбой туруп кабыл алган студенттердин катарында болгон ал. Айтор, ошентип тоолорго чыкканды жактырып калган.

Мына бүгүн жалгыз өзү тоо тарапка баратат. “Алгачкы жолу тоолорго жалгыз баратам” деген ойдун кучагында жомоктордо дайыма жалгыз сапарга чыккан каарман кызык окуяларга күбө болгонун эстеди. Ошол жомоктордо, кызык, каарманды сынагысы келип түркүн жан-жаныбар жолугат. Жалгыздыкта ар бир адамдын кыялы алып учат эмеспи, Эржигит дагы ошол балалык кыялга берилип барып, кайра чыйрала түштү. Чыйрала түштү да өзүнүн азыркы максатын эстей койду: альпинисттик тажрыйбасы бар жигит өзүн бир сынап көргүсү келген. Кана, кудурет-күчүм канчалык экен, түбөлүк турган тоолор боорундагы ээндиктер мага эмне даярдады дегенсийт кайратман-чыйрак көрүнүшү.

Байкап көрсө, кыйла жогорулап кетиптир. Өзү келген төмөн тарапты караса ар түрлүү бадалдар жыш өскөн кокту-колоттор, сайлар алакандагыдай дапдаана көрүнөт. Айлана кулак-мурун кескендей тынч, Эржигит жаш балага окшоп, кубанычтуу жылмайып, айлана теребелди эргүү менен байкап карайт. Эки жакты каранып бүткөн соң жылуулугу бар таш кырына отура кетти. Күндүн нурунда жылынганча жерди тиктеп көпкө олтурду.

Бир маалда ал ордунан турду да чокусунан муз кетпеген бийик тоону карай жөнөдү. Альпинисттердей болуп тың кийинген жигиттин жонунда баштык, бутунда жаңы кирзи өтүк. Үч сааттан ашык убакыт токтобой жүрүп ал майда балатылардын жашыл аралчасына жетип келди. Тынбай күч кетирип, курсагы ачты. Жонунан баштыкты алып жерге коюп, тамактанып алууну чечти.

Тамак жеп күчтөнүп алып, жүрүшүн улантты. Эки сааттан ашык убакыт ичинде ал шалбалуу талаа аймактарын артка калтырды. Токой аймактарына кирип келгенде кеч кирип калган эле. Тоо коюнунда караңгы тез түшөт. Муну билген Эржигит түнөгөнгө жай караштыра баштады. Нечен жолу мурда, студенттик кезде, кокту-колоттуу тоолордо түнөп калышкан. Ошондо жол баштаган иш билги агай студенттерге кантип түнөк табуу жолдорун үйрөткөн болучу.Ошондуктан түнгө  калбай ыңгайлуу жайды тез эле тапты.

Караңгы түн деген карангы түн да. Тоолордун чокулары гана даана-так сызык болуп көрүнөт, жер бетин караңгылык баскан. Кулап жаткан килейген дүмүрлөрдүн арасына чыккан балатылардын далдасына чалкалай жатып алып, түнкү асманды карайт. Түнкү асманга быжырап жылдыз батпайт. Балбылдап жанган чоң жылдыздар сырдуу нерсени шыбырап жаткандай. Саманчынын Жолу, түнкү асмандагы жылдыздар дарыясы, түндүк-чыгыштан башталып түштүк-батышка чейин шаңдуу созулуп жатат. Сансыз жылдыздуу түнкү асман кооздугунан көзү талыбай телмирип калды…

Ден-бою чарчап, тез эле уктап калды. Көзгө көрүнбөгөн кимдир бирөө коругансып түн мемиреп тынч. Анча-мынча угула калган шыбырттар, акырын согуп анан кайра тык токтогон шамал ширин уйкудан ойгото албады. Түшүнө, эмнегедир, атасы менен апасы кирип калыптыр. Көптөн бери атасы менен апасын түшүндө көрбөгөн жигит түшүндө шолоктоп ыйлап жиберди. Анан эле ойгонуп кетти.

Асманда жылдыз суюлуп таң агара баштаптыр. Асмандын чыгыш ыптасында бийик асканын коңулунда жалгыз өскөн арчанын учуна тийип-тийбей Чолпон жылдыз жаркырап турат. Таза абада уктаган Эржигит сергек ойгонду. Кериле чоюлуп алды да ширин уйкуну таштагысы келбей көздөрүн жумду.

Качан ал биротоло ойгонуп турганда жер бети жарып калган эле. Кечээ көрүп койгон булакка барды да муздак сууга бети-башын чайкап алды, тунук суудан култ-култ жутту. Адегенде ал шам-шум этип алды, жол жүргөнгө ыкчам даярданды. Шалбалуу токойго күн нуру жайыла бергенде жалгыз жолоочу алгачкы кадамын шилтеп бүгүнкү сапарын баштаган эле.

Түнкү түшү алыста унутулуп калган бир элести эске салып койду. Атасы, мектепте физикадан сабак берген мугалим, күндөрдүн биринде геометриялык түшүнүктөрдү образдуу кылып айтып берген болчу. Анда ал он эки-он үч жашта.

— Элестетсең, уулум, — деп атасы көтөрүңкү көңүл менен, — бир чекит из калтырып

түз кыймылдаса түз сызык жаралат, а түз сызыктын кыймыл-изи тегиздикти жаратат, ал эми тегиздиктин кыймылы болсо мейкиндикти жаратат…

Баласынын айтылган нерсени түшүнүп жаадырап-жайнай түшкөнүн байкаган ата күлүмсүрөй сөзүн улай берген:

— Мейкиндиктин кыймылы болсо убакытты жаратат!

Мындай мыкты түшүндүрмөгө айран калган бала ойго бата түшкөн, анан бир суроо берейин деп барып, негедир, тартынган. Атаганат, ошол суроосун бергенге үлгүрбөдү бала. Кийин мектепти бүтүрүп ата жолун жолдоп физика факультетине тапшырган, ата кесибин улайм деген максатта. Бул тандоого мына ушул жагдай дагы себеп болду окшойт…

…Ойдун учсуз жибине оролгон ойлуу жигит сейрек бетегелүү талаа аймагына жетип келди. Бийикте ителги айланып учуп томсоргон аскаларга окшош жалгыз учкан жырткыч куштун канат-куйруктары. Кандай гана жапайы жана ээн жерге жакындаганын таамай сезди. Кызык, мындай сүрдүү ээндик кайратман-чыйрак жигер ойготкондой болду. Ал тайманбай чоң арыштап көтөрүлө берди.

Геологиялык жактан алып караганда тоолор миллиондогон жылдарды камтыган доорлор  өтсө да какайып катып турат сынын сактап. Мына ошондуктан өмүрү кыска биологиялык кубулуштар тарабынан алганда, тоолорду түбөлүк турат десе да болот. Далай доор өтөт, аң-сезимдүү цивилизациялар пайда болуп, өөрчүп-өсүп, анан тыптыйпыл жок болуп турат. Ошондо да баарына кайдыгер тоолор сүкүт сактап, сынын бузбай зыңкыйганы зыңкыйган.

Дээрлик төрт миллион жыл мурда жашап өткөн цивилизациянын эң акыркы из-шайманы болгон учак-кеме консервацияланган абалында караңгы үңкүрдө кыймылсыз турганы турган. Төрт миллион жыл мурда көзгө ташталып, визуалдык доминанта болуп, өзүнө чакыргансыган тоо ошол-ошол бойдон. Болгону азыркы замандын адамдары аны Олокон тоо деп атап алышкан. Мурда кандай кооз жана сырдуу көрүнсө азыркы доордо деле кооз дагы, сырдуу дагы. Ошол ортодо канчалаган цивилизация өттү, бирок тоого жашырылган учак-кеме байыркыдан калган ачылгыс сыр болуп тура берди.

Бирок мезгил бардык нерсени өзгөртө алат. Миллиондогон жылдар ичи герметикалык абалда турган шахта-үңкүр мейкинине азыркы заман абасы кирип келди. Эрте жаздын ала-шалбыртында жогору жактан кар көчкү түшүп келатып олчойгон чоң таштарды да кулатты. Олокон тоо боорундагы аскага жогорудан күү менен томолоно түшкөн таш катуу урунду. Сокку миллион жылдар мурун жасалган үңкүрдүн жардырылып жабылган кире беришине туш келди. Жардыруудан бир бүтүндөй болуп бириккен таш массалары алгачкы жолу бири биринен ажырай түштү. Бир карыштай жарака пайда болгондо кадимки атмосфера абасы үңкүр ичин заматта толтурду.

Ошол күндөн тарта эриген кар-муз суу болуп жылжып агып, ошол жарака кеңейе берди. Тамчыдан таш тешилет демекчи, өрөөндөрдү тумчуктура ысыткан саратандын илеби тоң кетпеген тоолорду да жибитти. Жылжый аккан суулар эми шырылдап баштады, жайды ортолой ал жарака чоң адам кеңири батчудай диаметрге жетти. Күн нурлары, кудум эле бекиткенди издегенсип, кээ бир учурларда учак-кеменин көк музга окшош металлдан жасалкан тулкусуна түшүп калчу болду. Ошондо чагылышкан нурдан шахта-үңкүр боору көгүлтүр түстө жаркырап калат. Эбегейсиз зор алмаз-бриллиантка окшоштугу бар кеме тулкусу жылт-жулт нурга бөлөнгөндө көркүнө чыга түшөт.

Кандайдыр бир күч башкарган сыяктанып, Эржигит дал ошол жаңыдан пайда болгон жаракасы бар аска-зоого жакындап келди. Бирөө нукуп анын көзүнө көрсөткөнсүп, жараканы алыстан таамай көрүп калды. Жарака этегинен агып чыккан суу чогултуп-жайган майда таш аралаш кум аянтчасына эч кандай из түшкөн эмес. Топ-топ болуп өскөн кодо бадалдар менен жапалак арчаларды аралап өтүп жигит тик зоого чыга баштады.

Те илгерки убактарда тик турган зоодон анча-мынча таш кулаганы байкалат. Жакын арада эле жалама зоонун тегерегине көчкүлөр да түшкөнсүйт. Альпинисттик тажрыйбасы бар жигит көз болжоо менен ушуларды билди. Чапчаңдык менен кыймылдап, ал тез эле сырдуу жаракага жетти. Он метрден ашык бийиктиктеги жарака менен ичкерилей берди. Ал элеңдей карап, жүрөгү дүкүлдөп согуп, жараканын изи менен менен беш-алты метр илгериледи.

Күндүн жаркыраган нурлары дал ошол учурда жаракага түштү. Кимдир бирөө күчтүү прожектор менен таамай көрсөткүсү келип жарык учак-кемеге түз тийип калды. Эржигит бет маңдайдан жаркырап чыккан зор сырдуу кемени таң кала катып туруп калды. Башына биринчи эле алмаз-изумруд таптымбы деген ой келди. Көкмөк музга опокшош үп,металдан чагылышкан жарык үңкүрдүн күзгүдөй тегиз дубал-шыптарын дапдаана көрсөтөт. Апкаарый түшүп, сырдуу баалуу жумуру ташка жакындап басып келди.

Мурда спелео-туризм менен машыгып чоң-кичине үңкүрлөрдө болгону мына азыр куп ишке жарады. Топтолгон тажрыйба-жөндөмдөр мына ушул нерсеге даярдык болгон экен деген ойду да ойлоно койду. Жакындап келип байкап караса, жок, бул таш эмес, жасалма нерсеге окшойт. Тунук көк музга окшогон металлдын күзгү бетиндей сыпсыйда көрүнүшүнөн эле заттын бекемдиги байкалат. Жумшак картошканы курч бычак кандай кессе, ушул көгүш муз ыраң зат ташты кесе алгыдай. “Бул кеме турбайбы!” деген ойго келгенде гана ичинен тамшанып жиберди.

Ооба, жаратылышта ачык карч-курч атандашуудан эң күчтүү айбан-жаныбарлар тандалат жана жаралат. Өз насилиндеги күчтүү каршылаштарын жеңип чыккан жана табияттын күндө кайталанган кыйынчылыктарын тоготпогон ар бир айбан сүрдүү, ыйык, күчтүү жана керемет сулуу болот. Дал ошого окшоп бул кеменин кыймылсыз катып турган турпатынан эле анын эбегейсиз күч-кубатка ээ экендиги таасын билинет.

Таң калуусу бүтпөй, закым эмеспи дегенсип, оң колунун алаканын көк муз ыраң кемеге этият тийгизди. Алаканы бир мезгилде металлдын муздагы менен алсыз электр тогунун зырп эте түшкөнүн сезди. Милиондогон жылдар бою кыймылсыз турган учак-кеме ойгонуп-жанданууну күткөн бейм. “Кыймылды, аракетти, жумушту сагындым” дегенсип учак-кеменин периметрин белгилегендей болуп көгүлтүр жарыктар кыска убакытка жанып-өчтү. “Ичкери кир” дегенсип учак-кеменин тумшук тарабынын асты жагынан эшик-люк тепкич болуп ачылды.

Кеменин ичи көгүш нур жарытып аппараттын сансыз тетиктери кандайдыр бир сырдуу жумуштарын аткарып жатты. Учак-кеменин акылдуу өзүн өзү жөнгө салуучу системасы атмосфералык абанын жаңы составын аныктап, планетанын гравитациялык мүнөздөмөлөрүн башынан өлчөп, тийиштүү өзгөрүүлөрдү киргизип жатты. Жерде магниттик талаасынын уюлдары өзгөргөн, тепкич менен кемеге кирсемби же кирбесемби деген адамдын өзү башка, жаңы цивилизациянын өкүлү. Миңдеген электромагниттик радиотолкундар аркылуу эфирди толтурган радиоуктуруулар менен телекөрсөтүүлөрдүн маңыз-мазмунун которуп, түшүнүп, өздөштүрүп алды учак-кеме кыска убакыт аралыгында.

Эржигиттин экиленип турганына он минутадай болду. Азыркы заманбап кемеге айланган учактын салонунан кыргыз тилин колдонуп кимдир бирөө үн катты.

— Кош келиңиз, — деди жылуу-жумшак үн, — ичкери кирип жайгашсаңыз болот.

Эржигит селт эте түштү. Үн самолет салондорунда жагымдуу сүйлөгөн кыздын үнү болчу.

— Кемеде ким бар?

— Кемеде эч ким жок, — деди жагымдуу үн, — жакын аралыкта да башка адам жок, бирок сыртта, бир жарым километр аралыкта асмандагы бийикте жырткыч куш учат.

Эржигит асманда учкан ителги кушту эстей койду. Демек, кеменин айлана-тегеректи бир нече километр аралыкка чейин көрүп-билип туруучу технологиясы бар. Ал сүйлөшүүдөн кийин акыл-эси менен ойлонуу жөндөмүн эстегендей болду. “А тобокел!” деп тепкич менен чыгып кеменин ичине кирип барды. Төрт бурчтуу эмес эллипс формасындагы чоң экрандын алдында үч отургуч-кресло турат. Сүйрү-эллипс экрандан укмуштай кооз көрүнүш-ландшафт тунук-даана көрүнөт. Сырдуу үн экрандын үстү жагынан чыккансыйт.

Ооба, экрандагы ландшафт кооз эле. Жапыс жашыл адырлар бетиндеги бийик эмес сейрек дарактар сеңселип, өскүлөң көк чөп шамалга ыргалат. Көрүнүш ушунчалык тунук көрүнгөндүктөп ушул экран аркылуу ошол адырларга басып барса болчудай. Эржигит кооз көрүнүштү талып калгандай болуп, бир саамга суктана карап туруп калды.

— Орун алып отурсаңыз болот, — деди жагымдүү үн.

— Макул, отурайын, — деди жигит эки жакты карап, — суроо берсем болобу сизге?

— Албетте, кандай суроо болсо да жооп берем.

— Бул кеме кимге тиешелүү? Кайсы планетадан учуп келди бул кеме?

— Ирети менен жооп берейин. Кеме мындан төрт миллион жети жүз сексен эки жыл мурда Улуу Ливраз империясында жасап чыгарылган. Демек, империянын менчиги. Экинчи суроого жооп: кеме башка планетадан келген эмес, дал ушул планетага тиешелүү…

— Эмне, төрт миллион жыл мурда Жерде жашоо болгонбу?

— Ооба, болгон. Жер планетасында төрт миллион жыл мурда отуз миң жылга созулган убакыт аралыгында байыркы адамзат цивилизациясы болгон. Ал цивилизация планета бетиндеги жүз элүү жетинчи жолу пайда болгон цивилизация болгон. Экранга көңул бөлсөңүз байыркы ошол цивилизациянын кыскача тарых хронологиясы келтирилет.

Сүйрү экрандан төрт миллион жыл мурда жашап өткөн адамзат цивилизациясынын тарыхы көрсөтүлө баштады. Кеменин болгон-турган жарак-жабдуусу кандайдыр мүңкүрөгөн арман менен иштеп, изи эч жерде калбаган адамдар цивилизациясынын тарыхын көрсөтүп жатты. Экран тиктеген Эржигиттин жүрөгү, эмнегедир, сыздап турду. Көздөрүнөн аккан жаш тамчылары анын кадимки кара кирзи өтүгүнө таамп турду. Эң байыркы цивизация согуш кесепетинен тыптыйпыл болуп жоголгону аныкталды.

Эржигит шалдайып алсырай отуруп калды. Бул кыска убакытта көрсөтүлгөн хронологияда байыркы цивилизациядагы ири жетишкендиктер, өсүп-өнүгүүнүн масштабдуу этаптары “ныктала пресстелип” сан-цифраларга айландырылган эле. Ошондой болгон чакта да көп кырдуу маалымат чоң таасир калтырды. Бир саамга тунжураган тынчтыкта телмирип отуруп, чыйрала түштү да сурады:

— Азыр көрсөтүлгөн цивилизациядан кийин Жер планетасында дагы канча цивилизация жашап өттү?

— Цивилизацияларды кандай критерий менен аныктоо керек?

— Айталы, цивилизациянын күч-кудурети табият-жаратылышты багынткандыгы.

— Азыркы сиз өкүлү болгон цивилизация эки жүз жыйырманчы цивилизация болот.

— Ошондо төрт миллион жылда канча цивилизация пайда болуп кайра жоголду?

— Биздин цивилизациядан бери эсептегенде алтымыш эки цивилизация

— Сиздердин цивилизация жүз элүү жетинчи деп айттыңыз, муну кантип билишти?

— Суроо абдан жөндүү. Туура, бул илимий гипотеза сапатында айтылган маалымат

— Төрт миллион жылда алтымыш үч цивилизациялык доор болуптур, аз го?

— Аз дагы эмес, көп дагы эмес. Төрт миллион жыл ичинде токсон жети жолу планетаны тоңдуруп катырган муз доорлору болуп өттү жана Жердин магниттик уюлдары сегиз жолу алмашты. Мындан тышкары, вулкандык активдүүлүк кескин жогорулап жана космостон ири астероиддер Жерге кулап, жети жолу жалпы планеталык биологиялык жаңылануу болуп өттү. Мына ушуларды эске алганда планетада бетиндеги алтымыш үч жолку цивилизациялык жаңылануусу оптималдуу санды түзөт.

— Түшүнүктүү, ушул кеме менен космоско учсам болобу?

— Болот. Кийинки суроолорду алдын алуу үчүн айтайын: бул кеме космоско эле эмес, суу астына сүзүп кирип атмосфера мейкининде да учат.

— Кеме кандай энергия булагын пайдаланат?

— Бир канча энергия булагын пайдалана алат. Бардык энергия булактарын мүнөздөп айтбай, сизге түшүнүктүүсүн айтайын. Азыр Жердин жашоочулары атомдук энергияны пайдаланганга жетишти. Энергетикада бир килограмм уран заты үч миң тонна көмүр жагылганда бөлүнүп чыгуучу энергияны бөлүп чыгарат. Сиздердеги алдыңкы илим термоядролук энергияны башкарууга жакындашып калды. Мына ушуга салыштырып айтсам, кеменин кыймылдаткычы термоядролук синтезден да күчтүү технологияга негизделген, анын кубаттуулугу термоядролук энергиядан жүз отуз эсе күчтүү.

— Мыкты экен. Дагы бир суроо: ушундай кеме Жерде дагы барбы?

— Ооба, бар.

— Алардын саны канча?

— Үчөө

— Алар кайсы жактарга катылган?

— Бири Алтай тоолорунда, экинчиси Гималайда, үчүнчүсү Кордильер тоолорунда

— Тоолор чоң аймакты ээлейт, так маалыматты билсе болобу?

— Алардын жайгашуу координаттарын айта албайм. Себеби так билбейм. Бул биринчи себеп, экинчи себептин геологиялык процесстерге тиешеси бар. Толуктап айтсам: Жерде тоолор беш жүз миллион жыл мурда, Кембрий доорунда, пайда боло баштаган. Ошол доордон бери тоолордун өсүп, чөгүп, кайра өсүп турган кубулуштары али да уланууда.

— Кызык экен. Айтылган сөз далили менен болушу керек, кемеде учуп көрөлү?

— Макул. Даярданыңыз.

Түн. Тоо арасына жамгыр  төгүп жатты. Жон-жондон кулаган суулар сел болуп акканга шашат. Караңгылыктын өзүндө так болуп карарган аска-зоодогу үңкүрдөн жалт-жулт жарыктар чыгып жатты. Байыркы учак-кеме, кудум эле мейкин кеңдиктерин сагынган сыяктанып, кубаты зор нур менен таш эритип шахта-үңкүрдүн кире беришин ачып жатты. Мына, болду, жол ачылды.

Учак-кеме аска-зоодон жай калкып алыстап алды да анан тик жогоруга багыт алды. Жер бетине жамгыр болуп тушүп жаткан калың булуттарды көзөп баратты үн чыгарбай. Кеменин ичинде отурган Эржигит сыртта түн экенин жана жамгыр жаап жатканын байкады. Булуттардын катмарынан учуп чыкканда асманда сансыз жылдыз жайнап калды.

Учак-кеме октой зымырап тез учуп он минута убакыт өтүп-өтпөй Ысык-Көлгө жетти. Көлдүн дал ортосун мелжей учуп барып сууга тик сайылган сүйрү таштай чулп этип суунун ичине кирип кетти. Көлдүн түбүндө эки жүз метр тереңдикте жай сүзгөн кемеге айланды да калды. Тунук суу астындагы ары сүрдүү, ары сырдуу кара көлөкө болуп он километр аралыкка сүзүп барды. Анан кеме көл үстүнө калкып чыкты, яхта-катер болуп сүзүп жөнөдү.

Суу жукпас мизилдеген көк-муз түсу бар кеме Ысык-Көлдү таштап тик учкан боюнча космос мейкинине жетип барды. Жер бетинен беш жүз километр бийикке жете учкан кеме Жердин жасалма жандоочусуна айланды. Жигит Жер бетинде кандай креслодо зыңкыйып отурса, космостук орбитада да дал ошондой зыңкыйып отурат. Салмаксыздык абал сезилбейт, жылуу-жумшак салондо эч кандай өзгөрүү билинбейт. Ушуга кантип таң калбайсың.

— Космосто, орбитада салаңдап калган кемеде салмаксыздык абалы түзүлөбү?

— Туура айтасыз, гравитациялык күчтүн таасири жоголгон орбитада салмаксыздык орун алат.

— Анда эмнеге мен салмаксыздыкты сезбей жатам?

— Кеме космостун кайсы чекитинде болсо да жасалма гравитациялык талааны абалын камсыздайт. Мына ушул тапта сиздин ден соолугуңуздун коопсуздугу үчүн кеме салонунда Жер бетиндегидей гравитациялык абал түзүлгөн. Албетте, адам үчүн кооптуу болгон космостук эфирдеги радиациялык нурлануу, инфракызыл нурлануу жана башка коркунучтуу жагдайлар да эске алынган.

Байыркы кемени курган цивилизациянын илимий-техникалык жетишкендиктерине суктана кетти. Убагында, атаганат, бийик деңгээлге өсүп жеткен экен байыркылар! Эржигит дагы бир маанилүү өзгөчөлүктү байкады. Кеме баарлашуу мезгилинде калп айтуу дегенди такыр билбейт экен. Мына ушудан пайдаланып маанилүү маалыматтарды билип алса болчудай. Темирди кызуусунда бас дейт эмеспи, дароо суроо берди:

— Космостун жеткен чеги барбы?

— Жок, космос чексиз.

— Космостогу чексиздикти кандай аныктаса болот?

— Мунун бир гана жолу бар, тактап айтайын, космос мейкининдеги чексиздик бул бир процесс: эң алыскы галактиканын эң алыскы жылдызына миң миллиард жылда учуп жеткенде, ары жактан дагы башка жаңы жылдыз-галактикалар көрүнө калат. Ошол жаңы жылдыз-галактикаларга жеткенде, алардын ары жагында дагы жаңылары болот. Кыскача айтканда чексиздикти түгөнүп-токтобогон процесс деп аныктоого негиз бар.

— Адамдардыкындай аң-сезим Жерде гана барбы?

— Абдан кызык суроо берилди. Күн системасындагы планеталардан баштасак…

Калп айтууну билбеген жагымдуу үн эң байыркы цивилизация ачып калтырган маалыматты айтып жатты. Кеме орбитада асылгансып калкып турду же Жерге кайра кулап кетпей, же бийик-чуңкур туңгуюгуна учуп кеталбай. Космологиялык масштабды камтыган баалуу маалыматтын маңызы төмөнкүдөй болучу.

Күн системасында он эки планета бар, төрт миллион жыл мурдагы илимий маалыматка таянып айтканда. Ар бир планетада кайсы бир эң байыркы доорлордо аң-сезим пайда болот. Аң-сезим биологиялык табиятка ээ болуп, миң-миллион жылдарга созулган убакыт ичинде өөрчүп-өнүгөт, кайра жоголуп, кайра жанданып турат. Бул кайра-кайра кайталанган кубулуштун түпкү максаты – ааламдын маалыматтык-матрицалык талаасын жаңы билим, жөндөм, эреже-принцип сыяктуу нерселерден куралган тажрыйба менен толтуруу. Ар бир планета бул кубулуштан четте калбайт, сөзсүз кызмат кылат өз учурунда. Күн илгерки мезгилдерде абдан күчтүү жанып балбылдап турган. Ошого жараша системадагы эң четки планетада аң-сезим пайда болгон. Күндүн энергиясы азайып калганда кийинки планетада жашоого ылайык шарттар түзүлгөн, аң-сезим ошол кийинки планетада пайда болгон. Элестүү кылып айтканда, “жашоо алкагында” жайгашкан планетада гана аң-сезим пайда болот. Ал алкак убакыт өткөн сайын кичинерип бара берет, анткени башында балбылдап жанган жылдыздардын энергиясы бара-бара стабилдешүүгө дуушарланат. Күн, жылдыз сапатында, ушундай этаптарды башынан өткөрүп келатат. Күндү айланган орбитасы “жашоо жарата алган алкактан” сырткары болгон планета суука тоңуп жатса, ал эми орбитасы алкактын ичинде болгон планета ысыкка күйүп жатат. Азыркы учурда “жашоо алкагында” Жер планетасы жайгашкан, демек аң-сезим ушул планетада өнүгүүдө. Бир нерсени билип коюш керек: ар бир пайда болгон аң-сезим мурда-мурда жашап өткөн аң-сезимдердин матрица-коддору менен форма-түспөлдөрүн кайра кайталап отуруп гана кийинки баскычтарга көтөрүлө берет. Ал матрица-коддор менен форма-түспөлдөр ааламдагы маалыматтык-матрицалык талаада сакталган болот. Азыркы тил менен образдуу негизде айтсак, азыркы Жер планетасында ар бир жан-жаныбар жөндөн жөн пайда болбойт. Мисалы, Жердеги океан-деңиздердеги осьминог мурда башка планеталардын сууларында аң-сезимге жетишип жашап өткөн биологиялык дүйнөнүн “изи” болуп кетет. Балким, ал планета азыр Плутон планетасы болушу мүмкүн. Айталы, азыркы жыландар Марс планетасында жашап өткөн аң-сезимдин белги-калдыгы болушу толук мүмкүн. Ушундай тартипте улап айта берсе болот…

Азыркы адамдар жаныбарлардын жөнөкөй акыл-эстик жөндөмү бар экендигин билишет. Бирок ошол жаныбарлардагы примитивдик жөнөкөй акыл-эстин пайда болушу илгерки замандарда башка планеталардагы миң-миллион жылдар бою өсүп калыптануунун натыйжасы болот. Азыр Жерде аң-сезимдик өнүгүү болсо, кийин андай өнүгүү Венера планетасында болот.

Эржигит жылдыздуу асманды тиктеп ойго чөмүлдү. Күн системасын адамзат али толук билбейт турбайбы: он эки планета бар деп атпайбы. Жаңылыктары ушунчалык арбын – акыл-эс суроо жарата албайт.

— Венера планетасына учуп барып келсек болобу?

— Албетте, алыскы космоско да учууга даярбыз.

— Баса, кеме космосто кандай ылдамдык менен уча алат?

— Жарык ылдамдыгына жакын ылдамдыкта уча алат

— Жарык ылдамдыгы менен учканбы бул кеме?

— Жок, коопсуздук жагын эске алып мындай ылдамдыкта учуу сунушталбайт

— Түшүнүктүү, анда мүмкүн болгон чоң ылдамдыкта учалы, сунушум ушундай!

— Макул.

Эржигит Венера планетасы — Чолпон жылдызы Жерге эң жакын жайгашкан планета экендигин билчү. Мына ошондуктан Чолпон жылдызына учуп барууну каалаган эле. Бул биринчи себеп. Экинчиси, Венерадагы эң катаал шарттарды биле турган, мисалы, андагы жогорку температурага коргошун эрип кетет. Суу-океандардын түбүнө түшкөнгө кудурети жеткен бул кеме Венера атмосферасына учуп кире алабы, ушуну да билгиси келди.

Кеменин астронавигациялык курал-шаймандары Жер менен Венеранын учурдагы аралыгы сексен сегиз миллион километр экендигин так аныктады. Заматта учуу планы түзүлдү да кеме жарык ылдамдыгынын жыйырма пайызына жеткен ылдамдык менен октой зымырап учту. Жарым саатка жетип-жетпей кеме Венера планетасына учуп жетип планетанын орбитасына жасалма жандооч болуп орношуп калды.

Сары түстөгү атмосферасы бар Венера планетасы бараандуу көрүнүп кооз болчу. Иллюминатордон көрсөткөндөй кылып сүйрү экрандан кеме планетаны тунук көргөзүп койду. Эржигит Венерага учуп жеткен биринчи адам өзү экендигин билип, толкунданып турду. Азыр чечкиндүү болуп планета бетин көрүп кетпесе кийин өкүнүп калышым мүмкүн деген ойго келди, анан минтип сурап калды:

— Венера атмосферасына түшүп планета кыртышына консок болобу?

— Так жооп айтууга мүмкүн эмес. Элүү жыл мурда учкан советтик жана америкалык аппараттардан алынган маалыматтарга таянсак, мындагы атмосферанын токсон алты пайызы көмүр кычкыл газынан турат, басым Жер атмосферасынан токсон эки эсе жогору. Демек, басым деңиз-океандардагы тогуз жуз метр суу астындагы басым менен барабар. Демек, атмосферасына чуңкуп кире алабыз, бирок кыртышка конуу кооптуу…

— А кыртышка конуу эмне үчүн кооптуу?

— Венера планетасында вулкандык активдүүлүк уланууда. Демек, планетанын кыртышы катый элек, магма болуп көлкүлдөп турат. Магма массалары менен толук коопсуз аракеттенүү техногологиясын кеме али толук өздөштүрө элек…

— Мен толук түшүндүм. Анда эмесе планетанын атмосферасында учуп көрөлү

— Макул. Даярданыңыз.

Кеме тулкусунун тигил же бул жеринен кыска чагылган учкундары чарт-чурт чагылышып жатты. Атмосфера составын эске алуу менен кубаттуу  электромагниттик коргоо талаасын жандандырган чакан кеме Венеранын аба катмарына жай каалгып чөгө баштады.

Жердеги астрономдор Венера планетасынын бетиндеги абалды мүнөздөй “шарт тозоктогудай” деп бекер айткан эмес экен-ов. Кеменин бекем тулкусу абдан күчтүү басымга кабылганын, эмнегедир, сезип биле алды. Планетанын атмосферасынын жогорку катмарларында катуу шамал согуп бороондоп турат. Улуп-уңшуп учкан бороон-чапкын мейкинин жиреп бараткан кеменин ичинде кулагына кандайдыр гүүлдөгөн добуш угулуп-угулбагансып кетти. Космостогу улуу жалгыздыкты алгачкы жолу туйган адам бороонду элестеткенде бороон үнү угула түштү бейм…

Венеранын атмосферасында кыйгач-түз из калтырып тынбай жамгыр жаап жатканы эллипс экрандан даана көрүнүп турду. Курал-жабдыгы мыкты кеме сүйрү экранга атмосфера кандай кубулуштар болуп жатканын көрсөтө алат экен. Токтобой жаап турган кислота жамгырды тоготпогон кеме төмөнгө каалгый чуңкуп түштү да планета кыртышынан жүз метр бийиктикте горизанталдык траектория менен учуп жөнөдү.

Планета бети быжырап кайнап бууланып жатты. Өрөөндөрдөгү сансыз гейзерлердин аракеттенүүсү мына-мына тык токтоп калгандай. Жаап турган жамгыр кыртыштан көтөрүлгөн ысыктын илебине бууланып кыртышка жетпей кайра жогоруга көтөрүлөт. Жогору тарапта эч качан ачылбаган саргыч түстөгү туман-булут мунарыктайт, булуттар арасында чагылгандар жарк-журк жанат. Кыртышка жакындаган сайын планета атмосферасы тунукталып ачылат. Бирин-экин вулкандардан конуска окшошкон чокусунан түтүн аралаш буу түтөп жатканы көзгө ташталат.

Кеме Венера планетасынын Лакшми платосунун үстү менен пас бийиктике учуп баратты. Мындагы асмандан жылдыз болуп көрүнгөн Жерде жалпы саны миллиардарга жеткен адамдар күнүмдүк муктаждыктарын канааттандыруу менен алектенип жатышты. Миллиарддаган адамдардын бири да мына ушул убакытта байыркы кеме менен бир адам Чолпон жылдызга жеткенин билбеди. Тарыхта биринчи жолу байыркы кемени Венерага, Чолпон жылдызга, анын замандашынын эрк-каалоосу жеткиргенин эч бир адам сезип-туйбады. А балким, Жердин түн орногон аймактарында, дал ушул секунда-минуталарда, Чолпон жылдызды узакка телмире тиктеген кимдир бирөө бул жылдыздын бөтөнчө шаңдуу балбылдай жанганын байкап калгандыр…

Венера планетасындагы Лакшми платосунун үстү менен отуз километрден ашык аралыкка учкан кеме ылдамдык ала баштады. Тулку боюна жабышкан күрөң-сары ботала кир чыла кеме космос мейкинине жетип-жетпей толук тазаланды. Кеме тулкусун атмосфера бийиктеринде улуп-уңшуган шамал-бороон, тыгыз атмосфера чөйрөсүндөгү ылдамданууда пайда болуучу кемедеги майда титирөө, космос эфириндеги жарык менен курч нурлар – мына ушулардын таасири тазалап койду. Венера планетасынын орбитасына кеме көгүлтур түсү кулпурган кеме болуп орношуп калкып калды. Кудум эле чоң эрдиктен кийин чарчап-чаалыгып, дем алып жаткандай сезилет.

Венера планетасынын бетине болгон саякатта чоң чыңалууга кабылган учкуч абдан чарчай түшкөнүн байкады. Мынчалык чарчаган эмес эле. Анын көздөрү өзүнөн өзү жумулуп кетип жатты. Адам баласы үчүн эң таттуу нерсе бул уйку го. Кыймылсыз асылып турган кеме ичинде ыңгайлуу кресло-отургучта отурган абалында уктап калды.

Түк кыймылдабай терең уйкуга кирип, үч сааттай уктады. Көзүн ачканда ал араң дегенде өзүнө келди.  Маңдайдагы сүйрү экран бетин узакка тиктеп отурду башынан өткөргөн нерселерди кайра эстеп. Жерди сагынган Эржигит артка кайтуу сунушун айтып калды. Анын бул сунушу кемеге да жаккан окшойт, чоң ылдамдыкта октой учкан кеме жарым саатта Жерге жетип келди.

… Эржигит кайтып келем деген күнү үйгө кайтып келбеди. Тоо-ташка каттап, альпинист-турист өнөрүн үйрөнгөн жигит эмеспи, кармалып жаткандыр талаа-түздө деген божомол-ойго жетеленип дагы бир күн өттү. Эртеси күнү таң атып жер жарып калганда чоң энеси үйдүн короосуна чыгып жол карап туруп калды. Сааркы үрүл-бүрүлдө чалы ат минип тоо тарапка жөнөгөнүн көргөн байбиче ойго чөмүлүп турат. Түшүндө небереси тоолордо жүрөт имиш, алыстан кол булгап коёт, көңүлү куунак. Тоодо, бийикте жүргөнү жакшы белги деп жоруп койду чоң энеси.

Тигине, чалы ак боз атын жай бастырып кайтып келип калды. Байбичесинин суроолуу көз карашын байкай койду да кабагын чытып, башын чайкады. Байбичеси ошол замат тескери бурулуп:

— Ай, атасыз жана апасыз деген ушу да! – үшкүрүнүп көз жашын шыпырып алды.

Ат үстүнөн чыйрак жерге түшкөн аксакал атты устунга байлаган соң үстү-башын

күбүп, бети-колун муздак сууга жууп алды да бак этти:

— Тиги кошуна баланы чакыр мага, жанагы кол телефонун көтөрө келсин!

Баласына жана келинге телефон чалыш керек деген ойду аксакал кечээ күнү байбичесине бир айтканы бар. Түнү менен ойлонуп жатып байбичеси да ушул ойго келген эле.

… Жашы кырктардан ашкан орто бой киши тыныгуу болгондо чиркеп жетелеме вагон-бөлмөгө кирип келди. Үч салалуу колкабын тумбочканын үстүнө койду да керебетке жата кетти. Тамеки тартууну таштап койгонуна толук он күн болду. Тамеки чеккендерден өзүн ала качкандагы аракети бул. Токой арасында курулуп жаткан объектиде иштеген бригада “перекур” деп тыныгууга чыккан болучу. Россияда “перекур” дегенди жамы журт сыйлайт эмеспи.

Ал шыпты тиктеп керебетте жатканда уюлдук телефону шыңгырап калды. Селт эте түшкөн киши телефонун караса – Кыргызстандан экен. “Эмне болуп кетти экен” деп ойлоно калды да чалууга жооп берди. Айылдагы коңшу жигит чалыптыр, кыска саламдашкан соң ал “Атаңыз менен сүйлөшүңүз” деп калды. Атасы менен телефон аркылуу баарлашкан соң анын ойлору сапырылып, жаны жай таппай калгандай болду.

… Алматынын буюм базарында соода кылган келин-кыздар чаңкап кетишти. Кара асфальт, муз ыраң тосмолор, темир-бетон дубалдар – баары тен саратандын ысыгында тумчуккансыйт. Аялдар муздаткычтан квасты жумшак стакандарга куюп алып ууртап-татып отурушту. Жашы кырктарга чукулдап калган аялдын уюлдук телефонуна чалуу келди – телефондун түстүү экраны өчүп-жанып СССРдин гимни угула баштады. Кыргызстандан экен.

Телефондо сүйлөшкөндөн кийин орто жаш аял эси оой нес болуп отуруп калды. Ал сиңдисине кайрылып сүйлөгөндө өзүнүн үнүн араң тааныды. Соода орунун сиңдисине өткөрүп берип квартирага жөө жөнөгөндө буттар тушалгансып басканы арбыбайт. Кыргызстанга, үйгө учуп тез жеткиси келди. Кайтканда зымыраган жеңил машина кылдыраган араба сыяктуу жай жол жүрөөрүн башын жерге салган аял алдын-ала сезип, билип турду.

Эржигиттин атасы менен апасынын ажырашканына туура он бир жыл толуп он экинчи жылга карады. Курук намыс жүрөктөрдү тушап таштаган бейм, атасы да, апасы да бири бирин кечиришип, жарашкан жок. Бирок, ошол эле мезгилде, экөө тең башка бирөөлөр менен турмуш курбады: атасы аял албады, апасы эрге тийбеди. Бири Россияга, экинчиси Казахстанга иштегени кетип калышкан. Айтмакчы, атасы эркек эмеспи, бир жолу кайра жарашууга аракет кылып көргөн, а бирок апасы четке каккан эле. Мунусун көп жашап, көптү көргөн аксакал аталар менен байбиче энелер жактырышкан эмес. Наати, түпкүрүндө көралбастыгы жок эмес, акылы тайкы, бирок колунда пулу бар соодагер жалгыз бой аялдар гана “Ырас эле кылыпсын!” деп колдоп чыгышты. Мына эми капсаландуу кабарды укканда экөө тең шашып-шашып Кыргызстанга кайтуу үчүн жолго чыгып жатышат…

Түн. Капкараңгы капчыгай. Асман толо жылдыздар. Жер бетинде эски чириген дүмүрлөр карарып турат. Бир маалда жылдыздар арасынан сүйрү кеме суурулуп чыкты да капчыгай караңгылыгына жай каалгып сиңип кетти. Көк муз ыраң кеме жерге конгондой болгон, бирок кеме тулкусу жерге тийип-тийбей асылып туруп калган эле.

Көздөрүндө кандайдыр омоктуу токтоолук менен ойчулдук пайда болгон Эржигит экранды, кеме салонун тегерете тиктейт. Укмуштуу керемет саякат болду. Кана эми көргөн-билгенин жамы эл-журтка жарыя кылып айта алса! Ал айтып эл-журт уккан чакта да ишенгендер аз болот. Бул өзүнөн өзү түшүнүктүү дечи. Анда, ушул болгон нерселердин түпкү максаты кандай?

— Сиздерге чоң ыраазычылык айтам, — деди Эржигит өзүнүн мындай официалдуу

мүнөздөгү сөздөрдү айта салганына өзү таңданып, — сапарыбыз аягына чыкты окшойт…

— Сиз менен чоң саякатка чыгып келгениме мен дагы ыраазы, — деди жагымдуу үн.

— Мен үйгө кайтып барайын, издеп калышса керек

— Ооба, алынган маалыматка ылайык милиция кызматкерлери сизди издептир

— Алардын иши ошол, дайыма бирөөлөрдү издегени издеген

— Тактап айтайын, тоого кеткен сизди жоголуп кетти деген ойдо издөөлөр болгон.

— А түшүнүктүү, чоң атамдар кабатыр болгон го.

— Сизге белектерди тартуу кылгым келет, аларды кабыл алыңыз.

— Эмне үчүн белек бересиздер?

— Себеби сиз жакшы адам экенсиз!

— Менин жакшы адам экендигими кантип билдиңер?

Калп айтып алдап кетүүнү түк билбеген жагымдуу үн астейдил далилдөөчү фактыларды эсептеп айта баштаса! Биринчиден, алгачкы жолу алаканыңыз кемени кармаганда такыр агрессиясы жок таң калуу сезиминде болдуңуз. Экинчиси, биздин цивилизациянын хронология-тарыхы менен таанышканда изи калбаган цивилизацияны аяп ыйлап алдыңыз. Үчүнчүсү, космосто эки планета менен эки жандоочу-спутниктерге учуп барганда ичиңизден дагы башка адамдар да ушуну көрсө сонун болмок деп жаттыңыз. Төртүнчүсү,

— Макул, жетишет. Демек, жакшы адам болгонум үчүн белек берилеби мага?

— Жок, бул бир себеп, экинчи себеп да бар, бул сиздердеги макалга тиешеси бар

— Ал кандай макал болду экен?

— Куттуу үйдөн кур чыкпайт деген кыргыз макалы. Бул кеме биздин цивилизациядан калган үй, ал эми сиз коноксуз, демек, курук чыкпашыңыз керек

— Кызык, баса, сиздерде макалдар болгонбу?

— Сиздер айткан макалга окшогон сүйлөмдөр болгон. Ал сүйлөмдөрдүн бир нече мааниси болот жана алар практика көп жолу далилдеген бир нече себеп-натыйжалык байланыштарды белгилейт

— Биздин афоризмдерге окшош турбайбы, мисал келтирсе болобу?

— Болот. Мисал: колунда кармап турган нерсени баалабаган, ошол нерсеге татыктуу болбойт. Жаратуучу, аалам, жаратылыш, космостук түзүлүш сизге бир нерсени ыйгарса, анда сиз ошол нерсеге кубанып, ыраазы болушуңуз керек. Эгерде ошол кубануу менен ыраазы болуу сезим сизде болбосо, анда аалам, жаратылыш, космос ал нерсенин сизге керек экендигин жана ал нерсе сизге жагымдуу экенин кантип билет! Демек, бааланбаган нерсе колдон чыгып кетет!

Эржигит таң калып унчукпай туруп калды. Аңгыча оң жактан шкаф-мебелдин тартмасы бери ачылгандай болуп кетти. Эржигит башын буруп карап калды. Табуретка-отургучту элестеткен үстү тегиз курулма бетинде колго тагынчу саатка окшош көк жылтыр түстөгү билерик менен ошол түстөгү шакек турат.

— Бул сизге бизден белек. Бул буюмдардын сырдуу өзгөчө функциялары бар.

— Чоң ракмат! Мени бир нерсе ойлонтуп жатат, аны айтсам болот бекен?

— Болот. Айта бериңиз

— Мына мен азыр түшүп калам кемеден. Кеме кайда учуп кетет.

— Кеме учпайт, кеме ушул зор тоонун аска-зоолорундагы шахтада консервация режиминде сакталып кала берет. Анткени кемени жараткан цивилизациянын эң акыркы эрк-буйругу ушундай болгон! Буйрук так аткарылышы керек.

— Ушуну менен бүттүбү? Биз кайра жолуксак болбойбу?

— Ооба, бүттү. Кайра жолугуунун зарылчылыгы жок. Сизге кеме эшик ачып кабыл алды, мен өз кызматымды аткардым.

Эржигит мына азыр кемеден сыртка чыкканда кеме түбөлүккө кош айтышып учуп кетээрин элестетти. Элестетти да өзүнүн ай-ааламда жапжалгыз экендигин даана туюн-сезип эчкирип ыйлап жиберди.

“Мен, мен”, — деп ушул жагымдуу сырдуу үнгө бардык арманын айткысы келген жаш жигит токтой албай буулугуп ыйлап жатты. Эмнегедир ыйлап жатканда бир нерсени так түшүндү. Көрсө, ал атасы менен апасынын ажырашып кеткенине дайыма өкүнүп жүрөт экен! Ал атасын да, апасын да жүрөк-жүрөгүнөн жакшы көрөт экен!

Ошол эле мезгилде дагы бир ачуу чындыкты түшүндү. Баамдаса, атасы менен апасы бир нерсени аңдабай калышыптыр. Атасы өзүн, апасы өзүн ойлонуп, бирок экөө тең биригип тестиер баланы такыр эске алган эмес турбайбы. Ал, тестиер бала, бир мезгилде атасынан да, апасынан да ажырап жатканын эстеп-ойлоп койбоптур экөө тең! Экөө тең бир мезгилде бири бирин таштап, бирок экөө тең бирдей баланы таштап кетишкен экен…

Ооба, дал ушул кайыптан бүткөнсүгөн сырдуу кеме менен коштошуу учурунда көп-көп нерселерди таамай түшүнө алды. Ушул кеме менен кош айтышуу мынчалык оор болоорун билген эмес экен ал. Жылдыздарга учуруп келген кеме, жансыз нерсе, ушундай да жакын болуп калабы!

Байыркы учак-кеменин интегралдык аң-сезими менен эс-тутуму Эржигиттин жалгыздыктан жапа чегип жүргөнүн түшүнүп жетти. Түшүнүп жетти да ушул жүрөгүнөн зил кетип эчкирип ыйлаган жигитти сооротуп, көңүлүн көтөрүш үчүн дагы бир белек тартуу кылууну чечти кемедеги мээримдүү “акыл-эс”. Калп айтууну билбеген жана дайыма “сиз” деп сүйлөгөн үн, эрк, аң-сезим үчүн ушул адам адамзаттын эң сонун өкүлү эле.

Кеме бут кийим “тартуу кылды” Эржигитке. Кемеге киргенден бери кирзи өтүкчөн экендигине ичинен уялгансып жүргөн болучу.  Сезимтал, байкамчыл, кыраакы жана акылман кемедеги “акыл-эс” бул адам мыкты бут кийимге муктаж болсо керек деген ой-божомолго келген.

— Сизге дагы бир белек бар, — деди бөтөнчө сүйкүм менен сүйлөгөн жагымдуу үн, — бул бут кийим, сиздердин тил менен образдуу мүнөздөп айтканда, “отко күйбөс, сууга чөкпөс” мыкты бут кийим эч качан эскирип сапатын жоготпогон…

— Чоң рахмат, — деди чындап соолуга түшкөн Эржигит.

— Анда эмесе сизге бул белек-буюмдардын функциялары менен аткара алчу кызматтарын кыскача тааныштырып өтөйүн. Бул буюмдардын ар бири өзүнчө жана алардын комбинациясын бир мезгилде колдонсоңуз төмөнкү пайдаларды көрөсүз …

Эржигит жагымдуу үндүн бул демилгесине ичинен ыраазы болду, анткени алар кандай кызмат аткараарын сурап алуу анын эсинде жок эле. Ал көз жашын билеги менен аарчыганча кунт коюп угуп турду. Жагымдуу үндүн мисал катары айткан “афоризм-макалы” ага тиешеси бар болуп, берилген белектерди эстүүлүк менен колдон жана сыр айтпа дегени турбайбы! Ичинен өмүр бою элге, жерге, адамзатка ак адал эмгегимди арнайм деп ичинен өзүнө өзү убада берди. Бул белектердин ага ыйгарылышы алдын ала ага болгон ишеним экендигин түпөйүл сезип турду. Жагымдуу үн зарыл маалыматты айтып болду. Ошондо минтип айтып калды:

— Баарына ыраазымын. Сиздер этият болуп коопсуздук талаптарын сактаңыздар.

— Макул. Сизге да ыраазычылык билдиребиз. Сиз эмнелерди айткыңыз келип турганын толук түшүнөбүз. Сиз эч камтама болбоңуз. Ишениңиз жана билип коюңуз: миң-миңдеген жылдар арасында пайда болуп, кайра жоголуп турган жаңы аң-сезимдерди алып жүрүүчүлөрдүн алдыңкы технологиясы болобу же күчтүү сыйкыры болобу – биздин кемени Олокон тоо аска-зоолорунун ичинен түк табалбайт. Маскировканын жеткен бийик чокусунан ашкан технологияны пайдаланып жашырынып калууну камсыздаган мүмкүнчүлүктөр кемеде бар. Сиз өзүңүз буга күбө болдуңуз.

— Анда эмесе кайыр кош.

— Кош болуңуз, сизге аманчылык каалайбыз.

Эржигит кемеден түшүп калды. Мизилдеген көк муз ыраң металлдан жасалган сүйрү кеме жай каалгып жогору карай учту да эбегейсиз зор аска-зоодон ары ашып алыстап кетти. Эржигит бир саамга унчукпай туруп калды. Болуп өткөнгө бир ишенсе, бир ишенбей кетет. Бирок колундагы белек-буюмдарга түнкү үрүл-бүрүлдө үңүлө карап алды да укмуш сонун саякат-сапар чындап болуп өткөнүнө ынанды.

Өзүн бактылуу сезген Эржигит пас жайык дөңсөөдөн түшө берген этекте, жол боюнда обочолоно жалгыз турган үйүн алыстан көргөндө толкунданып кетти. Үйдүн короосунда жанып турган чырактын жарыгы ушунчалык кооз! Сырдуу көрүнүп жалт-жулт жанган лампочка тимеле бирдемкелерди шыбырап айткысы келгендей. Күчүнө күч, кубатына кубат кошулгандай болгон Эржигиттин таштаган кадамдары тездеди.

Үйгө жеткенче таң агара баштады. Таңкы үрүл-бүрүлдө чоң энесиние жол карап турганын көрүп, чуркап жөнөдү. Чоң энесинин алдын ала сезип-билип жол боюна чыгып зарыга күтүп турганын кара! Жакшы түшүн оңго жоруган акылман аял ойгонгон боюнча кайра уктай албай койгон болучу. Асманга учуп, жылдыздарды багынтып, ай-ааламга саякаттап келген небересин биринчи болуп чоң энеси көрүп калды. Жете келгенде чоң энеси каргылданган үнү менен:

— Берекетим менин! – деп небересин бекем кучактап буркурап ыйлап жиберди.

Аңгыча короо төрүнөн бат-бат басып чоң атасы келип “Бар экенсиң го балам, Аллага шүгүр!” деп Эржигитти бекем кучактап көпкө туруп калды. Анан ал неберсин жакындан кунт кунт коюп тиктеп алды да ыйлаганын жашыргысы келгенсип үйдүн ичине кирип кетти.

— Баса, сүйүнчү балам,  — деди чоң энеси, — атаңдар да кайтып келишкен…

Эржигиттин чон атасы совхоздун, эсеп-кысап бөлүмдөрүндө иштеп башкаруучулук тажрыйбасы мол демилгеге бай адам эле. Ошол киши өз үй-бүлөсүндө өзү каалаган тартиптерди киргизип, анча-мынча эскиден калган адаттарды жокко чыгарып таштаган. Мисалы, ал неберелерин “Чоң ата”, “Чоң эне” дедиртип ар бир небере өз атасын “ата”, ал эми апасын “апа” деп айтканга көндүргөн…

Укканды толук аңдай электе эле үйдүн ичинен чыгып келаткан атасын тааный койду.

— Ата, сизби, — деп атасы менен бекем кучакташып көрүштү.

— Балам, айланайыным, садага болоюнум менин! – деп апасы үйдөн чуркап чыкты.

— Апа! – деп жаш баладай болуп ыйлап апасын кучактай калды.

Атасы менен апасынын кучагында туруп, алардын кармашкан колдорун көрдү да жүрөгү мелт-калт кубаныч-шаттыкка толо түштү. Эмнегедир үшкүргөндөй чукул дем алып,  мукактанган добушу менен “ата” деп атасынын бетинен, “апа” деп апасынын бетинен өөп алды…

Дал ушул учурда тоолордун үстүнөн Күн жаркырай көтөрүлө берди. Тоолор менен адырлар, алыста мунарыктаган талаа-түздөр жана шыйпырлары сай ташындай агарган үйлөрү бар айылдар – баары жарык нурга бөлөндү да калды. Күнөстүү жашыл өрөөн, укмуш кооз кулпуруп, өңүнө чыга түштү.  Жайык дөңсөөдөн түшө берген этекте, жол боюнда турган үйдүн короосунда сагынып калган атасы менен апасын кучагына батырган жигит ийиндери солкулдап сүйүнүчтөн ыйлап жатты. Балдары менен небересине жүрөгү эзилген чоң эне жоолугунун чети менен көз жашын аарчып, ак чыныга тунук суу сузуп небересине карай басып келатты…

Бөлүшүү