“КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САБАТТУУЛУК: ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫ”
- 15.04.2026
- 0
Педагогика илимдеринин доктору, профессор, II класстагы мамлекеттик кеңешчи Ишенгүл Болжурованын “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САБАТТУУЛУК: ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫ” аттуу чакан китепчеси жарыкка чыкты.
Бул эмгекте ХIХ кылымдын аягы ХХ кылымдын башындагы Кыргызстандын аймагындагы билим берүү системасынын калыптанышы жана калктын сабаттуулук деңгээлинин өзгөрүү процесси изилденет. Ошол мезгилдеги калктын сабаттуулук деңгээлин баалоо маселеси тарыхнаамалык көз карашта кайра каралып, мурдагы тарыхый изилдөөлөрдө жетиштүү деңгээлде камтылбай калган боштукту толуктоого аракет жасалат. Эмгекте салттуу диний окуу жайларынын (мектеп, медресе) ишмердүүлүгү, жаңы усулдагы билим берүү мекемелеринин пайда болушу, орус-тузем мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, агартуучулук идеялардын жайылышы жана ошол доордогу коомдук-саясий шарттардын билим берүү тармагына тийгизген таасири талданат. Төмөндө китептин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭҢ БАЙЫРКЫ ЖАЗМАСЫ
Кыргыз тарыхнаамасында Октябрь революциясына чейин калк толугу менен сабатсыз болгон деген пикир калыптанып калган. 1917-жылга чейинки билим берүү процесстерин тыкыр изилдеген айрым тарыхчылар гана жергиликтүү калктын 4–5 пайызы сабаттуу болгон деп белгилешкен [1]. Бирок ошол мезгилдеги калктын сабаттуулук деңгээлин калыс изилдөө, башкача айтканда, ар түрдүү типтеги окуу жайлардын болушу жазганды, окуганды, эсептегенди билген адамдардын саны кыйла көп болгонун көрсөтөт. Калктын сабаттуулугун баалоо методикасынын өзү анчейин так болбогондой сезилет.
Сабаттуулук деңгээли кайсы тилде жана кайсы жазууда текшерилген? Эгер орус тилин жана кирилл арибин билүү боюнча текшерилсе, анда 5% сабаттуулук көрсөткүчү ошол чындыкка дал келиши мүмкүн. Ал эми араб жазуусун билген калктын саны изилденсе, анда сабаттуу адамдардын саны кыйла жогору болуп, болжолдуу эсептөөлөр боюнча жергиликтүү калктын кеминде 20 пайызына жетмек, ал эми отурукташкан аймактарда мындан да жогору болушу толук ыктымал. Биз төмөндө ошол боштукту толтурууга аракет кылып көрөлү.
Чындыгында, азыркы республиканын аймагында VIII кылымдан тартып мектептер жана медреселер болгон. Мектеп деген сөз түз маанисинде “жазуу жазган жер”, ал эми медресе “окуу жайы” дегенди билдирет. Алардын ачылышы Борбор Азияда Ислам дининин жайылышы менен тыгыз байланыштуу болгон. Бул окуу жайларда Куран, араб тили окутулуп, араб жазуусунда окууга жана жазууга, ошондой эле адепке — мусулмандын жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүшкөн.
Бул мезгилге чейин кыргыздарда таптакыр сабаттуу адамдар болгон эмес беле? Эгерде биз 2002-жылды — жаш Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулук жана БУУ тарабынан таанылган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилеген учурду эске салсак, анда бул дата эмнеге негизделген деген мыйзамдуу суроо жаралат. Орто кылымдарды изилдеген тарыхчылардын маалыматына таянсак, “кыргыз ээликтери” тууралуу алгачкы жазма эскерүү биздин заманга чейинки 201-жылга таандык. Ал улуу кытай тарыхчысы, «кытай тарыхнаамасынын атасы» деп эсептелген Сыма Цяндын «Тарыхый жазмаларында» кездешет. Бул факт кыргыздарда мамлекеттүүлүктүн белгилүү бир формасы — падышалык болгонун далилдейт. Андан тышкары, кыргыз ээлигинин өкүлдөрү кытай династиялары менен расмий кат алышууларды жүргүзүп турушкан. Бул кыргыздардын арасында элчилик каттардын өзгөчөлүктөрүн жана кат алышуунун тартибин билген сабаттуу, билимдүү инсандар болгондугун далилдейт.
Кыргыздардын (Енисей кыргыздарынын) эң байыркы жазмасы байыркы түрк рун жазуусу болгон (ал ошондой эле орхон-енисей жазмасы деп да белгилүү). Бул жазуу согд жазуусунун негизинде калыптанып, VI–IX кылымдарда колдонулган. Муну табылган жазуусу бар таш стелалар, ошондой эле VII кылымдын экинчи жарымына таандык археологиялык табылгалар тастыктайт. Сибирь менен Борбор Азиядан табылган орхон-енисей эстеликтери (жазуусу бар таш стелалар) бул жазманын эң көрүнүктүү үлгүлөрү болуп саналат. Кыргызстандын аймагында — Талас өрөөнүндө, Ысык-Көлдө, Нарын жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө да мындай эстеликтер кездешет…

Түштүк Сибирдин байыркы тарыхын изилдөөдө ири кадыр-баркка ээ окумуштуулардын бири катары академик С.В. Киселёв эсептелет. Ал «орхон-енисей жазмасын» ким ойлоп тапканы боюнча эч күмөн санаган эмес. Анын эмгеги Орхон же Енисейге эч кандай шилтеме берилбей эле “Енисей кыргыздарынын жазмасы” деп аталган. Ал кыргыз жазмасынын келип чыгышы жөнүндөгү өз теориясын мурунку изилдөөчүлөрдүн эмгектерин талдоого негиздеген.
Жазманын алгачкы үлгүлөрү енисей кыргыздарына Батыш Түрк каганаты аркылуу келген. С.В. Киселёв мындай деп жазат: “Кыргыздарга келсек, батыш-түрк жазмасы Енисейге даяр шартта жеткен. Ал жердеги аскаларда жана атайын орнотулган таш стелаларда дээрлик эки миң жыл бою ар кандай сүрөттөр жашап келген”. Ошонун негизинде ал мындай жыйынтык чыгарат: “Фиксациялоонун каражаттары ушунчалык байыркы жана ар түрдүү коомдук мамилелердин татаалдашуусунун жаңы шартында пайда болгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өз жазмасын түзүүгө умтулуусу табигый көрүнүш болгон”.
“Кыргыз жазмасы — енисей кыргыздарынын жогорку маданиятынын, алардын коомдук түзүлүшүнүн татаалдыгынын жана коңшу элдер менен болгон байланыштарынын бекемдигинин далили” [2].
Ал эми “кыргыз улуу державасы” доорун эске алсак, кыргыздардын жазмасы болгонун далилдеген мисал катары рун эпитафиялык тексттерин келтирүүгө болот. Бул тексттерде таштын боорлоруна маркумдун байлыгы, эрдиги жана каармандыгы сүрөттөлгөн. Мисалы, уйгур жерлеринде Яглар-ханды өлтүргөн Бойла-Буюрукка арналган эпитафияда мындай деп сыймыктануу менен жазылган: “Мен бай болчумун. Менин мал кармаган он короом болгон. Мал-мүлкүм сан жеткис болчу” [3, 107-108].
Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, рун жазуусу кыргыздар тарабынан XII кылымга чейин колдонулган [4, 101]. Евразиядагы эң байыркы эл болгон кыргыздардын байыркы жазма мурастарына кызыккандарга оригиналдуу окумуштуу Г.Т. Жаманкулованын төмөндөгү эки томдук изилдөөсүн сунуштайм: “Байыркы кыргыз тили (семасиография, фонография)” // Бишкек, 2016. (Семасиография — тилди пиктография аркылуу көркөм түрдө чагылдырган байыркы ыкма. Пиктография — бул жазуунун эң байыркы формасы, анда маалымат белгилүү бир үндөр же тамгалар аркылуу эмес, предметтерди, аракеттерди жана түшүнүктөрдү символдоштурган сүрөттөрдүн же схемалык белгилердин (пиктограммалардын) жардамы менен берилет).
Байыркы кыргыздарда да, ошол доорго мүнөздүү түрдө, негизинен териге жазылган кол жазма эмгектер болгон деп божомолдоого болот. Убакыттын өтүшү, тынымсыз согуштар жана көчүп-конуу процесстери аларды тарыхтын кумуна сиңирип жиберген. Айтмакчы, оозеки уламыштарда монголдордун чабуулу элдин турмуш-тиричилигин жана коомдук түзүлүшүн гана кыйратпастан, ордолордон асыл буюмдар менен мал жандыктарды эле эмес, кол жазма эмгектерди да алып кеткендиги айтылат.

Андан тышкары, байыркы кыргыздарда рун жазуусунан да мурда өзүнө таандык жазма тутум болгон деген пикирлер бар. Бул — кыргыздардын кийин жоголуп кеткен, бирок элдик эстутум катары кыргыз колдонмо өнөрүндө сакталып калган протожазмасы. Ал шырдактарда, ала кийиздерде, туш кийиздерде, боз үйлөрдүн жасалгаларында, тери буюмдарда, идиш-аяктарда кездешкен оймо-чиймелер аркылуу көрүнөт. Бул оймолор эстетикалык кооздук менен гана чектелбестен, чоң маанилик жана маалыматтык жүктү да камтыйт.
Белгилүү болгондой, азыркы Кыргызстандын аймагы Россия империясынын курамына киргенден кийин жана революцияга чейинки мезгилде Түркстан крайына караштуу Жети-Суу, Сыр-Дарыя жана Фергана болуп бир нече облустарга бөлүнгөн. 1876-жылдын 8-июнунда Жети-Суу облусунун Ысык-Көл уездинин башчысы Түркстан окуу округунун башкы инспекторуна төмөнкүлөрдү билдирген: “Уездде 12 жеке мектеп бар, алардын үчөө калмак, тогузу кыргыз мектеби. Бул мектептерде окуган окуучулардын жалпы саны — 131 бала” [5].
Бизге белгилүү болгондой, мектептердин (мектебдердин) саны мезгил-мезгили менен көбөйүп же азайып турган. Маселен, Түштүк Кыргызстандын аймагын камтыган Фергана облусунун 3-районунун инспекторунун 1914-жылдагы отчетунда: “Мектептер так эсепке алынбайт. Кандай болгон күндө да, алардын санын жүздөгөн деп эсептөө керек” деп белгиленген [6]. Убакыттын өтүшү менен мектептердин саны өсүп турган. Тактап айтканда, Жети-Суу облусунда 1891-жылы 64 мектеп жана медресе болуп, анда 1251 окуучу билим алган; 1895-жылы 74 мектепте 9086 окуучу окуган; ал эми 1897-жылы мектептердин саны 88ге жетип, анда 12 835 адам билим алган [7]. XIX кылымдын аягында Пржевальск уездинин 28 волостундагы калктын саны 104 миң адамды түзүп, 28 мектеп иштеп турган. Бул мектептерде 2276 эркек бала жана 42 кыз бала окуган. Айтмакчы, бул көрсөткүчтөр бир жылдын гана маалыматы. Эгер хронологиялык тартипте карай турган болсок, окуган же билим алган адамдардын санын, балким, жүздөгөн деп эсептөөгө болот.
Жалпысынан XIX кылымдын орто ченинде азыркы Кыргызстандын аймагында 256 конфессиялык мектеп иштеген [8]. Бул мектептер кандай болгон, окуу процесси кандай жүргөн? Негизги милдет көчмөн жана отурукташкан калктын арасында ислам динин жайылтуу болгон. Эгер кыргыз калкы отурукташып жашаган аймактарда бул мектептер туруктуу иштеп, турак жай имараттарында жайгашса, көчмөн аймактарда балдар жайлоого көчкөнгө чейин, адатта боз үйлөрдө же дарактардын көлөкөсүндө, жер үстүндө окушкан.
Башталгыч окутуу жана тарбия берүү боюнча жалпы кабыл алынган окуу-методикалык план же колдонмо болгон эмес. Сабактар негизинен калыптанып калган схема боюнча жүргүзүлүп, анда эң башкысы араб алфавитин үйрөнүү болгон. Андан кийин окуучулар сөздү туура айтууну жаттоого өтүшүп, буга кеминде жарым жыл убакыт кетчү. Андан соң кыргыз мектептеринде «Хафтьяк» жыйнагы колдонулуп, анын негизинде Курандын айрым үзүндүлөрү жана сүрөлөрү жаттатылып, шариаттын нормаларын так сактоого үйрөтүшкөн.
Эреже катары окууда терең түшүнүүгө эмес, автоматтык жаттоого басым жасалган. Башкача айтканда, араб тилинин маңызы, сүрөлөрдүн мазмундук жүгү жана дин окуусунун негизги жоболору толук түшүндүрүлбөстөн, курулай жаттоочулукка негизделген.
Молдо-мугалимге келсек, андан белгилүү бир билим деңгээли талап кылынган эмес: алар көбүнчө жакынкы мечиттердин молдолору же отурукташкан аймактардан келген, араб жазмасын жана Курандын сүрөлөрүн билген адамдар болушкан. Аларды багуу милдети баласын окуткан ата-энелерге жүктөлгөн. Молдого турак жай берип, тамак-аш, кээде кийим-кече менен камсыз кылышкан.
Ошол эле учурда бул мектептер кыргыздардын балдарын сабаттуу кылууга болгон умтулуусунун далили болгонун белгилей кетүү керек. Мындай мектептердеги окуу мөөнөтү адатта 4 жылга созулуп, ар кандай курактагы окуучулар бир боз үйдө чогуу отурушкан. Сабактардын так тартиби, программа же окуу планы болгон эмес. Баары мугалимден көз каранды болгон. Эч кандай экзамен алуу же билимди текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мектепти бүтүргөнү тууралуу да эч кандай документ берилген эмес. Ошого карабастан, мындай окууну аяктагандар эл арасында «молдо» деп аталган.
Бул мектептер ийкемдүүлүктү, жөнөкөйлүктү, мусулман салттарын сактоону жана патриархалдык үй-бүлөлүк баалуулуктарды калыптандыргандыктан, Түркстан крайынын падышалык администрациясы үчүн коркунуч жараткан эмес.
Медреселерге келсек, 1914-жылга карата Ош уездинде 88 медресе болгон (алардын ичинен чыныгы медресе катары болгону жетөө гана иштеп, калгандары мектептерге окшош болгон), ал эми Пржевальск шаарында бир гана медресе бар эле [9]. Бул медреселерде Куранды жана шариатты тереңдетип окутуу менен катар арифметика, география, тарых, жарандык укук, эсептөө илими, араб тилинин грамматикасы, арифметика, жөнөкөй фигураларды өлчөө жана медицинанын негиздери боюнча баштапкы билимдер берилген. Бул медреселердин айрым бүтүрүүчүлөрү өз айылдарында дарыгер – табып болуп иштешкен. Медреселердин окуучулары даярдык деңгээлине жараша үч баскычка бөлүнгөн: кенже, орто жана улук. Адатта, ар бир баскычта окуу мөөнөтү үч-төрт жылды түзгөн.
XIX кылымдын 50-жылдарынын ортосунда Ош шаарындагы эң белгилүү медреселердин бири катары Алымбек датканын медресеси эсептелген (ал “Алай ханышасы” Курманжан датканын жолдошу, өзү да XIX кылымдагы ири мамлекеттик ишмер болгон) [10]. Байлыгы жана окуучуларынын саны боюнча ага тең келген медресе болгон эмес.
Медресенин каржыланышы жана камсыздалышы вакуф аркылуу жүргүзүлгөн. Вакуф — тартып алынбаган мүлк болуп, андан түшкөн кирешелер толугу менен диний мекеменин, тактап айтканда, медресенин пайдасына жумшалган. Маселен, Ош шаарындагы Алымбек датканын медресесине таандык 100 вакуф дүкөнү болгон. Бул медресенин камкорчуларына, мугалимдерине жогорку айлык акы төлөөгө, ошондой эле бардык баскычтагы — кенже класстардан баштап улук класстарга чейинки окуучуларга стипендия берүүгө шарт түзгөн.
Белгилей кетүүчү жагдай, медреселерге тиешелүү вакуф мүлкүнүн принциби падышалык бийлик тарабынан да колдоого алынган. Вакуфтун жашоого жөндөмдүүлүгүн анын Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да сакталып турушу далилдейт.
Медресени бүтүргөндөр муфтияттардын мүчөлөрү, казылар (шариат — мусулман укугун чечмелеп колдонгон соттор), мударрислер (медресе же мектеп мугалимдери), мечит кызматкерлери, молдо болуп иштешкен, айрымдары айылдарда жана мектептерде мугалимдик кылышкан.
РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНДА ЖАЛПЫГА МИЛДЕТТҮҮ БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ ДЕМИЛГЕЛЕР
Капиталисттик мамилелердин өнүгүшү, Россия империясын мекендеген элдердин аң-сезиминин өсүшү, билим берүү мекемелеринин ар кандай формаларынын көбөйүшү мамлекеттик деңгээлде белгилүү бир унификацияны, бирдиктүү идеологиялык жана саясий, окуу-усулдук, тарбиялык иштерди жүргүзүүнү талап кылган. Ушуга байланыштуу бул процесстерди мыйзамдык жактан негиздөөгө болгон муктаждык барган сайын күчөгөн. Натыйжада билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу идеясы жаралган. Анын алгачкы этабында Россия империясынын кеңири аймагында жалпыга бирдей башталгыч билим берүүнү жөнгө салуу жана ишке ашыруу маселеси коюлган. Маселен, 1907-жылдын 20-февралында эл агартуу министри П.М. Кауфман тарабынан Мамлекеттик думага «Россия империясында жалпыга бирдей башталгыч билим берүүнү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору сунушталган. Бирок бул долбоор мыйзам катары кабыл алынбай калган.
Мыйзам долбоору 1907-жылдын 1-ноябрында III Мамлекеттик думага кайрадан киргизилип, 1908-жылдын 8-январында алдын ала кароого Эл агартуу боюнча комиссияга жөнөтүлгөн. Ал эми “Башталгыч билим берүүнүн муктаждыктары үчүн 6 900 000 рубль бөлүү жөнүндө” деп аталган 1908-жылдын 3-майындагы мыйзам долбоорунда Россиянын аймагында жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизүү тууралуу бир да сөз камтылган эмес [11] (Бул мыйзамдын тексти менен «Россия империясынын мыйзамдарынын толук жыйнагы» базасынан (228-бет, №30328) таанышууга болот http://www.nlr.ru/e-res/law_r/search.php).
Эл агартуу боюнча комиссия 1910-жылдын 10-декабрында Мамлекеттик думанын жалпы жыйынына өкмөттүк долбоордун негизги жоболорун киргизген. Бул жоболор төмөнкүлөргө негизделген:
1) мектептер тармагын түзүү жана аны ишке ашыруу планы мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелерине жүктөлгөн;
2) бир мектеп тейлеши керек болгон аймактын нормалдуу чеги үч версталык радиус деп эсептелген;
3) мектептер тармагына кирген училищелерде калк үчүн окуу акысыз болгон;
4) мектептер тармагынын долбоору Эл агартуу министри тарабынан бекитилиши керек болгон;
5) мектептер тармагына кирген чиркөө-приход мектептери Эл агартуу министрлигине караштуу мектептер менен бирдей негизде казынадан жардам алууга укуктуу болгон;
6) казынадан бөлүнгөн насыялар мугалимдерге эмгек акы төлөөгө багытталган.
Дума төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизген:
1) Башталгыч окуу жайлардын муктаждыктарына министрликтин бюджетине казынадан жыл сайын 10 жыл бою 10 миллион рублдан кем эмес сумма бөлүнүүсүн белгилеген;
2) Жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизүү үчүн максималдуу мөөнөт катары он жылды белгилеген;
3) Губерниялык жана уезддик земство мекемелери (земство — Россия империясындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) жок аймактарда мектеп тармагын түзүү иши жергиликтүү Эл агартуу министрлигинин органдарына, земство жана шаар чарбасы боюнча иш алып барган мекемелер менен бирге жүктөлгөн;
4) Бардык мектеп тармактарын түзүү иштерине ошондой эле элдик училищелердин инспектору жана башка тиешелүү адистер да тартылган.
Мыйзам долбоорун биринчи жолу талкуулоо 1911-жылдын 24-январында, экинчи жолу — 26-январда, үчүнчү жолу — 12-февралда өткөн. Дума долбоорду жактыруу жөнүндө чечимди 1911-жылдын 19-мартында кабыл алып, аны Мамлекеттик кеңешке жиберген. Кароо учурунда Мамлекеттик кеңеш башталгыч окуу жайлардын муктаждыктарына бөлүнчү жылдык каражаттардын минималдык суммасын (10,5 млн. рублге чейин) жогорулаткан, жалпыга милдеттүү билим берүүнү киргизүү үчүн белгиленген максималдуу мөөнөттүн көрсөтмөсүн алып салган жана башка өзгөртүүлөрдү киргизген.
1912-жылдын 28-январында Мамлекеттик кеңеш макулдашуу комиссиясын түзүүнү чечкен, бирок комиссия бирдиктүү пикирге келе алган эмес. Комиссиянын отчёту Думага 1911-жылдын 9-апрелинде киргизилип, 1912-жылдын 21-майында талкууланган. Бирок Дума бардык принциптик маселелер боюнча өзүнүн баштапкы чечиминен кайткан эмес. Акыры, 1912-жылдын 6-июнунда Мамлекеттик кеңеш мыйзам долбоорун четке каккан!
Жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо бир нече жолу кечеңдеп отуруп 1912-жылга чейин созулган. 1912-жылдын 6-июнунда Мамлекеттик кеңеш жалпы билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорун биротоло четке каккан. Кеңири тараган ар кандай уламыштарга карабастан, жалпы жана акысыз башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган эмес. 1915-жылга чейин милдеттүү жалпы жана акысыз башталгыч билим берүү айрым уезддерде жана шаарларда гана киргизилген (440 ашык земствонун ичинен он бешинде гана киргизилген, башкача айтканда, үч пайызды түзгөн).
1914-жылга карата окуучулардын саны 1000 адамга туура келген: Россияда — 59, Австрияда — 143, Улуу Британияда — 152, Германияда — 175, АКШда — 213, Францияда — 148, Японияда — 146 адам болгон [12].
Мыйзам долбоору 1917-жылга чейин ишке ашырылбай калган, анткени каражат жетишсиз болуп, земство мекемелеринин финансылык кыйынчылыктарына жана Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына туш келген. Жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизүү аракеттери 1908-жылдан мурда жана кийин да жасалган, бирок аны чындыгында 1930-жылдары большевиктер жүзөгө ашырган. Ошондуктан билим берүү боюнча бардык чыгымдарды жергиликтүү калк жана анча-мынчасын жергиликтүү башкаруу администрациясы көтөргөн.
Комментарийлер