ЭТНОПЕДАГОГИКАДАН ЖОГОРКУ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН: НУРИЛЯ ИМАЕВАНЫН КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНДЕГИ ОРДУ

  • 26.11.2026

XX кылымдын экинчи жарымы кыргыз билим берүү жана педагогика илими үчүн бурулуш мезгил болду: жалпы орто билим берүү кеңейип, улуттук жогорку окуу жайларында илимий-педагогикалык кадрларды системалуу даярдоо, ошондой эле кыргыз элинин салттуу тарбия мурасын академиялык деңгээлде изилдөө милдети турду. Нуриля Имаеванын (1936–2012) 54 жылдык педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү дал ушул доордук процесстердин чордонунда өтүп, мектеп практикасынан тартып жогорку мектептин методологиясына чейинки бүтүн бир кесиптик мектепти калыптандырды. Нуриля Имаева тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

ЭТНОПЕДАГОГИКАДАН ЖОГОРКУ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН: НУРИЛЯ ИМАЕВАНЫН КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНДЕГИ ОРДУ

Тарыхый контекст жана кесиптик эволюция

1950-жылдардын аягында Кыргызстанда мектептерди жогорку билимдүү мугалимдер менен камсыз кылуу маселеси курч турган. 1954-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун орус филологиясы факультетине тапшырып, аны артыкчылык менен аяктаган Н. Имаева 1958-жылы Ысык-Көл районунун Тамчы орто мектебинде, андан соң Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Ошол мезгилде орус тилин жана адабиятын окутуу айылдык жана аймактык мектептердин окуучулары үчүн жогорку билимге жана жалпы союздук маданий-илимий мейкиндикке жол ачкан негизги багыттардын бири эле.

Мектептеги жандуу тажрыйба анын илимге келишине бекем негиз түздү. 1961-жылы Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун (КыргызПИИ) аспирантурасына өтүп, андан соң кенже, улук илимий кызматкер жана 1970-жылдан тартып педагогика жана психология секторунун башчысы болуп иштеши республикадагы педагогикалык изилдөөлөрдүн борборунда эмгектенүүсүн шарттады. 1970-жылы «Т. Сатылгановдун чыгармачылыгындагы тарбия идеялары» темасында кандидаттык диссертациясын жактаган. Бул изилдөө кыргыз оозеки чыгармачылыгы менен акындар поэзиясындагы элдик тарбия философиясын расмий педагогикалык илимге алып кирүү аракети болгон.

Улуттук этнопедагогиканын пайдубалын түптөө

1960–1980-жылдары советтик педагогикада «этнопедагогика» багыты жаңыдан калыптанып, ар бир улуттун тарбия салттарын илимий негизде системалаштыруу зарылдыгы жаралган. Нуриля Имаева кыргыздардын этнопедагогикасын алгачкылардан болуп изилдеген окумуштуулардын катарында турду.

1964-жылы Москвада жарык көргөн «СССР элдеринин мектеп жана педагогикалык ойлорунун тарыхы» аттуу көп томдук эмгектин 4-томунда кыргыз этнопедагогикасы боюнча макаласы жарыяланган. Бул кыргыз тарбия мурасын жалпы союздук илимий айлампага киргизүүгө өбөлгө түзгөн.

1988-жылы Москвада басылган «Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы» фундаменталдуу жыйнагынын авторлорунун бири жана редакциялык кеңешинин мүчөсү катары кыргыз агартуучуларынын жана элдик педагогиканын тарыхый ордун бекитүүгө салым кошкон.

Изилденген теориялык материалдарды жогорку окуу жайларынын аудиториясына алып кирип, «Кыргыздардын этнопедагогикасы» курсунун окуу программасын түзгөн.

Жогорку мектептеги башкаруу жана илимий мектеп

1975-жылдан тартып Н. Имаеванын ишмердүүлүгү өлкөнүн башкы окуу жайы — Кыргыз мамлекеттик университети (КУУ) менен тыгыз байланышкан. 1975–1985-жылдары жана 1991-жылдан тартып педагогика жана психология кафедрасын жетектеши, доцент жана профессор катары эмгектениши республикадагы ЖОЖ окутуучуларынын педагогикалык даярдыгын жогорулатууга багытталган. 1990-жылдардагы өткөөл мезгилде — 1994–2002-жылдары КУУнун алдындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда (ККДЖЖИ) илимий иштер боюнча директордун орун басары жана илим бөлүмүнүн башчысы болуп иштеши, ал эми 2003–2012-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында (КМЮА) профессордук кызматы эгемен Кыргызстандын жаңы билим берүү шарттарында гуманитардык-педагогикалык даярдыкты сактап калууга жана өнүктүрүүгө кызмат кылды.

Анын илимий-уюштуруучулук жана насаатчылык ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

54 жылдык жалпы педагогикалык стаждын ичинен 51 жылы жогорку окуу жайларында иштеди. Ал педагогика жана жогорку мектептин методологиясы боюнча 60тан ашуун илимий эмгек жаратты. Магистранттар, аспиранттар жана ЖОЖ окутуучулары үчүн «Педагогика», «Тарбиялык иштин педагогикасы жана методикасы», «Кыргыздардын этнопедагогикасы», «Жогорку мектеп педагогикасынын негиздери» программаларды сыяктуу педагогикалык дисциплиналар боюнча окуу программаларын түзгөн.

Н. Имаева кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жактаган 12 аспиранттын илимий жетекчиси болгон. Анын мурдагы аспиранттарынын арасында педагогика илимдеринин эки доктору, профессорлору — Н. А. Асипова, Р. И. Курманходжаева бар.

Нуриля Имаевна 23 кандидаттык диссертациянын расмий оппоненти болгон. Ал редакциялык кеңештин мүчөсү жана «Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы» (Москва, 1988) эмгегинин авторлорунун бири болгон. КР Жогорку аттестациялык комиссиясы (ЖАК) түзүлгөндөн тартып 1994-жылга чейин педагогика жана психология боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү, Билим берүү жана илим министрлигинин редакциялык кеңешинин төрагасы жана аттестациялык комиссиясынын мүчөсү да болгон.

Коомдук-мамлекеттик баалоо жана мурастын мааниси

Нуриля Имаеванын эмгеги эки доордун — советтик мезгилдин жана эгемен Кыргызстандын — мамлекеттик жана академиялык сыйлыктары менен белгиленген. Ал «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» (1974), «СССРдин жогорку мектебинин отличниги», «Иштеги мыкты ийгиликтери үчүн» төш белгилери, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» (1981) жана «Эмгек ардагери» (1986) медалдары менен сыйланган. 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамына, ал эми 1994-жылы Эл аралык түрк академиясынын (ЭТА) академиги наамына ээ болгон.

Бүгүнкү күндүн көз карашынан алганда, профессор Н. Имаеванын ишмердүүлүгү үч маанилүү сабакты көрсөтөт: илимий теорияны мектеп практикасынан ажыратпоо, улуттук тарбия дөөлөттөрүн заманбап академиялык билим менен айкалыштыруу жана кийинки муундагы окумуштууларды системалуу тарбиялоо. Анын шакирттери жана түзгөн окуу программалары кыргыз педагогика илиминин уланмалуулугун камсыз кылган тирүү мурас бойдон калууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү