МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН МУГАЛИМ

  • 01.04.2021
  • 0

30-мартта Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Карагулова Бегимбү Төлөновнанын “Мезгил менен тең жарышып адымдап, мен баратам мекен жүгүн аркалап” аттуу областтык семинары болду.

Семинарга областтын район-шаарларынан жалпысынан 70тен ашык кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана методисттери катышты. Семинарды областтык Усулдук борбордун кыргыз тили боюнча жетекчи адиси Жолдошова Жамийла алып барды. Семинар төмөнкү:
1. “Мезгил менен тең жарышып адымдап, Мен баратам мекен жүгүн аркалап…” (жеке презентация, ачык сабак);
2. “Изде мени ырларымдын сабынан…” (поэзия кечеси) аттуу эки бөлүктөн турду.

Алып баруучу семинардын негизги максаты Бегимбү Төлөновнанын педагогикалык иш-тажрыйбасын областтык деңгээлде жайылтуу, мугалимдин балдар менен иштөөдо зор жетишкендиктерин даңазалоо, чыгармачыл адамдын чыгармачыл сабагын жакындан көрүп тааныштыруу экенин айтып өттү.
Ооба, сабак түгөнбөгөн түйшүк, коңгуроодон коңгуроого чейин окуучулар менен жакшы мамилени куруу — бул чыныгы мугалимдин күзгүдөн көрүнгөн, бүтүндөй бир сабактын деңгээлинде байкалган мугалимдин жүзү экендиги талашсыз. Канчалык сабак кызыктуу болсо, ошончолук убакыт билинбей тез өтүп, сабак көп чекиттер менен бүтөрү шексиз. “Жакшы сабактын чекити болбойт, ал илепке, таң калууга, шыктанууга, ойлорго, суроолорго жык толгон көп чекиттер менен гана бүтөт”, — деп улуу педагог Ш.А. Амонашвили айткандай, бүгүн Бегимбү эжейдин сабагы мына ушуга далил болду.

МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН МУГАЛИМ

Ачык сабактын темасы атайын таанытуу үчүн тандалып алынгандай, баатырдын атын алып жүргөн мектептин атына байланышканы да, сырдуу дүйнөнүн табышмагы сымал А. Өмүркановдун “Чолпонбай” поэмасы көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Сабак башынан аягына чейин А. Өмүркановдун өмүр жолу жана “Чолпонбай” поэмасы туралуу кеңири түшүнүк берүү менен “Поэтикалык бөлүнүү”, “Мен актер” оюну, “Баатырды согуш жаратат” баяндамасы, “Сүрөттөр менен саякаттоо” (тексттен көркөм окуу), “Ыр курабыз” (зипгрейд), “Көркөм уютку” (таблица менен иштөө), “Чолпонбайдын элесине” аттуу автордун ыры менен коштолуп, интерактивдүү доскада көрсөтмөлүү иштөө, окуучулардын мугалимге берген кызыктуу суроолору мыкты талкууларды жаратып жатты. «Инсандын мээсине кеткен жол жүрөктөн башталат» демекчи, эжейдин сабагы өтө таасирдүү болуп, айрым окуучулардын көзүнөн жаш акты. Сабак окуучунун сезимин ойгото алды жана башкаларды да кайдыгер калтырган жок. Чыгарманын жалпы мазмунуна, мугалимдин автордук эмгеги өбөлгө болуп, “Чолпонбайдын элесине” аттуу ыр саптары балдардын эргүүсүн жаратты. Сабакта топтор менен иштөө, интерактивдүү методдор, зипгрейд, мээ чабулу ж.б. усулдар колдонулду.

МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН МУГАЛИМ

Чыгармачыл мугалимдин
«Менин мугалимдик өмүр жолум” эмгеги “Изде мени ырларымдын сабынан…” аттуу ыр китеби менен тыгыз байланышта болду. Бизге мугалимдин ар бир өткөн күнү, ой-санаасы мектеп менен байланышкан, жүрөктөн чыккан саптар да ошол мектебине, кесиптештерине, окуучуларынын элесине ширелишкендей туюлду.
«Мен жан сырларымды, педагогикалык бейнемди ырларымдын сабына жанаштырып жашыргам, менин бүтүндөй өмүр таржымалым ырларымдын саптарында”, — дейт автор. Ооба, дал ошондой экендигин бүгүнкү акындын поэзия кечесинде өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Бүтүндөй өмүрү педагогикалык чыгармачылыкка арналган эженин китебиндеги ырлар Мекенге, ата-энеге, классташтарга, окуучуларга, кесиптештерине, мектептеги ар түрдүү иш-чараларга арналганы ар бир сабында айтылып, көркөм шөкөттөлдү.

МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН МУГАЛИМ

Ар бир жакшы адамдын артында калдайган калың журт турат эмеспи, Бегимбү Төлөновнанын артында да бүгүнкү семинарын өткөрүү үчүн «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болуп, улуунун айтканын кичүүсү аткарган педагогикалык жааматы турат. Алсак, семинардын конокторун кыргыздын салты менен ак дасторконго боорсогун көтөрүп, сары май менен оозандырып, конокторду тосуп алуу үчүн ак элечек апаларыбыз алдыбыздан чыкса, жаштарыбыз эжекенин иш тажрыйбасы менен тааныштырып, көргөзмөгө көңүлүбүздү бурду. Мектептин директору Нурия Кымбаткановна өз сөзүндө мектептин жалпы тарыхына учкай токтолуп, уюткулуу мектептин көзү өтүп кеткен чыгаан агай-эжекелерин эскерип өтүп, алардын ордун толуктап келе жаткан жаңы муундун келечегине ишенимдүү кароо менен, бүгүнкү областтык семинардын ишине ийгилик каалады. Ар бир ыр сабын куруучудан бетер кынаптап коюп, бүтүндөй эргүүнү, жашоо-турмуш сырларын ырына батырган акын кызыбыз Бегимбү Төлөновнага зор ишеним артарын айтты. Ал эми эженин ырларын мектеп окуучулары, кесиптештери, классташтары, ошондой эле устаты Байыш Мүсүралиев агайыбыз көркөм окушса, мектептин куурчак театры (жет. Бабаканова Назгүл) Актан менен Акылайдын аткаруусунда ыр саптарына жан киргизишти. “Адам бактылуу жашабайт, бактылуу мүнөттөр гана адамды бактылуу кылат эмеспи, мен бүгүн бактылуумун”, — дейт Байыш агай, — “себеби “Устаттан шакирт өтүптүр” дегендей, бүгүн менин шакиртим минтип педагогикалык ишин областтык деңгээлде жайылтып, китебинин поэзиялык кечесин өткөрүп жатат, устатка мындан артык бакыттын кереги жок” деп сыймыктанат. Ооба, чындыгы ошондой, мугалимдин иш- тажрыйбасына саресеп салган семинар өз катышуучуларын кайдыгер калтырган жок.

Айнагүл Кашыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер