МУЗЫКАЛЫК САБАТТУУЛУКТУН МЕКТЕПТЕГИ РОЛУ

  • 25.12.2024
  • 0

Жылды жыйынтыктап жатып биз да музыканын мектептеги ролу жөнүндө учкай сөз кылалы деп турабыз. Өлкөбүздүн билим берүү системасын трансформациялоо азыр актуалдуу маселелердин бири. Мектептин предметтеринин мазмунун өзгөртүү менен бирге билим берүүгө болгон мамилени да өзгөртүү зарыл. Табигый илимдерди гана өнүктүрбөстөн, эстетикалык тарбияны, анын ичинде музыканы да өнүктүрүү жөнүндө сөз кыла турган мезгил келди.

МУЗЫКАЛЫК САБАТТУУЛУКТУН МЕКТЕПТЕГИ РОЛУ

Музыкалык сабаттуулук – бул музыканы кабыл алуу, түшүнүү жана жаратуу. Бүгүнкү билим берүү шартында анын мааниси жөн гана ноталарды жана аккорддорду билүү менен чектелбейт. Музыкалык сабаттуулук угуу, ыргак, ырдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле музыкалык чыгармаларды талдап, эмоцияны музыка аркылуу билдирүү жөндөмүн камтыйт. Мектепте билим берүүдө музыкалык сабаттуулук негизги орунду ээлеп, окуучунун эстетикалык элесин гана эмес, жалпы таанып билүү жана эмоционалдык чөйрөсүнө да таасирин тийгизет.

Музыка адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Мектепте музыкада гана эмес, жашоонун башка тармактарында да пайдалуу болгон бир катар көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет. Музыкалык сабаттуулук угуу эс тутумун, көңүл бурууну, концентрацияны өнүктүрөт, ошондой эле сүйлөө жана когнитивдик жөндөмдөрдү жакшыртууга жардам берет. Окуучулардын маалыматты кабыл алуу жана талдоо жалпы жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет.

  1. Когнитивдик функцияларды өнүктүрүү. Окумуштуулар музыка мээнин түрдүү бөлүктөрүн активдештирип, эс тутумду жана көңүл бурууну, ошондой эле маселелерди талдоо жана чечүү жөндөмүн жакшыртаарын көптөн бери байкашкан. Мисалы, музыканы окуганды үйрөнүү текстти түшүнүүнү жакшыртууга жардам берет, ал эми угуу кабылдоосунун өнүгүүсү кепти кабылдоо жөндөмүнө таасирин тийгизет.
  2. Социалдык көндүмдөр. Музыкалык класстар көбүнчө хор, оркестр же ансамбль сыяктуу топтук иш-аракеттерди камтыйт. Бул командада иштөө көндүмдөрүн, жоопкерчиликти жана тартипти өнүктүрүүгө жардам берет. Музыка аркылуу балдар команда болуп иштөөгө, эмоцияларды бөлүшүүгө жана бири-бирине колдоо көрсөтүп, толеранттуулукка үйрөнүшөт.
  3. Эмоционалдык өнүгүү. Музыка сезимдерге таасир этүүчү күчтүү курал. Музыкалык класстар эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө жана балдарга өз сезимдерин билдирүүгө жана башкалардын сезимдерин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле психологиялык ден соолукту чыңдоого жана стрессти жана тынчсызданууну азайтууга жардам берет.

Инсанды калыптандырууда музыкалык сабаттуулуктун ролу абдан чоӊ. Мектепте музыкалык билим берүү окуучунун инсандыгын, анын ички гармониясын жана оюн билдирүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө таасирин тийгизет. Музыкалык сабаттуулук чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, ал искусство болобу, илим болобу, техника болобу, жашоонун ар кандай тармагында зарыл. Ошондуктан, азыркы билим берүүнүн тренди болгон STEAM билим берүүсүндө музыка жана искусство алдыӊкы орундарда турат.

Мындан тышкары музыка окуучуларды дүйнөлүк жана элдик музыканын бай мурастары менен тааныштыруу аркылуу алардын маданий көз карашын кеңейтип, эстетикалык сезимин жана табитин өстүрүүгө жардам берет. Ар кандай музыкалык стилдерди жана маданияттарды билүү окуучуларга толеранттуулукту жана дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн урматтоого жардам берет.

Мектептик билим берүү стандарттарынын алкагында музыкалык сабаттуулук теориялык билимди гана эмес, практикалык көндүмдөрдү да камтыйт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, музыканы үйрөнгөн балдар аналитикалык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү аркылуу математика жана тил сыяктуу башка предметтер боюнча да чоң ийгиликтерге жетишет.

Музыка предметинин алкагында бала бакчада жана башталгыч мектепте ырдалчу кыргызча жана орусча ырлардын үлгүлөрүн келтирели:

Кыргызча:

  • «Ай бүлдүркөн, бүлдүркөн»
  • «Жөжөлөрүм»
  • «Карагул ботом»
  • «Мамалак» ж. б.

Орусча:

  • «Песенка крокодила Гены»
  • «В траве сидел кузнечик»
  • «Чунга-чанга»
  • «Антошка» ж. б.

Мындан сырткары сөзсүз программада классикалык музыка дагы киргизилиши зарыл. Мисалы:

  • Шуберт: «Серенада»
  • Бетховен: «Лунная соната»
  • Шуман: «Детские сцены»
  • Брамс: «Колыбельная песня» ж. б.

Музыкалык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана чечүү жолдору: Музыкалык билим берүүнүн артыкчылыктарына карабастан, чындыгында музыкалык сабаттуулук көп учурда мектеп программасынын чегинде аяктайт. Квалификациялуу мугалимдердин жетишсиздиги, окуу-методикалык материалдардын жетишсиздиги – көптөгөн билим берүү мекемелеринде кездешкен көйгөйлөр. Кырдаалды өзгөртүү үчүн музыкалык билим берүүнүн абалын жакшыртуу, педагогикалык кадрларды өнүктүрүү жана ар кандай курактагы балдар менен иштөөнүн эффективдүү ыкмаларын түзүү сыяктуу комплекстүү мамиле талап кылынат.

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун алкагында мектептик музыкалык билим берүүнун абалын жакшыртууга чоӊ иштер алдыга коюлган. Мисалы, студенттердин билимин жогорулатуу, бала бакчада жана мектептеги музыка сабактарын жогорку деӊгээлде өтүүгө, жаӊы ыкмаларды үйрөнүп, музыка предметинин алдыӊкы мугалимдери болууга салым кошуу.Мындан тышкары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү үчүн окуу колдонмолорду иштеп чыгуу, замандын талабына ылайык компетенттүү жана чыгармачыл педагог адистерди даярдоо ж.б. кирет.

 

У.МАМБЕТАКУНОВ,  

педагогика илимдеринин доктору, профессор, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору

Н. АБДИГАПАРОВ,

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун «Музыка» бөлүмүнүн башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер