ОшТУДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ТЕМАСЫНДА КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

  • 21.05.2026
  • 0

Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу институту тарабынан университетте коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөргө карата терс мамилени калыптандыруу жана укуктук түшүнүгүн кеңейтүү максатында «Коррупция жана ага каршы күрөшүү» аттуу темада конок лекция-жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Ш.Абдиев, милициянын лейтенанты Б.Нуртажиев жана аймактык ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын улук лейтенанты Ж.Торониязов катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шумкарбек Кутманович Абдиев коррупциянын коомго тийгизген терс таасирлери, анын алдын алуу жолдору жана мыйзамдык жоопкерчиликтер тууралуу кеңири маалымат берип, студенттерди мыйзамдуулукту сактоого, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекем карманууга чакырды.

Ошондой эле лекциянын соңунда студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, ачык пикир алышуу форматында суроо-жооп уюштурулду.

Аталган иш-чара студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана коррупцияга каршы туруктуу жарандык позицияны калыптандырууга багытталды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер