ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН ЖҮЗҮ

  • 29.12.2020
  • 0

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ

 

Айдай Бекбоева, Билим берүү жана

                                                           илим министрлигинин Мамлекеттик тилди

                                                           өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси

Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов: “Кайсы улут болбосун, анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Кыргыз тили кыргыз баласына эненин сүтү менен бир келген дөөлөт катары кабылданат.Тилге кыянаттык кылуу улутка кыянатык кылган менен тең катар бааланышы керек. Тил алдындагы жоопкерчилик жөнөкөй букарадан тартып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө, президентке чейин бирдей…” – деп айтып кеткендей ар бир кыргыз баласы өз тилин унутпай, кадырлап- кастарлап, бийик туу тутуп,    жогорку деңгээлде билгенге аракет кылса. Мына  ушундай максатта   Билим берүү жана илим министрлигинин  кызматкерлеринин,   республикабыздын билим берүү уюмдары арсында    жыл сайын Кыргыз тили майрамына атайын даярдык көрүлөт. Кыргыз тили майрамы бир эле күндө өтүп кетип, унутулуп калбашы керек. Андыктан   министрлик Эне тилге байланыштуу  ар ар кандай иш-чараларды   уюштуруп, анын андан ары өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Биз төмөндө ошондой иш-чаралардын айрымдарына гана токтоло кетүүнү туура көрдүк.

 

 Мамлекеттик кызматкерлер эссе жазышты

ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН ЖҮЗҮ

2020-жылдын 18-сентябрында   Мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамын, “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өкүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” КРнын Президентинин Жарлыгын,   Өкмөттүн 2020-жылдын 24-августундагы   Мамлекеттик тил күнүн белгилөө жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу  максатында Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу  чыккан. Ушуга байланыштуу,   Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору  республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2020-жылдын 21- сентябрынан тартып 21- ноябрына чейин мамлекеттик тилдин эки айлыгын  онлайн форматында өткөрүүнү жарыялаган. Министрликтин кызматкерлери арасында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп жүргөн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде мыкты жүргүзгөн адис-2020”  сынагынын алкагында “Мамлекеттик кызматкер катары кыргыз тилине кошкон салымым” аттуу дил баян (эссе)  жазуу сынагы өткөрүлдү. Ага   18 кызматкер катышууга арыз беришти. Дил баян жазуу сынагы министрликтин  мамлекеттик тилди өнүктүрүү  секторунун жана калыстар тобунун көзөмөлүндө уюштурулду. Аталган сынак теманы терең ачып берүүсүнө жана ой-жүгүртүүлөрүнүн ынанымдуулугуна, аргументтештирүүсүнө, композициялык бүтүндүгүнө жана логикалуулугуна, кеп маданияты жана сабаттуулугуна каралып бааланды.

Калыстар тобу дил баяндын жыйынтыгын ошол эле күнү чыгарышты. жыйынтыгында:1-орунду 13-номуру менен катышкан     Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын башкы  адиси Тургунбаев Артурбек   ээлесе, 2-орунду 12- номуру менен катышкан    Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Акулова Бактыгүл   ээледи, ал эми 3-орунду 10- номуру менен катышкан    Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Касымова Нурзида   ээлеп министрликтин грамотасы жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле кийинки катышуучулар-     Министрдин жардамчысы -Абарали уулу Өмүрбек,  Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Абыкеева Мээрим,   Мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгын адиси- Сыдыбаев Амангелди   министрликтин ыраазычылык каты жана кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери  болушту. Эссе сынагы жыйынтыкталып,  сынактын жеңүүчүлөрү  уюштуруучу жана сынактын калыстар тобунун  мүчөсү менен 23- декабрда «Маданият, тарых, тил» каналынын коногу болуп кайтышты. Анда эссенин темасы, андагы көтөрүлгөн проблемалар жана жыйынтыгы боюнча учкай сөз болду. Сынактын катышуучулары мындай саамалык министрликте жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлөрүн жана эң кызыктуу болоорун белгилешти.

Студенттер  Кыргыз тилин даңкташты

Ал эми, орто кесиптик  билим берүү мекемелеринин студенттери арасында “Келгилечи, кыргыз тилин даңктайбыз”  көркөм окуу сынагы сентябрь-октябрь айларында уюштурулду.

Сынактын негизги максаты- кыргыз тилинин жаштар арасында кадыр-баркын жогорулатуу, өнүктүрүү жана өркүндөтүү болсо, милдеттерине студенттер арасында кыргыз тилинде  көркөм  окуган эң алдынкы студенттерди аныктоо жана алардын базасын түзүү болду. Ошондой эле, кыргыз тилин окутууда көркөм окуу маселесине өзгөчө көңул буруу, студенттердин кеп байлыгын өстүрүү жана өнүктүрүү, жаштардын адабиятка, поэзияга болгон сүйүүсүн арттырууну көздөдүк.

Сынак  үч этап менен өттү. 1-этапта сынаккка келген билдирүүлөрдү кабыл алуу, 2- этапта катышуучунун көркөм окуган видеосун комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүү, 3- этапта экинчи этаптан өткөн студенттер менен атайын адистер мастер-класс өткөрүп, жеңүүчүлөрдү аныктоо болду.

Жалпы катышууну каалагандар 82 студент сынакка катышууга арыздарын жазышкан, бирок алардын ичинен жобонун бардык талаптарына жооп бергендер 62.

Сынактын комиссия мүчөлөрү КРнын Эл артистери, маданияттын мыкты кызматкерлери жана окуу жайларыбыздын көркөм өнөр факултетинин театралдык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучулары калыстыктарын айтышты.  Жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарды ээлешти: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык МТУнун Политехникалык колледжинин студенти Бекзатов Кайрат   1- оруга ээ болду. М.Күрөнкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенти Матыбаев Темирбек 2- орунду ээлесе, үчүнчү орунду Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенти Кубатбеков Сыймык ээлеп, министрликтин грамотасы жана баалуу белектердин ээлери болушту.

Ал эми И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  педагогикалык колледжинин студенти Памири Тургунбай, И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенти Шаршенбекова Малика жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Нурмухамед кызы Даткагүл атайын кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери болушуп, министрликтин ыраазычылык каты жана “Окурмандын китеп текчесинде” жыйнагынын 1 томдугу менен  сыйланышты.

Кийинки студенттер да атайын белектердин ээлери болушту. Алар: И.Арабаев атындагы КМУнун  педагогикалык колледжинин студенти Жаналы кызы Айданек, М.Күрөнкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенти Абасбекова Аккыз, Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенти  Сырдыбаев Мирзат, Кара-Балта медициналык колледжинин студенти Болотов Шамил жана Токмок шаардык гуманитардык-техникалык колледжинин студенти Алиева Салима министрликтин атынан ыраазычылык кат алышып, китептер белекке берилди.

ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН ЖҮЗҮ

 Мыкты кыргыз тилчи мугалимдер аныкталды

Мындан тышкары мектеп мугалимдери арасында  Кыргыз тили сабагы боюнча “Мыкты видеосабак-2020” республикалык кароо сынагы өткөрүлдү. Бул сынактын максаты-учурдагы кыргыз тили сабагы боюнча мыкты, алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана жайылтуу, педагогдордун бирдиктүү маалыматтык-билим берүү аймагындагы маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын  жогорулатуу, мыкты тажрыйбалардын базасын түзүү.

Максаты-жаш педагогдордун чыгармачылык жана кесиптик потенциалдарын ачууга жана жаңы ысымдардын чыгышына шарт түзүү, билим берүү процессин уюштуруудагы жаңы маалыматык технологияларды  колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Кыргыз тили мугалимдеринин кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү, жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген таланттуу, чыгармачыл кыргыз тил мугалимдерин табуу жана аларды колдоо, педагогикалык кесиптин кызматташтык баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү, эң мыкты тажрыйбалар боюнча маалымат базасын түзүү болду.

Сынакка жалпысынан 20 мугалим катышууга өз билдирүүлөрүн жөнөтүшкөн. Республикабыздын мектептеринин арасында кыргыз тили сабагы боюнча уюштурулган бул сынак мындай форматта биринчи жолу өткөрүлдү. Ушуга байланыштуу мугалимдерибиздин аракеттери албетте зор. Бирок техника менен иштөө жагы бир топ жакшырат деген ойдобуз. Анткени биринчиден, сабактын иштелмесин иштөө өзүнчө бир жоопкерчиликти жана педагогикалык тажрыйбаны талап кылса, экинчиден, технологиялык компотенциясын жогорулатуу  экинчи бир машакаттуу тажрыйба экендигин түшүндүк. Сынак комиссия мүчөлөрү тарабынан абдан дыкаттык менен каралды. Жыйынтыгында: 1-орун татыктуу талапкер болбогондугуна байланыштуу берилген жок. 2-орунду Бишкек шаарындагы Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп гимназия окуу-тарбиялык комплексинин мугалими Ибраимова Назгүл ээледи,        3-орунга Ош шаарынын №52 орто мектебинин мугалими  Шамырзаев Ильгиз татыктуу болду. Кызыктыруучу сыйлыктарды да ээлери тапты. Алар:  Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп гимназия окуу-тарбиялык комплексинин мугалими Алмерекова Нуржан Кумарбековна, Бишкек шаарынын   №29 окуу-тарбиялык комплексинин   мугалими Абакирова Фарида ,  Бишкек шаарынын   №29 окуу-тарбиялык комплексинин  мугалими Шайдуллаева Сайра   жана Бишкек шаарынын  №27  орто мектебинин мугалими Кубанычбек кызы Калия.

Ал эми республикабыздын жогорку окуу жайлары арасында  “Менин тилим-тирегим” аталыштагы видеотасмалар сынагына үч гана катышуучу билдирүүлөрүн жөнөткөндүктөн, сынак өткөн жок.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун атынан жалпы республикалык сынактын катышуучуларын жана сынактын жеңүүчүлөрүн жаңы жылы менен чын жүрөгүмдөн куттуктап,   өз тилин мыкты билген, мыкты кесипкөй болуу менен жаңыча чыгармачылык изденүүлөрдү, бекем ден-соолукту каалап кетмекчимин.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер