КӨП ТИЛ БИЛГЕН – БИЛЕРМАН, КӨПТҮ КӨРГӨН – КӨРӨГӨЧ!
- 26.05.2025
- 0
Ушу тапта кыргыз парламентинде жалпы билим берүү мектептерин үчиликтик тилге өткөрүү, мындайча айтканда, кыргыз (мамлекеттик), жана орус (расмий) тилдеринен тышкары, англис тилин кошо окутуу демилгеси көтөрүлүүдө. Ошону менен бирге, англис тилин жогорку окуу жайларында, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын күндөлүк ишинде бирдей колдонуу чараларын иштеп чыгуу демилгеси сунушталган. Ал үчүн адегенде “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Андан тышкары, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин айтымында, КР Министрлер Кабинетинин Мамлекеттик жана жарандык кызматкерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө” токтомунунун долбоору иштелип чыккан. Ошондон улам мамлекеттик тилди билүү деңгээли менен өздөштүрүү мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми КР ЖК төрагасы Нурланбек Тугунбек уулу жакында эле мамлекеттик тилдин тегерегинде көйгөйлөрдү биржаңсыл чечүү үчүн Кыргызстандагы мектептер бир тилде окутулу керек деген пикирин билдирди. Кыскасы, ушу тапта тил маселеси кайрадан курчуп турган кези. Ошого учкай кайрыла кетсек…
Албетте, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга айрым түзөтүүлөрдү киргизүү демилгечиси депутат Миргүл Темирбаеванын айтымында, Кыргызстандын азыркы шартында мектептерде үч тилди окутуу таризин киргизүү агартуу тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш.
“2020-жылы кабыл алынган “Кыргыз жараны” концепциясына ылайык, мамлекеттик тилдин же кыргыз тилинин бирдиктүү кыргыз улутунун иденттүүлүгүн калыптандыруу, жамы журттун башын кошуу жаатындагы мааниси зор. Ал эми расмий тилдин же орус тилинин иш кагаздарын жүргүзүүдө, маалымат алмашууда, күнүмдүк турмушта колдонуу жаатында өз орду бар. Андан сырткары, англис, немис, француз ж.б.у.с. тилдердин бири окутулат. Айрыкча азыркы ааламдашуу доорунда англис тили бизнесте, илимде, жаңы технологияда, эл аралык дипломатияда кеңири колдонулууда. Биздин келечек муун дагы андан сырткары калбашы керек”, — дейт эл өкүлү.
Биздин оюбузча, буга чейин ошондой болгон, азыр дагы ошондой, мындан ары деле ошондой болот деген ойдомун.
Баса, бул жерде биз “үч тилде окутуу” жана “үч тилди окутуу” деген түшүнүктөрдү” алмаштырбашыбыз же аралаштырып албашыбыз керек, экөө эки башка түшүнүк. Дегеле, бир караганда анчалык билине бербеген мындай түшүнүктөрдүн арасында мыйзам аркылуу чечиле турганы бар, мыйзам алдындагы актылар аркылуу чечиле турганы бар, алтургай, коллегиялдуу орган катары саналган Министрлер Кабинетинин токтому менен түз чечиле турган маселелер дагын бар. Ал жагын да эгерим эстен чыгарбайлы.
Ырас, жамы кыргыз калкынын көп тил билгени жакшы. “Көп тил билген – билерман, көптү көргөн – көрөгөч” деп бекеринен айтылбаса керек. Келечегинде “Алтымыш тилдин жилигин чагып, алтымыш кандын каалгасын каккан, арбайлуу журттун намысы үчүн алтымыш элдин көңүлүн тапкан Айкөл Манас бабабыздын ача тилдүү Ажыбай элчиси өңдүү билерман да көрөгөч кишилерибиздин чыгышы ажеп эмес. Азыр деле уучубуз куру эмес, туурабы? Мектептерде англис тили буга чейин деле дагы башка тилдер менен катар окутулуп келген, мындан ары деле окутула берет. Демек, мектептер менен жогорку окуу жайларында анлис тилин окутуу маселесин азыркы иштеп жаткан алкагында деле чечсе болот. Кыязы, демилгечилер ошону дароо мыйзамдаштыра салалы деп жатышса керек. Менимче, ага азыртан эле камтама болуп, арабанын алдына чуркай берүүнүн кажети жок чыгар. Баш-аягы белгисиз аңкилдек аткан азыркыдай ааламдашуу доорунда, башкасын мындай кой, мамлекеттик тилибиздин акыбалы анчалык алымсындырбаган шартта тилден алып, дилге жукпаган майда-бараттын баарын мыйзамдаштырып, бүтүндөй мамлекеттик органдар менен мекемелерди ашкере жүктөй берүүнүн зарылдыгы барбы? Андан көрө, адегенде ошол багыттагы атайын адистерди даярдоо маселесин чечип, анан ваканттык деген баягы балакет бош орундарыбызды жаап алсак кантет?
Кандайдыр бир зарылдык жаралмайынча адамдын башка тилди өздөштүрүшү өтө кыйын экенин турмуш өзү көрсөттү. Ооба, бизде чала-моңол болсо дагы кайсы бир тилди билүүнү талап кылган илим, бизнес, туризм, сындуу бир катар келечектүү тармактар иштейт. Демек, зарылдык бар. Тек, мына ошол тармактарда иштейм дегендер үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарыл. Ансыз болбойт.
Маселен, туризм тармагын алалы. Акыркы маалыматтарга караганда, 2024-жылы Кыргызстан аймагына 8,6 млн турист келген. Алар баш-аягы 1 млрд 16 млн доллар өлчөмүндө каражат калтырыптыр. Бул калкы 7 млн адамдан жаңы ашкан өлкө үчүн жакшы эле көрсөткүч. Буюрса, быйыл 10 млн турист келет деп турабыз. Акыркы мезгилде салттуу жайкы туризмден тышкары, кышкы туризм дагы кыйла жанданып жатат. Буюрса, жер-жерлерде эл аралык деңгээлдеги спорттук комплекстер курула баштады, мезгилдүү эс алуу жайларын “жылдызчаларга” жеткирүү жеткирүү чаралары көрүлүүдө. Президент айтмакчы, болочокто туризм тармагы Кыргызстан үчүн экинчи “Кумтөр” болорунда эч шек жок.
Албетте, биз келечек муундун өз эне тилин жатык өздөштүрүүдөн тышкары, дагы башка көп тил билүүсүн колдойбуз. Демек, чала-моңол тил байлап, туристтерди жетелеп жүргөн утурумдук немелерди эмес, аларды жогорку деңгээлде күтө билип, эс алуусуна жагымдуу жагымдуу шарттарды түзүп берген, туруктуу иштей турган атайын адистерди даярдоого тийишпиз. Мунун баарын азыркы бюджетибиз көтөрө алабы?
Ал эми анчалык эле зарылдык жаралып калса, жарандарыбыз жеке репетиторлор, билимканалар, атайын курстар, тил үйрөтүү борборлору, билим берүү мекемелери сындуу мамлекеттик жана коомдук уюмдар аркылуу башка коомдук мекемелерден кошумча даярдыктан өтүү менен, бир тилди эле эмес, бакандай беш тилди үйрөнө алат. Колдон келсе, биз башка тилдерди эле эмес, ошол тилде сүйлөгөн элдин улуттук маданияты менен салт-санаасын кошо өздөштүрүүгө тийишпиз. Ошондо туризмдин агымы арбыйт. Муну бөркүңөрдөй көргүлө.
Көп тил билүү артыкчылыгын окумуштуулар дагы жокко чыгарбайт. Алардын айтымында, кеминде бир нече тилди билген балдар жаӊы материалдарды кабылдоо жаатында өз курбалдаштарына караганда кыйла сергек келет, сабакты жатык өздөштүрөт, бир эле мезгилде көп тапшырмаларды аткарууга жана жаӊы нерселерди тез кабылдоого жөндөмдүү. Маселен, Майами университинин илимпоздору мындай изилдөө жыйынтыгын «Journal of Experimental Child Psychology (JESR)» журналына жарыялады.
Иликтөөгө 7-12 жаштагы балдар катышкан. Окумуштуулар алардын ар биринин когнитивдүү жөндөмдүүлүгүн баалоо жүрүмүндө эки-үч тилдүү балдар бир гана тилде сүйлөгөн курбалдаштарына караганда өздөрүнүн ой жүгүртүү жүрүмүн жакшыраак уюштуруу аркылуу түмөн түйшүктүү тапшырмаларды ырааттуу аткарууга жөндөмдүү деген жыйынтыкка келишти.
Окумуштуулар мындай артыкчылык аутизм илдетине чалдыккан (ASD) балдар үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилейт. Адатта, мындай дартка чалдыккан балдар бир эле учурда бир нече тапшырмаларды пландаштырууда, топтоодо жана аткарууда кыйла кыйынчылыктарга дуушар болот. Ал эми изилдөөгө катышкан эки-үч тилдүү оорукчан балдардын арасында бул көндүмдөрдүн олуттуу жакшыруусу байкалган.
Эки жана андан көп тилди өздөштүрө билген балдар бир тилдүү курбалдаштарына караганда башка адамдардын ички сезим-туюмдарын, башкалардан айырмалуу көз караштарын жакшыраак түшүнөт. Мындай артыкчылык касиет алардын социалдык чөйрөгө ыкчам аралашып, көпчүлүк арасына тезирээк ыңгайлашып кетүүсүнө өбөлгө түзөрү бышык. Ал эми бул маселе бизде кандай болду экен?.. Азырынча дымбыр-дым!..
Залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов кезинде: «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз – дүйнө бизди өзгөртөт» деп таасын-так аныктама берген экен. Анысы кандай, бүтүндөй билим берүү тармагын окутуунун улуттук жаңы моделине трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» мамлекеттик программасында бүткүл өлкө жарандарын, анын ичинде ата-энелер менен мугалимдер жамаатын, алтургай мектеп босогосун жаӊыдан аттаган балакайларыбызга чейин тынчсыздандырган бир катар арты туюк, алды күдүк суроолорго кыйла так жооп берилген. Анда балдарга билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия иши куштун кош канатындай эриш-аркак жүрүшү керек экени баса белгиленди.
Эске салсак, КР Президентинин илим-билимдүү, жамы өлкө жана жалпы кыргыз журтунун жүгүн көтөрүүгө жарамдуу келечек муундун өкүлдөрүн тарбиялоого багытталган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу доктринасынын да, Министрлер Кабинетинин «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын дагы өзөгүн билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия ишин эриш-аркак алпаруу милдети түзөт. Андан тышкары, кыргыз жарандарынын иденттүүлүгү, мамлекеттик тилди сөзсүз билүү жана колдонуу, ырасмий тилди өздөштүрүү жана колдоно билүү, дагы башка кошумча чет тилдерди үйрөнүү артыкчылыгы, салттуу бүлө баалуулуктарын таануу, ата-энелер менен окутуучулар жамаатынын өз ара тыгыз байланышын ыраатка келтирүү чаралары да камтылган. Демек, мезгилинен эртелеп канат кагып, миң буйгалуу кур кыялдын жетегинде калбай, адегенде канчадан бери чечилбей, ары-бери будамайланып келаткан мамлекеттик документтердин талабы аткарылышы керек. Ансыз болбойт!..
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер