МЕКТЕП МЕНЕН КОШТОШУУБУ ЖЕ БАЙЛЫК ЖАРЫШЫБЫ?
- 28.05.2026
- 0
Жыл сайын май айынын аягында Агартуу министрлиги тарабынан бир эле мазмундагы – мектептерде акча чогултууга, кымбат баалуу белектерди берүүгө жана бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салган расмий буйрук чыгат. Буйрукту бузган мектеп жетекчилери кызматтан алынары эскертилет. Бирок, июнь айы ортолоп калганда өлкөнүн ири шаарларындагы зыяпат залдарынын алдында кымбат баалуу лимузиндер тизилип, мектеп бүтүрүүчүлөрү кымбат көйнөк-костюмдары менен кызыл килемден өтүп жатканын көрөбүз.
Административдик чектөөлөр эмне үчүн иштебей жатат? Бул маселеде күнөө деги кимде: улуттук менталитеттеби, бурмаланган каада-салттардабы же биздин жасалма коомдук статуска болгон көз карандылыгыбыздабы?
РАСМИЙ ЧЕКТӨӨЛӨР ЖАНА КӨМҮСКӨ КЕЛИШИМДЕР
Министрликтин буйруктары укуктук өңүттөн алганда абдан туура жана логикалуу. Алар мектептердеги социалдык теңсиздикти азайтууга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык кысымдан коргоого жана бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Мугалимдер менен директорлор жумуштан айрылуудан коркуп, акча чогултуу процессинен расмий түрдө четтеп калышат.
Бирок бул тыюу салуу маселени чечкен жок, болгону аны көмүскөгө (көлөкөгө) айдап чыкты. Иш жүзүндө жоопкерчилик «Ата-энелер комитетине» жүктөлдү.
«Мектептин бул жерде тиешеси жок, биз өз балабыздын кубанычы үчүн өзүбүз жыйнап жатабыз» деген мазмундагы кол коюлган кагаздар юридикалык калканга айланды. Натыйжада, министрликтин токтомдору кагаз бетинде калып, ресторандардагы шаан-шөкөт мурдагыдан да масштабдуу уланууда.

ЧЫГЫМДАРДЫН ЭСЕБИ: БИР ТҮНДҮК ШААН-ШӨКӨТТҮН БААСЫ КАНЧА?
Келгиле, кургак сөздөн качып, орточо эсеп менен бир бүтүрүүчүгө кеткен каржылык чыгымдарды карап көрөлү. Шаар жергесинде жана аймактардагы борборлошкон мектептерде бул сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- Ресторан (орундук, шоу-программа, алып баруучу): 4 000 – 8 000 сом;
- Кийим-кече (көйнөк/костюм, бут кийим, аксессуарлар): 6 000 – 15 000 сом;
- Виньетка, фото/видео операторлордун кызмат акысы: 2 000 – 4 000 сом;
- Мугалимдерге, мектепке белек жана картеж (транспорт) ижарасы: 3 000 – 5 000 сом.
Жыйынтыгында, бир баланын мектеп менен коштошуусу ата-эненин чөнтөгүнө орточо эсеп менен 15 000ден 32 000 сомго чейин зыян алып келет. Эгерде үй-бүлөдө жалгыз гана ата же эне иштесе, же айлык акы орточо 25 000–30 000 сомду түзөрүн эсепке алсак, бул бир айлык толук кирешеден ашып түшөт. Бул каражатты натыйжалуураак жумшоого болобу? Албетте.

Каржылык салыштыруу: Чыгымдар жана реалдуу мүмкүнчүлүктөр
| Бир кеченин орточо баасы (25 000 сом) | Баланын келечегине реалдуу инвестиция |
| Ресторандагы 6 сааттык отуруш жана тамак-аш | IT же заманбап кесиптерди үйрөтүүчү 3 айлык курс |
| Бир жолу кийилип, шкафта кала турган көйнөк/костюм | ЖРТга (ОТР) сапаттуу даярдануунун 4 айлык акысы |
| Түнкү шаар кыдыруу жана лимузин ижарасы | Эл аралык тил сертификатын (IELTS/TOEFL) тапшыруу баасы |
ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫЮУЛАР ИШТЕБЕЙТ? СОЦИАЛДЫК-ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТАЛДОО
Бул феномендин артында бир нече терең психологиялык жана социалдык себептер жатат. Эксперттер бул маселеде бир гана тарапты айыптоо туура эмес экенин белгилешет.
- «Элден калбайлы» синдрому жана коомдук басым
Кыргыз коому – коллективдүү коом. Бул жерде инсандын жеке пикирине караганда, «эл эмне дейт?», «журттун алдында уят болбойлу» деген жазылбаган мыйзамдар күчтүүрөөк иштейт. Эгерде ата-эненин ресторандагы кечеге акча берүүгө чамасы жетпесе, ал муну ачык айтуудан уялат. Анткени коом аны дароо «жакыр» же «баласынын келечегине кайдыгер» деп этикетка чаптайт.
Социологдордун айтымында, мындай психологиялык басымга туруштук берүү өтө кыйын болгондуктан, көпчүлүк ата-энелер микрофинансылык уюмдардан үстөгү менен карызга батып же насыя алып болсо да, suралган сумманы төлөп берүүгө макул болушат.

- Чоңдордун компенсациялык амбициясы
Психологиялык көз караштан алганда, бүтүрүү кечелери — бул балдардын эмес, көбүнчө ата-энелердин амбицияларынын кагылышуу аянтчасы. 1990- же 2000-жылдардагы кризис учурунда өздөрү мектеп бүтүрүп, мындай шаан-шөкөттү көрбөй калган ата-энелер өздөрүнүн ишке ашпай калган кыялдарын балдары аркылуу ишке ашырууга аракет кылышат. «Мен көрбөгөндү балам көрсүн» деген ураан астында ашыкча ысырапкорчулукка жол берилет. Психологдор муну «жашоодогу кемтикти жасалма толтуруу» (компенсация) деп аташат.
- Теңтуштардын кысымы (Peer Pressure)
17-18 жаштагы өспүрүм үчүн курбуларынын арасында четтетилип калуу, «ак карга» болуу – эң чоң психологиялык трагедия. «Баары бараткан жерге мен барбай калсам, мени шылдыңдашат, мен байкуш көрүнөм» деген коркунуч баланын аң-сезимин каптап алат. Ата-энелер балдарын мына ушул моралдык соккудан коргоо үчүн акыркы акчасын берүүгө мажбур болушат.
- Коммерциялык машинанын курмандыктары
Бүтүрүү кечелери – бул чоң бизнес. Ресторандар, шоу-бизнес өкүлдөрү (алып баруучулар, ырчылар, бийчилер), сулуулук салондору жана кийим дүкөндөрү үчүн май-июнь айлары жылдык кирешенин олуттуу бөлүгүн түзөт. Агрессивдүү маркетинг, социалдык тармактардагы (Instagram, TikTok) «ийгиликтүү жана люкс жашоо» тренддери өспүрүмдөрдүн аң-сезимине катуу таасир этет. Жаштар курбуларынын алдында «арзан» көрүнүүдөн коркушат.
(Социалдык тармактардагы ушул сыяктуу тренддер жана коомдогу жасалма атаандаштык тууралуу Нури Салмор өзүнүн фейсбук баракчасында мындай деп кошумчалайт: «Мектептердеги бүтүрүү кечелерин соцтармактардан көрүп атам, чын айтсам, аябай таң калдым. Мунун баары эмнеге айланып баратканын көрүп, өзүмдү жаман сезип кеттим. Ата-энелер кээде балдарын ушундай белектер менен өздөрү кыйратышат. Чоң гүлдестелер, айфондор, алтындар, машиналар. Мен азыр сүйүү жөнүндө айтып жаткан жокмун. Мен баалуулуктардын алмашуусу жөнүндө айтып жатам. Бул сүйүү эмес, мааниси терең, вирус сыяктуу, өздөрүнүн балдарына гана эмес, башка балдарга да зыян келтирген көрүнүш. Мындай белектерди балдардын арасында бергенде, шарты жок өспүрүмдөр өздөрүн кем сезип, же ата-энеси жакшы көрбөйт, же ата-энеси анча аракет жасабайт деген ойлор пайда болот. Албетте, ар бир ата-эне баласына бүт дүйнөнү тартуулагысы келет. Бирок акыл-эстүүлүк болушу керек да. Биз балдарды эмне үчүн тарбиялап жатабыз деген түшүнүк болушу керек. Мектеп бул база, эрдик эмес, миллиондогон адамдар өтүүчү жол. Ооба, бул маанилүү этап. Ооба, балдар аракет кылышты, тынчсызданышты, өсүштү. Бирок мектепти аяктаганы үчүн өспүрүмгө кымбат баалуу белектерди тапшырганда, колдоо менен паранын ортосундагы чек жоголот. Кимге эмнени далилдегиңер келет?»)

КҮНӨӨ МЕНТАЛИТЕТТЕБИ ЖЕ КААДА-САЛТТАРДАБЫ?
Көпчүлүк бул маселени «кыргыздын менталитети ушундай, той-топурду жакшы көрөбүз» деп актап келишет. Бирок бул жерде түшүнүктөрдү алмаштыруу процесси жүрүп жатат.
Улуттук салттын эч кандай күнөөсү жок. Кыргыздын каада-салты эч качан адамды карызга батырып, ашыкча чыгым кылып той берүүгө үндөгөн эмес. Салттын негизи – ак бата, бири-бирине колдоо көрсөтүү (ашар, кошумча) жана тилек. Ал эми бүтүрүү кечесиндеги аша чапкандык – бул салт эмес, советтик доордон кийинки капиталдык коомдо пайда болгон «жасалма статус» оорусу. Биз бай экенибизди эмес, «башкалардан кем эмес» экенибизди далилдөө үчүн бүтүндөй бир муунду ысырапкорчулукка тарбиялап жатабыз.
ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА: БАШКАЛАР КАНТИП МАЙРАМДАШАТ?
Бул маселеде дүйнөлүк практикага көз салсак, Батыш өлкөлөрүндө да, өнүккөн Азия мамлекеттеринде да бүтүрүү кечелерине карата мамиле алда канча прагматиктүү жана жөнөкөй.
АКШ жана Европа: Америкалык мектептердеги атактуу «Prom» кечелери кымбат ресторандарда эмес, негизинен мектептин өзүнүн спорт залында же ауласында өтөт. Ата-энелер комитети залды жасалгалоого гана жардам беришет. Негизги басым ресторандагы тамакка эмес, достук атмосферага, бийге жана эстелик сүрөттөргө жасалат.
Түштүк Корея жана Жапония: Бул өлкөлөрдө мектепти аяктоо – абдан олуттуу, расмий жана академиялык иш-чара. Бүтүрүүчүлөр мектеп формасы же улуттук кийимдери менен салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине катышып, мугалимдерине таазим кылуу менен гана чектелишет. Ашыкча ресторандык шаан-шөкөт коом тарабынан маданиятсыздык катары кабыл алынат.
КАНТИП АҢ-СЕЗИМДИ ӨЗГӨРТӨ АЛАБЫЗ?
Административдик тыюулар гана маселени чече албасын турмуш өзү көрсөттү. Күч колдонуу, коркутуу же жазалоо көмүскө келишимдерди гана күчөтөт. Маселени чечүүнүн реалдуу жолу — коомдук баалуулуктарды трансформациялоо.
Жаңы форматтарды жайылтуу: Элиталык ресторандардын ордуна бүтүрүүчүлөрдүн жаратылышка чыгуусу, интеллектуалдык лагерлерди уюштуруусу же ошол каражатты кайрымдуулукка жумшоо тренддерин калыптандыруу зарыл. Мисалы, акыркы жылдары айрым мектептер бүтүрүү кечесидин акчасына бала бакчаларга, карылар үйүнө жардам берип же айылдарына заманбап аянтча куруп, коомге үлгү көрсөтүүдө. Мындай кадамдарды медиа айдыңында баатырдык катары даңазалоо керек.
Бул тууралуу Нури Салмор ата-энелердин максаты жана балдарга бериле турган реалдуу колдоолор жөнүндө өзүнүн билдирүүсүндө абдан маанилүү ойлорду ортого салат:
«Жана ушул көз жоосун алган байлыктын артында төмөнкү нерселер жашырылган:
Биринчиден, аракеттин баалуулугун бурмалоо. Кадимки жашоо этабы үчүн бала кымбат баалуу белектерди алганда, анда дүйнө ар дайым базалык «жетишкендиктер» үчүн ушундай сыйлык берет деген сезим пайда болот. Бирок жашоодо башкача иш. Эч ким жумушту убагында бүтүргөн үчүн, өз милдетин так аткаргандыгы үчүн белек албайт.
Экинчиден, ички мотивацияны тышкы мотивацияга алмаштыруу. Жоопкерчилик сезиминин ордуна “мен муну жасадым, кана менин сыйлыгым, белегим, кол чабуулар” деген түшүнүк пайда болот. Жана адам өзүн тышкы сыйлыктар аркылуу гана баалай баштайт. Ичинде өзүнө таяныч кайдан пайда болот?
Үчүнчүдөн, ата-энелердин атаандаштыгы, көз боёмочулугу жана өксүктөрү, башкалардан кем болбошу керек деген ой. Кээде бүтүрүү кечеси балдардын майрамы эмес, ата-энелердин мүмкүнчүлүктөрүн жана амбицияларын көрсөтүүгө айланат.
Бирок биздин ата-эне катары милдетибиз таптакыр башкада. Балдарды кымбат баалуу буюмдар менен убактылуу алаксытуу эмес. Аларды бизсиз бул дүйнөдө жашоого үйрөтүүдө. Тоскоолдуктарды жеңүүгө, кризистерден өз алдынча чыгуу жолдорун табууну, жашоодогы сыноолордон сынбай өтүүнү, ката кетирүүдөн коркпоону үйрөтүү. Атаандаштыкка даяр болуп, өз жолун табууга жардам берүү.
Балдардин келечеги алдыда. Аларга даяр балык эмес, кайырмак карматып, балык уулаганды үйрөтүү ата-эненин милдети. Анткени жашоо бул ар бир этабы үчүн белектерди бере турган түбөлүк майрам эмес. Реалдуу жашоо башка.
Албетте, бүтүрүү кечеси жана акыркы коңгуроо эң маанилүү эскерүүлөр. Сонун көз ирмемдерди эсте калтыргың келет. Балдарга бул учурда менимче, төмөндөгүдөй белектерди берсе болот: окуу үчүн ноутбук, тил курстары, билим алуу, саякат, жолдомо, сүйүктүү тобуңдун же ырчынын концертине жолдомо белек кылса болот. Эмоциялар жана эскерүүлөр буюмга караганда алда канча узакка сакталат. Кичинекей старттык капитал да берсе. Жөн гана акча эмес, каржылык көз кадандысыздыкка жана ресурстарды башкара билүүгө карай алгачкы кадам. Балдарыбыз билимдүү болсун, убактылуу жалтыр жултур, хайпка эмес, адамзатка пайдалуу нерселерге көңүл бөлөлү. Билими күчтүү миңди жыгат, жашоо күрөш».
Имидждик баалуулуктарды өзгөртүү: Мектепти аяктаган жаш муундун ийгилиги анын үстүндөгү кымбат баалуу кийими же кайсы ресторанда отурганы менен эмес, анын алган билими, ЖРТдан алган упайы жана эл аралык олимпиадалардагы жеңиштери менен өлчөнүшү шарт. Коомдук авторитет ресторандын деңгээлинен билимдин деңгээлине өтүшү керек.
КОРУТУНДУ
Мектеп менен коштошуу – адам өмүрүндөгү эң таза, эң толкунданткан көз ирмемдердин бири. Аны жасалма шаан-шөкөттүн, кымбат ресторандардын жана ата-энелердин каржылык сарсанаасынын курмандыгына айлантпоо коомдун өз колунда. Биз качан гана «эл эмне дейт?» деген кусаматтан арылып, «баламдын келечегине эмне пайда?» деген суроону биринчи орунга койгондо гана, министрликтин кагаздары эмес, коомдун аң-сезими өзү бул ысырапкорчулукка чекит коё алат.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер