КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

  • 07.04.2023
  • 0

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ2023-жылдын 7-апрелинде “Кут Билим” гезитине 70 жыл толду. Ошондой эле жыйырманчы кылымдын жыйырма сегизинчи жылында Эшеналы Арабаев баштаган аталарыбыз өздөрү негиздеген мурдагы “Жаңы маданият жолунда”, азыркы “Эл агартуу” журналы 95 жашка, чоң окумуштуу Лев Абрумович Шейман негиздеген “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналы дагы 65 жашка келди. Совет жана эгемендик доорунда  үзбөй чыгып келаткан бул басылмалар ондогон жылдар бою билим берүү менен илим тармагынын маалыматтык жүгүн көтөрүп, улуу мугалим журтунун колундагы күжүрмөн куралы катары түбөлүктүү нарк-дөөлөттүн үрөнүн сепкен бийик максатка кызмат өтөп, улуттук педагогикалык акыл-ойдун өзүнчө бир интеллектуалдык казынасына айланды.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

“Мугалимдер гезитин” чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз ССР Компартиясынын борбордук комитетинде 1953-жылы 23-январда кабыл алынган. БКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков өзү төрагалык кылган жыйында анын мүчөлөрү Догдуров, Сүйеркулов, Терешенко, Чуркин жана КПСС БКнын Москвадан келген өкүлдөрү Пигалев, Соболев жана “Правда” гезитинин кабарчысы Лукин катышкан.

“Мугалимдер газетасын” чыгаруу жыйында жетинчи маселе болуп каралган. Кыргызстан КП БКнын протоколдук чечиминде  Кыргыз ССР Агартуу министрлиги менен Профсоюздардын борбордук комитетинин органы болгон “Мугалимдер газетасын” ар аптада кыргыз тилинде 3 миң нускада чыгарууга уруксат берилип, анын штаттарын бекитүү жагы Мамлекеттик штаттык комиссияга тапшырылган.

“Мугалимдер газетасынын” биринчи саны 1953-жылы 7-апрелде жарык көргөн. Башкы редакторуна ылайыктуу адам табылбай калганбы, айтор биринчи саны баш редактордун эмес, билим берүү министринин орун басары А. Жолоновдун колу менен чыкканын “Мугалимдер газетасынын” биринчи санын чыгарган жооптуу катчысы Шагима Сулайманова өзү айтып берген эле.

Гезиттин төрт саны чыккандан кийин гана баш редактор болуп Кыргызстан КП БКнын кызматкери Дүйшө Айтмамбетов (1921-1985) дайындалган. Дүйшө Айтмамбетов гезитти эки жыл жетектегенден кийин Илимдер академиясында, Кыргыз педагогика институтунда үзүрлүү иштеп, тарых илимдеринин доктору, профессор болуп, 130дан ашуун илимий эмгектерди жараткан.

“Мугалимдер газетасынын” алдына советтик бийлик тарабынан коммунисттердин жолбашчысы Лениндин тарыхый аныктамасында айтылгандай, эл агартуу ишинин “уюштуруучулук, агитаторлук жана пропагандисттик” милдетин аткаруу жүктөлгөн.

«Ге­зиттин беттеринде мектептердеги партиялык иштердин маселелерин кеңирээк талкуулап, мугалимдердин идеялык-теориялык даярдыгына көбүрөөк көңүл буруп, окутуу жана тарбиялоо жумуштарында коммунист педагогдордун авангарддык ролун көрсөтүп жана педагогикалык жамааттын ичинде сын жана өзүн-өзү сыноону кеңири жайылтууга жардам берүү да гезиттин милдети эле. Ошону менен бирге комсомол жана пионер уюмдары тууралуу системалуу баса баштадык. Анткени, бул уюмдар окуучулар коллективинин ичиндеги жетекчи күч болгон. Гезиттин эң башкы милдети бир да баланы сабатсыз калтырбай, мектепке тартуу болчу. Эгерде бир эле чабандын баласы мектепке тартылбай калса, ал мектептин деректири иштен алынчу”,-деп эскерген эле Шакима Сулайманова “Кут Билимге” курган маегинде.

Билим берүүнүн башкы басылма органын Дүйшө Айтмамбетовдон кийин 1955-57-жылдары согуштун ардагери, тарых илимдеринин доктору, партиялык ишмер Макай Усупов, 1957-71-жылдары согуштун ардагери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Дүйшө Орозалиев, 1971-жылдан 1988-жылга чейин согуштун ардагери, кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов башкарды. Гезиттин совет доорундагы акыркы редактору болуп 1989-1992-жылдары Абдыжапар Эгембердиев иштеди.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов

“Жунай Мавлянов башкы редактор болгон кезде «Мугалимдер газетасынын» зоболосу өзгөчө зор болчу, себеби агай министрликтин коллегия мүчөсү болуп, газетага чыккан сын материалдарды териштирүүгө, пикирлер менен эсептешүүгө чоң чиновниктерди мажбур кылчу. Ал киши мектепти, мугалимди ичтен билген, алар үчүн күйүп турган киши болгон. Өзүнүн дилине ушунчалык жакын беле, В.А.Сухомлинскийдин «Балама кат» деген педагогикалык поэмасын кыргызча которуп, которгондо да павлыштык деректирди сопсонун кыргызча сүйлөтүп, мугалимдердин сүйүктүү, дилдеш чыгармасына айландырган”,-дейт журналист жана педагог Абдыкерим Муратов.

“Мугалимдер газетасы” 1980-жылдардын ортосуна чейин апта сайын А2 форматында үч бети кыргыз тилинде, бир бети дубляж болуп орус тилинде чыгып келди. Гезиттин редакциялык түзүмү орус редакциясы, партиялык уюштуруу иштери, жогорку окуу жайлар жана кадрлар, мектептер жана мектепке чейинки тарбия иштери, коммунисттик тарбия деген беш бөлүмдөн турган. Сексенинчи жылдардын экинчи жарымынан тартып, кыргыз жана орус тилдеринде өзүнчө, бирок дубляж болуп чыгып калган.

Гезит чыгарууда өндүрүштү уюштуруунун бардык түйшүгү жана жоопкерчилиги жооптуу катчынын мойнунда болот эмеспи. Советтик басма сөздө баш редактор кызматына журналист эмес, башка тармактын адиси же партиялык кызматкер дайындалган учурлар көп болчу, бирок жооптуу катчы сөзсүз гезит чыгаруу ишинде такшалган адис болбосо, ишти алып кете албайт эле. Ошондуктан Шакима Сулаймановадан кийин бул кызматта басма сөздүн такшалган устаттары А. Жунушалиев, Ж. Мамбетов, Т.Ашыралиев, К. Чороев иштеди.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

Тынчтыкбек Нурманбетов, азыркы “Кутбилим”, мурдагы “Мугалимдер газе­тасынын” редакторунун орун басары Ш.Сулейменова менен (1982-ж.)

“Даярдаган материалдарды, сүрөттөрдү гезит бетине маани-маңызына карата ордун аныктап, иреттүү, көрктүү жайгаштыруу, техникалык жасалгалар менен кооздоп, макетин түзүү жана редакция менен гезит басылып чыкчу басмакананын ортосунда өз ара байланышын жөнгө салуучу секретариаттын ишин адам денесинин кан айлануусун ишке ашырган жүрөктүн функциясы менен салыштырып калышчу а кезде. Мындай жооптуу иш Алияскар Жунушалиевдин жетекчилиги менен ишке ашчу. Кийин Жума Мамбетов, Таштан Ашыралиев аткарып жүрүштү. Кадимки Насирдин Исановдун жубайы Зина Исанова редак­ция менен басманын ортосунда мамилелерди жөнгө салган бир рычаг болучу. Жооптуу секретарь болуу үчүн жакшы журналист болуу эле жетишсиз экенин гезит чыгарууга аралашып көргөндөр жакшы билишет. Анын үстүнө азыркыдай компьютерде эмес, ал кездеги терүү, версткалоо иштери кол менен жүргүзүлгөн шартта көп түйшүктү талап кылчу»,-дейт «Мугалимдер газетасында» көп жыл иштеп кеткен илимпоз Калбүбү Сариева.

Жетекчилердин коррупциялык кылмыштары ашкере болуп, канча айтылып жазылып жатса дагы эч кылы кыйшайбаган азыркы демократиялык доорго салыштырмалуу, советтик басма сөздө сын материалдарга өзгөчө маани берилип, сындалган башчылар соо калчу эмес. “Мугалимдер газетасында” жарыяланган сын макалалар боюнча сөзсүз кызматтык текшерүү жүрүп, эгер аныкталса, тийиштүү адамдар кызматынан алынганга чейин жазаланчу.

“Гезитке жарыяланган сындын таасири өзгөчө эле. Сын жарыяланган соң кемчилик орун алган мекеме тиешелүү болгон жогорку органга текшерүүгө жөнөтүлчү. Бир ай аралыгында текшерип, орун алган кемчиликти жоюуга кандай чара көрүлгөнүн билдирген кыскача жоопту гезитке жарыялачубуз. Почта аркылуу келген арыз-дооматтардын чын бышыгына жетүү үчүн жарыяланбастан туруп жеринде текшерүүгө жиберилчү же атайын кабарчы жөнөтүлчү. Сындын таасирдүүлүгүнөн жетекчилер кемчиликтерге жол бербөөгө, гезит бетине жаман жагы көрсөтүлүп чыгуудан сак болуша турган”,-дейт Калбүбү Сариева.

“Мугалимдер газетасынын” өзүнүн атында айтылгандай, анын эң биринчи окурманы мугалим жана негизги темалары педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууга көмөк берүү, усулдук колдоо, алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбаларын жайылтуу эле.

“Окуу жыл ичи педагогдордун адистик чеберчилигин арттыруу багытында материалдардан көз ачылчу эмес”,-дейт Калбүбү Сариева. – “Ар бир изденүүдөгү педагог өз ишинде табылгаларын, жетишкендиктерин гезит аркылуу башка кесиптештери менен бөлүшкүсү келчү. Кезинде кочкорлук Көкөбай Мамбеталиевдин, тоңдук Жамангул Үтүровдун, ат-башылык Осмонсадык Калчаевдин, таластык Бектур Исаковдун, токтогулдук Бекмурза Батыркуловдун иш-тажрыйбасын жайылтуу үчүн атайын беттерди арнап, өз кезинде коомчулукка таанытканбыз. Алардын ар биринин иш-тажрыйбасы бааланып, алды “Социалисттик эмгектин баатыры”, “Эл мугалими” деген жогорку наамдарды алышса, калгандары да тиешелүү сыйлык наамдарга ээ болушкан. Бул жерде Бектур Исаковду өзүнчө бөлүп айта кетүүгө тийишпиз. Ал жетимишинчи жылдардын башында ушул гезитке кабарчы болуп иштеп кеткен. Анан мектепке иштеп кеткен соң да редакция менен тыгыз байланышта иштешип жүрдү. Алгачкы алдыңкы тажрыйбанын мектеби деген Бекту Исаковдун усулдук мектебин Талас жергесинде ачып, республика боюнча жайылтуу иштеринде «Мугалимдер газетасы» активдүү роль ойногон”.

“Мугалимдер газетасында” ар башка убактарда иштеген калемдеш журналисттер жана чыгармачыл инсандар С.Шатманов, О.Көчкөнов, Т.Муканов, Т.Абдиева, М.Мамазаирова, Ш.Келдибекова, Т.Нурманбетов, Т. Субанбеков, Ө.Тиллебаев, Ж.Мамбетов, А.Молдобекова, А. Эгембердиев, Б. Сарыгулова, Д. Керимов кыргыз адабияты менен журналистикасынын көрүнүктүү өкүлдөрү катары элге таанымал болушту.

Жаңы доордун жарчысы

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы “Мугалимдер газетасы”  улуу даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын залкар чыгармасына уйкаш “Кут Билим” деп кайра аталып, башкы редактору болуп “Асабадан” чыккан таланттуу журналист Талант Конокбаев дайындалды. Ал эң биринчи кезекте гезитти “Ала-Тоо” басылмасынан бөлдүрүп алып, чарбалык-каржылык ишмердигин өз алдынча кылып уюштурду. Турсунбек Чынгышев башкарган өкмөткө чуркап жүрүп, 10 миллион сом (советтик акча) акча бөлдүртүп, редакциянын компьютердик борборун түздү. Жаңы компьютерлер алынып келип, компьютердик верстканы өзүбүз жасап, технологиялык жактан колубуз узарып калды.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

Уран Ботобеков журналисттик ишмердигин жаңы баштаган учуру

Гезиттин алдында эгемен өлкөнүн билим берүү системасын уюштуруу жана өнүктүрүүнү маалыматтык камсыздоо милдети коюлду. Т. Конокбаев менен кошо редакцияга таланттуу журналисттердин  жаңы мууну келип кошулду. Мен өзүм Москва мамлекеттик университетин бүтүп келген 1992-жылы күзүндө баш редактордун өзүнүн сунушун кабыл алып, дароо эле гезиттин жооптуу катчысы болуп, өндүрүштүк ишти уюштуруу милдетин аткарып баштадым. Өзүм менен чогуу окуган калемдеш досум Уран Ботобековду чакырып, аны баш редактордун орун басары кылып дайындадык. Уран ошол учурдагы эң олуттуу саясий темаларга батыл киришип, кырдаалга таамай жиреген макалалары менен гезиттин деңгээлин көтөрүп салды.

Москвада “Акыйкат” коомунда чогуу иштешип, “Независимая газетага” макала жазып жүргөн коомдук активист жана илимпоз Кубанычбек Таабалдиевди, КМУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктап, Арабаев атындагы педуниверситетте проректор болуп иштеп жаткан Алмаз Кулматовду “Кут Билимге” чакырып алдык. Алардын жогорку интеллектуалдык кесипкөйлүк менен жазган аналитикасы окурмандар арасында кызыгуу жаратып, республикадагы коомдук-саясий турмуштун күн тартибин түзүүгө катыша баштадык.

Медиа тармагында топ жарып турган Арслан Капай уулу, Бакыт Орунбеков өңдүү калемдеш досторубуз, Мүсүркул Кабылбеков, Султан Жумагулов, Калык Ибраимов сыяктуу аттуу-баштуу устат журналисттер кызматташ колун сунуп,  улуттун басып өткөн жолун, учурдагы абалын ар кыл өңүттөн ачкан салабаттуу макалаларын жарыялап турушту.

“Кут Билим” мурдагы тармактык темалардын чегинен чыгып, жапайы капитализмдеги базардан баштап Ак үйдөгү ордо оюндарына чейин жазып, кайсы бир деңгээлде саясий аналитикалык басылмага айлана баштады. Керек болсо, кээ бир учурда геосаясий жана регионалдык деңгээлдеги окуяларга чейин кирише коюп жаттык. Гезитибизди мугалимдер, илимпоздор эле эмес, ошол учурдагы Ак үйдүн ичи-сыртындагы саясий элита, активисттер окуй баштады, окурмандардын саны арбыды. Бул гезитибиздин ошол учурдагы эркин маалымат майданында өзүнүн ордун табууга кылган өзүнчө бир аракети болду.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

Талант Конокбаев азыр Жогорку Кеңеште жооптуу кызматта

“1992-1993-жылдары эгемендүүлүктүн эйфориясы эңги-деңги сезимдерди козутканы менен, улуттук уңгубуз тууралуу кеп-сөздүн учугу уланып, кыйла нерселерге жаңы өңүттөн карай баштаган кез эле. Посткоммунисттик идеологиядан ыңкый арылып кетпесек да, короодо башкача алака-катыштар түзүлүп, коомдук аң-сезим тегирмендин барасынан өтүп жаткан. «Мугалимдер газетасынын» да аркалаган милдетин учурдун удулуна ылайык кеңири карап, «Кут Билим» атын которуу менен (күйөрманыбыз профессор Кусейин Исаевдин сунушу) жалпы интеллектуалдык маданиятыбызга жаңыча азык берер булак болсун деп тиледик. Жакшы-жаман деп баа бычуу башкалардын ишидир, арийне, маалымат майданында өзүнүн жүзү, өзгөчө темасы бар басылма жаратууга ошондогу жоон топ журналисттер шымалана киришкенибиз ырас. Андагы жаш реформатор министрибиз Чынара Жакыпованын ведомстволук басылмага болгон эркин мамилеси жана колдоосу чыгармачыл жамааттын дымагына дем берип, орчун маселелер боюнча олуттуу ойлорду көтөргөнгө түрткү болду. Кубат Чекиров, Уран Ботобеков, Бурул Сарыгулова, Алмаз Окин, Кубан Абдымен, Жылдыз Бугубаева, Мүсүркул Кабылбеков, Улан Эшматов, Султан Жумагулов, Калык Ибраимов, Советбек Байгазиев сыяктуу калемгер кесиптештеримдин жазгандары окурман чөйрөдө сөз болуп, кызык пикирлерди жаратып келгени жагымдуу эскерме. Күнүмдүк зарылдыгы айрыкча туюлуп турган укукту, экономикалык билимдин негиздерине кыйыр болсо да шыпаасы тиер деген ойдо ар кандай материалдарды уюштурдук. Жумагуловдун «Жайма базардан жазган каттары» уу-дууга алынып, көптөгөн суроолордун көзүн ачкан эле. Ал үчүн тил уккан жайыбыз бар, мектепти коюп базарды жазасыңар де­ген. Мүмкүн, аша чапкан учурларыбыз дагы жок эместир. А бирок, окууну таштап, жабалактап базарга баш урган окуучулар менен мугалимдерге коңгуроо болсун, дурусу менен бурушун ажыратсын деген астейдил үмүттү сап кармасак керек. Дидактикага караганда жандуу диалогдун, жашоо сабагынын артыкчылык кыларын ойлодук. Канткен күндө да гезит методикалык колдонмо эмес, билим берүүнүн саясатын сүрөгөн маалымат каражаты деп түшүндүк…”,-деп эскерет ошол учурду Талант Конокбаев.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

Токмок шаарындагы №8 мектептин башталгыч классынын мугалимдери Э.Искакова, Ш. Абдраимова жана З. Байсымакова өздөрүнүн эңсеген гезитинин жаңы санын окуп жатышат

Ошол эле убакта эгемендик доордун алгачкы жылдарында билим берүүнү уюштуруу, мугалимдердин жаңы шарттагы орду, милдети, социалдык абалы, мектептердин камсыз болушу, жаңы окуу китептерди чыгаруу, илимий потенциалды сактоо, рынок шартына ыңгайлашуу сыяктуу маселелер гезиттин күн тартибиндеги негизги темалардан болуп жатты. Улуттук педагогиканы эгемендиктин жолуна салуу жагынан чоң педагог окумуштуу жана публицист Советбек Байгазиев гезиттин ар бир санына макала жазып, чыгармачылык чоң кубаты менен редакциялык жигерибизди жиреп турду. Мектептер менен кесиптик окуу жайларындагы окуу процессин уюштуруу боюнча расмий чечимдер, жаңы окуу пландар, программалар, түшүндүрмөлөр, инструктивдик материалдар гезитибиз аркылуу мугалимдерге үзгүлтүксүз оперативдүү түрдө жетип жатты.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

“Ооба, гезиттин заты, мындайча айтканда, мазмуну багыты, парадигмасы өзгөрдү. Анткени, гезитке кайра куруу мезгилинде бөлөкчөрөөк билим-тарбия алып, демократиялык нукта жаңыча ойлонуу жолуна түшкөн журналисттердин жаңы мууну келген эле. Эгемендүүлүк учурунда «Кут Билим» чукулунан бурулуш жасап, турмушту изилдөө инструментарийин жаңылап, жаңы педагогикалык идеологиянын жарчысы боло алды”,-деп Советбек Байгазиев ошол учурга өзүнүн баасын берет.

“Басма сез каражаттары мугалимдин турмушунда зор роль ойнойт. Мугалим билимин, кругозорун, көз карашын тереңдетип, жаңыланып, өнүгүп туруш үчүн, илим билимдеги жаңылыкты үзбөй окуп турушу керек. Бул жагынан мурдагы «Мугалимдер газетасы», бүгүнкү «Кут Билим» агартуу айдынында кыргыз педагогдоруна жол көрсөткөн маяк катары кызмат кылып келатат. Ушу күнгө чейин гезит окумайынча тура албайм, почтого чуркап барып «Кутби­лимден» баштап башка басылмаларды да алып окуп чыгууга аракет кылам. Министрликтин ишмердигиндеги жаны чечимдер, талаптар, документтерди, билим берүүнүн жаны ыкмаларын, технологияларын, методикалык иштелмелерди жарыялоо менен «Кут Билим» мугалимдердин колун узартып, адистик чеберчилигин жогорулатууга салмактуу салым кошуп жатат”,-деп ошол жылдары Кыргыз Эл мугалими Аман Сманбаев ишибизге жогору баасын берген эле.

1996-жылы Талант Конокбаев Жогорку Кеңешке жооптуу кызматка көтөрүлүп, анын ордуна ошол учурдагы билим берүү жана илим министри Аскар Какеев мага ишеним көрсөтүп, баш редактор кылып дайындады.

Аскар Какеев өзүнөн мурдагы министрлердей болуп гезиттин ишинен четте турбай, өзү кошо билек түрүп, улуттук философиянын маселелери, Нурмолдо, Молдо Нияз сыяктуу совет доорунда репрессиянын басымына түшүп, унутта калган тарыхый инсандардын тагдыр-таржымалын изилдеп, макала жазып гезитке берип жатты.

Ошол убакта жаңы торолуп келаткан эгемен өлкөнүн казынасында каражат каат болуп, мугалимдер эки-үч айлап айлык албагандыктан, гезитке жазыла албай, акчабыз жетишпей, кагаз менен басмакана акысын төлөй албай кыйнала баштадык. Ошондо Аскар Какеев экөөбүз кеңешип туруп, Даниянын “Данида” өнүгүү агенттигине кат жазып, кагаз сатып алууга жардам сурадык. “Данида”  маселени ыкчам карап, оң чечип, сегиз тонна жалтыраган фин өндүрүшүндөгү кагазды жөнөттү. Ошол жардамдын мааниси чоң болду, эки жыл кагаздан кам санабай, үзгүлтүксүз гезит чыгарып, финансылык абалыбызды оңдоп алганга бекем өбөлгө болду.

Ушул мезгил аралыгында “Кут Билимден” көптөгөн таланттуу таанымал журналисттер өсүп чыгып, азыр алар Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөгө чейин иштеп кетишти. Уран Ботобеков АКШда, Улан Эшматов Прагада “Азаттыкта”, ал эми Бурул Сарыгулова “Азаттыкта”, Кубан Таабалдиев көп жыл улуттук “Кабар” маалымат агенттигин башкарды.

Гезиттин менеджментин заманбап уюштурууда, анын финансылык-чарбалык ишин эффективдүү алып кетүүгө мага экономикалык иштер боюнча орун басар болуп келген кесипкөй финансист Мелис Сулаймановдун эмгеги чоң. Гезитке жазылуу, сатуу иштери жолго коюлуп, журналисттердин ишине, чыгармачылыкка концентрация кылууга көбүүрөк убактым болуп калды.

1999-жылы “Кут Билимдин” атайын усулдук басылмасы “Кут Билим Сабак” тиркемесин айына бир жолу чыгара баштадык. Анда алдыңкы мугалимдердин эң мыкты сабактарынын иштелмелери, усулдук сунуштар жана окуу-процессин уюштуруудагы инструктивдик материалдар жарык көрүп, педагогдордун эң жакын кесиптик кеңешчиси болуп калды.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ2000-жылдардын башында командабызга кесипкөй журналисттер Майрамбек Токторов, Айна Кашыбаева келип кошулду. Ошол эле учурда калеми курч адабиятчы Жолдош Турдубаев, мектепте мугалим болуп иштеген Гүльнара Алыбаева, Кыргыз Билим берүү академиясынан педагог-илимпоз Алымжан Масаев, БГУдагы алдыңкы окутуучу Рита Тынаева арабызга кошулуп, чыгармачылык чоң жигер менен иштеп, “Кут Билимдин” интеллектуалдык потенциалын байытып, өздөрү да окурман журтуна таанылды.

“Кут Билимдин” 50 жылдыгы белгиленген 2003-жылы гезиттин Интернеттеги веб сайтын ачтык. Ошону менен гезитибиздин электрондук өмүрү  башталды. Бара-бара социалдык тармактарга баракчабыз ачылып, гезит контентин басма түрүндө эле эмес, мультимедиа түрүндө таратууга биринчилерден болуп өттүк.КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

“Кут Билим” гезити эң башынан эле өлкөбүздөгү билим-илим ишмерлери менен тыгыз байланышта иштеп келатат. Жалпы кыргыз журтуна таанымал академиктер Үсөн Асанов, Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, Бектемир Мурзубраимов, Абдылдажан Акматалиев, Чолпонкул Арабаев, педагогиканын белдүү окумуштуулары Абакир Мамытов, Советбек Байгазиев, Кыргызбай Добаев, Сулайман Рысбаев, Алмаз Токтомаметов, Дүйшөн Шаматов, кесиптик билим берүүнүн  устаттары Абдылда Мусаев, Төлөбек Кадыралиев, Рысбек Нургазиев, Ишенгүл Болжурова, Тилектеш Ишемкулов, Зайнидин Курманов, Төлөбек Абдракманов, Шаршенбек Алиев, Улан Биримкулов, Каныбек Осмоналиев жана башка көп сандаган окумуштуу агай-эжейлердин аттарын сыймыктануу менен атай аламын.

Айрыкча академик Үсөн Асанов Жогорку аттестациялык комиссияны башкарып турганда кызматташтыгыбыз абдан үзүрлүү болгонуна өзүнчө токтоло кетпесем болбойт. Илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо саясатынын бардык күңгөй-тескейин гезитизде байма-бай ар кыл өңүтүнөн чагылдырып турдук. Доктордук, кандидаттык диссертация коргогондор милдеттүү түрдө “Кут Билимге” жарыя бериши эреже болуп бекип калган эле. Ү. Асанов агай өзү да шымалана макалаларды жазып, интервью берип, ЖАКтын жыйындарынан калтырбай чакырып, анын чечимдерин кеңири пропаганда кылып турдук. Агай өзү текшерүүдөн кармалып калган плагиаттардын ишин бизге кабарлап, аларды ашкерелеген сын макалалар гезитке чыгып калганда кубанып окуп, кайра телефон чалып сүйлөшүп пикирлешкенди жакшы көрчү.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫЖогоруда сөз болгон Кыргыз эл мугалими, кыргыз педагогикасынын тирүү легендасы Бектур Исаков менен көп жылдан бери активдүү кызматташтыкты кармап келатабыз. Анын “Манас таануу”, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, улуттук педагогиканын актуалдуу маселелери боюнча ондогон илимий-усулдук макалаларын эң биринчи “Кут Билимге” жарыялап, окурман журтуна жеткиргенибиз үчүн өтө курсантпыз.

Ошондой эле Кыргыз эл мугалимдери Исак Бекбоев, Асан Заркунов, Кусеин Исаев, Султан Мамбеткалиев, Бекмурза Батыркуловдун убагында гезитте жарык көргөн педагогикалык акыл-ой калчаган макалалары жалпы билим казынабызды байытууга өзүнчө бир омоктуу салым болуп калды.

Мектептик билим берүүнүн терориясы менен практикасын жеткилең билген баш калаадагы алдыңкы педагогдор Мурат Касмалиев, Мариям Ашимова, Аида Давлетова, Ак-Талаа районундагы Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Айна Осмонова, Лейлек районундагы алдыңкы мугалим Тайыр Ашырбай  ж.б. биз менен активдүү коммуникация жүргүзүп, гезит бетинде байма-бай чыгып жаткан чыгаан авторлордон болуп саналат.

Азыркы убакта Кыргыз эл мугалим Орозали Сайдилкановдин улуттук билим берүүнүн көйгөйлөрүн көзгө сайып көрсөткөн сунуштары гезитибизде өзүнчө бир чоң талкуунун чордонунда турат.

2022-жыл гезитибиз үчүн структуралык реформалардын жылы болуп калды. “Эл агартуу” жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналдарын өзүбүзгө кошуп, чоңоюп “Кут Билим”  медиа борборун түздүк. Педагогикалык басылмалар бирдиктүү редакциялык жана чарбалык саясат жүргүзүүгө өтүп, чыгармачылык-интеллектуалдык потенциалыбызды бириктирдик.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ

Майрамбек Токторов азыркы учурда «Кут Билимдин» башкы редактору

“Кут Билимде” көп жыл иштеп такшалган  кесипкөй журналист Майрамбек Токторовго гезиттин баш редакторунун, илимдин кандидаты даражасына ээ болгон кесиптешибиз Чолпон Кийизбаевага “Эл агартуу” журналынын баш редакторунун тизгинин карматтык. “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналында Л. Шейман баштаган агартуу иштерин анын өзүнүн шакирти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Соронкулов ырааттуу улантууда.

“Кут Билимдеги” устат журналисттер Алымжан Масаев,  Жолдош Турдубаев,  Гульнара Алыбаева, Айнагүл Кашыбаева көп жылдан бери чоң чыгармачылык жигер менен иштеп, ар кандай кесиптик конкурстардын лауреаты болуп, элге таанылып, коомчулуктан урмат-сый көрүүдө. “Кут Билимде” отуз жылга жакын иштеген, орус тилиндеги макалаларды жазган журналист кызыбыз Айнура Каниметованын өмүрү кыска болуп калганына ичибиз кайышат. Пандемия убагында таланттуу журналист кызыбызды шум ажал колубуздан жулуп  кетти. Анын ордуна Казармандан мектепте көп жыл иштеген тажрыйбалуу орус тилчи мугалим Айнура Асаналиева келип, орусча контентти жазып таратуу ишин колго алды.

Дагы бир таланттуу кызыбыз Наргиза Жумакунованын 2018-жылы Дача-Судагы үрөй учурган кырсыкта үй-бүлөсү менен көз жумушу баарыбыз үчүн оор жоготуу болуп калды.

Редакция соңку жылы Нурсеит, Айгерим, Фархад сыяктуу жалындап күйгөн жаңы муундагы жаш журналисттер менен толукталды.

Биздин редакцияда гезит жасалгасын аткарып, иштеп кеткен Анипа, Мейиз, Анара сыяктуу кызматкерлерибиздин ак ниет иштерин жогору баалайбыз. Азыркы учурда гезиттин жооптуу катчысы Гуляра Осмонкулова, техникалык редакторлор Адилет менен Жыпара, тажрыйбалуу корректорубуз Жекин эже, баш бухгалтер Атыр Сулайманова жана офис менеджер кызыбыз Элес өндүрүштүк/финансылык иштерди үзгүлтүк кылбай, эң жакшы аткарып жатышат.

КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫМаалымат концентрациясы социалдык медиага көчүп, санарип технологиялары дүркүрөп өнүккөн бүгүнкү заманда жаңы медианын темпинен артта калбай, жогорку кесипкөйлүк стандарттары менен өнүгүү керек болууда. Ошондуктан тарыхый эки доордун күбөсү  болуп, өлкөнүн интеллектуалдык көрөңгөсүн сактап келаткан, улуттук педагогиканын,  нарк-дөөлөттөрдүн, куттуу билимдин казынасы болгон  педагогикалык басылмалардын азыркы учурдагы башкы милдетин демократиялык жана гуманисттик багытта өнүккөн билимгөй өлкөнү курууга көмөктөш болуу деп билебиз.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим” медиа борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер