ХИМИЯЛЫК ФОРМУЛАДАН УЛУТТУК МУРАСКА ЧЕЙИН: АШИРА ЭЖЕЙДИН ОКУТУУ ЫКМАСЫ

  • 10.11.2026

12 жылдык билим берүү реформасынын башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири – сабактарды интеграциялап окутуу. Эми мугалим бир гана өз предметинин алкагында чектелбей башка илимдер менен да байланыштырып окутууга тийиш. Мурда адабиятчы адабиятты, химик химияны гана окутса, бүгүнкү мугалим бир эле учурда адабиятчы да, химик да, тарыхчы да боло билиши керек. Бул, албетте, мугалим үчүн оңой милдет эмес. Ошентсе да, жаңы талаптарга ылайык иш алып барып, өз предметин башка илимдер менен айкалыштырып, окуучуларынын дүйнө таанымын кеңейтип келе жаткан мугалимдерибиз аз эмес. ХИМИЯЛЫК ФОРМУЛАДАН УЛУТТУК МУРАСКА ЧЕЙИН: АШИРА ЭЖЕЙДИН ОКУТУУ ЫКМАСЫ

Алардын бири – химия мугалими, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кулишева Ашира эжей. Ал химияны кыргыз элинин байыркы турмушу, улуттук мурасы менен айкалыштырып, өзгөчө багытта иш алып барып келет.

Жазуучунун мугалим болгону жакшыбы же мугалимдин жазуучу болгону жакшыбы?

А эгер мугалим химия сабагынын адиси болсочу? Жазуучулук дарамет менен химияны айкалыштыруу мүмкүнбү? Эки башка жээк сыяктанган бул эки тармактын ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн?

Ашира эжейдин кыргыз элинин көөнө турмушу менен химия илимин айкалыштыра жууруп жазган макалаларын окуп, өзгөчө бир дүйнөгө туш болгондой болдум. Чынында, таң калдым. Анткени буга чейин мындай өңүттү кездештире элек элем.

Бир караганда, бири-биринен алыс турган эки тармактын ортосунда ушунчалык кызыктуу байланыш түзүүгө болорун көрдүм.

Ашира эжейдин макалаларынан бүгүнкү күндө биз кайра үйрөнүүгө аракет кылып жаткан экологиялык жоопкерчиликтүү жашоо маданиятын ата-бабаларыбыз эбак эле өздөштүргөнүн көрөсүң. Маселен, кыргыздар кирди туштан чөп менен жуушкан, гүлкайырдын гүлүнөн жасалган шампунду кыз-келиндер чачына колдонушкан. Ал эми койдун карыны табигый муздаткычтын милдетин аткарып, ага салынган эт, май сыяктуу азыктар узак убакытка чейин бузулбай сакталган. Мунун эң маанилүүсү  колдонулган табигый каражаттардын айлана-чөйрөгө зыяны тийген эмес. Алар убакыттын өтүшү менен чирип, жаратылышка кайра сиңип турган. Башкача айтканда, ата-бабаларыбыз турмушта химиялык процесстерди аң-сезимдүү түрдө пайдаланып, жаратылыш менен шайкеш жашоонун жолун табышкан. Биздин каарман мунун баарын химиянын контекстинде карап, окуучуларына кызыктуу сабак өтөт. ХИМИЯЛЫК ФОРМУЛАДАН УЛУТТУК МУРАСКА ЧЕЙИН: АШИРА ЭЖЕЙДИН ОКУТУУ ЫКМАСЫ

Ушул байкоолорун жана күнүмдүк турмушта колдонгон билимин топтоп, «Ата-бабалардын жашоосундагы химия» аттуу китепти жарыкка чыгарган. Китепке Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов баш сөз жазып берген.

Чынында, химия сабагы көпчүлүк окуучулар үчүн  бөтөн, түшүнүүгө кыйын дүйнөдөй сезилет. Себеби анда күнүмдүк турмушта көп кездеше бербеген терминдер, формулалар жана татаал процесстер арбын. Ал эми Ашира эжей бул илимди окуучуларга жакындатуунун өзгөчө жолун тапкан. Ал химияны турмуштук мисалдар менен жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп, окуучуларга ар бир илимий түшүнүктүн күнүмдүк жашоодогу ордун көрсөтөт.

Мугалимдин эмгегинин натыйжасы анын окуучуларынын жетишкендиктеринен да көрүнөт. Ашира эжей тарбиялаган окуучулардын Медициналык академияга бюджеттик негизде өтүп, билим алып жатышы – анын сабакты түшүндүрүүдөгү өзгөчө ыкмасынын жана талыкпаган эмгегинин далили.

Ашира эжей менен анын мугалимдик, изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык:

– Ата-бабаларыбыздын жашоосундагы химияны изилдөөгө кызыгууңуз кантип башталды?

– Химия илимин ата-бабаларыбыздын жашоо-турмушу менен байланыштырууга Шахзада Апсаматова түрткү берди. Ал мага: «“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна “Химиянын ата-бабаларыбыздын жашоосундагы ролу” деген темада доклад окуп бербейсизби?» — деп сунуштап калды. Чынында, ага чейин эле Фейсбуктагы баракчама бул багытта чакан маалыматтарды жарыялап жүргөм.

Үч күн даярданып, аталган тайпада доклад жасадым. Ага мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана агартуучулар катышты. Баяндаманы угуп чыккан соң Дүйшөнбай Батырбеков, Уулкан Осоева, Сүйүнбек Касмамбетов өңдүү инсандар абдан жылуу пикирлерин билдиришти. Мына ошол колдоо кыргыз турмушундагы химиялык кубулуштарды тереңирээк изилдеп, заманбап илим менен айкалыштыруума жана аны окуучуларга үйрөтүүмө чоң дем берди.

– Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда химиялык кубулуштар кандайча кездешет? Аны окуучуларга кандай мисалдар менен түшүндүрөсүз?

– Биздин мектеп айыл жеринде жайгашкандыктан, окуучулар жайында жайлоого чыгышат. Алар жайлоо шартында химиядагы конденсация жана сублимация кубулуштарын өз көзү менен көрүп, түшүнүшөт. Мисалы, арча түтөтүп чаначты ыштаганда түтүндөгү пигменттер жана биологиялык активдүү заттар чаначтын бетине сиңип, табигый антисептик касиетин берерин айтып беришет. Муну алгач мен түшүндүргөн болсом, кийин өздөрү далилдеп айта башташты.

Ошондой эле каймактан сары май алганга чейинки процессти талдашат: уй саалып, сүт тартылат, сепаратордон каймак алынып, чалуу аркылуу сары майга айланат.

Ал эми карынга май сактоо жөнүндө окуучуларым: «Бул кыргыздын табигый муздаткычы турбайбы!» — деп таң калышат. Эмне үчүн карынга салынган эт менен май бузулбайт? Себеби карындын микротүтүкчөлөрү аба алмашууну (вентиляцияны) туура жөнгө салып, нымдуулукту бир калыпта кармайт жана сырттан зыяндуу бактериялардын киришине жол бербейт. Окуучулар мына ушундай көрүнүштөрдүн химиялык маңызын кеңири айтып беришет. ХИМИЯЛЫК ФОРМУЛАДАН УЛУТТУК МУРАСКА ЧЕЙИН: АШИРА ЭЖЕЙДИН ОКУТУУ ЫКМАСЫ

– Окуучуларыңыздын өздөрү да улуттук турмуштагы көрүнүштөрдү химия менен байланыштырууга кызыгып калышкан экен.

– Ооба. Бир жолу 7-класстагы бир нече окуучум жайлоодо козунун жүнүнөн кийиз жасап келишиптир. Алар: «Эжеке, жүндөн кийиз жасоо да химияга киреби? Жүндү бышырганда көбүк чыгат экен», — деп кызыгып калышты. Аны чогуу изилдедик: жүн табигый белоктуу була экенин, ага түс киргизүү жана боёо процесстери химиялык реакцияларга негизделгенин түшүндүрдүм. Ата-бабаларыбыздын сууга күмүш салып ичүүсү да бекер эмес — күмүш иондорунун бактерициддик касиети бар.

Андан тышкары, «Манас» эпосундагы жайчылык өнөрдү (жамгыр жаадыруу)  илимий көз караш менен карап чыктык. Мал сойгондо ашказан, өт же бөйрөктөн кальций, калий, натрий сыяктуу минералдык туздардын чөгүшүнөн пайда болгон таштар чыгат. Ата-бабаларыбыз аларды жай ташы (жада ташы) катары сууга салышкан. Туз эриген суунун буулануусу жана конденсация процесси тездеп, булут сууга каныкканда жамгыр жаайт. Муну да окуучуларга түшүндүрүп бердим.

Окуучулар курут жасоо, дары чөптөрдүн жана бүркүттүн өтүнүн касиеттери тууралуу да божомолдорду айтышат. Биз алардын химиялык курамын интернет булактарынан чогуу издеп, талдайбыз. Мына ушундай изденүүлөрдүн негизинде «Ата-бабалардын жашоосундагы химия» аттуу китебим жарык көрдү.

Бул элдик тажрыйбаларды сабакта колдонуп, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында 100 сааттык программа иштеп чыктым жана аны «ХимМурас» долбооруна киргиздим. ХИМИЯЛЫК ФОРМУЛАДАН УЛУТТУК МУРАСКА ЧЕЙИН: АШИРА ЭЖЕЙДИН ОКУТУУ ЫКМАСЫ

– «ХимМурас» долбоорунун максаты, негизги багыттары жана бүгүнкү күнгө карата аткарылган иштери тууралуу айтып берсеңиз.

– Долбоор үч негизги багытты камтыйт: 100 химиялык мультфильм, 100 сабактын иштелмеси жана «ХимМурас» музейин ачуу. Бүгүнкү күндө мультфильмдердин 15%ы интернетке жарыяланды, сабактардын 20%ы китепке жана брошюраларга киргизилди. Ал эми музей уюштуруу багыты азырынча ишке аша элек. Башкача айтканда, долбоордун жарымы аткарылып, калган бөлүгү ишке ашыруу баскычында турат.

 

Асел КЕНЖЕБЕК КЫЗЫ,

“Кут Билим”

(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)

 

Бөлүшүү