КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

  • 16.08.2023
  • 0

Редакциядан: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун видеоконференция системасы аркылуу 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар өткөрүлүүдө. Вебинарлар, мастер-класстар 14-августтан 27-августка чейин Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлөт. Вебинар күндөлүгүнөн.

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

«Кыргыз адабияты» предмети филологиялык билим берүү тармагынын  бир бөлүгү болуп саналат. Окуучулардын функционалдык сабаттуулуктарын калыптандырууда, адамзаттын тарыхында анын прогресске жетишүүсүндө, инсандын руханий, адеп-ахлактык, эмоционалдык жана эстетикалык өнүгүүсүндө, нарктуу инсанды тарбиялоодо,  руханий нарктуу маданиятты коргоодо  адабий билим берүүнүн ролу чоң.

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Кыргыз адабияты предметин окутууну кантип жаңы шартка ылайык модернизациялоо керек?

Кыргыз адабияты предметин окутууну жаңы шарттарга ылайык модернизациялоо —  компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутууда   негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү (чыгармачылык) үч деңгээлде окуучулар ээ боло турган  натыйжаларга, окуучулардын билимдерин  турмушта колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө көңүл буруу — учурдун эң актуалдуу талабы.

Предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу Мамлекеттик стандартта аныкталган  үч деңгээлде каралат:  Биринчи деңгээл – (репродуктивдүү), экинчи деңгээл – (продуктивдүү), үчүнчү деңгээл  — креативдүү.

Адабий билим берүү үч компетенттүүлүктү калыптандырууга кызмат кылгыдай мүнѳздѳ үйрѳнүлѳт. Окурмандык — адабий чыгарманы эстетикалык  өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүк,  искусствонун башка түрлөрүнүн катарында адабияттын өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүгүн  калыптандыруу,  образдуу сөздүн көркөм көп маанилүүлүгүн, ассоциативдүүлүгүн, көрүү жана угуу дааналыгын  ачуу аркылуу образдык сөздү түшүнүү жана   инсандык деңгээлде  өздөштүрүү; теориялык-адабий түшүнүктөр жөнүндө үйрөнүүчү предмет катары эмес, көркөм чыгарманы түшүнө билүүгө жардамдашкан курал, каражат катары түшүнүктү өнүктүрүү. Окуучулардын ар башка элдерге жана маданияттарга тиешелүү адабий чыгармаларды салыштыруу, талдоо көндүмдөрүнө ээ болуусу.  Эмоционалдык    баалуулук — окуучунун адабиятта чагылдырылган адептик жана эстетикалык баалуулуктарды аныктоого жана түшүнүүгө, сезимдерин, мамилесин билдирүүгө, ой жүгүртүүгө, аларга карата өзүнүн мамилесин негиздөөгө жана базалык улуттук баалуулуктар менен байланыштырууга, гуманисттик позицияларды жактоого жөндөмдүүлүгү. Адабий чыгармачылык —  ар түрдүү типтеги дил баяндарды жана түрдүү жанрдагы жана формадагы адабий чыгармачыл иштерди жазууга жөндөмдүүлүк; монологдук жана диалогдук кепке ээ болуу жана кептик баарлашууга кирише билүү; уккан жана окуган көркөм чыгармадагы маалыматты  чагылдырган жазуу иштерин жаратуу; энциклопедияларды, сөздүктөрдү, интернет-ресурстарды ж.б.ларды кошуп ар кайсы маалымат булактардагы таанып билүүчүлүк жана коммуникативдик тапшырмаларды чечүү; кепти толуктоо жана байытуу, кеп маданиятын  өздөштүрүү жана стилдик боёктогу кепке ээ болуу.

Эмне өзгөрүү бар?

Билим берүүнүн натыйжалары мазмундук  жана тематикалык багыттардын негизинде калыптанат.  Негизги жана жогорку класстардын окуучуларынын окуудагы жетишкендиктери, башталгыч класстардын окуучуларынын алган билимдеринин натыйжаларынын уландысы болуп саналат.  Ар бир класстын жетишкендиктери индикаторлор менен аныкталат. Жалпы билим берүүчү уюмдарынын 2023/2024-окуу жылы үчүн Базистик окуу планына ылайык мамлекеттик компоненттеги кыргыз адабиятына ыйгарылган сааттарда 7-класста кыргыз адабияты 1 саат кыскарды, башка класстарда өзгөрүүлөр болгон жок.

Бүгүнкү күндө окутуунун натыйжалары болуп, теориялык билимдердин жыйындысы эмес, алган билимдерди окуучулар практикада, өз жашоосунда колдонуусу саналат. Инсанга багыттап окутууда негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн негизинде окуучулар репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү (чыгармачылык) деңгээлдерге    ээ болуусуна көӊүл буруу зарыл.

Адабият мугалиминин өзгөчөлүгү кайсы?

Жазуучу – чыгарма – окурман (окуучу) үч бурчтугунун ортосунда көпүрө милдет аткаргандыгы.  Адабият мугалиминин башкы милдети —  өз окуучусун чыныгы адам кылып тарбиялоо, мекенчил жана улуттук рухту сыйлаган, алып жүргөн ыйман-ынсаптуу адамды   калыптандыруу.

Кыргыз адабиятын окутуу иштери педагогика илиминин жалпы, атайын жана жеке методологиясынын жоболоруна негизделет. Кыргыз адабиятын окутуу процессинде инсанга багытталган окутууга өзгөчө маани берилет. Кыргыз адабиятын окутууга коммуникативдик мамиле жасалып, окутуунун объектисин көркөм текст түзүүсү, ал эми сабак процесси жандуу сүйлөшүү, талдоо, талкуулоо, баяндоо иштери, чыгармаларга карата эссе же пикир жазуу, аргументтөө аркылуу жүргүзүлүшү шарт.

Чыгарманы талдоо процессинде төмөндөгүдөй  эң зарыл педагогикалык шарттар эске алынышы керек:

— учурда дүйнөдө бала тарбиясына жана анын өсүүсүнө кандай артыкчылыктуу багыттар берилүүдө, сунуш кылынып жаткан чыгарма эмнеси менен үндөш боло аларын аныктоо;

— чыгармадагы кандай идея бала жашап жаткан мезгил жана коом үчүн актуалдуу экендигин аныктоо;

— чыгарма бала жашап жаткан коом менен  мезгилдин кандай көйгөйлүү маселесин чечерин аныктоо;

— чыгарманын  улуттук  жана дүйнөлүк  адабий процесстеги ордун таанытуу;

— чыгарма мезгилге жана коомго жараша кандай философиялык-эстетикалык мааниге ээ экендигине байкоо жүргүзүү;

— чыгарманын бала үчүн адабий, эстетикалык, маданий, турмуштук баалуулуктарын жана керектүүлүгүн таанытуу;

— балдар андан турмушуна керектүү эмнени үйрөнө турганын аныктоо;

— чыгармадагы позитивдүү жана негативдүү идеяларды байкоо жана балага тарбия берүүдө ал идеялардын таасирдүүлүгүн  байкоо;

— чыгарманын сюжети, каармандардын образдары  баланын психологиясына туура келерин бакоо;

— чыгарма балдардын ой жүгүртүүсүн, кыял дүйнөсүн, акыл-эсин  өстүрүүгө кандай кызмат кыларын аныктоо;

—  чыгарма баланы өстүрүүдө эмнеси менен кызмат кыларын аныктоо;

— чыгарманын идеясы, анын каармандары, образдар,  баланы кандай турмуштук багытка жараша өстүрүүгө каражат болорун аныктоо;

— баланын окурмандык маданиятын өстүрүүдө чыгарма кандай мааниси бар экендигин аныктоо;

— чыгарманы балага жеткирүүнүн, ага кызыктыруунун, алардын талаптагыдай өздөштүрүүсүнүн оптималдуу методдору менен шарттарын аныктоо.

Мектепте көркөм чыгарманы башталгыч класстан баштап окуп-үйрөнүүдө  «адабий баяндоо» жана «адабий талдоодон», мугалим «педагогикалык баяндоо» менен «педагогикалык талдоо» ыкмаларын кеңири колдонуусу талапка ылайык келет.

Функционалдык сабаттуулуктун калыптануу деңгээлин жана биздин окуучуларда 21-кылымдын көндүмдөрү кандай калыптангандыгын баалоо максатында PISA билим сапатын баалоо боюнча эл аралык изилдөө (программа) жүргүзүлүүдө. Эл аралык изилдөөлөрдүн алкагында оң натыйжаларга жетишүү үчүн билим берүү процессин  21-кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багыттоо зарыл.

STEAM билим берүү

Бүгүнкү күндө STEAM билим берүүнүн эң заманбап жана келечектүү тенденциясы. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө дал ушундай ыкма колдонулуп келе жатат. Бул математика, физика, химия, программалоо, сүрөт, тилдер  бир билим берүү программасына бириктирилген. STEAM — бул аралаш билим берүү чөйрөсүндө  балага илимди жана искусствону күнүмдүк жашоодо кантип колдонууну көрсөтүп-үйрөтүүчү дүйнөлүк билим берүү методдорунун бири. Заманбап педагогикалык технологияларга ээ болуу (STEAM технологиялары, долбоордук окутуу технологиясы, көйгөйлүү окутуу технологиясы, кызматташуу технологиясы, компьютердик технология) мугалимдин методикалык маданиятынын бир өңүтү болуп эсептелет.             Жаңы технологияларды окуу процессине киргизүү окуучунун көндүм мамилесин, ошондой эле мугалимдин позициясын да өзгөртөт.

STEAM билим берүү — бул предметтер аралык тыгыз байланышты жана прикладдык мамилени колдонууга негизделген, ошону менен бирге ушул беш предметти —  окутуунун бир схемасына бириктирген ИНТЕГРИРЛЕНГЕН билим берүүнүн багыты жана ыкмасы болуп саналат.

Ааламдашуу шартында билим берүүдө санариптик технологиялардын орду

Ааламдашуу шартында  санариптештирүү жана санарип технологиялары маанилүү  ролду ойнойт жана дүйнөлүк өнүгүүнүн, анын ичинде билим берүүнүн  ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Санариптик сабаттуулук: мугалим компьютерлер, планшеттер, интерактивдүү доскалар жана башка санариптик шаймандар менен иштөө жөндөмүнө ээ болушу керек.

Мобилдик тиркемелер жана түзмөктөр: буга смартфондор жана планшеттер сыяктуу мобилдик шаймандар, ошондой эле каалаган жерде жана каалаган убакта окууга, үйронүүгө мүмкунчүлук берген колдонмолор,

Компьютердик класстар жана маалыматты иштеп чыгуу технологиялары:  компьютерлер, ноутбуктар жана башка шаймандар, ошондой эле тексттер, графиктер жана башка маалымат форматтары менен иштөө, интерактивдүү доскалар жана проекторлор.

Булут технологиялары жана кызматтары: онлайн сактоо кызматтары, байланыш жана документ колдонмолору жана Интернет аркылуу окуу ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгү, онлайн окутуу жана дистанттык программалар. Виртуалдык жана кеңейтилген чындык:  бул материалды тереңирээк түшүнүүгө жана окуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берген симуляцияларды жана визуализацияларды түзүүгө мүмкүндүк берген технологиялар.

Маалыматтык коммуникациялык технологияларды белгилүү өлчөмдө окутуунун башка методдору менен туура айкалыштырып колдонгондо гана, мугалим оптималдуу натыйжага жетишет. Бүгүнкү күндө маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонбой туруп,  конкуренцияга жөндөмдүү, заманбап  окуучуну даярдоо мүмкүн эмес экендиги баарыбызга маалым.

Функционалдык сабаттуулук

Функционалдык сабаттуулук – адамга   ОКУУГА,  ЖАШООГО, ИШТӨӨГӨ  жардам бере турган  билимдердин кору.

«Функционалдык сабаттуу адам — ​​бул ишмердүүлүктүн  түрдүү чөйрөлөрүндө, баарлашууда жана социалдык мамилелерде турмуштук маселелерди чечүү үчүн өмүр бою тынымсыз алып турган билимдер менен көндүмдөрдү  колдонууга жөндөмдүү адам». (Леонтьев А.А.: [Образовательная система «Школа 2100». Педагогика здравого смысла / под ред. А. А. Леонтьева. М.: Баласс)

Мектеп билим берүүсүнүн сапатынын негизги себептери, шарттары

Мектеп билим берүүсүнүн сапаты негизинен педагогдордун кесиптик даярдыгынын сапаты менен аныкталат      (PISAнын жыйынтыктары боюнча).

Мектеп окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктеринин сапаты негизинен мугалимдер тарабынан аларга сунушталган тапшырмалардын сапаты менен аныкталат (ITL жыйынтыктары боюнча, PISA).

Айгүл БАТЫРКУЛОВА, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын  башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер