«КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ»: КОНЦЕПЦИЯДАН УЛУТТУК ПРОГРАММАГА ЧЕЙИН
- 23.10.2026
- 0
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин тапшырмасы менен иштелип чыккан 2027-2030-жылдарга карата «Кыргыз жараны» жарандык биримдикти өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор жарандык биримдикти чыңдоого, этностор аралык ынтымакты өнүктүрүүгө багытталган.
Концепция — багыт, улуттук программа — ишке ашыруу жолу
2020-жылдын Президентинин Жарлыгы менен 2021–2026-жылдарга «Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясы бекитилген. Анын негизги максаты — этностук тегине карабастан, бардык жарандарды жалпы мамлекетке таандык экенин сездирүү, элдин биримдигин жана өз ара урматтоосун бекемдөө.
Ал эми 2026-жылдын октябрында коомдук талкууга коюлган 2027–2030-жылдарга карата «Кыргыз жараны» жарандык биримдикти өнүктүрүү боюнча улуттук программанын долбоору ушул багытты кийинки этапта улантууну көздөйт.
Концепция — мамлекет жарандык биримдикти кандай баалуулуктарга таянып өнүктүрөрүн аныктаган стратегиялык багыт. Ал эми улуттук программа — ошол багытты кийинки мезгилде кандай иштер, жооптуу тараптар жана практикалык чаралар аркылуу улантуу керектигин аныктоого багытталган документ. Демек, булар бири экинчисинин логикалык уландысы.
Бул жерде маанилүү суроо жаралат: жарандык биримдикти бекемдөө боюнча мамлекеттик саясат карапайым адамдын күнүмдүк турмушунда кандай өзгөрүү жаратышы керек? Анын жообун мектептен издөө зарыл. 
Мектеп реформасы жарандык биримдикти кантип бекемдейт?
Жарандык иденттүүлүктүн эң маанилүү пайдубалы күн сайын калыптанган чөйрөдө — үй-бүлөдө, мектепте жана баланын коом менен болгон мамилесинде жатат. Жарандык иденттүүлүк — жөн гана мекенчилдикке чакырык эмес. Ал окуучунун өз укугун билген, милдетин түшүнгөн, мамлекеттик тилди урматтаган, коомдогу ар түрдүүлүктү кабыл алган жана өлкөнүн келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылган инсан болуп калыптанышын билдирет.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгилеп келгендей, Кыргызстандын билим берүү модели Сингапур же Финляндия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын түздөн-түз көчүрүүгө эмес, дүйнөлүк алдыңкы жетишкендиктерди улуттук шарттарга ылайык өздөштүрүүгө негизделет. Бул принцип «Кыргыз жараны» концепциясынын максаттары менен айкалышат: заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүү улуттук тарыхты, мамлекеттик тилди, маданий мурастарды жана жарандык биримдикти бекемдөө менен коштолууга тийиш. 
Жарандык тарбия мектептеги мамиледен башталат
Эгер бала сабакта өз оюн эркин айтууга, башкалардын пикирин угууга, суроо берүүгө, далил келтирүүгө жана чечим кабыл алууга үйрөнсө, ал келечекте коомдук турмушка да аң-сезимдүү катышууга даяр болот. Ошондуктан «Кыргыз жараны» идеясынын билим берүү системасында ишке ашышы тарбиялык сааттардын же майрамдык иш-чаралардын саны менен өлчөнбөшү керек. Анын таасири мектептеги өз ара мамилелерден, окуучунун үнүн угуудан, мектептин күнүмдүк турмушунда адилеттүүлүктүн сакталышынан жана балдардын коомдук демилгелерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн көрүнүүгө тийиш.
Мында негизги суроо өзгөрөт: мектеп окуучуга мекенди сүйүү жөнүндө айтып жатабы же мекенине жоопкерчиликтүү мамиле жасоону күнүмдүк турмушта үйрөтүп жатабы? 
12 жылдык билим берүү: жарандык компетенцияларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк
Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү реформасы да ушул маселени кароого мүмкүнчүлүк берет. Анын натыйжалуулугу билим берүүнүн мазмунуна, окутуу методдоруна, окуучунун өз алдынча иштөөсүнө жана алган билимин турмушта колдоно билүүсүнө байланыштуу.
Бул жагынан алганда, «Кыргыз жараны» концепциясы менен улуттук программанын максаттарын билим берүү реформасынан бөлүп кароого болбойт. Анткени жарандык иденттүүлүк да, заманбап билим берүү да окуучунун инсан катары калыптанышына багытталат.
Мисалы, тарых сабагында окуучу даталарды жана окуяларды жаттоо менен чектелбестен, өлкөнүн тарыхый өнүгүшүн, мамлекеттүүлүктүн маанисин жана коомдук өзгөрүүлөрдүн себептерин талдай алса, анын тарыхый аң-сезими тереңдейт.
Адам жана коом сабагында конституцияны, адам укуктарын, жарандардын милдеттерин үйрөнүү менен бирге, окуучу бул принциптердин мектептеги жана коомдогу турмушта кандай колдонуларын түшүнүшү зарыл.
Адабият сабагында чыгармалардын каармандарынын тандоосун, адилеттүүлүк, жоопкерчилик, абийир жана адамдык мамиле маселелерин талкуулоо баланын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.
Ал эми табигый илимдерде же математикада топтук долбоорлорду аткаруу, маселени биргелешип чечүү, маалыматтарды салыштыруу жана жыйынтыкты далилдөө окуучуларга кызматташуу маданиятын үйрөтөт.
Мындай мамиле жарандык тарбияны өзүнчө бир сабакка же предметке жүктөбөйт. Ал билим берүүнүн мазмунуна жана мектептин жалпы маданиятына сиңет.
Ошентип, 12 жылдык билим берүүнүн ийгилигин окуучулардын академиялык жетишкендиктери менен катар, алардын өз алдынча ой жүгүртүү, башкалар менен кызматташуу, жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу жана коомдук маселелерге кызыгуу жөндөмдөрү аркылуу да баалоого болот. 
Мамлекеттик тил бириктирсин, ар түрдүүлүк бөлбөсүн
«Кыргыз жараны» түшүнүгүндө мамлекеттик тилдин орду өзгөчө. Кыргыз тилин билүү өлкөнүн коомдук жана маданий турмушуна кеңири катышууга жол ачат. Ошондуктан ар бир балага кыргыз тилин сапаттуу үйрөнүүгө шарт түзүү билим берүү системасынын маанилүү милдеттеринин бири.
Ошол эле учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү башка тилдерди жана маданияттарды урматтоо менен коштолушу зарыл. Кыргызстандагы балдардын үй-бүлөлүк тили жана маданий чөйрөсү ар түрдүү болушу мүмкүн. Мектеп алардын айырмачылыгын бөлүнүүгө себеп кылбастан, өз ара түшүнүшүүгө үйрөтүшү керек.
Мында мугалимдин ролу чоң. Бирок жарандык тарбияны мугалимдин жеке аракетине гана жүктөөгө болбойт. Ага сапаттуу окуу материалдары, натыйжалуу окутуу усулдары, мектептеги коопсуз чөйрө жана ата-энелер менен кызматташтык керек.
Натыйжа кагазда эмес, баланын турмушунда көрүнүшү керек
Улуттук программанын ийгилигин өткөрүлгөн иш-чаралардын саны менен баалоо туура эмес. Негизги көрсөткүч — балдардын көз карашында жана жүрүм-турумунда кандай өзгөрүү болгонунда.
Жыйынтыктап айтканда, «Кыргыз жараны» концепциясы коомду бириктирүүнүн багытын аныктаса, улуттук программанын долбоору ошол багытты улантуунун жолдорун белгилөөгө багытталган. Ал эми мектеп — бул максаттар турмушта ишке аша турган негизги чөйрөлөрдүн бири.
Анткени «Кыргыз жараны» деген түшүнүк документтерде же окуу китептеринде гана калбашы зарыл. Ал баланын өз укугун билишинен, мамлекеттик тилди үйрөнүшүнөн, башка адамдарды урматташынан жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаганынан көрүнүүгө тийиш.
Кенжебек кызы Асел, “Кут Билим”