МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ: КООМДУК ТАЛКУУДАН УКУКТУК ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ЧЕЙИН
- 17.04.2026
- 0
Акыркы учурларда коомчулукта мугалимдердин кадыр-баркы тууралуу кызуу талкуу жүрүүдө. Буга бир катар чуулгандуу окуялар себеп болду: окуучусу кол көтөрүп ооруканада дарыланып чыккан Бишкек шаарындагы №83 мектептин балдарды аскерге даярдоо мугалими Болотхан Карибжановдун окуясы, Ош шаарында ата-эненин мугалимге кол салганы, ошондой эле жөн гана баа үчүн мугалимдин үстөлүн тепкилеген окуучулардын видеосу коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Бул көрүнүштөр билим берүү системасында гана эмес, жалпы коом мугалимге аяр мамиле кылууга жана коргоого алууга муктаж экендигинен коңгуроо кагат. Ошондой эле билим берүү кызматкерлерине кол көтөргөн учурда күнөөлүүгө жаза берүү чараларын катуулатуучу мыйзам керек экендигинен кабар берет.
Мындай окуялар “Кыргызстанда мугалимге кол көтөргөндөргө карата атайын, так жаза жетиштүүбү?” деген суроону жаратпай койбойт. Ушундан улам башка мамлекеттерде бул маселе кандай жөнгө салынарына жооп издеп көрдүк.

Жалпысынан алганда, көпчүлүк өлкөлөрдө мугалимге кол көтөрүү жөн гана тартип бузуу эмес, олуттуу мыйзам бузуу — кылмыш катары каралат. Мугалим кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда мамлекеттик же коомдук кызматкер катары өзгөчө укуктук коргоого ээ болот. Ошондуктан мындай аракеттер көбүнчө “денеге залал келтирүү”, “кызмат адамына кол салуу” же “коомдук тартипти бузуу” беренелери менен бааланат. Маанилүүсү — окуя мектеп ичинде болгонуна карабастан, ал толук кандуу укуктук жоопкерчиликке алып келүүсү зарыл.
Мисалы, АКШда мыйзамдар штаттарга жараша айырмаланганы менен, мугалимге кол көтөрүү (“assault” же “battery”) катары каралып, кылмыш иши козголот. Айрым учурларда бул оорлотулган кылмыш катары бааланып, айып пул, коомдук иштер же камак жазасы колдонулат. Окуучулар мектептен чыгарылып, жашы жеткендер түздөн-түз сот жоопкерчилигине тартылат.
Улуу Британияда мугалимге кол салуу ачык түрдө кылмыш болуп эсептелет. Мындай учурда айып пулдан тартып, бир нече жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Окуучулар мектептен чыгарылса, ата-энелер да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Германияда мугалим мамлекеттик кызматкер катары корголот. Ага кол көтөргөндөргө 5 жылга чейин эркинен ажыратуу же ири өлчөмдөгү айып пул салынат. Ошол эле учурда жашы жете элек окуучулар менен социалдык кызматкерлер иш алып барып, реабилитация маселеси да каралат.
Японияда мындай учурлар сейрек кездешет. Себеби мектеп тартиби жана коомдук жоопкерчилик өтө жогору. Эгер мугалимге кол көтөрүү окуясы катталса, окуучу дароо мектептен чыгарылып, ата-эне коом алдында жооп берет. Көп учурда маселе сотко жетпей эле коомдук жана тарбиялык деңгээлде чечилет.
Кошуна Казакстанда акыркы жылдары мугалимдин статусу мыйзам менен бекемделип, ага кол көтөргөндөргө айып пул же камак жазасы каралган. Окуучулар мектептен чыгарылып, ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылат.
Ал эми Кыргызстанда мугалимге кол көтөргөн же анын кадыр-баркына шек келтирген адамдарга биринчи кезекте административдик жоопкерчилик каралган. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча, мугалимдин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу, аны мазактоо же орой мамиле жасоо укук бузуу катары бааланат. Мындай учурда жеке адамдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул салынат. Эгерде бул жорук бир жыл ичинде кайра кайталанса, айып пул 5000 сомго чейин көбөйтүлүп, кошумча түрдө 3 суткадан 5 суткага чейин административдик камакка алуу жазасы колдонулушу мүмкүн.
Эгерде окуя оорураак мүнөзгө ээ болуп, мугалимге карата физикалык күч колдонулса, анда иш кылмыш жоопкерчилигине өтөт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси боюнча, мындай аракеттер “бейбаштык” же “денеге зыян келтирүү” беренелери менен каралат. Зыяндын оордугуна жараша күнөөлүү адамга ири өлчөмдөгү айып пул салынат же эркиндигинен ажыратуу жазасына чейин жетиши мүмкүн.
Өзгөчө көңүл буруучу жагдай — жашы жете электердин жоопкерчилиги. Эгерде мугалимге кол көтөргөн же аны кемсинткен адам 12 жаштан 16 жашка чейинки окуучу болсо, анда жоопкерчилик анын ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөт. Аларга 2000 сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган.
Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, көпчүлүк өлкөлөрдө үч негизги механизм иштейт: мектептик дисциплинардык чаралар, административдик же кылмыш жоопкерчилиги жана коомдук реакция. Башкача айтканда, маселе бир гана мектептин ичинде чечилбестен, мыйзам, коом жана ата-эне биргелешип жооп берет.
Мисалдарда көрсөткөндөй, мугалимге кол көтөрүү — бул жөнөкөй тартип бузуу эмес, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан олуттуу укуктук маселе. Өнүккөн өлкөлөрдө мугалимдин статусу мыйзам менен так корголот, билим берүү чөйрөсү коопсуз аймак катары каралат жана эң башкысы — жоопкерчилик сөзсүз болот.
Кыргызстанда да бул маселе актуалдуу бойдон калууда. Учурда окуучусу кол көтөрүп ооруканада дарыланып чыккан Бишкек шаарындагы №83 мектептин мугалими Болотхан Карибжановго байланыштуу окуяга укуктук баа берилип жатат. Бул иштин жыйынтыгы коомдо чоң талкуу жаратып, билим берүү кызматкерлеринин укугун коргоо канчалык деңгээлде камсыздалып жатканын көрсөтчү маанилүү мисал болуп калары шексиз.
Демек, бүгүнкү күндө негизги суроо — мугалимди ким жана кантип коргойт? Бул суроого жооп табуу үчүн мыйзамдык чаралар менен катар коомдук аң-сезимди өзгөртүү да зарыл. Анткени мугалимге болгон мамиле — бул жөн гана бир кесипке эмес, келечек муунга болгон мамиле.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА “Кут Билим”
Комментарийлер