МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ МЕНЕН СУЛУУЛУК ИНДУСТРИЯСЫНЫН КЕСИПТИК БОРБОРУ

  • 11.11.2021
  • 0
МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ МЕНЕН СУЛУУЛУК ИНДУСТРИЯСЫНЫН КЕСИПТИК БОРБОРУ

Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, маалымат технологиялары жана сулуулук индустриясы боюнча кадр даярдоонун тармактык борбору, баш калаабыздагы №98 кесиптик лицей быйыл 55 жылдык юбилейин белгилөөнүн алдында турат.

1966-жылы Фрунзе шаарында ачылган №1 техникалык училище бургулоочу, геолог-чалгындоочу, шахтер, метеобайкоочу, радист, байланыш кызматкерин даярдоочу окуу жайы болгон. 1980-жылы андан №18 жана ТУ №91 окуу жайлары бөлүнүп өзүнчө түзүлөт. Ошондо №18 лицейде бир гана радисттер менен байланыш кызматкерлери калган. Ошол кезден бери бул лицей байланыш түйүн кызматкерлерин даярдаган бирден бир тармактык кесиптик окуу жайы болуп келүүдө. Учурунда эң керектүү болгон кабельщик, связист, телеграфист, телеграфист-оператор, почта байланышынын адиси, байланыш түйүндөрүнүн начальниги ж.б. кесип ээлери билим алды. 2009-жылы №98 кесиптик техникалык билим берүүчү мекеме болуп каттоодон өткөн, ал эми 2017-жылы коммуникация жана маалымат технологиялар кесиптик лицейи катары кайра катталды. Кезинде Телеком (БГТС), Кыргыз почтасы жана башка мекемелер менен бирдикте кадрларды даярдоодо тизгиндешип келсе, бүгүнкү күндө дагы тыгыз алака аркылуу теория менен практиканы бирге ширетип, заманбап кесип ээлерин даярдоодо.

Жарым кылымдан ашык даркан тарыхы, даңктуу тажрыйбасы бар окуу жайындагы жаңылануулар, демдүү аракеттер жөнүндө анда 40 жылдан бери иштеген, анын ичинен 20 жылдан ашык убакыт жетектеп келе жаткан лицейдин директору Нурисат Иманкулова менен «Кут Билим» газетасынын башкы редактору маек курду.

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ МЕНЕН СУЛУУЛУК ИНДУСТРИЯСЫНЫН КЕСИПТИК БОРБОРУ

– Нурисат Увановна, бүгүнкү күндө Сиз жетектеп келген лицей республика боюнча маалымат технологиялары жана сулуулук индустриясынын адистерин даярдоодогу алдыңкы тажрыйбанын борбору болуп таанылып жатат. Бирок лицейдин өзгөчөлүктөрү ушуну менен эле чектелбесе керек?

– Биздин борбордун эң биринчи өзгөчөлүгү – адистерди даярдоо эле эмес, ошол эки борбордо инновациялардын баарын апробациялап, тажрыйбалап жана алган билимдерибизди, тажрыйбаларыбызды Кыргызстандын региондорундагы баардык профилдик лицейлерде жайылтып жатабыз. Борбордо эки багыттуу тармак өнүгүүдө: сулуулук индустриясы жана маалымат технологияларды өнүктүрүү.

– Азыр санарип технологиялардын заманы болуп жатат. Лицей башында эле тармактык лицей болуп уюшулбады беле. Бүгүнкү күндө санарип технологияны билген адистер гана жашоодо өз ордун таба алат десе болот. Телекоммуникация боюнча адистерди даярдап чыгарып жаткан бирден-бир профилдүү лицей катары алдыңкы тажрыйбанын борбору болуп жатат.

Телекоммуникация, Сиз айтып өткөндөй, азыр бүт тармактарда бар: дүкөндөрдө, салондордо, башкача айтканда, компьютердик маалымат технологиясыз бир дагы офис, бир дагы үй-бүлө жок. Ошондуктан биз ойлойбуз, убагында туура тандап, туура багыт алган экенбиз. Быйыл дагы жаңы адистиктерди ачтык. Мисалы, туристтик тармакка дагы маалыматтык технология керек, ошол жагын колго алдык. Ал эми программисттерди беш жылдан бери даярдап келүүдөбүз. Эгер мурда VEP разработчик, системалык администраторлорду окутсак, азыр өнөктөштөр менен бирге башталгыч билиминен тарта эле практикага аралаштырып, учурдагы программалар менен иштеп, улантып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз.

– Шаар ичиндеги канчалаган сулуулук салондорунда силердин адистер иштеп жатат. Сулуулук тармагында бүгүнкү күндө эмнелерди окутуп жатасыңар, кайсылар тренд болууда?

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ МЕНЕН СУЛУУЛУК ИНДУСТРИЯСЫНЫН КЕСИПТИК БОРБОРУ

– Сулуулук индустриясында дагы күнүгө жаңы нерселер пайда болуп, жаңырып турат. Негизинен маникюр, тырмак өстүрүү, келбетти сулуулоо, кирпик өстүрүү. Чач тарач багыты боюнча дагы өзгөрүүлөр болуп турат: ар түрдүү прическалар, чач боёнун ыкмалары. Келбетти сулуулоодо жогоруда айтылган ар бир элемент колдонулат. Мисалы make up кылган учурда визажист бир эле беттин сулуулугун, көздүн боелушун эмес, анын ичинде кирпигин, кашын кошо жасайт. Биздин бүтүрүүчүлөр мындай кызмат көрсөтүү убагында ар бир элементи үчүн акча алат. Бул абдан кирешелүү тармак.

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ МЕНЕН СУЛУУЛУК ИНДУСТРИЯСЫНЫН КЕСИПТИК БОРБОРУ

– Ушундай заманбап адистерди даярдоо үчүн тийиштүү деңгээлде материалдык-техникалык, такшалган кадр базасы болуш керек. Бул жагы кандай?

– Жалпысынан айтканда, мындан 1-2 жыл мурда базабыз абдан жакшы болчу. Биз өзүбүздү-өзүбүз каржылайбыз. Чынын айтканда, 2-3 жылдан бери, дүйнөдөгү, биздеги абалдын таасиринен, албетте, техникалык база эскирип баратат. Көп жылдан бери өнөктөштөрдөн кол үзбөй, тыгыз байланышта болгон үчүн, дуалдык метод менен бизден теорияны, өндүрүштүк билим алгандан кийин такшалганга аларга жөнөтөбүз. Ал жерден жаңы технологияларды, жабдууларды пайдаланып иштешет, үйрөнүп келишет.

Мугалимдер жөнүндө айтсак, биринчиден, биз мугалимдерди институттан албайбыз, сөзсүз иштеп жаткан тармактан алабыз, анткени мугалим — практик болушу керек. Жылына 2-3 жолу акча-каражатын камсыздап, окууга жиберип турабыз. Мисалы, быйыл «IT I трактордон» окуттук, Минск Академиясынан окуп келишти. Биздин иш берүүчүлөр менен меморандумубуз бар: ошол жерде «бүт жаңы технологиялар боюнча биздин мастерлерди окутуп турабыз» деген келишим бар. Мугалимдерибиз ал жерден үйрөнүп, билимин жогорулатып турушат. Ошондуктан биздин мугалимдер кесипкөй деп толук ишенем. Эгер алар квалификация курсунан өтпөсө, билимин толуктап турбаса, технологиялар иштей албайт. Технология тармагы өтө тез өнүгүүдө, өзгөрүүлөр бат болуп турат. Бир эле жыл окубай калса, артта калып калат. Өзгөчө интернетте. Мисалы, биздин өнөктөштөр жыл ичинде мобу программаны алып салгыла, ал биздин индустрияда жок десе, алып салууга жана жаңы программаны өздөштүрүүгө туура келет. Ал эле эмес сулуулук индустриясы дагы IT технология сыяктуу эле тез өзгөрүп турат. Технологиялар жылда эмес, жыл ичинде бир нече жолу өзгөрүүгө дуушар болот. Мындай шартта биздин мугалимдер үзгүлтүксүз окутууга мажбур. Ошого көмөктөш болгон өнөктөштөргө ыраазычылык айта кетет элем. Себеби алардын жардамы менен эл аралык тренерлер келеби, өздөрүнүн жаңылыгы болобу, сөзсүз биздин мугалимдерди, окуучуларды кошуп турат, ошол себептен биздин сапатыбыз өйдө болот деп ойлойм.

– Өнүгүү стратегиясына келсек. Кандай доор күтүп турганын элестетүү кыйын болуп турат. Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүүдө. Технологиялар күн сайын өркүндөп жатат. Жер, сууну робототехника каптап келатат. Ошол мезгилге керектүү кадрларды өстүрүү керек.

– Сиз абдан туура айтып жатасыз. Биздин стратегиялык планыбыз бар. Бул тууралуу биз дагы ойлонуп, ар бир беш жыл сайын кесиптерди ревизия кылып турабыз. Кайсынысы керек, кайсы актуалдуу деп. Робототехника өнүгүүдө, бирок роботту башкаруу үчүн дагы программа керек. Биздин тармак ошолорду башкаруу үчүн жөнөкөйдөн татаалга өтүүчү программаларды ойлоп таап чыга турган балдарды даярдап, өстүрүшүбүз керек. Чынын айтканда, ага көп каражат керек. Программалык камсыздоо боюнча базага жаңы кесип киргизип жатабыз. Келечекте аналитика болот. Сулуулук тармагында дагы жаңы предмет киргизилип жатат: мастерлер компьютер аркылуу клиент менен сүйлөшөт. Бул дагы базада болот. Бул биздин жакынкы өнүгүү пландарыбыз.

– Заманбап адамга эки чоң потенциал керек болуп жатат: бир жагынан санарип сабаттуулук, экинчи жагынан медиа сабаттуулук. Сиз башкарган лицей бүт республика боюнча санариптик сабаттуулук боюнча окута турган, алдыңкы тажрыйбанын борбору боло алгандай потенциалы бар экен.

– Ооба, биз компьютердик сабаттуулук боюнча SDL Эл аралык программасынын негизинде программа иштеп чыгып, курстарды ачып, баардык лицейлерде болушунча кенен маалымат таратып берүүдөбүз. Биз санариптик сабаттуулук боюнча иш алып барып келе жатабыз жана окутууну колго алышыбыз керек. Ага кошумча биз интернет коопсуздугу боюнча дагы балдарды даярдап жатабыз. Биздин IT коопсуздугу боюнча мугалимибиз Россиядан эки жолу стажировкадан өтүп келди. Ойлойм, санариптик сабатсыздыкты жоюу боюнча иш алып барууга мезгил жетти, ошону колго алууну пландайбыз.

Маектешкен К. Чекиров

 

Бөлүшүү

Комментарийлер