ЭТНОПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ДЫЙКАНЫ

  • 27.04.2026
  • 0

ЭТНОПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ДЫЙКАНЫМен Акматали АЛИМБЕКОВДУ Ош мамлекеттик педагогикалык институтка ишке келген күндөн тартып билем. Жогорку окуу жайдагы көп кырдуу интеллектуалдык чөйрөдө ар кимди жакындан таанып кетүү оңой эмес. Айрымдар менен илимий-кесиптик жакындык, кызматташтык аркылуу таанышсаң, кээ бирөөлөрдү алардын эл алдына чыккан сөзү, басма сөздө жарыяланган макалалары аркылуу сыртынан тааный баштайсың. Мен Алимбековдун ысмын дал ушундай жол менен, студент кезинен эле келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш изилдөөчү катары уккам. Бул 1980-жылдарга туура келет.

Илим жолуна эрте түшкөн инсан

Ошол кезде облустук «Ленинский путь» гезитине журналист Светлана Гапарованын «Преданье старины глубокой» аттуу макаласы жарыяланып, анда А. Алимбековдун көрүнүктүү окумуштуу Талип Ормоновдун жетекчилиги астында жазылган «Кыргыз эл жомокторундагы педагогикалык көз караштар» аттуу дипломдук эмгеги жогору бааланган. Макалада жаш изилдөөчүнүн элдик мурастын терең катмарларындагы тарбиялык ойлорду көрө билген изденүүчүлүк дарамети өзгөчө белгиленип, анын илим жолундагы келечегине чоң үмүт артылган.  Көп өтпөй эле А. Алимбековдун чоң ынтаа менен аткарылган бул алгачкы изилдөөсү тууралуу Москвадан чыгуучу бүткүл союздук «Учительская газетага» журналист Г. Лазутинанын «За сказками и легендами в деревню» аттуу макаласы жарык көрдү. Илимий жетекчиси Талип Ормонов жана анын алгачкы ийгиликтерине күбө болгон адамдар Акматали Алимбековдун келечекте элдик педагогиканын терең казынасын изилдеген көрүнүктүү аалымга айланарын ошол кезде эле баамдашкан. Ал бул ишенимди актап, илимий билимин да, изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн да тынымсыз өнүктүрүп отурду.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөн илимий жыйындарда, ошондой эле аймактык жана эл аралык чогулуштарда мен анын илим жолунда астейдил аракет кылган жаштардын алдыңкы сабында келатканына көп ирет күбө болдум. Ал тынымсыз изденүүсү, маселеге олуттуу мамилеси жана илимий ой жүгүртүүдөгү өз алдынчалыгы менен замандаштарынын арасынан дароо айырмаланып турчу. Ошол эле учурда мезгилдүү басма сөздө, айрыкча «Мугалимдер газетасына» жарыялаган макалалары аркылуу кыргыз элинин таалим-тарбияга байланышкан салттык билиминин маңызын терең чечмелеп, мугалимдер журтун элдик педагогиканын көпчүлүк байкай бербеген баалуу жактары менен тааныштырып келди. Элдик салттардын кечээси, бүгүнү жана эртеңи жөнүндө дайыма ой толгоп жүргөн мен да анын бул багыттагы макалаларына өзгөчө кызыгуу менен көңүл буруп келдим.

Улуу устат Г.Н. Волков салган жолдун татыктуу улантуучусу

А. Алимбеков кандидаттык жана докторлук диссертациялык изилдөөлөрүн ХХ кылымдын экинчи жарымында жана ХХI кылымдын башында дүйнөлүк педагогика илиминин өнүгүшүндө өзүнчө бир доор жараткан, этнопедагогика илиминин негизин түптөгөн залкар окумуштуу, «чыныгы адам, чыныгы педагог» (В. А. Сухомлинский) деп бааланган атактуу академик Г. Н. Волковдун илимий жетекчилиги алдында аткарган. Анын илимий таасири башка өлкөлөр менен катар Кыргызстанда да терең сезилип, бул жерде да өзүнүн илимий мектеби калыптанган. Менин да пединституттагы улуу муундагы окумуштуулар Т. Ормонов, Б. Апышевдер менен бирге Г. Н. Волков менен жолугуп, баарлашкан учурум болгон.

А. Алимбеков аспирантурага кирген мезгилден тартып эле анын илимге болгон өзгөчө дилгирлиги менен өжөрлүгүн байкаган илимий жетекчиси ага өзгөчө камкордук көрө баштаган. Ал жаш изилдөөчүнү өзү менен кошо СССРдин Педагогика илимдер академиясында өткөрүлүп туруучу олуттуу илимий семинарларга, талкууларга ээрчитип барып, ошол доордун залкар педагогдору менен жакындан тааныштырууга, алардын илимий маданиятынан үлгү алышына кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн. Мындай илимий чөйрөдө тарбиялануу А. Алимбековдун дүйнө таанымын кеңейтип, изилдөөчүлүк дымагын тереңдетип, этнопедагогика багытындагы келечектеги изденүүлөрүнө бекем негиз болуп берген.

Ошол жылдары А. Алимбеков менен бирге аспирант жана изилдөөчү катары Г. Н. Волковдон таалим алган Кыргызстандык педагогдор анын Акматали Алимбеков тууралуу айткан сөзүн бүгүнкү күнгө чейин эскерип жүрүшөт. Г. Волковдун: «Арийне, баарыңар илимдин кандидаты болосуңар. Бирок маселе андан ары илимди улантууда турат… Менин бекем ишенимимде, Акматали Алимбеков өмүр бою илимий ишмердүүлүккө бекем бойдон калат», — деген пикири жаш изилдөөчүнүн келечегине жана илимге берилгендигине карата берилген өтө таамай баа болгон. Чындыгында, убакыт бул сөздөрдүн туура айтылганын далилдеди. Акматали Алимбеков илим жолун убактылуу кызыгуу же кызматтык мүмкүнчүлүк катары эмес, өмүрлүк тагдыр, руханий милдет катары тандап, ошондон бери этнопедагогика илиминин татаал жолунда талыкпай эмгектенип келет. Атактуу аалым, академик Геннадий Волков өзүнүн баасын анын докторлук диссертациясына жазган пикиринде дагы бир жолу ачык тастыктаган: «А. Алимбеков — менин эң таланттуу жана “таланттуумун” деп көкүрөк какпаган өтө жөнөкөй аспирантым. Ал инсан катары түз жана туура жүргөн, принципиалдуу, ишенимди актаган адам. Анын илимде тандап алган жолунан тайбагандыгына, биздин жалпы идеяга берилгендигине мен аябай ыраазымын». Мындагы өтө маанилүү жагдай — «илимде тандап алган жолунан тайбагандыгы» жана «жалпы идеяга берилгендиги» жөнүндөгү ыраазычылык сөз. Устаттын мындай ишеними кийин убакыт менен толук акталып, Алимбеков этнопедагогика илиминин туруктуу, үзүрлүү жана ишенимдүү өкүлдөрүнүн бирине айланды.

Ысмы бир илим тармагынын аталышы  менен жуурулушкан инсан

Адатта бир илимий багыттын өнүктүрүүнү өмүрдөгү эң башкы баалуулугу катары карап анын түптөлүп өнүгүшүнө “менчик тамаркасындай “ мамиле кылып жашоо кечирген инсандар болот. Бирок, алар көппбү же азбы деген суроо жаралат. Тилекке каршы соңку тарыхыбызда андайлардын саны кескин азайып бара жатканын эрксизден моюндабай коюууга болбойт. Акматали Алимбеков  бир илим багытынын өнүгүшүн өмүрлүк максатына айландырган сейрек инсандардын бири Ал кыргыз этнопедагогикасынын түптөлүп, калыптанып, өнүгүшүн өзүнүн өмүрлүк иши, руханий парзы жана илимий тагдыры катары кабыл алды. Ошондуктан анын көп жылдык изденүүсү, талыкпаган эмгеги жана калеминен жаралган эмгектери бир окумуштуунун жеке жетишкендиги гана эмес, бүтүндөй кыргыз этнопедагогика илиминин өсүү жолунун жандуу күбөсү болуп калды. Профессор Э. Мамбетакунов жазгандай Акматали Алимбеков чейрек кылымдан бери кыргыз этнопедагогикасынын өнүгүшүнө кам көрүп, ысык суугуна күйүп жашоо кечирип келе жаткан изденгич илимпоздордун бири. Ал макала же китепти сандык көрсөткүч үчүн жазбайт. Анын бардык эмгектери терең жана бекем илимий-методологиялык парадигмаларга негизделген. Анын чыгармаларына үстүртөн гана көз чаптырган адам да окумуштуунун олуттуу илимий-теориялык маселелердин түйүнүн чечүүгө багытталган ниетин, ички ыкласын жана изденүү маданиятын дароо байкай алат.

Алсак, окумуштуу өзүнүн «Кыргыз этнопедагогикасы» (1996-ж.) аттуу китебинде илимий түшүнүктөр менен теориялык көз караштарды дайыма өнүгүү процессинде кароо зарылдыгын карманып, ага чейинки «элдик педагогика» жана «этнопедагогика» категорияларынын маңызы менен аныктамаларына байланышкан жетишкендиктерди талдап көрсөтүп, айрым маанилүү тактоолорду киргизген. Ошол эле учурда окумуштуу: «Эгерде кыргыз тилине “тарбия” деген термин XVIII кылымдын экинчи жарымынан тартып кире баштаган болсо, ага чейин бул түшүнүктү туюндурган кандай сөздөр жашап келген?» — деген олуттуу илимий суроону коюп, анын жообун тарыхый-этнопедагогикалык материалдардын негизинде издөөгө аракеттенген. Натыйжада эмгекте «телчиктирүү», «торолтуу», “багуу”, “кароо”, “асыроо”, “бутуна тургузуу”, “эрезеге жеткирүү”, “адам катарына кошуу”,  «санат, насыят айтуу», «үлгү, өрнөк, нарк сактоо», «нуска сөз айтуу» сыяктуу сөздөрдүн педагогикалык маданияттагы функциялары ачыкталган. Китептин илимий-теориялык жаңычылдыгынын дал ушул өңүтүн анын «Кириш сөзүнүн» автору көрүнүктүү этнопедгог  Сабыр Иптаров да таамай белгилеп: «Кыргыз этнопедагогикасына таандык татаал түшүнүктөр, терминдер, кубулуштар алгачкы ирет илим айдыңында дал ушул китепте чечмеленген», —  деп жазган.

2001-жылы жарык көргөн «Кыргыз элинин билим берүү салттары» аттуу эмгегинде Акматали Алимбеков: «Эгер кыргыз жергесинде расмий билим берүү иши XIX кылымда гана башталган болсо, анда ага чейин эл балдарын жашоо үчүн зарыл болгон билимдерге кандайча ээ кылып келген?» — деген актуалдуу суроо коёт. Анын негизинде окумуштуу көчмөн кыргыз коомунда акыл-билим эң жогорку баалуулук катары каралганын, ата-энелер балдарын кара күчкө эмес, акыл парасаттуулукка өнөргө артыкчылык бергенин далилдейт. Ошондой эле жаш муунду эмгекке, кесипке, поэзияга, музыкага, жасалга жана колдонмо өнөрлөргө, география, астрономия, өсүмдүктөр дүйнөсү тууралуу билим тажрыйбаларга үйрөтүп келегенин ишенимдүү ачып берет. Жалпысынан А.Алимбековдун ХХ жана ХХI кылымдар тогошунда, эгемендүүлүктүн башатында жарык көргөн жогоруда аталган китептери кыргыз этнопедагогикасы боюнча башка изилдөөлөрдүн, окуу програмалардын жарылышына  пайдубал болуп бергени профессор А.Муратовдун эмгектеринде белгиленген.

Акматали Алимбековдун илим жолундагы өзгөчө сапаты -бир чекке жеттим деп токтоп калбастан, улам тереңдеп, буга чейин белгилүү болгон ойлордун жаңы катмарларын ачууга умтулган талыкпас эмгекчилдиги. Анткени илим кокусунан жаралбайт; ал күн сайын жыйналган мээнеттин, тынбаган изденүүнүн, байкоонун, салыштыруунун жана терең толгонуунун натыйжасында өсүп жетилет. Анын көп жылдык ишмердүүлүгү ушул чындыкты толук ырастап турат.

Акыркы чейрек кылым аралыгында А. Алимбековдун илимий-изилдөө ишмердүүлүгү кыргыз элинин акыл-ой байлыгы менен тарбиялык тажрыйбасынын илимде али жетиштүү өздөштүрүлө элек, калем тийбей келген катмарларын изилдөөгө, аларды жарыялоого жана билим берүү мекемелеринде, айрыкча болочок мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоодо пайдалануунун теориялык жана практикалык маселелерин негиздөөгө багытталып келди. Бул багытта анын 5 монографиясы, 10дон ашуун окуу китеби жана окуу куралдары, ошондой эле улуттук жана эл аралык абройлуу журналдарда жарыяланган 200дөн ашуун илимий макалалары бар. Анын этнопедагогика тармагындагы ар бир китеби изилдөөчүлөр, мугалимдер жана тарбиячылар үчүн баалуу билим булагы болуп гана тим болбостон, теориялык тереңдиги жана методологиялык бекемдиги менен кийинки изилдөөлөргө багыт берген классикалык үлгүгө айланды.

Ошондуктан бул эмгектер кыргыз этнопедагогика илиминин өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлеп гана тим болбостон, А. Алимбековдун ысмынын «элдик педагогика», «этнопедагогика» түшүнүктөрү менен табигый түрдө жуурулушуп айтылышына да негиз түздү. Доцент Н. Шадиев таамай белгилегендей: «Азыр “кыргыз этнопедагогикасы” деген сөздү укканда эң биринчи жаралуучу ассоциация — бул Акматали Алимбековдун ысмы». Айрийне, бүгүн окумуштуулар арбын. Бирок бүтүндөй бир илим тармагынын тагдырына фактор боло алган, анын жүзүн, багытын, мазмунун аныктаган Акматали Алимбековдой  инсандар өтө сейрек.

Эл аралык абройго ээ болгон окумуштуу

Эл аралык илимий чен-өлчөмдөргө ылайык, ар бир илимпоздун аброю анын эмгектеринин өз өлкөсүнүн чегинен тышкары да таанылып, башка мамлекеттердин илимий коомчулугу тарабынан кабыл алынышы, пайдаланылышы жана аларга жасалган шилтемелердин саны менен бааланат. Бул ченем А. Алимбековдун илимий ишмердигине да толук ылайык келет. Анын этнопедагогика, элдик тарбия, улуттук баалуулуктар жана тарыхый-педагогикалык мурас тууралуу жазган эмгектери Кыргызстан менен гана чектелбестен, түрк дүйнөсүнүн жана башка өлкөлөрдүн илимий чөйрөлөрүндө да кызыгуу жаратып, өз баасын алып келет. Профессор Нурбүбү Асипова А. Алимбековдун илимий табылгалары Кыргызстанда гана эмес, мурдагы союздук республикаларда да кеңири таанылганын белгилеген. Анын кыргыз элинин педагогикалык дөөлөттөрүн башка элдерге жайылтууга кошкон салымы өзгөчө бааланат. Бул урмат-сыйдын айкын далили катары окумуштуунун эмгектерине Түркияда да шилтемелердин кездешишин айтууга болот. Белгилүү түрк педагог-изилдөөчүсү, профессор Мехмет Шишман «этнопедагогика» түшүнүгүнүн Түркиянын илимий чөйрөсүндө Акматали Алимбековдун түрк тилиндеги макалалары аркылуу таанылып, жайылганын, ошондой эле өзү да анын баалуу ойлорун «Мугалимдик кесипке киришүү» аттуу окуу китебинде канааттануу менен пайдаланганын белгилеген. Мындай фактылар А. Алимбековдун жеке аброю менен катар кыргыз этнопедагогика илиминин да эл аралык деңгээлдеги ордун тастыктайт.

Анын макалалары менен китептери түрк жана англис тилдеринде да жарык көргөн. Ал көптөгөн эл аралык журналдардын редакциялык коллегияларынын, симпозиумдардын уюштуруу комитеттеринин мүчөсү болуп, редактор жана долбоор жетекчиси катары да иш алып барып келет.Ал Түркиялык кесиптеши Икрам Чынар менен бирдикте 2021 жылдан бери Эл аралык “Этнопедагогика” илимий журналын негиздеп чыгарып келишет.  ТҮРКСОЙ эл аралык уюумунун долбоорлорунун алкагында түрк тилдүү элдердин “Түрк дүйнөсүнүн этнопедагогикасы” (2026) аттуу 550 беттен турган  фундаменталдуу китептин автору жана редакторлорунун бири.

Акматали Алимбековдун ишмердүүлүгүнүн дагы бир маанилүү багыты — анын демилгеси жана жетекчилиги менен уюштурулуп келе жаткан «Педагогикалык ой ордо». Ал педагог-окумуштуулар менен билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн Кыргызстандын билим берүү системасындагы ар кыл көйгөйлөрдү ачык талкуулоого мүмкүнчүлүк берген олуттуу интеллектуалдык аянтча болуп калды.

Анын демилгеси жана жетекчилиги менен ар түрдүү университеттердин базасында билим берүү системасынын актуалдуу көйгөйлөрүнө арналган мазмундуу талкуулар уюштурулуп келет. Маселен, «Урпактар тарбиясы жана улут тагдыры» (2017), «Илимий даражага ээ болуунун эки системасынын кайсынысы оптималдуу?» (2018), «Кыргыз коому жана балдар» (2019), «Мектепке сапаттуу мугалим даярдоо эмнелерден көз каранды?» (2020), «Билим берүү стандарттарын ким аткарат?» (2022), «Азыркы университеттердеги “Педагогика” дисциплиналары жана педагогдорду даярдоо проблемалары» (2024) аттуу темалар боюнча ачык пикир алышуулар өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында олуттуу ойлор ортого коюлуп, практикалык сунуштар иштелип чыккан.

Этнопедагогика боюнча өзүнүн илимий мектебин түзүп, 13 илим кандидатын даярдаган. А. Алимбековдун илимий-педагогикалык ишмердиги өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да жогору бааланган. Ал  ОшМУ, Ош мамлекеттик педагогикалык, Баткен мамлекеттик университеттеринин ардактуу профессору, ошондой эле Казакстандын Педагогика илимдер академиясынын жана «Туран» Эл аралык илимдер академиясынын академиги болуп шайланган. Анын  Scopus системасы боюнча h-индекси 3 болсо, Google Scholar базасы боюнча h-индекси 14. Бул сандык маалыматтар окумуштуунун эмгектери илимий чөйрөдө кеңири пайдаланылып, эл аралык деңгээлде олуттуу таасирге ээ экенин көрсөтүп турат.

Булардын баары А. Алимбековдун илимий ишмердүүлүгүнүн бийиктигин айгинелеп, аны илим чөйрөсүндөгү жогорку наамдарга жана сыйлыктарга татыктуу инсан катары мүнөздөөгө негиз берет.

Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, КРнын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, КРнын илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, химия илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер