МУГАЛИМДЕРДИН ПЕНСИЯСЫ ЖАНА МУУН АЛМАШУУ

  • 21.05.2026
  • 0

Кыргызстанда пенсия курагына жеткен мугалимдердин эмгек укуктары, алардын айлык акы алуу тартиби жана жумушта калуу-калбоо маселеси — бүгүнкү күндө коомдогу эң актуалдуу жана кызуу талкууланган темалардын бири. Кыргызстандын мектептеринде 10 миңден ашуун пенсия курагындагы мугалимдер эмгектенет.

МУГАЛИМДЕРДИН ПЕНСИЯСЫ ЖАНА МУУН АЛМАШУУ

 Пенсионерлер мектептин тиреги

Кыргызстандын билим берүү системасында кадрлардын жетишсиздиги жана алардын картаюу процесси бир эле учурда курч көйгөйгө айланды. Бир тараптан, жаш адистердин мектептерге барбай жатышынан улам пенсионер мугалимдер билим берүүнүн тиреги болуп келет. Экинчи жактан алсак, «пенсионерлер жаштарга орун бошотсун» деген пикирлер да байма-бай айтылып жүрөт. Бирок бул маселенин укуктук тарабын карап көрөлү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жарандын пенсия курагына жетиши (аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш) аны жумуштан бошотууга негиз боло албайт. Себеби Мыйзам боюнча курагына карап жумуштан бошотуу — бул дискриминация (кемсинтүү). Мугалимдин ден соолугу чың, кесиптик деңгээли жогору жана өз каалоосу бар болсо, ал пенсияга чыккандан кийин да эмгек ишмердүүлүгүн чектөөсүз улантууга толук укуктуу.

Айрым учурларда мектеп жетекчилиги пенсия курагындагы мугалимдер менен мөөнөтсүз эмгек келишимин мөөнөттүү келишимге (мисалы, 1 жылдык) өзгөртүү маселесин көтөрүп келишет. Бул эки тараптын тең макулдугу менен гана ишке ашуусу керек. Бирок айрым учурларда көз көрүнөө эле кодулоо иштери жүрүп келатканын ардагер мугалимдер айтып жүрүшөт. Мыйзам жүзүндө «эжеке пенсияга чыкты, демек, дароо жумуштан кетиши керек» деген талап жок жана болушу да мүмкүн эмес.

Агартуу министрлигинин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Малик Жаныбек уулунун берген маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык  билим берүү уюмдарында эмгектенген пенсия курагындагы кызматкердин пенсия курагына жетиши жана пенсия алуусу эмгек мамилелерин токтотуу үчүн өз алдынча негиз болуп эсептелбейт. Билим берүү уюмдарында эмгектенген пенсия курагындагы кызматкерлер башка кызматкерлер менен бирдей эмгек укуктарына жана кепилдиктерине ээ. Аларды жаш курагына же пенсия алуусуна байланыштуу гана жумуштан бошотууга, эмгек укуктарын чектөөгө же башка терс мамиле жасоого жол берилбейт.

— Пенсия курагындагы кызматкерлер менен эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жалпы негиздерде улантылат. Эмгек келишимин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда жана тартипте гана жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында эмгек чөйрөсүндө кодулоого жол берилбөө принциби каралган. Жарандардын эмгек укуктарын жана эркиндиктерин жаш курагына, социалдык абалына жана кызматкердин иштик сапаттарына байланышпаган башка жагдайларга жараша чектөөгө жол берилбейт. Ошондой эле пенсия курагындагы мугалимдер билим берүү системасында өзгөчө мааниге ээ. Алардын көп жылдык тажрыйбасы, кесипкөйлүгү, тарбиялык салымы жана жаш муунга көрсөткөн өрнөгү окуучулардын ар тараптуу калыптанышына чоң таасир берет. Мындай мугалимдер улуттук баалуулуктарды, адеп-ахлактык принциптерди, улууну урматтоо жана мекенчилдик сыяктуу сапаттарды жаш муунга сиңирүүдө маанилүү ролду аткарышат. Пенсия курагындагы педагогдордун билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгү жаш муунду толук кандуу тарбиялоого, коомдогу руханий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, ошондой эле муундар ортосундагы тажрыйба жана тарбиялык салттардын үзгүлтүксүз уланышына өбөлгө түзөт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында эмгектенген пенсия курагындагы кызматкерлер башка кызматкерлер менен бирдей негизде эмгек ишмердүүлүгүн улантууга укуктуу жана пенсия курагына жетүү өз алдынча жумуштан бошотууга негиз боло албайт, — деди Малик Жаныбек уулу.

Пенсионерлер айлыкты кандай алышы керек?

Бул маселеде коомдо эң көп жаңылыш түшүнүктөр жаралат. Кээ бирөөлөр «пенсия алгандан кийин айлыкты жарым-жартылай же азыраак алыш керек» деп ойлошот. Бирок мыйзамда белгиленгендей,  пенсионер мугалим иштеген сааттары (ставкасы), ставкасынын баасы, категориясы жана стажы үчүн берилүүчү бардык үстөктөрдү башка мугалимдер менен бирдей, толук көлөмдө алууга укуктуу. Пенсионер болгону үчүн анын айлыгын кыскартуу мыйзамсыз.

Иштеп жаткан пенсионер мугалим өзүнүн эмгек стажы үчүн чегерилген пенсиясын да, мектептеги айлыгын да 100% толук алат.

Айлык акыны эсептөөдөгү маанилүү жагдайлар, мугалимдин айлыгы анын курагына эмес, өткөн сааттарынын санына, апталык сааттык жүгүнө, жогорку, биринчи же экинчи категориясына, стажына карата чегерилет.

Мугалим канчалык көп жыл иштесе, айлыгына кошула турган пайыздык үстөк (выслуга лет) ошончолук жогору болот. Демек, пенсионер мугалимдин айлыгы, эреже катары, жаңы келген жаш мугалимдикине караганда жогору болот.

Укуктук жактан баары так болгону менен, пенсионерлер  маселеси  коомдо дайыма талаш-тартыш жаратып келет.

Эмне үчүн?

Биринчиден, пенсиядагы мугалимдердин тажрыйбасы зор. Методикалык базасы күчтүү, окуучулар менен тил табыша алат. Анан калса кадр тартыштыгы маселеси да ушул мугалимдердин эсебинен жабылып жатпайбы?!  Буга чейин көп жаштар айлык акынын аздыгынан мугалимдик кесиптен баш тартып келишкен. Эми айлык көбөйгөндөн кийин, албетте, жумуш ордун талашуу маселеси биринчи орунга чыгат. Бирок күүлүү-күчтүү мугалимди “пенсионерсиң кет” деп эч ким айтууга укугу жок. Ошондуктан кечээ жакында Нарын облусунун жергиликтүү бийлик жетекчилери эл менен жолугушканда пенсионер мугалимдердин маселеси көтөрүлдү.

— Эмгек кодекси боюнча 65 жашка чыккан мугалимди иштен кет деп эч ким айта албайт. Анткени бул жаш мамлекеттик кызматкерлерге гана тийиштүү. Бирок Ат-Башы районундагы бир айылдын пенсия курагындагы мугалимдер айылдык жыйында пенсияга чыккандар бир курак жашты коюп алышкан. Ошол жашка келгенде (мүмкүн 68-70, так айтылган жок. Ред.), ыр-чыры жок, жаштарга орун бошотуп беришет. Бул бир эле мисал, бирок 65 жаштагы агай-эжейлерди эч ким кетире албайт, — деди Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек мырза.

Аксы районундагы Ж.Мамытбеков атындагы №10 мектептин химия мугалими Жээнбүбү Надырбекованын айтымында, мектепте пенсионерлер кодуланбайт.

— Мектепте үч пенсионер иштейбиз. Жумалык жүктөм 12 саат, 0,5 лаборанттык менен 1 ставкада толук жоопкерчилик менен ишке карайм. Биздин мектепте “сен пенсионерсиң” деген сөз жок, жагымдуу маанайда иштеп жатабыз. Үч пенсиядагы мугалимдердин окуучулары райондук предметтик олимпиаданын катышуучулары болду, — дейт ардагер мугалим.

Ошол эле кезде айрым предметтер боюнча, т.а. физика, химия, география, тарых, орус тили, англис тили боюнча айрым мектептерде мугалимдер жетишпейт. Андыктан ал сабактарды айрым пенсияга чыккан мугалимдер 1,5 ставка менен иштешет. Алсак, Бишкек шаарындагы №72 мектепте иштеген көп жылдык тажрыйбага ээ тарых мугалими Гүлнара эжей учурда 26 саат менен иштейт.

— Тарых сабагынан мугалим жок. Айласыздан 1,5 ставка менен иштегенге туура келет. Бир эле сабак менен чектелбей окуучуларымды ар кандай долбоорлорго катыштырып турам. Жакында эле бир сынакка катышып, жеңиш менен кайттык. Балдарым так, орундуу сүйлөгөндү үйрөнүштү. Мектепте башка кесиптештерим иш-чара өткөргөндө менин окуучуларымды алып баруучулукка сурап алышат. Окуучуларымды чечендикке, лидерликке даярдап келем, — дейт ардагер мугалим.

Советтик мезгилде билим алган эжей-агайлардын айрымдары жаңы технологияларды, санарип куралдарды (мисалы, AI, электрондук күндөлүк) өздөштүрүүдө кыйынчылыктар болгонун жашырышпайт. Ошол эле кезде өмүр бою мектепте иштегендиктен эмоционалдык жактан чарчагандарын дагы мойнуна алышат (выгорание). Ырас, “жаш келсе ишке, кары келсе ашка” дегендей, жаш адистердин билим очогуна келиши жаңы дем, энергия, жаңы идеялар жана креативдүүлүк басым кылаары бышык. Азыркы доордун мууну – санарип муун болгондуктан, алардын санариптик сабаттуулугу өтө  жогору. Заманбап тренддерди алар бат өздөштүрүшөт. Бирок методика жактан тажрыйбасы аз, чала сабат, сапаттуу билим бералбай жаткандыгын жер-жерлерде айтылып жүрөт. Себеби ЖРТдан эң төмөн балл алгандардын баары педагогикалык факультеттерге тапшырып, жождон да кыйратып билим албай, кайра мектепке жумушка орношот. Кыскасы, тегирмендей айланып эле мектепте, жождо начар окугандар кайра мектеп босогосун атташат. Ошентип, билим сапатынын начардыгы дагы ушунда экенин тажрыйбалуу мугалимдер айтып келишет.

Балдар менен тил табыша албагандыктан көп жаштар мектептен бат эле кетип калуу тенденциясы да жок эмес. Дагы бир талылуу маселе, айрым жетекчилер бош жүргөн, керек болсо дипломдору жок туугандарын жумушка алып, аларга саат берип, ыйык кесиптин баркын кетирип жаткандар четтен чыгат. Мындай жетекчилерге мыйзам чегинде чара көрүү мезгили жетти. Себеби педагогиканы, психологияны окубаган, керек болсо түшүнө кирбеген үчүн кичинекей 6-7 жаштагы окуучуларга кол көтөргөн учурлар катталып жүрөт. Кечээ жакында эле Гүлзат аттуу кошуна келин телефон чалып, 7 жаштагы баласын дене тарбия мугалими баштан ары чапкан экен. Баласы эми сабакка баргысы келбей жатканын билдирди. Негизи эле  мектепке балдарды гана сүйгөн, кесипкөйлөр келиши зарыл экенин коомчулук жакшы билет жана түшүнөт.

 Маселени чечүүнүн оптималдуу жолдору кандай?

Радикалдуу түрдө баарын жумуштан кетирүү же баарын эски нукта калтыруу — экөө тең туура эмес жол. Бул жерде мамлекет жана Агартуу министрлиги ийкемдүү ыкмаларды колдонушу керек экенин эксперттер айтышууда. Ириде, насаатчылык институтун (менторлук) күчөтүү зарыл. Илгери мен окууну бүтүп, жумушка киргенде эле улуу муундагы эжени мага насаатчы кылып бекитишкен. Ал кишиден мен көп нерсени үйрөнгөм. Бирок ал эжейдин саатын кыркып, мага беришкен эмес. Мага турулуу саатты чегерип, ошонун негизинде иштеп келгем.

Эми 45-50 жыл иштеп койгон агай-эжейлер өздөрү деле чарчап, кичине эле саат болсо, келип-кетип, эл менен баарлашып турсак деген ойлорун билдиришүүдө. Эн башкысы азыркы муун менен илгеркилерди салыштырууга болбойт. Санарип муун менен тил табуу тажрыйбалуу мугалимдерге дагы кыйын болуп калды. Азыркы балдар өтө агрессивдүү келип, керек болсо улуу муундагыларга кол көтөрүп жиберген учурлар катталууда. Андыктан жетекчилер пенсионер мугалимдерди толук ставкада иштетпей, аларды жаш мугалимдерге багыт берүүчү «насаатчы» катары жарым ставкага калтыруу боюнча келишим түзүү керек дешүүдө адистер. Бул жаштарга тажрыйба өткөрүп берүүгө шарт түзөт.

Мугалимдин жашына эмес, анын бүгүнкү күндүн талабына жооп берерине карап баа берүү керек. Эгер пенсия жашындагы мугалим интерактивдүү такта, заманбап технология  менен иштеп, жаңы методикаларды колдоно алса, ал мектепте калышы керек. Эгер артта калып жатса — сый-урмат менен пенсияга узатуу зарыл экенин айрым ардагер мугалимдер айтышууда.

Пенсиянын көлөмүн жогорулатуу керекпи?

Мугалимдердин пенсияга чыккандан кийин да иштеп жатканынын негизги себеби — пенсиянын аздыгы. Эгер татыктуу пенсия берилсе, көбү ден соолугун карап, орунду жаштарга өздөрү эле бошотуп беришмек. Негизи пенсионер мугалимдер — бул өлкөнүн интеллектуалдык фонду. Алар мыйзам боюнча толук айлык жана толук пенсия алууга укуктуу жана аларды курагы үчүн жумуштан айдоо мыйзамсыз. Бирок, билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн «муун алмашуу» процесси табигый жана жумшак жүрүшү керек. Ал үчүн улгайган мугалимдердин зор тажрыйбасын жаш мугалимдердин энергиясы жана технологиялык сабаттуулугу менен айкалыштырган акылдуу реформалар зарыл экенин адистер айтышууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер