ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

  • 10.11.2026

Кыргыз бий өнөрүнүн тарыхында терең мааниге ээ болгон маанилүү учурлар улуттук маданияттын өзөгүн бекемдеп келет. Учурда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун 90 жылдык мааракеси жана кыргыз балет искусствосунун түптөөчүсү, легендарлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгы республикалык масштабда кеңири белгиленүүдө. Ошонун алкагында уюштурулган хореографиялык билим берүү жана чеберчиликти жогорулатуу жумалыгы — өлкөнүн руханий турмушундагы эбегейсиз зор окуяга айланды.

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

Муундар аралык алтын көпүрө

2026-жылдын 29-октябрынан 7-ноябрына чейин созулган бул масштабдуу саамалык кылымга чукул тарыхы бар мекеменин ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрдү. Иш-чаранын ачылышында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор Түмөнбай Колдошов маданий билим берүүнүн коомду бириктирүүдөгү ролун баса белгилесе, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Рейна Чокоева кыргыз балетинин түптөлүш жолундагы оор, бирок сыймыктуу барактарды эске салды.

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

Бул үн жана тажрыйба алмашуу муундар аралык алтын көпүрөнү түздү. Улуу муундун калтырган мурасы бүгүнкү жаш хореографтардын чыгармачылык багытын аныктаган пайдубалга айланып жатканын адистер бирдиктүү баалашты.

Инновация жана салттын айкалышы

Жумалыктын программасы өзгөчө мазмундуулугу жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланды. Өлкөнүн алдыңкы хореографтары менен педагогика чеберлери катышуучуларга терең теориялык багыттарды жана практикалык ыкмаларды сунушташты. Маселен, классикалык жана элдик бийлердин интеграциясы боюнча Лилия Мельникова, Айын Акыбаева, Азиза Минжылкиева жана Гүлнар Кадралиевалар классикалык машыгуулардын элдик бийди өнүктүрүүдөгү маанисине көңүл бурушса, «Сейтек» борборунун директору Эрик Латыпов «Боз инген» кыргыз бий көчүн, ал эми «Шаттык» ансамблинин жетекчиси Сырга Латыпова орус элинин «Ложкари» бийинин сырлары менен бөлүштү. Ал эми заманбап багыттар жана чеберчилик боюнча  Наталья Нещерет «Ушу-кунфу» элементтерин машыгууга киргизүү жолдорун көрсөтсө, Гүлжамал Шамыралиева бий композициясын сахналаштырууну, Ирина Унгер сахна костюмдарынын өзгөчөлүктөрүн, Бакыт Койкелов актёрдук чеберчиликтин изин ачты. Мындан сырткары илим жана практика темасында  Елена Овчинникова балет медицинасынын анатомиясын түшүндүрсө, Светлана Садыркулова Кыргызстандын хореографиялык искусствосунун тарыхына токтолду. Ошондой эле Ирина Соломко патриоттук бийлерди коюу, Мадина Маженова тарыхый «Полонез», Екатерина Белоус заманбап модерн жана Андрей Чернега джаз-модерн менен степ багыттары боюнча кесиптик сабактарды өткөрүштү.

Региондордон борборго чейинки интеграция

Бул жумалыктын эң башкы жетишкендиги — Бишкек шаарынын гана эмес, Жалал-Абад, Сокулук, Манас жана Ош сыяктуу региондордун мугалимдерин бириктирип, жалпы республикалык деңгээлдеги тажрыйба алмашуу аянтчасын түзө алганында болду.

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

 

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАШ МУУНДУ ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУНУН ДАНАКЕРИ

Кара-Көл шаарынан келген Айпери Култаева, Бишкектен Жанат Сатыбаева жана Нина Капралова, Сокулуктан Адинай Акылбекова, Манас районунан Зина Сулайманова жана Ош шаарынан Айтурган Сабыралиева сыяктуу жетекчилердин пикирлери бул окутуунун ар бир мугалим үчүн жаңы идеологиялык дем бергенин көрсөттү. Алар алынган билимди мектептерде жана чыгармачылык борборлордо жаш муундарды эстетикалык, маданий жана патриоттук духта тарбиялоого колдоно турганын баары билдиришти. Маселен, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаардык Балдардын чыгармачылык борборунун “Келечек” бий ансамблинин жетекчиси Айпери Култаеванын айтымында, мындай иш-чаралар кесиптик чеберчиликти өркүндөтүп, жаңы заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө, тажрыйба алмашууга жана чыгармачылык жактан өсүүгө чоң өбөлгө түзөт десе, Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №67 жалпы билим берүүчү мектебинин “Мурас” бий ансамблинин хореографы Жанат Сатыбаева мастер-класстар абдан баалуу, программа мазмундуу жана кызыктуу болгонун баса белгиледи. Ал эми Жалал-Абад облусуна караштуу Манас районундагы “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун бий ийриминин мугалими Зина Сулайманованын айтымында, “Сейтек” борборунун жамаатынын  баа жеткис, ал эми билим жана тажрыйбалары балдардын жана хореографтардын жүрөгүндө жакшы из калтырды. Ошондой эле Бишкек шаарындагы “Талисман” хореографиялык бий студиясынын жетекчиси Капралова Нина Александровна: “«Сейтек» борборунун уюштурган мындай иш-чаралары — кесиптик жактан өсүү, тажрыйба алмашуу, жаңы билимдерди, идеяларды жана шыктануу алуу үчүн керемет мүмкүнчүлүк берди. Хореографтардын кесипкөйлөрдөн билим алып, чеберчилигин өркүндөтүүгө жана ишмердүүлүгүндө жаңы ыкмаларды ачууга мүмкүнчүлүк алганы өзгөчө баалуу” деди.

Сөз соңу

Хореографияны өнүктүрүү — бул жөн гана кыймыл-аракеттерди үйрөнүү эмес, улуттун кодун, мүнөзүн жана тарыхын кийинки муунга жеткирүү. «Сейтек» улуттук борбору тарабынан уюштурулган бул масштабдуу жумалык кыргыз бий искусствосунун келечеги кең экенин, ал эми кесипкөй педагогикалык курамдын эмгеги эч качан бааланбай калбасын дагы бир жолу далилдеди. Искусство тили аркылуу жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырган мындай демилгелер улуттук маданиятыбыздын түбөлүктүүлүгүн камсыз кылган эң башкы кадам болуп калмакчы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)

Бөлүшүү