КИЧИНЕКЕЙ ЖАНРДЫН ҮЛКӨН ЧЕБЕРИ

  • 19.05.2025
  • 0

Орус адабиятында Антон Павлович
Чехов аңгеме жазуунун майын чыгаргандыгын жакшы билебиз. Ар башка мезгилдердеги Василий Шукшин, Михаил Пришвин менен Юрий Казаковдордун ырдай шыдыр окулган кара сөзү көлөмүнүн кичинелигине карабастан, романдын жүгүн көтөрөт. Казак адабиятындагы Байымбет Майлиндин өздүк аңгеме мектеби бар. Өзбек адабиятында Шүкүр Холмирзаевдин аңгемечилик дүйнөсүн баамчыл окурмандар ички туюм аркылуу айттырбай, дедирбей билишет.

КИЧИНЕКЕЙ ЖАНРДЫН ҮЛКӨН ЧЕБЕРИ

Кыргыз адабиятында өмүр бою кичи прозанын бешигин терметкен Мурза Гапаровдун чыгармалары эч качан эскирбейт.

Жогоруда аты аталган калемгерлердин улуу жолун жазуучу Абдиламит Матисаков чырайын чыйрак, ырайын ысык кылып, кемелине жеткирип, татыктуу улантып келет.

Кара сөзчү Абдиламит Матисаков ак калпакчан Ала-Тоо адабиятына өткөн жыйырманчы кылымдын сексенинчи жылдарынын башында батыл кирип келди.

«Тандыр» аттуу аңгемелер жыйнагы  1983-жылда жарык көрдү. Андан соң «Ак коргон»(1989-ж.) ,»Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй»(1989-ж.), «Атамды көргөн өлбөсүн»(2004-ж.), «Баткан күндү аяймын»(2022-ж.) аттуу китептери жарык көрдү. Азыр биз барактап, баш көтөрбөй окуп жаткан «Баткан күндү аяймын» аттуу китеп көркөм сөз чеберинин бүтүндөй чыгармачылык дүйнөсүн өз кучагына камтып турат. Жазуучунун өнөрканасына баш багып, аңгемелерге, портреттик очерктерге, эсселерге, ой-толгоолорго жана «Ак коргон» повестине кезигебиз. Сөз сересин тандап, мыкты адабий туундуларды жараткан автор эмнегедир роман жазууга умтулбай келет? Муну кантип түшүнүүгө болот?

Кыргыз адабиятына «Татым туз», «Сарала ит» деген керемет аңгемелерди тартуулаган Аман Саспаев деле роман жазып, а түгүл калдайган калың «Кытай-кыргыз сөздүгүн» жаратып салды го!? Эмне үчүн Абдиламит агай эпикалык жанрда өз күчүн сынабай келет? Табышмактуу суроого жазуучу кыска-нуска таризде «Менин арманым– аңгеме» деп орундуу жоопту айтып олтурат.( «Баткан күндү аяймын», 256-бет). Көйкашка өзбек акыны Эшкабыл Шүкүрдүн «Беш парзды билдирет, Сенин беш манжаң» деген ыр сабы бар. Анын сыңарындай, биз А.Матисаковдун чыгармачылык дүйнөсүндөгү беш өзгөчөлүктү баса белгилөөнү туура көрдүк.

Биринчи өзгөчөлүгү: Поэтикалуулук. Жазуучунун кайсыл чыгармасын карап көрсөк, алардын баары ырдай ыргалып
турат. Жазуучунун каармандарынын сүйлөө речи, кеп маданияты шекер-шербеттүү.

«–Коё берейинби? – Баланын ак көңүлү кармады.» («Үркөр», 514-бет). «Ак көңүлү кармады…» Оо, Кудай, ай, акындар таба албаган айчырайлуу сөз айкашын кара сөзчү таап
олтурат!

Экинчи белгиси: Сөз менен сүрөт тартат! «Айдын жогору жагында Саманчынын жолу үлпүлдөйт.» («Атасына окшош кыздар», 487-бет).

Үчүнчү касиети: Калемгер агабыздын  эссе жазуу маданиятынын шыктуусу, ыктуусу, мыктысы экендигине күбө болдук. «Кыргыз өңү Чокморовдун
өңүндөй» деген чыгармасы кандай сонун! (11–35-беттер). «Турмуштан тамган тамчылар»– эмне деген акак, берметтер, эмне деген нават, шербеттер! Орус элинин улуу жазуучусу Лев Толстойдун, жапан калкынын даңазалуу акыны Исикава Такубокунун «Күндөлүктөрүндөй», өзбек жазуучусу Аскад Мухтардын «Түндөлүгүндөй» (бардык көркөм сөз чеберлери күндөлүк жазышса, бул калемгер түндөлүк жазган–Т.А.) шыр окулат.

Төртүнчү ажары: Салыштыруулардын, эпитеттердин, Рамис Рыскулов айткан «ысык метафоралардын» жаратманы. Кыргыз поэзиясында салыштырууларды
ташка тамга чеккендей, дубалга мык каккандай тапкан акын Турар Кожомбердиев болуп саналат. Т.Кожомбердиевдин «Жылдыз–мышык көзүндөй» деген табылгасын өмүр бою көзгө сүртсөк, аздык кылат-ов! Эми матисаковдук табылгалардын
даамын татып көрөлү. «Коончуларда сүрөтчүнүн жүрөгү бар» («Фергана» аңгемеси, 417-бет). «Көздөрү сүйлөйт. Көздөрү көп нерсени айтат…»(«Ботогөз», 523-бет).

Бешинчи бийиктиги: Сөздү кылдат, этият, сарамжалдуу пайдаланат. Жазуучунун чыгармаларынан Чубактын кунундай чубалып, баш-аягы көрүнбөгөн узун сүйлөмдөрдү таппайсың. Кыргыздын  жорго сөзү менен айтсак, атка жеңил, тайга чак сүйлөмдөр бизди кучак жайып тосуп алат. «… Жүгүнөн жеңилдеген боз
эшек тааныш жолго салып, үйдү көздөй жортот. Ээри бир капталына шыпырылган, чубалжыган жибин тепсеп мүдүрүлөт…» («Ак бет). Анан да бул сүйлөмдөр мага окшогон айылдык окурмандын жан дүйнөсүнө жакындыгы, турмуштагыдай жөнөкөйлүгү, жатык тилде жазылгандыгы менен айырмаланып турат.

А.Матисаковдун ой өрүшү Кубат Жусубалиевдин, анан да байыркы Чыгыштын акылмандарынын философиясындай ары терең, ары кенен.

«Атамды көргөн өлбөсүн» деген философияны, элдик идеологияны туу тутуп келет. Ушундай аталыштагы аңгемеси да соно куштай сонун! («Атамды көргөн өлбөсүн», 409–415-беттер). Ал эми калемгерлик стили, уюткулуу усулу Мурза Гапаровдун жазуучулук бийик маданиятына, көлөмдөн көрө өлөңдү өйдө койгон өжөрлүгүнө окшоп кеткенсийт.

Чындыгында, Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков – башкаларга эмес, көркөм сөз өнөрүнүн жеке менчик мектебин түптөгөн. Өзүнө гана окшош. Айтор, көзүнүн тирүүсүндө өзүнүн чыгармачылык өнөрканасынын тамырын кеңири жайылтып, бир топ шакирттерди тарбиялап жаткандыгы жүрөктү жылытат. Социалдык тармактардан, мезгилдик басма сөздөн «Матисаков мектебинин» мүчөлөрүнүн тырмак алды чыгармаларына, алгачкы аңгемелерине  көзүбүз түшүп жүрөт. Эми ошол жаш авторлордун арасынан
он, он беш эмес, эки-үч мыкты жазуучу чыкса, кыргыз адабияты үчүн өтө чоң утуш болот.

Өмүр бою аңгеме жазып, аңгемеден аңгемеге өскөн жазуучуну мен Абдиламит Матисаковдун өздүк образынан, жазуучулук ары жаркын, ары берешен бейнесинен көрүп турам. Лейлектик калемгер Нууман Саади  роман жазуудан чарчап-чаалыгып, кайрадан аңгемеге, өлөңгө кайткан кезинде  кара сөздүн кадимки каймагын калпыган, ширин-ширелүү аңгемелерден, новеллалардан куралган «Жийде бурак» аттуу китепти жаратты. Көрсө, эсил кайран А.П. Чеховду суктанткан сулуулук кичи жанрда жашырынган өңдөнөт.

Урматтуу Абдиламит агай, биз Сизден дал ошондой нооруз гүлдүү, айгүл гүлдүү руханий эмгекти күтөбүз. Бар болуңуз, кыска жанрдын үлкөн чебери!

Тайир  АШИРБАЙ, эл аралык «Адабий Азия» конкурсунун үч жолку жеңүүчүсү,
К.Сабыров атындагы адабий
сыйлыктын лауреаты, КМШнын мыкты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер