МЕРУЭТ БАКИРОВА — «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
- 06.10.2026
- 0
Меруэт Бакирова — заманбап билим берүүнүн жаңы стандарттарын иш жүзүндө көрсөтө алган, көп кырдуу билимге ээ, изденгич жана тажрыйбалуу педагог. Ал Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагынын мугалими болуп эмгектенет.

Өмүр жолу жана ар тараптуу билими
Меруэт Бакирова 1986-жылы туулган, улуту — казак. Ал — бир нече кесиптин ээси жана билим алуудан талыкпаган адис: 2004–2005-жж. — КМУКТАнын Ысык-Көл филиалында «дизайнер-архитектор»; 2005–2006-жж. — Балыкчы социалдык-экономикалык институтунда «юрист»; 2006–2009-жж. — КМЮАнын Ысык-Көл юридикалык институтунда жогорку юридикалык билим алган; 2021–2023-жж. — Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Тарых» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолун карап көрсөк, ал 2009–2012-жылдары Ысык-Көл юридикалык институтунда окутуучу болуп эмгектенип, 2014-жылдан бери Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында окуучуларга билим берип келет.
Педагогикалык философиясы жана максаты
Элеттик мугалимдин башкы максаты — окуучуларга маалыматты жөн гана жаттатпастан, «Диндердин өнүгүү тарыхын» дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү катары түшүнүүгө көмөктөшүү. Ал окуучуларын башкалардын көз карашын урматтоого, толеранттуулукка, көп кырдуу дүйнөдөн өз ордун табууга жана коомдогу адеп-ахлактык жүрүм-турум нормаларын сактоого үйрөтөт.
— Билимдүү адамдар катары биздин милдетибиз — өз пикирибизден баш тартпастан, айырмачылыктарды биле алуу, түшүнүү жана урматтоо, — дейт Меруэт Бакирова.
Заманбап усулдар жана педагогикалык чеберчилик
Меруэт эжей — сабакта мугалим аз сүйлөп, окуучулар өздөрү изилдеп, практикалык иштерди аткарган жаңы форматты жигердүү колдонгон педагог. Ал 12 жылдык билим берүү программасына ылайык, 5E модели, 4К компетенциясы, сингапурдук усулдар жана этнопедагогика методикаларын колдонгонун көрсөттү.
Сынактын 2-3-турунда ал өзүнө таптакыр тааныш эмес Бишкек шаарындагы №67 мектептин 8-классынын окуучуларына «Буддизмдин негиздери» темасында өткөн 35 мүнөттүк сабагында окуучуларды биринчи мүнөттөн тарта кызыктырып, татаал философиялык түшүнүктөрдү (карма, сансара, нирвана, Дхарма дөңгөлөгү, Сегиз кадамдуу жол) турмуштук тажрыйба жана этика менен байланыштырып талдатууга жетишти.
Окуучулар окуу текстинен жана иллюстрациялардан буддизмдин философиялык негиздери тууралуу маалыматты ажыратып алып, талдап жана системалаштырышты. Негизги түшүнүктөрдүн (карма, сансара, реинкарнация, Дхарма дөңгөлөгү) маңызын жана өз ара байланышын эркин түшүндүрө алгандары калыстар тобун кубандырбай койгон жок. Окуучулар кеп маданиятын жана толеранттуулукту көрсөтүү менен буддизмдин дүйнөтаанымдык идеяларын да сый мамиледе экенин талкуулашып, Сегиз кадамдуу жолдун этикасы (туура сүйлөө, туура жүрүм-турум) коомдогу адамдардын өз ара мамилесине кандай таасир этээри тууралуу диалог кура алышты. Ошондой эле мугалим берген тапшырмалардын негизинде окуучулар карма законунун мисалында (аракеттер жана алардын кесепеттери) себеп-натыйжа байланыштарын талдап, Сегиз кадамдуу жолдун адеп-ахлактык багыттарын өзүнүн турмуштук тажрыйбасы жана жалпы адамзаттык жүрүм-турум нормалары менен салыштыра алышты. Сабак учурунда окуучулардын терминдерди туура колдонушун көрдүк, мисалы, реинкарнация (кайра төрөлүү чынжыры), сансара (жашоонун айлануусу), карма (себеп жана натыйжа закону) жана Дхарма дөңгөлөгү (окуунун жана эркиндикке чыгуунун символу) түшүнүктөрүнүн маанисин туура ачып беришти.
Сабактын аягында окуучулар буддизм качан жана кайда пайда болгонун; Будда ким экенин; будда окуусунун негизги жоболорун түшүнүшүп, Төрт асыл чындыктын; Сегиз кадамдуу жолдун маанисин; «карма», «сансара» жана «нирвана» түшүнүктөрүнүн өз ара байланышын билишти жана маалыматтын негизгисин бөлүп көрсөтө алышты; топтук иштин жыйынтыктарын презентациялашты жана диний суроолорду туура талкуулай алышканга жетишти.
Эксперттердин жана калыстар тобунун баасы
Калыстар тобунун төрагасы М.Иманкуловдун белгилешинче, Меруэт Бакирова — өз предметин фундаменталдуу деңгээлде терең билген гана адис эмес, окуучунун ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана баарлашуу маданиятын өнүктүрө алган заманбап мугалимдин кесиптик модели. Ал тестирлөөдөн эң жогорку упай топтоп, теориялык билими менен практикалык чеберчилигинин айкалышын далилдеди.
— Бүгүнкү билим берүү системасында мугалимдин кесиптик деңгээлин баалоо мурдагыдай эле анын предметтик билиминин көлөмү менен гана чектелбейт. Заманбап мугалим — өз предметин терең билген адис гана эмес, окуучунун ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн, коммуникациясын жана өз алдынча чечим кабыл алуусун өнүктүрө алган педагог. Ал санариптик технологияларды максатсыз колдонбостон, аларды билим берүүнүн сапатын жогорулатуучу натыйжалуу педагогикалык инструментке айландыра билиши керек. Ушул талаптардын негизинде Мерует Бакированын «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдердин жалпы республикалык конкурсуна катышуусун өзгөчө белгилөөгө болот. Ал конкурска жөн гана даярданып келген мугалим эмес, өзүнүн кесиптик мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу көрсөтүүгө даяр адис катары катышты. Конкурстун биринчи этабында өткөрүлгөн тестирлөөдө анын жогорку балл алышы, биринчи кезекте, предметтик билиминин бекемдигин көрсөттү. Бул — мугалимдин кесиптик ишмердигинин фундаменталдык негизи. Анткени мугалим өз предметинин тарыхын, негизги түшүнүктөрүн, илимий категорияларын, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана ар түрдүү көз караштарды терең билмейинче, окуучунун сапаттуу билим алуусун камсыздай албайт. Бирок азыркы мугалим үчүн предметти билүү жетишсиз. Билимди билүү менен аны окуучуга жеткиликтүү, кызыктуу жана натыйжалуу бере билүү — эки башка педагогикалык компетенттүүлүк. Мерует Өмүрбековнанын конкурстун кийинки этабында көрсөткөн педагогикалык чеберчилигинин мааниси дал ушул жерде көрүнөт, — дейт калыстар тобунун төрагасы.
Эксперттердин айтуусунда, мындай сынакта мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн жаңы стандарттарын көрсөтүү үчүн маанилүү.
— Меруэт Өмүрбековнанын конкурста көрсөткөн даярдыгы жана педагогикалык чеберчилиги ушундай заманбап мугалимдин кесиптик портретин көрсөтөт. Анын тажрыйбасы бир гана «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин алкагында эмес, жалпы тарыхый жана коомдук-гуманитардык предметтерди окутууда да пайдалуу үлгү боло алат. Анткени бүгүнкү мектепке маалыматты жаттаткан мугалимден да көбүрөөк нерсе керек. Бүгүнкү мектепке окуучуну ойлонууга, изилдөөгө, талдоого, баалоого, баарлашууга жана өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөткөн мугалим керек. Меруерт Өмүрбековнанын республикалык конкурста көрсөткөн педагогикалык даярдыгы дал ушул багыттагы кесиптик өсүштүн жакшы үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Заманбап мугалим — билимди гана үйрөткөн адам эмес. Ал окуучунун келечектеги интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн калыптандырган инсан, — дейт М.Иманкулов.
Демек, мугалимдин кесиптик ийгилиги — анын берген билими окуучунун ой жүгүртүүсүнө, чыгармачылыгына, изилдөөчүлүк жөндөмүнө жана турмуштук компетенттүүлүгүнө айландыра алгандыгында.
«Жыл мугалими – 2026» республикалык сынагынын финалдык этабында бардык турлардан эң жогорку упай топтоп, ал Баш байгеге ээ болду.
5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Касымалиев Меруэт эжейге Президенттик фонддун эсебинен берилген Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин сертификатын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)