КАЙТАЛАНГЫС ИНСАНГА ТААЗИМ!

  • 10.04.2026
  • 0

КАЙТАЛАНГЫС ИНСАНГА ТААЗИМ!

Салижан Жигитов кыргыз адабиятына кандай терең из калтырса, улуттук коомдук аң-сезимибизге да ошончолук жарык түшүрүп кетти. Ал сөздүн көркөмдүк таасирин жана маанисин

алаканга салып салмактагандай кылдат туюп-сезип, орду-ордуна кынаштырып тизе билген, көз карашы, философиялык ой чабыты кенен, тубаса таланттуу чоң лирик акын, көз таптаганда

эле көркөм чыгарманын күңгөй-тескейлерин, күчтүү-бошоң жактарын дароо байкап, аларды агынан жаргандай ишенимдүү ачып көрсөтүп, аргументтештире талдап, “жиликтеп” жибергенге жөндөмдүү чыгаан сынчы, улуттук адабиятыбыздын торолуу мезгилинен берки тарыхын сыдыргысына салып иликтеп келаткан көрүнүктүү адабиятчы-илимпоз. Назым Хикмет, Сайфи Кудаш, Мустай Карим сыяктуу боордошторубуздун ырларын, Антуан де Экзюперинин белгилүү повестин оригиналдарынан өткөрө эне тилибизде сүйлөткөн чебер котормочу, коомдогу, улуттук менталитетибиздеги кемчиликтер менен эч качан келишкиси келбей, аларды дайыма көзгө сая көрсөтүп, жадабай жаңы идеяларды жараналап, коомдо катализатордун ролун аткарып келген кайталангыс публицист, пародияларды мыкты жазган сатирик да эле.

Анын “Эки коон, бир дарбыз…” деген рубриканын алдында жарыялаган пародиялары кийинки сатириктер үчүн эталон бойдон калды окшойт. Ошондой эле, ал кандай учурда болбосун чукугандай сөз тапкычтыгы менен айырмаланып, айрым маселелерди ашкере драмалаштырып, бирөөлөргө да тийише (чымчый) кеткенди жакшы көргөн, куйкумдуу сөздөрү жүлүнгө жеткен, кайда болбосун дайыма күлкү, тамаша коштоп жүргөн азилкеч чечен да эле. Салижан Жигитовдун мындай сапаттары замандаштарынын жарымына жакса, жарымына жакпачу, чычалагандар да аз эмес болчу. Бирок анын жазгандары, айткандары эч качан замандаштарын кайдыгер калтырчу эмес. Анын сүрөткерлик, публицисттик сапаттарынын эң мыкты жактары ушунда эле.

КАЙТАЛАНГЫС ИНСАНГА ТААЗИМ!

С.Жигитов ОшМУнун 50-жылдыгында ( 2001-ж.)

С.Жигитовдон айрылганыбызга жыйырма жыл болуп атат. “Тоонун бийиктиги алыстан көрүнөт” дегендей, анын кандай кайталангыс инсан экендигин эми түшүнө баштадык. Коомдук аң-сезимдеги жетимсиреген орду алиге чейин толбой келет.

Көзү тирүүсүндө анын лирикалык ырларынын, котормолорунун, адабият таануу жаатындагы изилдөөлөрүнүн бир бөлүгү — пародиялары, айрым сатиралык чыгармалары гана жарыяланган. Бирок Союз таркагандан бери адабий,илимий, темаларда жазгандарынын,котормолорунун бири да жарык көрөэлек. Узак жылдар бою ар кандай темаларда мезгилдик басма сөздөргө байма-бай жарыяланып келген интервьюлары, макалалары иреттелип, жыйналада элек. Маркумдун мына ошол публицистикалык мурасынын бир бөлүгүн анын жакынсанаалаштарынын бири, акын жана адабиятчы, чоң журналист Алым Токтомушев жыйнап, 2013-жылы “Салижан Жигитовдун сабактары” деген китеп кылып чыгарды. Мындай татыктуу гүлдестеси үчүн ага Жигитовдунжердештеринин, жалпы эле окурмандардынатынан чоң ырахмат айткан элем. Кайталангыс инсанды жакшы билген башкалар да анынмурастарын жыйнап, жарыялоого өз салымдарын кошушса, окурмандардын алкыштарына арзышмак, улуттук адабиятыбыз үчүн чоңэмгек жасашмак. Иши кылып экинчи өмүрүузакка созула турган Салижан Жигитов деген феномендин алдындагы парыздарды өтөөбашталмак дегендей сөздөр да айтылган эле(Консул ресторанда).

Салижандын сабактарына байланыштуу Жогорку окуу жайларга тиешелүү бир материалды келтирүүнү туура көрдүм. 60 жылдык юбилейге карата “Мурзубраимов муюбай көтөргөн жүк” деген атайын макаласында (“Кыргыз Туусу” 25-январь, 2002-ж.) өзүнө мүнөздүү болгон ой-толгоосун төмөндөгүдөй баяндаптыр: ОшМУда (ЖОЖдордо деле. М.Б.), таалим-тарбия ишине кыргызча мамиле, паракордук протекционизм жылас болсо, өз алдынча ойлонгонго, маселе чечкенге, жумуш ордун ачканга жарамдуу тың кадрлар жетиштирилип турса, мунун өзү ректорлор, мисалы Бектемир салып кеткен өрнөктүү жол деп эл эсинде сакталаары бышык. Эгер ректор баш болгон илимпоз мугалимдер көп илимий тармактар боюнча эне тилинде студенттер үчүн мыкты окуулуктарды, мектеп балдары үчүн кызыктуу илимий-популярдуу китептер жазып чыгаруу кампаниясын баштап, аягына жеткирсе, дагы бир нускалуу салттын пайдубалы коюлмак. Эгер ОшМУда (ЖОЖдордо деле. М.Б.) артыкча зээндүү балдардын интернат мектеби ачылса, анан анын бүтүрүүчүлөрүнөн англисче же орусча дарс алган чакан студенттик группалар түзүлсө, улуттун интеллектуалдык элитасынын калыпка салынышына чоң үлүш кошулар эле. Бектемирдин көздөгөнү-каалаганы ушул болчу. Ушул тапта эл башкарган, атайын таалим-тарбия берген, өндүрүш жайларын жетектеген билимдүүлөрүбүз жармач, жүдөө антипатриот болуп атпайбы.

Айтор, бүгүнкү ОшМУнун (ЖОЖдордун деле, М.Б.) кашында таалим-тарбия иштерин сандан-сапатка өткөрүү, Европалык деңгээлге чыгаруу, материалдык жактан камсыз кылуу, окутуучуларды да, окуучуларды да элеттик менталитеттен, патриархалдык аң-сезимден, кыскасы, караң калгыр кыргызчылыктан куткаруу милдеттери турат.

Кандай маанилүү, терең мазмундуу жана керектүү каалоо-сунуштар. Азыркы учурдун талабына жаккан сөздөр. Мындай маанилүү, таасирдүү сөздөр С. Жигитов тарабынан чексиз көп айтылган, жазылган жана сунушталган. Бирок ушундай улуу адамдын эмгегинин бааланбай калганы абдан өкүнүчтүү. Албетте, сыйлык, наам, орден-медалдар адамдын пенделик моокумун кандырчу бир оопасыз нерселер. Киши көз жумган соң алар демейде эске деле алынбайт.

Ар бир мээнеткеч интеллектуалдын атын анын жазып калтырган тексттери, айткан сөздөрү, илимий мектеби, пайдубалын койгон традициясы, дагы башка коомго керектүү иштери өчүрбөйт. Ушуга байланыштуу бир маалыматты эске салгым келди. 19-кылымда жашаган бир кодура француз илимпозу, биолог Фабр айылда жүрүп эле укмуш илимий ачылыштарды жасаптыр. Европалык илим дүйнөсүнө таанылыптыр, бирок ал эл-жеринен сексенден ашкыча жардам албаптыр, урмат-сый көрбөптүр. Анан өлөрүнө, аз калганда Франциянын өкмөт башчысы баштаган делегация Фабрдын айылына даңгыр-дуңгур салтанат менен келип, ага дегеле санжыралуу ызаат мааракесин уюштуруптур, сыйлык, ардактуу наам ыйгарыптыр, мактоолорду жаадырыптыр. Ошондо кайран Фабр: “Өтө кечигип келдиңер, мырзалар! – дептир. Ар кандай сыйдан өз убагында көрсөтүлгөнү жакшы. Мендей көр оозунда турган кишиге мунун баары керексиз, арман жарасын ырбатчу нерселер.” Эң туура айтылган сөз…

Убагында Салижан Жигитовдун нарк көтөргүс, баарыбызга сабак боло турган эмгеги бааланбаса да, азыр ушул 90 жылдык юбилейинде мамлекеттик деңгээлде кеч болсо да бааланып калса, жакшы болмок. Айрыкча, азыркы жаштар үчүн… Себеби өзү көз жумгандан кийин үй-бүлөсүнүн баары биринин артынан бири (аялы, баласы, кызы) да өтүп кетишти. Бул абдан кейиштүү…

Мындан 13 жыл мурун (15-март 2013-ж.) “Салижан Жигитовдун сабактары” деген китептин чыгышына байланыштуу жердештеринин, окурмандардын атынан ырахматымды айттым эле. Мына бүгүн Салижан агабыздын 90 жылдык мааракесине байланыштуу чыккан 5 китептин презентациясын өткөрүп жатабыз.

КАЙТАЛАНГЫС ИНСАНГА ТААЗИМ!

(ОшМУнун юбилейинде: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору С.Жигитов, университеттин профессору Е. Мустафа, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун директору А.Омуралиев)

Мына бүгүн ошол каалоо-тилегибиз ишке ашып жатканына күбө болуудабыз. Китептердин авторлору атактуу адамдар, белгилүү жазуучулар: Токтосун Самудинов, Жумадин Кадыров, Таалай Абдиевдерге зор ырахматыбызды айткым келет.

Чынын айтыш керек, китептердин бардыгын окуп чыгып абдан рахаттандым. Айрыкча маектери, андагы түз айтылган сөздөр, каалоолору, сунуштары аябай жакты. Жашырганда эмне! Бул китептер менин дайыма стол үстүндө турган китептеринен болуп калды деп жоопкерчилик менен айта алам! Салижан Жигитовдун бул китептерде кыргызга күйгөн сөздөрү, кыргыз тилинин кор болуп жаткандыгы, кыргыздардын билими терең болбой жаткандыгы, ага кыргыздардын күйбөгөндүгү, кыргыздардын “жалкоолугу”, кайдыгерлиги, ашыкча айкөлдүгү, алабарман мактанчаактыгын ж.б. начар сапаттарын өкүнүү менен айтып келген сөздөрү, маектери, сын-пикирлери ж.б. зарыл материалдары кеңири баяндалыптыр…

Бир өкүнүчтүү жагдайды белгилегим келет…

Салижан агайдын тарбиясын алган, анын жолун жолдоп күчтүү адабиятчы, сынчылар, илимпоздор убагында, мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген айрым жетекчилердин Салижан акени колдоп, жөлөп-таяп, эмгегин баалап, анык таланттыгын, чындык сөзүн тартынбай айткан инсандыгын, калыстыгын, тазалыгын эске алып, баалай албаганыбызга, айрыкча академиялык наамдарды алып бере албагандыгыбыз өкүнүчтүү. Мен өзүмдү да ушуга байланыштуу күнөөлүү адам катары сеземин. Салижан Жигитовго Ош мамлекеттик жана технологиялык университеттердин ардактуу адамы (профессору) деген наамдарды ыйгарып койбогондугума, коллективге, айрыкча, студент жаштарга Салижан Жигитовдун катышуусунда тегерек столдорду уюштуруп, анын таасирдүү, маани-мазмундуу сөздөрүн угуп калбаганыбызга абдан өкүнөмүн.

Экинчиден, Салижан Жигитовдун “кыргыз” үчүн күйүп бышканын, кыргыз тилинин келечегине, башка тилдердин тагдырына байланыштуу калыс сөздү айтып келгендигине биздин баа бербегендигибиз, кыскасы анын баркына жете албагандыгыбызды моюнга алганыбыз туура болчудай. Өзүбүздүн жалкоолугубузду, терең билимдүү болбогонубузду, кайдыгерлигибизди, ашыкча айкөлдүгүбүздү какшап айткан туура кескин сөздөрү үчүн агайыбыз өзүбүздүн “интеллигент, сынчы-сөрөй айрым адамдардын” талкуусуна кабылып, алардын басмырлаган, кордогон, кемсинткен сөздөрү, массалык-маалымат каражаттарында бир кыйла талкууларды жаратканы белгилүү. Ушундай жагдайда интеллигенциянын жоон тобунун (өзүмдү да кошом) реакция жасабагандыгыбыз жана агайыбызды колдой албагандыгыбыз абдан өкүнүчтүү. Мындай учурда Салижан Жигитовдун силерге айткан кайран сөз, кыргыздын желкесине өтүп кеткен деп “карсылдап” күлүп кетчү эле.

 

Академик Бектемир Мурзубраимов

Бөлүшүү

Комментарийлер