ИНТЕРНАТТАН КИЙИН КАЙДА? ЖЕТИМ ЖАШТАРДЫН ТАГДЫРЫ ӨЗГӨРҮҮДӨ

  • 03.06.2026
  • 0

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү узак жылдар бою Кыргызстанда бир калыптагы сценарий менен өтүп келген. Президенттер, чиновниктер жана демөөрчүлөр балдар үйлөрүнө барып, куру убадаларды берип, таттууларды таратып, шалтаң-култаң концерттердин коштоосунда сүрөткө түшүп катышчу. Эртеси күнү майрам унутулуп, жетим балдар кайрадан өздөрүнүн катаал реалдуулуку менен жалгыз кала берчү.

ИНТЕРНАТТАН КИЙИН КАЙДА? ЖЕТИМ ЖАШТАРДЫН ТАГДЫРЫ ӨЗГӨРҮҮДӨ

 

Бирок, быйылкы 1-июнда Президент Садыр Жапаров бул эскирген жана натыйжасыз салтты таптакыр башка нукка бурду. Мамлекет башчысы Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) эсебинен курулган жана атайын жабдылган социалдык конок үйлөрүнө барды. Бул сапар тек гана куттуктоо эмес, өлкөдөгү эң аялуу катмар — интернатты бүтүргөн, барар жери жок жетим жаштардын тагдырын тамырынан бери өзгөртө турган ири реформалардын жыйынтыгын текшерүү болду.

Бул кадам коомчулук тарабынан да оң баасын алууда. “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун директору Игорь Беляев Президенттин бул сапары балдар үчүн чоң мааниге ээ экенин жана эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жетим балдардын көйгөйлөрү мындай жогорку мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жатканын белгилеп, өлкө башчысына ыраазычылык билдирди. Бирок ошону менен бирге, ал бир жолку жолугушуулар эмес, балдар интернаттан чыккандан кийинки аларды коштоп жүрүү боюнча системалуу иш алып баруу эң башкы маселе экенин эскертет.

Ушул күнгө чейин Кыргызстандагы балалар үйлөрүнүн эң чоң трагедиясы алардын ичинде эмес, андан сыртка чыкканда башталып келген. 18 жашка толгон өспүрүмдөр колуна интернатты бүткөндүгү тууралуу документти кармап, сырткы дүйнөгө кадам таштаганда таптакыр коргоосуз калышчу.

Мурдагы тутумда эң башкы маселе – турак-жайдын жана финансылык пайдубалдын жоктугу эле. Жатаканасы бар окуу жайларга кирбей калган же аны бүтүргөн жаштардын барар жери жок болгондуктан, алар көчөдө калышкан. Мамлекет тарабынан туруктуу колдоонун жана көзөмөлдүн жоктугунан улам, бул жаштардын көбү аргасыздан кылмыштуулуктун курмандыгына айланып, же өздөрү оор социалдык абалга кептелип, коомдон четтетилген. Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын натыйжасыздыгы жана коррупциялык схемалар көйгөйдү узак жылдар бою чечилгис кылып келген.

Президент Садыр Жапаров бул маселеге эмне үчүн өзгөчө көңүл буруп жатканынын себебин өзү мындайча түшүндүрдү: “Алар томолой жетимдер экен. Интернаттан кийин барар жери жок, жашай турган жери жок. Кимдир бирөө нан, кийим уурдап, жалгыз калгандыктан ушундай жолго барыптыр. Ошондо мен мамлекет мындай балдарга жардам бериши керек деп чечтим”. Бул жеке мотивация убагында түрмө дубалдарынын артында жатып, тагдырдын катаал соккусуна кабылган жетим жаштардын реалдуу окуяларын өз көзү менен көрүүдөн жаралган.

Президент өзү барып текшерген Бишкектеги жаңы социалдык конок үйлөрү интернаттын бүтүрүүчүлөрү үчүн кадимки заманбап үйлөрдүн шартынан кем калышпайт. Бул долбоор жаштардын коомго коопсуз жана жайлуу интеграцияланышы үчүн атайын пландалган:

Жашоо шарттары: Ар бир батир толугу менен заманбап эмеректер, тиричилик техникалары (муздаткыч, кир жуучу машина, плита) жана зарыл болгон тиричилик буюмдары менен камсыздалган. Балдар эски интернаттык типте эмес, кадимки үй-бүлөлүк атмосферада жашашат.

Билим жана коопсуздук: Конок үйлөрүнүн аймагында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн видеокөзөмөл тутумдары орнотулуп, жаштардын коомдук тартипти сактоосу көзөмөлдөнөт. Ошондой эле, бул жерде алардын билим алуусу жана өз алдынча иштөөсү үчүн интернет жана тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Трамплиндик мүнөзү: Бул үйлөр жаштарга өмүр бою берилбейт, ал белгилүү бир убакытка (мисалы, окуусун бүтүп, бутуна туруп алганга чейин) убактылуу берилет. Бул аларды жалкоолукка эмес, тескерисинче, мамлекет берген мүмкүнчүлүктү колдонуп, тезирээк кесип ээси болууга шыктандырат.

Эксперт И. Беляев турак жай берүү маанилүү кадам болгонуна карабастан, колдоо муну менен эле токтоп калбашы керектигин эскертет. Анын пикиринде, эгерде бүтүрүүчүгө окуу же жумушка орношуу мезгилине гана убактылуу турак жай берилсе, олуттуу суроолор туулат: “Коммуналдык кызматтарды, тамак-ашты, транспорттук чыгымдарды жана башка керектүү муктаждыктарды ким төлөйт? Жаш адам кошумча колдоосуз кантип өз алдынча жашоого көнүп, туруктуу жумуш таба алат?” Мындан сырткары, турак жай бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө гана эмес, кийинки жылдары интернаттардан чыга турган балдарга да берилиши керектигин эске алуу зарыл. Ошондуктан каржылоонун так механизмдери бар жана жаштар толук социалдык көз карандысыздыкка жеткенге чейин аларды коштоп жүрө турган узак мөөнөттүү мамлекеттик программа керек.

Азыркы реалдуулук: Системалык өзгөрүүлөр

Акыркы бир нече жылда Кыргызстанда жетим балдарды колдоо саясаты үстүртөн жасалган кайрымдуулуктан мамлекеттик деңгээлдеги түзүүчү реформаларга өттү. Негизги өзгөрүүлөрдү төмөнкүдөй так салыштыруу менен көрүүгө болот:

Маселе / Багыт

Мурдагы абал (2020-жылга чейин)

Азыркы реалдуулук

Интернаттан кийинки              турак-жайТакыр каралган эмес, өспүрүмдөр көчөдө же убактылуу баш калкалоочу жайларда калышкан.МИКтин базасында Бишкек жана Ош шаарларында убактылуу социалдык конок үйлөр берилди.
Финансылык пайдубалЖашы жеткенде мамлекеттен эч кандай олуттуу каржылык колдоо алышчу эмес.«Келечекке салым» депозити ишке кирди. Томолой жетим балдарга 18 жашка толгондо    500 000 сомдон берилет.
Балалыкты коргоо саясатыҮстүртөн жасалган программалар, каржылоонун жетишсиздиги.Ар бир баланын билим алуусу, ден соолугу жана коомго интеграцияланышы мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынды.

 

Бул өзгөрүүлөрдүн ичинен эң ири кадам – «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозити программасы. Эми ар бир томолой жетим баланын атына атайын эсеп ачылып, ал 18 жашка толгондо мамлекеттен кеминде 500 миң сомдук баштапкы капиталды алат. Бул каражатты алар келечекте жеке турак-жай алууга баштапкы төгүм (взнос) катары же жогорку билим алууга жумшай алышат.

Реформалардын алкагында, коомдук фонддун жетекчиси Игорь Беляев дагы бир маанилүү жагдайга көңүл бурат: балдар үйлөрүнүн жана интернаттык мекемелердин жетекчилери тарбиялануучуларды өз алдынча жашоого алдын ала даярдашы керек. Окууну бүтүргөнгө чейин эле мамлекеттик органдар менен бирдикте ар бир баланын андан аркы билими, жумушка орношуусу, жашай турган жери жана социалдык адаптациясы боюнча маселелерди чечүү зарыл. Бир дагы жигит же кыз окууну бүткөндөн кийин көчөдө калбашы жана өз көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы маанилүү. Бүтүрүүчүнүн тагдыры окууну бүткөндөн кийин гана эмес, ага чейин эле көзөмөлдө болушу керек, ошондо чоңдордун жашоосуна өтүү мүмкүн болушунча коопсуз жана ийгиликтүү болот.

Ошондой эле, интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн маселелери Президенттин жеке көзөмөлүндө гана болбостон, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын туруктуу жоопкерчилигинде болушу шарт. Президенттин иш сапары учурунда көтөрүлгөн маселелер, эгерде алардын артынан конкреттүү чечимдер, мамлекеттик программалар жана алардын аткарылышын натыйжалуу көзөмөлдөө коштолсо гана реалдуу жыйынтык берет.

Президент Садыр Жапаров демилгелеген бул долбоорлор – жөн гана кайрымдуулук эмес, бул өлкөнүн келечегине жасалган стратегиялык инвестиция. Жаштар бул үйлөрдө жашап гана тим болбостон, кесиптик лицейлерде окуп, жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул реформалар адамдык капиталды өнүктүрүп, кечээги кароосуз калган баланы бүгүнкү пайдалуу адиске айлантууга жана өлкөдөгү криминогендик деңгээлди табигый түрдө төмөндөтүүгө жол ачат.

1-июндагы Президенттин иш-сапары Кыргызстандын социалдык саясатында жаңы доор башталганын айгинеледи. Өлкө кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө алсыз катмарга тирөөч болгон чыныгы социалдык мамлекетти курууга кадам таштады.

Эң башкысы – бүгүн Кыргызстандагы томолой жетим балдар өздөрүн таштанды же унутулган катмар катары сезишпейт. Аларда «Биз – мамлекеттин балдарыбыз, биздин артыбызда Президент турат» деген бекем ишеним пайда болду. Ал эми бул ишеним – күчтүү улуттун жана туруктуу келечектин эң башкы пайдубалы.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер