МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

  • 24.01.2023
  • 0

Бишкек шаарынан 100гө чукул англис тили мугалими 20-21-январда  Кыргызстан эл аралык университетинин филология кафедрасы уюштурган эки күндүк семинарга катышып, сабакта санарип технологияларды колдонуу боюнча зарыл билимдерди алышты.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Кыргызстан эл аралык университети санарип технологияларын окуу процессинде заман талабына жараша колдонууда көп окуу жайлардан алдыда баратканын мурда угуп жүрчүбүз. Бул жолу  өз көзүбүз менен күбө болуп кайттык.
Бишкектин күн чыгыш тарабындагы айтылуу «Форум» медиаборборунун​ жанындагы алты кабат заманбап имарат Кыргызстан эл аралык университетинин жаңы окуу корпусу экен. Көрүп көзүбүз ​ кубанды. Америкада жүргөндөй болдук.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Кабаттан-кабатка чыкчу тепкичтери -​ кенен, ыңгайлуу. Ар бир кабатка көтөрүлгөндө эле кайсы кабатта жүргөнүңдү билдирген «1», «2», «3», «4» жана «5» сандары бет маңдайыңда күйүп турат.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Алтынчы кабатта ремонт иштери жүрүп жатыптыр. Жумушчулар жакын арада мугалимдер үчүн лифт пайдаланууга берилерин айтышты. Бешинчи кабаттагы жарашыктуу дизайнда жасалган жарым айнектүү каалгалардан ар биринде болбосо да, көпчүлүк аудиторияларда интерактивдүү доска менен окутуучунун столунда компьютер коюлганын байкадык. Ушул эле жерден лингофондук кабинеттерди, компьютер класстарын көрө алдык. Иши кылып жаштарга доорго жараша билим берүү үчүн окуу жайда бардык шарттар түзүлүптүр. Блок парталардын, олтургучтардын, маркердик доскалардын баары жапжаңы экенине, окуу бөлмөлөрүнүн, аудиториялардын жыпжылуу болгонуна журналист катары ичибиз жылыды.
Бизди 5-кабаттан  Кыргызстан эл аралык университетинин Филология кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, “Котормо жана Семиотика” илимий мектебинин негиздөөчүсү Зина Караева жылуу тосуп алды. Анан Зина Караевна менен чогуу аудиторияларга баш бактык.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Биринде ага окутуучу Венера Абышкаева, башкасында Гүлнара Акунова жана америкалык окутуучу Венди Финлейсон  шаардын мугалимдерине  семинар өтүүдө. Ыктыярчы сабактагы интерактивдүү оюндарды коридордо улантты.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Катышуучулар анын ар бир берген тапшырмасын кыймылдар аркылуу так аткарып,  англис тилинде өздөрүн да кыска-нуска тааныштырып өтүштү.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Жаңы билимге суусап келген мугалимдерди байкатпай сүрөткө тартып алдык. Жаш мугалимдер менен катар эле улуу курактагы эжейлердин жүргөнү бизди кубандырды. Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу №60 орто мектептин ардагер мугалими Сартаева Мария — мына ошол улуу муундун өкүлү.

-Менин алтымыштай сертификатым бар. Ошолорду кучактап олтура бергим келбеди. Жаңы билим деген жаңы билим да! Бир жагынан азыркы окуучуларга сабак бериш мугалимден көп даярдыкты талап кылат, анткени балдар санарип жагынан бизден алдыда баратат. Өзүм билбеген усул-ыкмалардан бирди болсо да, үйрөнүп кетейин деп келдим, — дейт ​ эс алууга чыкса да англис тилинен сабак берген тажрыйбалуу педагог.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Дагы бир катышуучу Жуманалиева Жыпаргүл шаардагы №79 орто мектептен келиптир. Өз ишине зарыл усулдарды үйрөнгөнүн айтат.

-Эки күндөн бери катышуудабыз. Бул семинар мага абдан жакты. Окуучуларга англис тилин шыр үйрөтүү үчүн мыкты усулдарды үйрөндук. Эми буларды өз сабагыбызда пайдаланып, окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө​ өбөлгө түзөбүз, — деди Жыпаргүл Аскаралиевна.

Эки күндүк семинарга орто мектептин мугалимдери менен биргеликте  ​ЖОЖдордун окутуучулары да катышууда. Арасында Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун лингвистика жана компьютердик технология факультетинин окутуучусу Сатыкулова Зулфия бар.

— Аябай кызыктуу өтүп жатат. Мага жакканы тренерлердин оюн аркылуу англис тилин үйрөтүүнүн өтө оңой жолдорун көрсөтүп беришкени болду, — деди Зулфия Шекербековна.

Ошентип, бул күнү 97 мугалимге үч тренер сабак өттү. ​ Кыргызстан эл аралык университетинин филология кафедрасынын ага окутуучусу, тренер Абышкаева Венера жылдан-жылга мугалимдердин жаңы билимдерди алуу каалоосу жогорулап баратканын кубануу менен белгиледи.

​ -Семинарга ар кайсы аймактардан, Бишкек шаарынан көптөгөн мугалимдер келишти.  Буга абдан кубандык. Мен экинчи жылы мектеп мугалимдерине​ семинар өтүп жатам. Жылдан-жылга мугалимдердин өз кесибин терең билүү каалоосу жогорулап баратканы​ кубандырат. Азыр санарип билим берүүгө байланышкан материалдар жетиштүү санда деп ойлойм. Эки күн бою биз, тренерлер, мугалимдерге эң керектүүлөрүн берүүгө аракет кылдык, — дейт Венера Молдокуновна.

МУГАЛИМДЕР САНАРИП БИЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Колго аларлык саамалыктан соң бизге филология кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караевна эки күндүк семинардын максат-милдеттери  тууралуу айтып берди.

— Эл аралык университетте филология кафедрасынын башчысы болуп иштейм.  ​Бул жумушка өткөнүмө эки-үч жыл  болду. Бизде университетте филологиялык билим берүүгө байланышкан эки шифр бар. Бири филологиялык билим берүү деп коет, ЖОЖдордо мугалимдерге методиканы окутуу, экинчиси ошол үйрөнүп жаткан тилдердин адабиятын студенттерге кошо жеткирүү болуп эсептелет. Ошондуктан бул — баалуу кесип. Дегеле балдарды чет тилдерге үйрөткөндө, жугумдуу ыкмаларды колдонушубуз керек. Ал ыкмалар кыргыз тилин, орус тилин окутууда да бирдей колдонулат.  Эки жылдан бери мектеп мугалимдерин атайын чакырып, семинар өтүп жатабыз. Быйылкы окуу ишинин өзгөчөлүгү аны  өзү америкалык, методиканы жакшы билген кесипкөй окутуучу өттү. Мугалимдер түшкө чейин, түштөн кийин да окуп, жаңы ыкмаларды үйрөнүп жатышты. Эмне үчүн биз мугалимдерге семинар уюштурабыз? Бул албетте билим берүү ишин жакшы билген адамдардын баарына түшүнүктүү деп ойлойм. Мектеп мугалимдеринин кесиптик билимин жогорулатып алсак, ЖОЖдорго окууга өткөн студенттердин билими ойдогудай болот.  Былтыр уюштурганыбызда 50 мектеп мугалими катышты эле, быйыл катышуучулардын саны андан эки эсеге көп болду. Өткөн жылы Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан  биздин демилгени Аэлита Алибекова колдосо, бул жолу Айнура Жанышевна чоң жардам берди, — дейт семинардын демилгечиси Зина Караевна.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер