“КАГАЗ, КАГАЗ ЖАНА КАЙТА ЭЛЕ КАГАЗ”: МУГАЛИМДЕРДИН АРМАНЫ МИНИСТРГЕ ЖЕТТИ
- 04.11.2020
- 0
Күнүмдүк сабагынан алаксып, ар кандай отчеттордон тажаган мугалимдердин ишиндеги сапырылган кагаз иштерин кыскартуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлүп иштеп баштады. Жаңы министрдин бул аракетин мугалимдер билим сапатын ойлогон камкордук катарында жапырт колдоого алып, жакшы чечимдер болот деп күтүп жатышат.
“Мектеп иши чынында абдан майда, иш кагаздардын көп экени белгилүү, бардык маалымат керек, болгону ишти туура бөлүштүрүү туура болчудай. Биздин топ керектүү иш кагаздардын таблицасын түзүп чыгып, жалпы республика боюнча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен, методикалык бирикме жетекчилеринен, мугалимдерден келген каттарды, сын-пикирлерди, кеңеш-сунуштардын баарын эске алып, ортого коюп талкууга алуу менен жыйынтык чыгарсак деген ойдобуз. Күнүгө төрт миңден ашуун пикир келет. Ушул жуманын аягында жумушчу топтун ишин долбоорлогонго жетишели деп турабыз,”-деди “Кут Билимге” комиссиянын мүчөсү, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Зоя Пак.
Мектеп ишинин түмөн түйшүгү чырмаган мугалимдерибиз жыл сайын жаңылануунун үстүндөбүз деп ойлогону менен, болгону кагаз ишине көмүлүп баратканын сезсе да тили кыска болуп, кимге айтарын билбей, бугу ичинде калып келди. Коронавирус пандемиясы да көп ишке кедергисин тийгизген менен мугалимдердин ички көйгөйүнүн сыртка чыгышына өзүнчө бир себеп болду көрүнөт. “Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей, жаңы окуу жылынын башталышы менен көп көйгөй оркоюп көрүнүп, анын ичинде кагаз ишинин кыжаалат кылган кайталанма отчетторунан тажаган мугалимдердин чыдамы түгөнгөн окшобойбу.
Ал арада мугалимдер жамааты, илгери үмүт менен, ичтегисин чыгара, социалдык желеде жабыла өздөрүнүн ой-пикирлерин калтырууда:
“Кагаздар менен алпурушуп калдык,” – дейт Айнагүл Абды. “Кагаз толтура бергенден балдардын билими өспөйт,” — дейт экинчи мугалим Гаухар Иманахунова.
“Айтпаңыздар, коллегалар, кагаз түтпөй калды. Мугалим апенди болуп калды, бир жазган ишин ар кайсы папкага көчүрүп салат. Менимче ушул кагаздарды азайтып кыскача маалымат берсе болот,” – деп жазды Мира Орозалиева. Ал эми Батма Маткалыктын да күйгөнү ушул:” Бир эле окуучунун маалыматы 100 баракка жазылат. Бир инсан ачып карабаган керексиз тизмелерди жазабыз. Анысы аз болуп жаткансып эми ИСОУ дегени чыкты. Ал да мугалимдин өзүнө калды. Программист болуп иштеп калдык. Сабактын сапатына көңүл бурган киши жок…”
Жогору жактын талабы менен топтолгон иш кагаздардын көбүнөн тажаган мугалимдердин арасында Роза Кубанычбек кызы сыяктуу :”Акыркы убакта жеңилдетебиз деп эле кайра көбөйүп кетип жатат го…” деп ишеними тайып кеткендер да бар.
Кагаз ишинин төө бастысында калган мугалим менен окуучуну эстеген киши жок. Акыр түбү мугалимдин негизги миссиясы балдарга сабак бериш эмеспи, аларды отчет жазууга айдактаган эски советтик буйрукчул административдик мамиленин алигиче мектептерде жоюлбай келатканы акыры бир күн жетер чегине жетип, акыйкат сөз айтылууга тийиш эле.
“Мугалим мыкты болсо доска, бор менен эле жеткиликтүү түшүндүрүп бере алат. Отчет бир эле берилип, ошол маалымат мектептин базасында сакталса, керектүүсүн текшерүүчүсү, завучтары, соцпедагогу ошол жерден алса. Медосмотр келсе да беш барактан список беребиз, башканы коелу, ар бир врачка өзүнчө. Пачкалап кагаз алганыбыз аз келгенсип, аны кооздоп жатып калабыз. Негизги максатыбыз эмне?” – деп кейийт Нуржан Ибраева.
Эжекенин сөзүн коштоп Даражан Өмүрбекова:” Алган айлыгыбыздын теңи кагазга кетет” – деп кеп учун узартты. “Туура маселе козголду 100%, жогоруда айтылгандай билим сапаты эмне үчүн төмөн дейт, кагаздан бошобой окуучуларга жетиштүү билим берүүгө убакыт жок. Келген текшерүүчү окуучунун билимин текшербейт, кооздолгон файл, боксфайлдарды текшерет…”, – дейт Калыбек Мамытов. Ал эми Баиза Рысбаева:”Конспекти ж.б. иш кагаздардагы өзгөртүүлөр. Эптеп өзгөрүлгөндү үйрөнүп алып жазып баштасаң, кайра өзгөртүү. Мугалим, тарбиячылар окутпай эле өзүбүз окуп бүтө албай жатабыз, улам өзгөрүлгөн кагаздарды”, – дейт.
”Кагаз, кагаз жана окшош, бирин бири кайталаган кагаз! Кээ бир жетиштүү билими жоктор үчүн эптеп кагаздын санын көбөйтүп, иштеген түр көрсөттүргөн кагаз! Балдарга билим берүүнүн ордун ар түрдүү кагаз жазууга короткон убакыт басып кетти…,” – дейт Токсонова Зулайка. Тумар Омоева эжеке:” Туура сөздөр, кошулам. Азыр кагазды да толтурмай, сотканы, компьютерди тиктемей… жумуш 2-3 эсе көбөйдү…балдардын онлайн окууга болгон кызыгуусу тарады…айылдарда интернет жетишпейт, соткаларыбыз айланып эле калды, маалыматтын көбүнөн…ата-энелер деле тажашты… балдардын билими өтө төмөндөдү,” — деп агынан жарылды. “Эң туура, кошулам! Кагазды, текшерүүнү азайтса. Баары келип текшеришет, ар кимиси ар кандай талап кылат, жардам бербей эле ката издеп кетишет,” – дейт Жазгүл Моклюкова.
Фейсбуктан пикир бөлүшкөн мугалимдердин айткандары чыркыраган чындыктын чети эле деп түшүнүш керек. Жогоруда айтылган пикирлер мугалимдер мектепте сабак бергенден тышкары кереги бар-кереги жок канчалаган кагаз отчеттору менен күн кечирип келатканын көрсөтүп турат. Анын баары жогору жактагыларга же келген комиссияга көрсөтүш үчүн болуп жаткан курулай “показуха” экенин директор баш болуп баары билет, бирок көнгөн адаттан баш тарта албай, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деп, кайдыгерликтин сазынан чыкпай калышкан.
Алдыда курамы 11 адамдан турган комиссиянын ишинин жыйынтыгы күтүлүүдө. Министрликтин комиссиясын билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов жетектеп жатат.
” Азыр ишти төрт багыт менен карап жатабыз: класстан класска көчүрүү; план-конспект жазуу; отчеттук иш кагаздардын нормативи, тартиби; мугалимдерге дем берүү. Республиканын булуң-бурчунан келген ой-пикир, сунуштарды эске алганга аракет кылып жатабыз,” –деп билдирди комиссия башчысы.
Мугалимдердин колун байлаган отчет иштерин азайтуу жөнүндө министрликтин деңгээлинде биринчи жолу маселе козголуп жатканын белгилей кетели. Жаңы келген министр Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагында ачык-айкындыкты, жоопкерчиликти сап кармай турганын билдирүүдө. Чынында эле “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, катардагы мугалимден баштап, директор жана министрге чейин бул тармактагы көйгөйлөрдү жашырбай, ачык талкуулап алмайынча, билим сапатын артка тарткан кемчиликтерден арылуу мүмкүн эмес.
Айнура Асаналиева, “Кут Билим”
Комментарийлер