МЕКТЕПТЕ НЕГИЗСИЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ
- 08.06.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйрукка кол койду.
Айып пул салынат
Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) мыйзамсыз акча каражатын чогултууга, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын алдында коомдук фонддорду жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынды.
Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, административдик кызматкерлери, мугалимдери тарабынан мыйзамсыз акча каражаттарын өндүрүү, же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү боюнча аныкталган фактылар боюнча күнөөлүү жакты ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын көрүү каралган. Эгерде аныкталса, 15000-30000 сомго чейин айып пул салынат, ал эми мектеп жетекчиси болобу, мугалим болобу жумуштан четтетилет.
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматовдун соцтармактарга берген түшүндүрмөсүндө, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектептин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кайрылып, билим берүү мекемелеринде негизсиз акча талап кылууга жол берилбестигин эскертти. Ар бир мектеп жетекчиге, мугалимге Жарлыктын аткарылышын туура жеткирип жана көзөмөлгө алуу керек экенин да баса белгиледи. Ошондой эле ата-энелер мыйзамсыз акча чогултуулар кездешсе, анда министрликтин социалдык тармактагы баракчаларына кайрылуусу зарыл.
Медалдын эки бети
Президент Садыр Жапаровдун “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чыгарган Жарлыгында мектептерде акча чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынганы боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер жарала баштады. Алсак, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова ата-энелерге мектептерде күнүмдүк чыгымдар үчүн акча чогултуу укугун берүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, Жарлыкты ишке ашырууга бюджетте каражат жок.
— Ата-энелер комитетине акча чогултуу мүмкүнчүлүгүн түзүү керек. Ата-энелер өздөрү акча чогултуп, алар мугалимдер жана директорлорду аралаштырбай эле бөлүштүрүшү керек. Ошондо мугалимдерге жана мектеп жетекчилигине терс мамиле болбойт. Мен өзүм директор болдум жана акча чогултууну токтотуу мүмкүн эмес экенин билем, анткени алар окуучулардын өздөрүнө керектүү ар кандай сатып алуулар үчүн күн сайын акча керек. Бул чындык. Ооба, билим алуу бекер, бирок чыгымдарды эч ким жокко чыгарган жок, — деди депутат.
Бишкек шаарындагы №45 жалпы билим берүү мектебинин директору Салтанат Абдыкеримованын айтымында, Президенттин Жарлыгы чыккандан кийин жыйналышка бардык кызматкерлерди, мугалимдерди чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйналышка катышкандардын ар бири Жарлык менен таанышканы боюнча кол коюп, ар бир пунктун талдап чыгышкан.
— Биздин мектептин алдында уюшулган ата-энелер фонду буга чейин эле бир иштеп, бир иштебей келген. Фонддун эсебинен мектептин тегерегин тосуп, чип менен киргенге мүмкүнчүлүк түздүк. Себеби, Алматы менен Салиева көчөлөрү өтө кооптуу, кыймыл абдан көп. Ар кандай адамдар кирип кетиши мүмкүн. Анткени мектептин жака белинде ички мигранттар батирлерде жашайт. Көп ата-эне каражат төлөй албайбыз дегенде кароолду алып салдык. Пандемиядан кийин фонд аз эле иштеди. Ар бир бала ай сайын 200 сомдон төгүп турчу. Учурда 1600 окуучу бар, анын ичинен айрым окуучулар фондго акча төлөбөйт. Ата-энелердин жардамы менен мектептин 2-кабатын толугу менен терезелерин алмаштырдык. 3-кабатка жетип, алмаштыра баштаганда фонд иштебей, иш токтоп калды. Республикалык бюджеттен 317 миң мектептин ремонтуна бөлүндү. Эми райондук билим берүү бөлүмү тендер жарыялап, биз берген өтүнмөгө ремонтко керектүү водоэмульсия, краска сатылып берилет. Бирок боечу шаймандарды, кол кап ж.б.у.с. майда-чүйдөнү кайсы каражатка алаарды билбейм. Аларды мурда ата-энелер комитети камсыздап беришчү. Мектепте толгон токой акча талап кылган иштер чыгат. Менимче, анын баарын мамлекет толук каржылай албайт. Алсак, принтердин боектору бар, ал дагы тендер аркылуу келет. Жакында эле канализациядагы суулар кетпей калды, септикти тазалаш керек болду. РайОНОго берсек алар тендер жарыялаш керек. Ал эми авариялык абал тендерди күтүп отурбайт да. Ошол кезде санэпидстанция келсе, тазалык жок деп алар олчойгон штрафты салып кете беришет. Мына ушундай жагдайлар бар. Ошол кезде ата-энелерге кайрылганга туура келет. Эки жыл мурда өкмөт жылуулук системасын оңдоп берген экен, сапаттуу жасалбагандыктан кышында ар кайсы жерден суу акканда кайра ата-энелерге кайрылдык, фондго төлөбөй эле даректүү оңдоп берип койгулачы деп. Анткени мектептин бир тарабы муздап калды. Чындап келгенде фонддун жоюлганы жакшы болду, кулагыбыз тынч болот. Бирок экинчи жагын алсак, ар кандай жагдайлар чыкканда эмне кылабыз? – дейт мектеп жетекчиси.
Ош шаарындагы №40 орто мектептин директору Нургүл Татанованын билдирүүсүнө караганда, Президент С.Жапаровдун Жарлыгы менен мектептин жамааты педагогикалык кеңешмеде таанышкан.
— Президенттин бул Жарлыгын колдойбуз. Ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз. Мектептин муктаждыктарын камсыздоо боюнча Министрлер Кабинети толук кандуу каражаттар бөлүп берет деген үмүттөбүз. Мектеп ар дайым колдоого муктаж, — дейт жетекчи.
Ал эми Ош шаарындагы №19 Шевченко атындагы орто мектептин директору Сабохон Эгамбердиеванын айтымында, буга чейин мектептин керектүү болгон муктаждыктарына ата-энелер Ага Хан фонду менен иштеп, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдашкан.
— 3 ноутбук, 3 проектор, акылдуу доска, экран, түстүү принтер, музыкалык аппаратура алып беришкен. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, демөөрчүлөр жана ата-энелер тарабынан мектептин, спорт залдын чатыры, терезелери жаңыланып, чоң зал жана кароолкана курулган. Ошондой эле Ош шаардык кеңешинин депутаты Мирбек Маматов да мектепке жакындан жардам берип келүүдө. Президенттин Жарлыгынан кийин мектеп директорлору коррупционер деген аттан кутулду. Жарлык эң жакшы болду. Эч качан мектеп ата-энелердин жардамына муктаж болбосун! Мектепте 697 окуучу окуйт. Алардан тоголок жетим жана жарим жетимдер — 31, шарты оор балдар — 52. Бул окуучулар мектеп взносун төлөбөйт, калган 614 окуучунун ата-энелери жыл ичинде 200 сомдон чогултуп, андан ай сайын 10000 (он миң) сомдон кароолчуга төлөшөт. Калган акча окуучулардын өздөрү үчүн жумшалат (театр, кино, циркке барышса), ошондой эле аз камсыз болгон окуучуларга да төлөнөт, — дейт директор.
Соцтармакта эмне кеп?
Ибраим Нуракун уулу:
— Быйыл мектептердин ремонт акчасы чын эле чогулбай калыптыр. Биз жыл сайын уулубуз окуган мектептин ремонтуна ичибизди оорутпай эле чын көңүлдөн жардам берип жүрчүбүз. 25-майда класс жетекчибиз менен коштошуп жатканда: «Эжеке, берки ата-энелерден акча чогултуп убара болбой эле коюңуз. Краска жана башка керектүү нерселердин баарын биз эле алып берели. Эмне керек болсо, тизме түзүп бериңиз. Ремонт кылган адамдардын эмгек акысынын да чыгымын жазып жибериңиз», — деп, макулдашкандай болгонбуз. Бүгүн эжекесинен телефонго билдирүү келиптир: «Билим берүү министрлиги ата-энелерден жардам алууга катуу тыюу салды. Ар бирибизге телефон чалып, тыюу салышты. Андыктан, класстын ремонтуна быйыл жардам бербей эле коюңуз. Рахмат», — дептир.
Мектептин ремонту бизде СССРден калган мурас болчу чындыгында. Мен кичине кезимде эле, класстарды актап-сырдаганга жардам берер элек. Ар бир класстын ремонтуна ошондо эле класс жетекчи жооптуу болор эле. Көп учурда мугалимдер өздөрү билекти түрүп ремонт кылышчу.
Буйруса, Билим берүү жана илим министрлиги ушул терс көрүнүштү жоюуга бир чоң кадам таштаптыр. Канча жылдардан бери айтылып, бирок быйыл биринчи жолу жардам берүү сунушубуздан реалдуу түрдө отказ алдык.
Эми бул дүйнөдө жок көрүнүштөн биротоло арылуу үчүн дагы бир кадам керек. Ремонтту мугалимдердин мойнуна илип коюуга да катуу тыюу салыш зарыл. Бул ирээт эжекебиз Билим берүү жана илим министрлигинен коркконунан улам, өзүнүн чөнтөгүнөн чыгарып ремонт кылдыбы, деп шектенип жатам. Мугалим деген билим гана бериши керек, ал эми ремонт, тазалык, гүл өстүрүү, субботник, анан шайлоо, эл каттоолорго эч качан тартылбашы керек деген ойдомун.
Эльмира Мадиева
— Мамлекеттик мектепке ата-эне жардам бермейинче, ал жактын муктаждыгы толукталбайт, чоңдордун көбүнүн балдары жеке менчик мектепте окушат, ошон үчүн аларга акчага тыюу салып популисттенген оңой эле. Алар маммектептен абалын жөн тери менен сезишпеген үчүн каалагандай сүйлөй беришет.
Чынара Аскарбекова:
— Мектеп фондуна эмес, класс жетекчисине түз берсек жакшы болмок, албетте, каалагандар. Баары бири педагогдордун иши татаал. Фонддон акчаны директорлор буга чейин жеп, асты ЖКга депутат болуп, арты кымбат баалуу жол тандабас машина миништи.
Мисирхан Артикова:
— Жылда болор-болбос сапаты начар краскаларды берип коюп, анан кыйраткансып текшерип келгенине өлгүң келет да. Ошол текшергендер акимчиликтен жана башка жерлерден. Мектепке келгенге чейинки ремонтко керектүү нерселерден жеп, анан уялбай текшерип келишет. «Ремонтуңар начар болуп калыптыр», — деп беттерин салаңдатып текшергени келишет. Аз келгенсип акча да алышат. Кана, быйыл ошол өкмөттүн берген краскалары менен ремонттошот бекен? Көрөм ошондо. Бардык мектептерди бир да кошумчасы жок, өкмөттүн берген краска, актары менен краскалап, акташыңарды суранат элем. Ошондо коррупционерлердин айыбы ачылып калат беле.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер