«МЕКТЕПТЕР -2030»: ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮНҮН БАШАТЫ
- 11.05.2026
- 0
(Окуучулардын рефлексиясы)

Алай тоолорунун этегиндеги айылдарда да, Нарындын шамалдуу бийиктиктериндеги мектептерде да, Бишкектин ызы-чуусу тынбаган класстарында да «Мектептер — 2030» программасы билим берүүгө жаңы өңүт алып келди. Пилоттук мектептерде окуу процесси теориядан практикага, жаттоодон сынчыл ой жүгүртүүгө, жекече аракеттен — командалык кызматташууга багыт алды. Бул жолу программанын жыйынтыгы кадимки статистика же көрсөткүчтөр менен эмес, түздөн-түз окуучулардын үнү аркылуу бааланды. Ош, Нарын жана Бишкек облустарындагы 4-9-11-класстын окуучулары өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, программа аларга кандай өзгөрүү алып келгенин айтып беришти. Ар бир пикир — жеке көз караш, ар бир баян — жаш муундун ички дүйнөсүнүн чагылдырылышы.
Китептин барактарынан сыртка чыккан окуу
Мурда сабак деп аталган нерсе китептин барактарынан ашпачу: мугалим айтат, окуучу жазат, коңгуроо чалат. «Мектептер — 2030» — бул туруктуу ыргакты өзгөрттү. Сабак — класстан сыртка чыкты. Сабак — жашоонун өзүнө айланды.
А.Осмонов атындагы мектептин (Кара-Кулжа) 10-классынын окуучусу Аэлина Султаналиева бул өзгөрүүнү айкын сезди:

— Сабактар мурдагыдан бир топ өзгөрдү. Азыр биз жөн гана угуп отурбастан, өз оюбузду айтып, активдүү катыша баштадык. Экологияга байланышкан темалар, практикалык тапшырмалар — булардын баары мени сабакка кайрадан кызыктырды.
Алай районунун тоолуу айылында жашаган Акмөөр Нурбекова (9-кл., №15 Т.Жумабаев атындагы мектеп) программага 8-класстан бери катышат. Тоолуу аймакта жашагандыктан, мурда китептер да, мүмкүнчүлүктөр да жетишсиз болчу. «Мектептер — 2030» ал үчүн жөн гана ыкма эмес — чыныгы дүйнөгө ачылган терезе болду:

— Мугалимдер жаңы ыкмаларды колдонуп, бизди көбүрөөк ойлонууга, өз алдынча изилдөөгө үйрөтүп жатышат. Мага өзгөчө жакканы — сабактарда жөн эле жаттап албастан, жашоо менен байланышкан тапшырмалар берилип жатат. Бул мага билимди терең сиңирүүгө жардам берди.
Нарын облусунан Ханайым Замирбекова (10-кл., Түгөл уулу Усупбек атындагы мектеп) программаны өзүнүн жаңы башталышы катары баалайт:

— Бул программа менин ички мүмкүнчүлүктөрүмдүн эшигин ачты. Мурда өзүмдү жөн гана окуучу катары сезсем, азыр жашоомду жана келечегимди өзүм курган адам катары карайм.
Кара-Кулжа районунан Нурэл Турсункулов (9-кл., Мамади Баимбетов атындагы мектеп):

— Бул программа аркылуу мен билим берүү процесси жөн гана теория менен чектелбестен, турмуш менен тыгыз байланышкан практикалык иш-аракеттер аркылуу ишке ашарын аңдадым. Программа дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө ийгиликтүү жүргүзүлүп, окуучулардын билим деңгээлин гана эмес, алардын турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталганы мени өзгөчө шыктандырды. Мунун баары мен үчүн абдан кызыктуу, пайдалуу жана келечекке болгон көз карашымды кеңейткен тажрыйба болду.
Экологиядан — инженерликке: долбоор менен окуу
«Мектептер — 2030» программанын жүрөгүндө — практикалык иш. Окуучулар ЭКО-отун жасашты, чоподон буюм чыгарышты, биогаздын макетин куруп сынашты, бак-дарак отургузушту, суунун сапатын лабораторияда текшеришти. Алар мындан ары жөн гана «окуучу» эмес — изилдөөчү, ойлоп табуучу, жаратуучу.
Кара-Кулжа районунан Айзат Маматкалыкова (9-кл.) ЭКО-отун жасоо сабагы аны өзгөрттү:

— Мага өтө жакканы жана чоң эмоция берген нерсе — ЭКО-отун болду. Ал сабакта мен өзүм үчүн маанилүү жыйынтык чыгардым: жашаган жерибизди таза сакта десек, биз өзүбүз да альтернативдүү жолдорду издешибиз керек. Менин эң чоң жетишкендигим — бул мен билбеген нерсени мектепте үйрөнгөнүм эмес, ошол билимдин мени өзгөрткөнү.
Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектептин 11-«б» классынын окуучусу Жамила Талантбекова математиканы экологиялык изилдөөнүн куралына айланткан долбоорго катышты. Анын рефлексиясы программанын тереңдигин ачып берет:

— Мен бул долбоорго сегизинчи класстан баштап катышам. Математика мен үчүн абстракттуу формулалар жыйнагы болчу. Азыр ал — айлана-чөйрөнү түшүнүүнүн куралы болуп калды. Биз глобалдык жылуулукту, озон катмарынын бузулушун, мөңгүлөрдүн эришин сандар аркылуу изилдедик, графиктерди түздүк, визуалдык моделдерди жасадык. Мен математика жөн гана так эсептөөлөр дүйнөсү эмес — келечекти өзгөртө алган күч экенин түшүндүм.
Замирбекова Ханайым биогаз долбоорунда иштеп, жаңы нерсени ачты:
— Биогаз — органикалык калдыктардан алынган энергия булагы. Анын эң чоң артыкчылыгы — экологияга зыян келтирбейт. Мен айрыкча бир нерсени сездим: биз, айыл жеринде жашаган балдар, дүйнө масштабындагы маселеге өз салымыбызды кошо алабыз. Бул ой менде чоң ишеним жаратты
Ал эми программанын учурдагы жаш катышуучусу Нурислам Раакыев сабактардын формасынын өзгөргөнүн айтты:

— Мурдагы сабактарда биз көбүнчө мугалимди угуп, оозеки жооп берүү менен чектелсек, азыркы сабактарда өзүбүз иш жасап, ойлонуп, талкуулап, практикалык жол менен билим алып жатабыз. Мисалы, “Мен жана дүйнө” сабагында экологиялык эрежелерди өзүбүз түзүп, таштандыларды бөлүп чогултууну үйрөнүп, пластик бөтөлкөлөрдөн жана эски кагаздардан пайдалуу буюмдарды жасап, айлана-чөйрөнү кантип таза сактоо боюнча ар кандай идеяларды сунуштайбыз.
Мугалим — жетекчи эмес, бирге иш алып баруучу
«Мектептер — 2030» мугалим менен окуучунун мамилесин түп тамырынан өзгөрттү. Мурда экөөнүн ортосунда аралык болчу. Азыр — шерикчилик бар. Мугалим ишенет — окуучу өсөт. Окуучу өсөт — мугалим сыймыктанат. Бул — чыныгы билим берүүнүн күчү десек болот.
Акмөөр Нурбекова Исакова Нуркыз эжейди жылдар бою мисал катары айтат:
— Мурда мугалим сабак түшүндүрүп, биз жөн эле угуп отура берчүбүз. Азыр болсо мугалимдер биз менен бир командадай болуп калды. Алар бизди угуп, оюбузду сурап, колдоп калышты. Ошондуктан сабакта өзүмдү эркин сезип, суроо берүүдөн тартынбай калдым.
Жамила Талантбекова өзүнүн математика мугалими Гүлмира Жапаркулова жөнүндө жылуулук жана терең ыраазылык менен ой бөлүшөт:
— Гулмира эженин бизге болгон ишеними, жогорку кесипкөйлүгү жана эч качан тайманбаган колдоосу биз үчүн бекем таяныч болду. Дал ошол мугалим мага математика чыгармачылыктын мейкиндиги, жоопкерчиликти сезүүнүн мектеби экенин сездирди.
Ханайым Замирбекова «Мектептер — 2030» программасына катышкан мугалимдердин жаңы образын төмөндөгүдөй сүрөттөйт:
— Мугалимдер бизге жөн гана билим берүүчү эмес,багыт көрсөтүүчү, кеңеш берүүчү, колдоочу болуп калды. Мага эң жакканы — окуучунун пикири маанилүү болгондугу. Мугалимдер бизди жооп күтүп отурган кичинекей бала катары эмес, ой жүгүрткөн, изилдеген адам катары карашат.
Ишеним, жоопкерчилик, лидерлик: ичтен чыккан өзгөрүү
Программа алкагында окуучуларда калыптанган эң чоң өзгөрүү — жаңы билим гана эмес, жаңы мүнөз. Окуучулардын ой-пикирлеринде бир түшүнүк кайра-кайра кайталанат: өзүнө болгон ишеним. Мындайча айтканда, программа окуучулардын ички тоскоолдуктарын жеңүүгө шарт түздү десек жаңылбайбыз.
Акмөөр Нурбекова «Мектептер — 2030» программасынын окуучуларга болгон позитивдүү маанисин терең сезип, мындай дейт:
— Мурда сабакта жооп берүүдөн коркуп, «туура эмес айтып калсамчы» деп унчукпай отура берчүмүн. Азыр болсо ката кетирсем да, андан үйрөнсө болот деп түшүндүм. Менин эң чоң жетишкендигим — өзүмө ишенген, активдүү жана алдыга умтулган окуучу болуп бараткандыгым.
А.Осмонов мектебинен Азиза Машаңова (10-кл.) программанын ага берген нерсесин жашоо аркылуу далилдеди:

— Мен мурда бир нерсеге убада берип, аны унутуп койчумун. Чакырылган убакыттан кеч калчумун. Программага катышкандан кийин жоопкерчилигим арта баштады — анткени класстагы ар бир окуучунун салымы маанилүү экенин жана мен да ошол командада экенимди сездим.
Ошол эле мектептен Аэлина Султаналиева (10-кл.) майда нерселердин күчүн ачты:
— Мен эң маанилүү жыйынтыкка жеттим: чоң нерселерди жасабасак дагы, кичинекей иш да дүйнөнү өзгөртө алат. Жөнөкөй калдыктарды туура пайдалануу аркылуу да айлана-чөйрөгө пайда тийгизсе болот. Бул ой мени кичинекей сездирген жок, тескерисинче, улуу сездирди.
Нарын облусундагы А.Аралбаев атындагы мектептин 9-«б» классынын окуучусу Залкар Жеңишбеков программанын окуучуларга болгон таасирин бир сүйлөмдө айтып берди:

— Бул программа мени жөн гана «жакшы окуучу» эмес — ойлонгон, аракет кылган, келечегин пландаган адам болуума түрткү берди.
Ханайым Замирбекова бул трансформацияны эң тереңден сезген окуучулардын бири:
— Мурда өзүмдү жөн гана окуучу катары сезсем, бул программа мага өзүн-өзү таанып, коомго өзгөрүү киргизе алаарын сезген адам экенимди далилдеп берди. Мен мектепте дагы окуп жатам — бирок жашоону да куруп жатам.
Айипов Темирлан программадагы өзүнүн иш-аракеттерине жогору баа берет жана кубанат:

— Программадагы эң жаккан иштерим – практикалык тапшырмалар болду, анткени алар аркылуу мен жаратылышты коргоону, эмгекти баалоону жана өз колум менен иштөөнү тереңирээк түшүнө баштадым. Айрыкча саламаттык көйгөйлөрү тууралуу маалыматтарды окуп-талдап, өз оюмду так жана негиздүү билдирүүнү, ошондой эле алган билимимди күнүмдүк турмуштук кырдаалдарда колдонууга үйрөндүм.
Программа жалгыз бир тилде, жалгыз бир аймакта эмес — бүткүл республикага жайылган. Бишкектеги №66 мектептин 11-«д» классынын окуучусу Азиза Закирова орус тилинде жазат — бирок анын сөзү ошол эле мейкиндикте жаңырат:

— Эта программа изменила меня: я стала больше думать об экологии и окружающем мире, стала более ответственной и активной. Моим самым большим достижением считаю то, что я смогла внести свой маленький вклад в защиту природы. Это больше, чем любая оценка в дневнике.
Жыйынтык: «Мектептер — 2030» деген эмне?
Бул рефлексияларды окуп жатканда бир нерсе айкын болот: «Мектептер — 2030» программасы окуучуларга жөн гана тема бербейт — ал алардан чоң нерсени күтөт. Изилдөөчү болуу. Ойлонуучу болуу. Командада иш кылуу. Катадан үйрөнүү. Тайманбастан айтуу.
Жана ошол күтүү — бөлүшүлгөн ар бир рефлексияда — ишке ашат.
Айзат ЭКО-отун жасайт. Жамила мөңгүнүн эришин математика тили менен баяндайт. Азиза табиятты коргоого салым кошот. Акмөөр биринчи жолу доскада ачык, ишенимдүү жооп берет.
Мектеп — бул мугалим үйрөткөн жер. «Мектептер 2030» болсо — мугалим менен окуучу бирге өсүп, бирге өзгөрүп жаткан мейкиндик.
Назира ЖОЛДОШБЕКОВА, Ага Хан Фондунун билим берүү программасынын менеджери,
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
Маалымат үчүн:
2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер — 2030» 100 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020-2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.
Комментарийлер