МЕКТЕПТЕРДИ БИРГЕЛЕШИП КОЛДОЙЛУ

  • 07.03.2022
  • 0

Эӊ маанилүү саамалыктардын бири ушул: камкорчулар кеӊешинин ишмердигине арналган аралыктан окутуу видеокурсун Ага Хан фондунун буйрутмасы менен AC Consulting компаниясы иштеп чыкты.

— Мектепке ата-энелерден акча чогултмай дагы эле токтой элек го? Эмне үчүн Президенттин муну тыюу жөнүндөгү Жарлыгы аткарылбай жатат?

— Бул каражаттар каякка кетүүдө?

— Мектептер бюджеттен алынуучу каражат менен эле иштей берсе болбойбу?

— Эгер ата-энелер комитети, ар кандай фонд, кеӊеш ж.б. ушунчалык зарыл болсо, алар элди нааразы кылбаш үчүн кандай түзүлүп, иштеши керек?

Азыркы кезде мектеп тууралуу сөз болгондо ушундай кеп-сөздөр эӊ көп айтылат. Ырас, биринчи үч суроонун жообу түшүнүктүү сыяктанат (бирок элдин баарына эле эмес). Бирок соӊку суроону кыйла кеӊири талкуулап, даанараак чечмелеш керек. Ага чейин “бекер” жөнүндө да сөз кылалы.

“Бекердин” баасы канчалык?

Баш мыйзамыбызда жалпы билим берүү акысыз деп жазылган. Бирок иш жүзүндө мамлекет мектептерди толугу менен каржылай албай турат. Имараттарды оӊдоп-түзөө, кайтаруу, шыпырып-тазалоо, күнүмдүк чыгымдар (бор, кеӊсе буюмдары), окутуунун көргөзмө жана техникалык каражаттары ж.б. баарына бир сом да каралбайт. Мугалимдер жарым-жартылай “коомдук негизде” иштеп жаткандай – айлык акысы өтө аз.

Ал эми коомчулук, мунун ичинен ата-энелердин көбү мектептин жагдайын ойлобойт, мугалимдердин түйшүгү канчалык оор экенин билбейт. Ошондуктан билим берүү чөйрөсү туюкка кептелди:

“акча чогултмай” жөнүндөгү талаш-тартыштар токтобой жаткан чакта ошол эле “акысыз!” деп кыйкыргандар балдарынын билим алуусу жана тарбиясы үчүн жоопкерчиликти бир гана мектепке оодарып салган;

жалпы орто билимдин сапаты барган сайын начарлоодо, а мектепке жаӊыдан келген мугалимдер – өзүнүн эле кечээки бүтүрүүчүлөрү…

чабал мугалимдердин сабагы зериктирме болгондуктан, интернеттен “баарын билип алган” тынчы жок балдардын кызыгуусун туура багыттап, түркүн-түмөн маалымат деӊизинен эӊ керектүүсүн иргегенге көмөктөшө албайт;

күнүмдүк ишинен канагаттанбай, улам жабыга берген мугалим кээде окуучуларга ачууланып, алардын орой мамилесине кабылышы мүмкүн…

Дал ошондуктан ата-энелер менен мугалимдердин, үй-бүлө менен мектептин өз ара түшүнүшүп, жакындан кызматташуусуна өбөлгө түзгүдөй камкорчулар кеӊеши керек.

(Ушул жерден “бекер билим берүү” жөнүндө бир-эки сөз кыстыра кетели. Совет доорунда чын эле баары бекер болду беле? Кеӊири алып караганда, наркы-куну жок нерсе болбойт. Мектептер менен университеттерге ар бир тыйын мамлекеттик бюджеттен ажыратылчу. А бюджетке каражат асмандан түшкөн эмес – салык, ар кандай ачык жана туюк төгүмдөр менен толукталып турган. Демек, “акысыздын” баары жарандардын эмгеги менен камсыздалчу).

Бирге иштешкенди үйрөнөлү

Бүгүн дүйнө жүзүндө ушунчалык көп өзгөрүүлөр болуп жаткандыктан, биз баарын эле аӊдап билгенге, туура түшүнүүгө үлгүрө бербейбиз. Келечек учур чакка шашып кирип жаткандай: кечээ эле жапжаӊы чыгып, бир кылымга түтчүдөй көрүнгөн нерселер бүгүн эскирип, эчтекеге жарабай баратат. Мындай шартта билим берүүнүн өнүгүүсү же начарлап кетиши улуттун (бүткүл өлкөнүн) тагдырын аныктай тургандыгы айдан ачык болуп калды.

Ушундай кысталыш чакта Ага Хан фондунун колдоосу менен аралыктан окутуучу видеокурс иштелип чыккандыгы абдан жакшы жаӊылык болду. Эми камкорчулар кеӊешине байланышкан эӊ орчундуу суроолордун баарына так, даана жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Курска катышкандар ар бирибизге тиешелүү бул маселелерди комплекстүү, ырааттуу чечүү жолдорун билип, жалпы ишке эч тартынбай жакшы катыша алат.

Бул фонд биздеги билим берүү тутумун өнүктүрүү боюнча мыкты демилгелерди көп жылдар бою колдоп келатканын белгилей өтөлү. Азыр ал “Кыргыз Республикасынын мектептерин жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу” долбоорун улуттук жана эл аралык уюмдар менен биргеликте жүзөгө ашырып жатат. Мунун алкагында бардык аймактарда алдыӊкы мугалимдер менен билим берүү жаатындагы абдан иш билги адистердин катышуусунда тренингдер жүргүзүлдү.

Бул ирет угуучулар (ата-энелер, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлери, мектеп мугалимдери менен жетекчилери, коомчулуктун жана мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү) видео тасмалар менен колдонмону жана тийиштүү тиркемелерди пайдаланып, өз алдынча окуса болот.

Алар курстун 8, 36 же 72 сааттык (толук) көлөмүн тандап, улам кийинкисине өтө беришет. Жалпысынан 72 саатка созулган 4 курсту толук бүтүрүп, жыйынтыктоочу тесттен өткөн соӊ угуучу Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификатына ээ болот.

Ким эмнени үйрөнөт?

Видео сабактар түрмөгүндө камкорчулар кеӊешинин ишмердигине тиешелүү бардык жагдайлар даана, жеткиликтүү түшүндүрүлөт. Коомчулуктун ишенимин бекемдөө, эч кандай күдүк ойлорго негиз калтырбоо үчүн бул кеӊештерди кантип түзүп, ишин уюштурууга болот? Кеӊештер менен мектеп жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик мекемелер, ыктымал сүрөөнчүлөр, рай/шаарББ жана башка субъекттер ортосундагы мамилелерди кантип чыӊдоо керек? “Камкорчу мектеби” программасынын алкагындагы видео сабактарга катышканда, ушул жана башка түйүндүү суроолордун баарына толук жана таасын жоопторду аласыз.

7 – 10 мүнөттүк ушундай роликтердин биринде камкорчулар кеӊешин уюштуруу баскычтары: ата-энелер чогулушу, тийиштүү жамаат чөйрөсүндөгү эӊ орчундуу маселелерди аныктоо, демилгечил топту түзүү, иш-аракеттер планын даярдоо жана башка кадамдар тааныштырылат. Дагы бир роликте керектүү документтерди сабаттуу тариздөөгө үйрөтүлөт (коомдук уюмдарга жана сүрөөнчүлөргө кайрылуунун үлгүлөрү, чогулуш протоколдорун тариздөө, катышуучуларды каттоо ж.б.). Башка биринде өнүккөн өлкөлөрдүн бул жааттагы тажрыйбасы тууралуу сөз болот. Тийиштүү ченемдик-укуктук актылар жөнүндө баяндаган тасма да бар.

Бул роликтер камкорчулар кеӊешинин ишмердигинин эӊ орчундуу өӊүттөрүн ачып көрсөтөт. “Камкорчулар кеӊеши боюнча колдонмо” да абдан мазмундуу иштелиптир. Аны жалпы коомдук жана ар бирибизге түздөн түз тиешелүү ишти жүргүзүүгө көмөкчү үстөл китеби десе болчудай.

Сөз соӊунда баса белгилээрибиз: камкорчулар кеӊешинин ишин баарыбыз колдоп, өркүндөтүүгө аракет кылсак, коомдогу биримдикти бекемдөөгө да зор өбөлгө түзүлөт. Үй-бүлө менен мектептин жакындашуусу, ата-энелер менен мугалимдердин өз ара жакшы түшүнүшүүсү ар бир баланын эркин өсүп жетилишине, чыгармачыл жана интеллектуалдык жактан дареметин толук ачуусуна мүмкүндүк берет. Эӊ башкысы, бул кеӊештердин көмөгү менен биз улуттук билим берүү тутумуна болгон ишенимди бекемдеп, аны дүйнөлүк заманбап деӊгээлге жеткире алабыз.

Маалымат үчүн: камкорчулар кеӊешинин ишмердигине арналган аралыктан окутуу видеокурсун Ага Хан фондунун буйрутмасы менен AC Consulting компаниясы кыргыз жана орус тилдеринде иштеп чыккан.

Окутуу материалдары (видео тасмалар, колдонмо ана аралыктан окутуу курсу) Ага Хан фондунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын (AKF) колдоосу, Япониянын Япон социалдык  өнүктүрүү фондунун Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (“Дүйнөлүк банк”) берген грант каражаттардан каржылоосу менен, “Кыргыз Республикасынын мектептерин жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу” долбоорунун (ECBS долбоорунун) алкагында даярдалды.

Сүрөттө:

МЕКТЕПТЕРДИ БИРГЕЛЕШИП КОЛДОЙЛУ

Өткөн күздө Кара-Балта шаарынын мэриясында ата-энелердин мектепке көмөгү тууралуу талкуу болду эле. Е. Полещукованын фотосу

  1. Былтыр Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылындагы С. Давлетов ат. о.м. камкорчулар кеӊеши “Кыргыз Республикасынын мектептерин жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу” долбоорунун алкагында Ага Хан фондуна микрогрант сурап өтүнмө жазган эле. Долбоору уткан бул мектеп каражаттын теӊин өзү таап, Ак-Дөбө айыл өкмөтү да салым кошуп, 15 ноутбук сатып алышты.

https://m.facebook.com/100270662001344/posts/111998944161849/?locale2=fi_FI&_rdr

Жолдош Турдубаев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер