“МАНАС”, СЫДЫКБЕКОВ ЖАНА АЙТМАТОВ…

  • 19.05.2022
  • 0

Түгөлбай Сыдыкбеков… Тагдырыма буйруп, академик жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 80, 100 жана мына 110 жылдык мааракесин уюштуруп келе жатам. Улам мезгил  өткөн сайын Түгөлбай Сыдыкбековдун  алп карааны даана, ачык, бийик көрүнүүдө. Үч  конференциянын милдети, максаты бир болгону менен бир топ айырмачылыктар байкалып турат.

“МАНАС”, СЫДЫКБЕКОВ ЖАНА АЙТМАТОВ...1992-жылы институтта өткөрүлгөн конференцияда кыргыз  адабият таануусунун жана  сынынын дөө-шаалары К.Асаналиев, М.Борбугулов, А.Садыков, К.Артыкбаев, С.Жигитов, К.Бобулов катышып, белгилүү  белгисиз Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылык портретин  тереңден ачып  беришкен эле.   Жазуучунун  100 жылдыгында да ой-пикирлер  тереңдеген. Бүгүн адабиятчылардын кийинки мууну өз сөзүбүздү арнап  отурабыз…

Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндө буга чейин көп айтылды, жазылды, дагы бул процесс улана  берет…

“Манас”, Т.Сыдыкбеков жана Айтматов өтө чоң, кеңири жана талаш-тартыштуу, карама-каршылыктуу тема. Мен бул  тема боюнча  айрым гана тезистерди билдирип кетүүнү туура көрдүм.

Улуу акын-жазуучулар ар дайым “Манаска” чыгармачылыгында жана турмуш жолунда кайрылып келишкен. Алсак, үч академик А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков жана Ч.Айтматов “Манастан” айланып өтө  алышкан эмес. Анткени, “Манас” – элибиздин руханий өзөгү. “Үч дөө” деп фольклордук термин менен айтылган академиктердин чыгармачылык жактан  өсүп-өнүгүшүнө “Манас” эпосунун  таасири  өтө олуттуу болгон. Алардын  эпоско болгон көз караш мамилесинде жалпылыктар канчалык болсо, ошончолук айырмачылыктар бар. “Үч дөөнүн” сый-урматы да, кубанычы-сүйүнүчү да жана кайгы-капасы, трагедиясы да “Манаска” барып такалат…

Анда сөз Түгөлбай Сыдыкбековдун айланасында болсун.

Академик-жазуучу да бала кезинен эле “Манас” эпосун уккан, таасирленген. Бала кезинде  ыргай чыбыкты ат кылып минип, аны Ак кулага салыштырып,  чоролорду жандап, өзүнчө эрдик күтүп, энеси соккон кара кап соот болуп көрүнүп, “найза менен Коңурбайды” (эчкилерди)  качырып элестеткен күндөр көп эле болгон экен. “Алты-жети жашымда эшиткеним:

“Манас – Манас болгону

Олчоюп атка конгону…”

Бул укмуш маалыматты мен энемден эшиттимби, агадан эшиттимби? Не ошол бала чагымда бул касиеттүү баяндын үзүп-жулуп айтып жүргөн айыл арасындагы арсар манасчыдан эшиттимби? Кимден эшитсем да айтайын дегеним: ошол бала чагымдан мага таасир эткени – олчоюп атка олтуруп Манас баатырдын тирүү элеси ошол күндөн ушул кезге көз алдымда! Балким, ошондон уламбы, не  деле чоң кишилердин “Бабабыз Манас” дешип ынап айтышканы болдубу.

Аккуласы алчактай басып, өзү ээрде олчое олтуруп жортуулга аттанган Манас ошол күндөн ушул кезге  дейре жортуулу карыбай жер күзөтүп, эл багып жүргөнү жүргөн көз алдымда!”

“МАНАС”, СЫДЫКБЕКОВ ЖАНА АЙТМАТОВ...Жазуучунун балалыгында эпостун эң тайманбас каарманы Эр Сыргак жакын экен. Ал ар-намысын ойготуп, баатырлыкка үндөгөн. Кыялында душмандар менен салгылашып, Бакай, Эр Сыргак  абалары дем берип турган! “Мен ал жолу Коңурбай  алпты ээрден  түшүрөрүмдө канаттуу Алгара төшөлө калып куткарып кеткен ээсин. Аттигиниң ай. Аттын күлүгү – эрдин канаты ошондой. А сенин бу как ыргай-атыңа жан кире элекпи же? Неге мүдүрүлөт? Не коркоктук кетирип жатпа өзүң? Арымын өксүтүп тизгиниңди тартпа, акмак бала?!”

Мындай балалык кыял, ой-чабыттарды балалык мезгилде биз да  башыбыздан өткөргөнбүз, “Манас” эпосуна таасирленгенбиз.

Кийин улуу манасчы Саякбай Каралаев менен өтө жакын болгон. Жазуучу болуп  калыптанган Т.Сыдыкбековго кыркынчы жылдардын ортосунан, т.а. “Манас” эпосунун 1100 жылдыгына  даярдык көрүүдө эки чоң тапшырма берилген. Биринчиси, улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча 15 басма табак роман жазып бермек да, ал беш миң нуска менен  жарык көрмөк. Романдын гонорарына келишим да олчойто  түзүлгөн. Эгер ушул фактыны кыргыз басмасынын тематикасынан тактасак, демек, роман 1947-жылга чейин жазылып бүтмөк. Өкмөттүк Токтомдон күбө тарта  өтөлү: “8. Издание романа писателя Сыдыкбекова о жизни и деятельности сказителя Сагымбая на кырг. языке. Обьем 15 п.л., тираж 5 тыс.экз. Издается Киргизгосиздатом. Срок подготовки рукописи – январь 1947 г., срок выпуска – сентябрь 1947г.” (Постановление СНК Кирг. ССР и ЦК КП (б)  Киргизии от 20 декабря 1945г. №862-477/9).

Экинчи бир документте мындай факты жүрөт: “8. Роман Сыдыкбекова о сказителе Сагымбае  16 п. листов. 118.334 рубль”.

Бир жолу П.И.Балтин менен Т.Сыдыкбековдун ортосунда  мындайча маек болгону жазуучунун “Бел-белес” мемуардык  чыгармасында берилген:

– Сагымбай жөнүндө Сиз роман жазып жүрөт деп уктум… Распы?!

  • Тилек бар. Даярданып жүрөмүн…
  • …Сагымбай жөнүндөгү романдын канчасы жазылды?
  • Кафу этиңиз, Алмаке. Али баштала элек. Тек, ойдогу нерсе. Аманчылык болсо жазылат…
  • Сагымбай жөнүндө роман керек…”

Ошондо Т.Сыдыкбеков мындайча ойго чөмүлөт: “ – Оо, жан-жаныбарга ушунчалык бериле кызыккан бала дейсиң,  ырчы чымчыктарды туурап аны ырга кошкон,  чогойнодон өзү жасап алган чоорун сыбызгытып обонго салган Сагымбай бала акын, ырчы, обончу да… анан анын ашкере кызыкканы: күпүлдөтө “Манас” айтуу. Эл ичинде көп жүргөн атасы Орозбактан адеп Манас баатыр жөнүндө эшиткенде эле – олчое атка минип, колуна сыр найза уштап кол алдында келаткан зор киши көзүнө элестеген”. Бул Т.Сыдыкбековдун Сагымбай манасчы жөнүндө көркөм ой толгоолору романдын баштапкы көркөм фундаменти болсо керек. Бирок бул ой толгоолор кийин  “Бел-белес” чыгармасында  эскерме катары жазылып жатат. Ал эми учурунда кандай эле?!

Бирок эмнегедир кийин   1100 жылдыктын Уюштуруу комитетинде, башында  Министрлер Советинин  председатели И.Раззаков турганына карабастан, улуу  манасчы жөнүндө романдын тагдыры белгисиз болуп калган.  Бул маселе  өтө  кызыктуу. Партия менен Өкмөт тарабынан атайын  Токтом менен бекитилген романдын Уюштуруу комитеттин мүчөсү Т.Сыдыкбеков тарабынан  жазылбай да, чыкпай да калышынын өзү чоң  чыгармачылык “бомба” болчу. Балким, жазуучу баштап, романды аягына чейин жазып үлгүргөн эместир. Кол жазмасы бир жерде сакталып калгандыр… Балким… деген суроолор көп. Кызыгы, Түгөлбай Сыдыкбеков ал романдын кийинки тагдыры жөнүндө эч бир жерде кеп кылбайт.  Улуу манасчы Сагымбай Орозбаков  реакциячыл манасчы десек, анда ал мезгилде орус тилинде манасчынын вариантынын негизинде “Великий поход” борбор шаар Москвадан жарык көрбөдү беле?!

Суроо жаралат: Кантип эле бир барак да жазылбай калсын?! Жазуучу өзү  баш тарттыбы, же бирөөлөр кийлигиштиби же Партия менен Өкмөт пландан алып таштадыбы?! Же башка себеби барбы?! Эмне болсо да улуу манасчы тууралуу романдын коомчулукка жетпей калышы маданий-адабий чоң утулуш болгон. Ошол эле учурда С.Липкиндин “Манас великодушный” деген повести 1947-жылы “Советский писатель” басмасынан, 1948-жылы Москва-Ленинграддан орус тилинде жарыкка чыгып, 1950-жылдары литва, чех тилдеринде жарык көргөн эле.

Ал гана эмес, “Манас” эпосунун 1100 жылдыгына карата Шапактын, Акматтын, Молдобасандын, Жаңыбайдын, Багыштын варианттары чыкмак экен. А биз болсо бир беткей эле советтик түзүлүштү айыптап келе жатабыз. Бул туура эмес. Өзүбүз күнөөлүбүз.

“Звезда” жана “Ленинград”  журналдары (1946) жөнүндө, “Чоң турмуш кинофильми жөнүндө” (1946) Токтомдор кабыл алынып, А.Ахматова менен М.Зощенко ур-токмокко алынып жаткан мезгилде деле “Манас” эпосунун 1100 жылдыгына даярдык кызуу жүрүп жаткан. Анан эмне болду?!…

Бир суроо сөзсүз  жаралат: 1945-1947-жылдар ичинде роман сөзсүз жазылышы керек эле. Ал учурда дагы баса  белгилегим келет, улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантына “чабуул”  жасала элек болчу… Демек, бул жерде Т.Сыдыбековдон башка эч бир  жан билбеген “мандемдүү” сыр бар…

Партия менен Өкмөттүн Т.Сыдыкбековго экинчи тапшырмасы – “Сейтек” эпосунун текстин Зияш Бектенов менен 160 басма табак көлөмдө түзүп чыгуу.

Демек, Т.Сыдыкбеков “Манас” эпосунун 1100 жылдыгына даярдануу учурунда эпос тууралуу өтө көп материалдар менен таанышкан.

Ошентип, 1952-жылкы “Манас” эпосунун  элдүүлүгүнө арналган Бүткүл Союздук конференцияга чейин да, конференция учурунда да, андан кийин да “Манас”  эпосунун үчилтиги боюнча көп жолу өз пикирин билдирип келген. “Эненин сүтү менен  кошо оозанылган баба сөзү – МАНАС! Тил  сүйлөп, акыл-эс киргени: ЭНЕ, АТАдан кийинки эле бала оозунда аталган ат – МАНАС!”, – дейт.

Ал “Манас” эпосунун элдиги жөнүндө”, “Манас” эпосунун генезиси жөнүндө”, “Тарых жана Манас”, “Менин пикирим” сыяктуу эпоско, манасчыларга байланышкан макалаларды жазган. Макалаларда “Манас” үчилтигинин маданий-адабий зор мааниси бар экендигин белгилөө менен кемчиликтерин көрсөтүп, андан арылууну көздөйт. Өзү түзүп жаткан “Сейтек” эпосу тууралуу оюн ачык билдирет: “…биз “Сейтекти” редакциялаган кезде да Саякбай Каралаевдин кошумчасы ачык-айкын эле билинип турду. Маселен, “Сейтекте” желмогуз уулу Сарыбайга байланыштуу  окуя Саякбайдын кошумчасы. Бул идея  жагынан чатаксыз, бирок композициясы өтө шалкы, кайталоосу көп, көркөмдүгү төмөн. Жеке гана Сейтек менен Сарыбайды Саякбай күчтөп, катары  менен  жети жолу  жекеге  чыгарат. Жеке  жетиге чейин саналганы менен анын  окуясы, сүрөттөлүшү бир гана. Ал тургай башка бөлүмдөрдө айтылган сайыштарга окшош. Биз, сөзсүз жетөөнүн алтысын кыскартып,  бирин калтырдык”.

Эгерде “Манас” (түзгөн К.Маликов), “Семетей” (түзгөн А.Токомбаев) көптөгөн варианттардын негизинде эпосторду кыскартып, бириктирип, курама кылып түзүшсө, Т.Сыдыкбеков “Сейтек” эпосун бир эле вариантта  – С.Каралаевдин вариантында  гана түзгөн.  Бул Окумуштуулар Кеңешинде кабыл алынган  принципти бузуу болчу.  Т.Сыдыкбековду идеологиялык секретарь Мураталиев да, Б.Юнусалиев, К.Юдахин, Н.Батманов ж.б. окумуштуулар  көндүрө албай коюшкан. “Сейтек” эпосун түзүүдө Т.Сыдыкбеков эмне үчүн башка манасчылардын варианттарынан алган жок?! К.Асаналиев мындайча эскерет: “Болот Мураталиев  эч болбогондо ушул эпизоддорду киргизип коюңуз деп, Жакшылыктан, Шапактан, Багыштан бир нече сюжеттик мотивдерди, үзүндүлөрдү өзү тандап келип, сунуш этти. Тугөлбай Сыдыкбекович буга да көнбөй койду”.  Ошондуктан, “Сейтекте” “бириктирилген” деген сөз жок.

Ал К.Рахматуллин менен биргеликте “Манас” жана Алманбет” деген пьесаны жазган. Ал  кыргыз тилинде коюлбай орус  тилине которулуп,  Орус драм театрында коюлган.

Анын өжөрлүгү, тайманбастыгы, көктүгү, көкжалдыгы “Манас”,  тил, тарых проблемаларында ачык-айкын көрүнүп, республикалык бийлик менен компромиссиз күрөшүүгө алып келген.

Бирок Сталиндик сыйлыктын лауреаты чыгармачылык тагдырында  өтө оор сындарга дуушар болгону да чын. “Биздин  замандын кишилери”  эл аралык кадыр-баркка жетип турган учурда кыргыз окурмандары тарабынан кыйраткыч соккуларга учурады. Мындай тагдырды Чыңгыз Айтматов да башынан өткөрбөдү беле?!…

Ушундай учурда романдардын атасы Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чыңгыз Айтматовду, менин жеке пикиримче, “Сейтек” эпосунун план-проспектисин орус тилине которуу процесси жакындан тааныштырса керек. “Манас” (К.Маликов), “Семетейдин” (А.Токомбаев) да план-проспектисин 1954-жылы жаш жигит Ч.Айтматов которгон. Т.Сыдыкбеков ошол план-проспектиден кийин жаш  талантты баалап калса керек. Болбосо, “Тоо арасында” романынын экинчи китебин жаш  жазуучу Чыңгыз Айтматовго жөн эле  кармата бербейт болчу. Бул котормо 1958-жылкы кыргыз адабиятынын  жана  маданиятынын  Москвадагы экинчи  декадасына арналып чыгып, саясий да, маданий да чоң мааниси бар эле. “Тоо арасында” романы 531 бет. Аны 518 бет кылып Ч.Айтматов Москвада Адабий   курста окуп  жүргөндө жогорку  көркөм деңгээлде которуп койгон. К.Асаналиев белгилегендей, “эгерде Ч.Айтматов болбогондо, 1958-жылы Москвадагы декадага карата экинчи китептин орусча котормосу жарыкка келишке үлгүрмөк эмес. А  бул деген Т.Сыдыкбеков үчүн чоң чыгармачылык уттуруш болмок”. Романды которуу мезгилинде Ч.Айтматов Т.Сыдыкбековдон көп чыгармачылык таасир алганы сөзсүз. Кыргыз турмушун, кыргыз психологиясын, кыргыз лексикасын ж.б.  өздөштүрүүдө Ч.Айтматов тереңдей алган.  Роман Т.Сыдыкбеков менен Ч.Айтматовду чыгармачылык  жактан жакындатып, байланыштырган. Романисттин 50 жылдыгында “Горы не убывают” деген кыска, бирок мааниси өтө терең макаланы  арнаган эле: “Когда у киргизов заходит  речь о книгах Сыдыкбекова, собеседники, обычно не спеша,  поудобней располагаются в кругу и приступают к   обстоятельному, утоляющему душу разговору. О героях  Сыдыкбекова в  народе говорят, словно о живых, всем знакомым людях…

Не забудьте, Туке, что Вы гора в киргизской прозе – горы не должна убывать!  (Литературная газета. – 1962. – 6 октября. – С. 3.”).

Т.Сыдыкбеков  менен Ч.Айтматов 1961-жылы СССРдин  эң жогорку  сыйлыгына  талапкерликке  атаандаш  катары  катышып  калгандан кийин, б.а. Лениндик сыйлыкка  байланыштуу  окуядан кийин мамилелерин өзгөртүштү деп жүрүшөт. Андай эмес. Албетте, “… предпочитаю “Жамийлу” – деген М.Ауэзовдун сөзүн Түкөбүз кийин өпкөлөгөн таарыныч менен эскергени бар.  Бирок ал жылы экөө тең сыйлыкты  албай калган. Сыйлыкка алар менен бирге С.Эралиевдин “Ак Мөөрү” да коюлган. Аны эстен чыгарып жүрөбүз. Кийин 1963-жылы Ч.Айтматовдун  төрт повести кирген “Тоолор  жана талаалар” жыйнагы Лениндик сыйлыкка татыктуу болгондо Т.Сыдыкбеков да жаш талантка улуулук менен чыгармачылыгына таазим этип, чын дилинен куттуктаган. “Тоо бийиктеп, тоо улана берерин Чыңгыз өзү аныктады. Аз жыл аралыгында кыргыз адабиятынын даңкын дүйнөгө чыгарган Чыңгыз бүгүн Баатыр.

Ушундай тоо уланат. Тоо бийиктейт. Аны улаган, аны бийиктеткен Чыңгыздай баатырларга урмат”,  – дейт Т.Сыдыкбеков.

Бирок, чыгармачылык – бул атаандашуу, эстетикалык  түшүнүктөрдүн, принциптердин кайчы келүүсү, алдыга умтулуу, изденүү. Ушундай шартта Т.Сыдыкбеков менен Ч.Айтматовдун ортосунда, өзгөчө, “Биринчи мугалим”  көркөм фильми, “Жамийла”, “Гүлсарат” повесттери тууралуу  кайчылаш  түшүнбөстүктөр болуп кетти. Бул чыгармачылык мыйзамченемдүү көрүнүш эле. Ар бир жазуучунун өз түшүнүгү, өз эстетикасы бар.  Бирок, бул процесс  беш-алты жыл эле созулуп, “эки дөө” кайра  табышты. Т.Сыдыкбеков ак батасын берип келген. Ага мисалдар өтө эле көп. Бир мисал, Ч.Айтматов 1974-жылы Илимдер академиясына академикке көрсөтүлгөндө Т.Сыдыкбеков Жазуучулар Союзунун жыйынында жана Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Окумуштуулар Кеңешинде колдоп чыккан. Ошону менен бирге “Эрте жаздагы турналар” 1977-жылы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөндө Т.Сыдыкбеков жашыруун добушту оң берген.

Өзүм күбө болгон окуяны да айта кетейин. 1992-жыл. Май айы. Түгөлбай Сыдыкбековдун юбилейи. Адабият жана искусство институтунда илимий конференция өткөргөнбүз. Опера-балет театрында салтанаттуу кече болмок. Башталарына он беш минут калган. Чыңгыз агай да юбилейлик комиссия мүчөлөрүнүн тизмесинде бар эле. Түгөлбай Сыдыкбеков менен мамилеси жакшы. Агайга билдирип коеюнчу деп Люксембургга телефон шыңгыратып калдым. 14 мүнөт сүйлөштүк. Агай Сыдыкбековдун юбилейи жөнүндө укпаптыр. Дароо шашылыш текстти айта баштады: “Ар бир элдин улуу адамы болот. Мен үчүн, жалпы эле кыргыз эли үчүн Түгөлбай Сыдыкбек уулу — улуу адам. Аны патриарх-ата деп эсептейм. Менин адабияттагы чыгармачылыгым Түгөлбай Сыдыкбек уулу түзгөн традициядан башталган. Буга сыймыктанам. Бир кезде Сизди “кыргыз адабиятынын тоосу, тоо бөксөрбөйт” деп жазган элем. Тилегим — тоодой бийик болуп, аман-эсен биз менен жүрө бериңиз!». Агайдын бул тилегин вице-президент, академик Турар Койчуев элге окуп берген.

Т.Сыдыкбеков менен Ч.Айтматовдун ортосундагы турмуштук-чыгармачылык окшоштук бар. Ал кандай десеңер, экөөнүн тең чыгармаларын жергиликтүү калемгерлер кабыл алышпай, соккуларды уруп турганда экөөнү тең борбор Москва колдоп, орус тилинде чыгармаларын чыгарып, эл аралык кадыр-баркка ээ кылып, бирөөнү Сталиндик сыйлыктын лауреаты (III даража), экинчисин Лениндик сыйлыктын лауреаты кылып ташташты. Эскерте кетүүчү нерсе, Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романы кыргыз тилинде толук чыга элек, журналдарда үзүндүлөрү гана чыгып жаткан мезгилде роман алгач орус тилинде китеп түрүндө чыгып кетип жатпайбы!… Балким, ушундай окуялардан кийин Т.Сыдыкбековдой Ч.Айтматов да чыгармачылык адилеттүүлүктү Москвадан издөөнү туура көргөндүр…

Т.Сыдыкбеков да, Ч.Айтматов да  чыгармачылыктарында “Манас” эпосуна кайрылып көрүштү. “Көк асаба” романы жана “Кайрылып куштар келгиче” романдан үзүндүнү эстеп жатам. Бул да чыгармачылык бир кездешүүнүн, изденүүнүн жолу эле…

“Көк асабаны” жазуунун бирден-бир  негизи – “Манас” баштаган оозеки чыгармачылык, санжыра”, – дейт Т.Сыдыкбеков. Демек, жазуучу “Улуу сөз” деп “Манас” эпосун каймана атап, романда аны Орхон-Енисейдеги таш жазуулар менен параллель сүрөттөөсү даана байкалып турат. Жазуучу Кул-Тегин, Билги каган, Тонукөк жөнүндөгү тарыхый материалдарды эң жакшы билген. Мухтар Ауэзов менен болгон маектеринде элдин тарыхый басып өткөн жолун “Манас” эпосуна  салыштырып изилдөөнү бир топ жолу козгогон. “Үстү ачык Көк бөрү, боору буулур жер урсун!” – деп Кул-Тегинде айтылса, “Төбөсү ачык Көк урсун, боору түктүү Жер урсун!” – дейт “Манаста”. Т.Сыдыкбеков тарыхый жазмаларга өтө берилип кеткенин төмөнкү саптары да күбөлөп турат: “Дегеле Кул-Тегиндин  Ак бозу баскан жолу  Манастын Ак куласы арткан жолго уукташ болгонун  көрүңүзчү. … таштагы жазма баяны менен оозеки айтылган “Манас” учукташ экендиги ап-ачык” (“Бел-белес”, 1996). Бирок романда эпостун каармандары же сюжеттик окуялары так сүрөттөлбөйт, айтуунун да зарылдыгы жок.

Т.Сыдыкбеков Илимдер академиясынын Тил жана адабият  институтунун  ишине активдүү катышып келген. “Кыргыз поэзиясынын антологиясын” түзгөн, А.Осмоновдун 3 томдугун жана “Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын очеркин” редакциялаган. Ошондой эле Окумуштуулар Кеңешинде илимий монографияларга карата өз пикирлерин ачык-айкын эле билдирип турган. Мисалы, П.Балтиндин “Поэзия Токтогула  досибирского и сибирского периодов” деген эмгеги жөнүндө мындай дейт: “Мен Балтиндин эмгеги менен мурдатан эле бери таанышмын. Петр Исаевич Балтин ырас эле башка кээ бир  чыгармаларды талкуулаганда “кызыл кекиртектик” кылып коюучу эле, бирок мында эң жакшы жазылгандыгы кол жазмадан көрүнүп турат. Кээ бир болгон кемчиликтерин автордун өзүнө айттым. Бул кол жазманы окуганда тим эле бир көркөм чыгарма окуп олтургандай сезесиң. Ар бир ырына эң жакшы баалар, сындар берилип кеңири жазылган. Токтогулдун күчтүү акындыгын андан ары өнүктүрөт. Мен эмгекти кубаттаймын”.

Институттун Окумуштуулар Кеңешинде (1984-жыл, 24-февраль) Т.Сыдыкбеков мындайча сүйлөгөн:  “Мен «Кыргыз совет адабиятынын тарыхын» кунт коюп окуп чыктым. Бул эмгек жөнүндөгү жогорудагы баасына кошулам. Бул илимий иш чынында фундаменталдык мүнөздөгү салмактуу чоң эмгек. «Тарыхты» басмага сунуш кылып, жарыкка чыгаруу керек. Иш жарыкка чыкса, студенттерге, мугалимдерге, жалпы эле журтчулукка кереги тие турган эмгек болот. Ошондой болсо да иш айрым өксүктөрдөн жана кээ бир стилистикалык мүчүлүштөрдөн куру эмес. Мисалы, 20-30-жылдардын адабияты жөнүндөгү бөлүмдөрдө адабий фактылар кээде өтө эле майдаланып тизмелене берген учурлар бар. Ошо кезде газета-журналдарга бирин-экин ырлары чыккан, бирок, кийин жазбай калган авторлор деле кире берген. Андай бирин-эки ырлардын адабияттын фактысы катары тарыхка кириши орундуубу же жокпу? Ал эми ошол эле учурда кезинде адабиятыбызга өз кызматын өтөгөн Жекшен Ашубаевдин чыгармалары оңдуу талданбай калган деп айткым келет. Ал кезде Ташым Байжиев да бир нече аңгемелерди жазды эле. Ал эмнегедир көрүнбөйт. А эми согуш жылдарындагы адабият жөнүндө. Менимче, кээ бир пьесаларга тарыхый мамиле жасалбай калган сыяктуу. Маселен, Калим Рахматуллин менен Т. Сыдыкбеков жазган «Манас менен Алмамбет» пьесасы көркөмдүк  жактан тайыз жана ал сахнадан  андан ары өмүрүн улап кете алган жок деп жазылат. Кичине ойлонуп көрсөк кантет? Мисалы, ошол согуш учурунда жазылган Бородиндин «Самарканд жылдыздары», А. Толстойдун «Петр I» сыяктуу чыгармалары бүтүн да өз өмүрүн улап жатат ко. Ал эми ошол кезде кыргыз фольклорунан жазылган пьесалар элдин патриоттук сезимин көтөрүүдө зор роль ойногон. Анан мындай чыгармаларды начар деп айтууга кантип болот. Менимче, бул аша чапкандык.

60-70-жылдардын поэзиясы жөнүндөгү бөлүмдө  акын Омор Султановдун поэтикалык ийгилик, табылгалары адилеттүү, калыс баа алган эмес дегим келет. Мисалы, анын «Чарчоонун жүзүнчү ыры» деген китеби басма сөздө мыкты бааланган. Ал эми «Тарыхта» ал өз салмагына жараша баасын албаган. О. Султановдун поэзиясын талдоодо «элдир-селдир уйкаштырат», «аздыр-көптүр ийгиликке туйтунду» деген сыяктуу олдоксон сүйлөм курулуштары бар. Дегеле «Тарыхтын» стили бир кылка эмес. Анда «оозунан көөр төгүлөт» дегендей да коошпогон, сөздөр кездешип жатат. Эмгекти мындай стилдик мүчүлүштөрдөн арылтуу зарыл. Анткени муну калың эл окуйт. Акырында айта турган нерсе, менин соңку кезде жазылган «Курбулар», «Сыр ачуу», романдарыма кандайдыр бир кемсинтүү, басмырлоо  менен баа берилгендей. Мукай Элебаевдин 30-жылдарда «Кең-Сууга” жазылган каралаган сыны адилет болгон деп жазылып жүргөнү да калыстык эмес. Кыскасы, басмага кеткенче ушул сыяктуу мүчүлүштөрдүн тегерегинде автордук коллективге ойлонууга туура келет”.

Жыйынтыктап айтканда, чыгармачылыкта ирээттүү бир системаны көрсөк болот: “Манас” – Т.Сыдыкбеков – Ч.Айтматов. Бул жөн эле турмуштук жагдайдан келип чыккан салттуулук  эмес. Баарынан мурда табигый процесс, мыйзамченемдүүлүк, бир бүтүн көркөмдүк-эстетикалык система. Мындай көрүнүштөн жана “Манас” эпосу көркөмдүк касиет сапатынан Т.Сыдыкбеков  да, Ч.Айтматов  да  айланып же чыгып кетүүсү мүмкүн эмес болчу.

Алар жеке турмушундагы майда-барат таарынычтарынан өйдө боло алышты жана  өмүрлөрү өткөнчө сый-урматтын даражасында, чыгармачылыктын бийик сересинде байланышта боло алышты.

 

Абдылдажан Акматалиев

1-май, 2022-жыл.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер