ЭМГЕК АКЫ, ШТАТТЫК БИРДИК, ЭМГЕК ӨРГҮҮ…

  • 13.05.2025
  • 0

 

Өткөн айда Агартуу министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева региондорду түрө кыдырып, 12 жылдыкка өтүү боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, “Алтын Казык” программасын презентациялады. Ошол күндөрү региондун мугалимдери, тургундары менен жолугуп, чечилбей келген маселелерди жеринде чечип, берилген суроолорго жооп берген эле. Гезиттин ушул санында мугалимдерди, тарбиячыларды түйшөлткөн эмгек акы боюнча берилген суроолорго жоопторду сунуштайбыз.

ЭМГЕК АКЫ, ШТАТТЫК БИРДИК, ЭМГЕК ӨРГҮҮ...

? Догдуркүл Шаршеевна, техникалык кызматкерлердин айлыгы абдан аз, качан көтөрүлөт?

Жооп: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому менен билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акылары 2022-жылдын 1-апрелинен баштап 80% көбөйтүлгөн. Кенже кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуунун булактары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Билим берүү жана илим министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.

? Ремонтко бөлүнгөн каражаттан ремонт жасоого акча бөлсө, сыр жана башка нерселерге өтө аз сумма калып жатат. Ал сумма жетпейт. Кандай кылабыз?

Жооп: 2025-жылга мектептерге учурдагы мүлктү оңдоого кеткен чыгашалары 450,0 млн.түзөт. 2023-жыл менен салыштырсак чыгашалар 417% көбөйдү. Ошондуктан ремонт жасоого акча көбөйгөн сумманын ичинде каралган.

? География табигый илимдерге кирет. Бирок айлык акысына % төлөм кошулган эмес. Эмне үчүн?       

Жооп: География сабагын берген мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуунун булактары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Билим берүү жана илим министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.

? Аз окуучусу бар, аз комплекттүү мектептерде завхоз, катчы, лаборант штаттары каралабы? Оптимизациялоо боюнча эмне өзгөрүү болот?     

Жооп: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 “Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомуна ылайык завхоз, катчы, лаборант штаттары каралат.

? Организаторлордун (тарбия завучтардын) айлыгы боюнча маалымат берсеңиз?

Жооп: Класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучуларынын эмгек акысын жогорулатуунун булактары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Билим берүү жана илим Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.

? Бала бакча директорунун айлыгы өтө аз. Бизди да колдоп айлык маянабызды көтөрүп берүүгө болобу?

Жооп:  Билим берүү жана илим министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин март айында даярдап, Финансы министрлигине жөнөтүлгөн. Финансы министрлиги тарабынан азыркы учурда бала бакчалардын директорлордун эмгек акысын жогорулатуунун булактары жок деген жооп келген.

? Мектеп мугалими колледжди бүтүп, мектепте иштейт. Билимин жогорулатуу боюнча сырттан окуйт. Жылына эки жолу сырттан окуусуна барганда, мектепте иштеген эмгек акысы сакталбай жатат. Ушул туурабы?

Жооп: Эмгек кодекси боюнча жылына эки жолу сырттан окуусуна барганда, мектепте иштеген эмгек акысы сакталат.

? Кыргыз тили, тарых, география предметтерден берген мугалимдердин эмгек акысы  табигый так илимдерден эмне үчүн төмөн? Алар деле 45 мүнөт сабак өтөт.  

Жооп: Кыргыз тили боюнча жана башка мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Билим берүү жана илим министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.

? Республикада окуучулары 1-, 2-, 3-орунду ээлеген мектептердин дене тарбия мугалимдеринин айлыгына да предметтик мугалимдердикиндей теңеп берсеңиздер. Алсак, предметтик мугалимге окуучусу 1-орунду алса, 10000 сом кошулат. Дене тарбия мугалимине жок. Эмне үчүн?         

Жооп:  Республикада окуучулары 1-, 2-, 3-орунду ээлеген мектептердин дене тарбия мугалимдеринин айлыгына да предметтик мугалимдердикиндей теңеп берген сунушту эске алып жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Билим берүү жана илим министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.

? Тарбиячылардын ставкасы мурда 0,75 болчу. Азыр 0,69га кыскарган. Башка шаарларда андай эмес экен. Эмне үчүн кыскарган?

Жооп: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 “Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомуна ылайык тарбиячылардын штаттары каралат.

? Мектепте ашпозчулары эмгек өргүүгө чыккандан кийин июнь-июль-август айлары үчүн төлөнөбү? Ашкананы өздөрү ремонттошот. Бирок айлык алышпайт. Ашпозчулардын айлыгын көтөрүү каралганбы?

Жооп: Мектепте ашпозчулары эмгек өргүүгө 28 күнгө чыгыш керек. Ашкананы өздөрү июнда, июлда же августта ремонттосо,  айлык акысы каралыш керек.

? Мугалимдердин быйыл сабак жүктөмү канча саат болот? Айлык акыларда айырмачылык болобу?

Жооп:  Мугалимдердин 2025-2026-окуу жылдарына сабак жүктөмү 1-4-класстарда -16 саат, 5-11-класстарда -18 саат түзөт.

? 12 жылдыкка өтүүдө мугалимдин ставкасы өзгөрөбү?    

Жооп:  12 жылдыкка өтүүдө мугалимдин ставкасы өзгөрбөйт.

? Кыргыз тили сабагында дептер текшерүүгө акча төлөнөт, ал эми адабият сабагында дагы дилбаян, баяндама жазышат, ал дептерлерди да биз текшеребиз. Эмне үчүн адабиятка төлөнбөйт?

Жооп: Кыргыз адабияты мугалимдерге дептерди текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.

? Декреттик өргүүгө чыккан мугалимди алмаштырып сабак өткөн мугалим алмаштырылган саат аткаруучу болуп калат. Тарификациядан өтпөйт. Эмне үчүн?

Жооп: Сабактарды алмаштыруу үчүн акы 4 айдан (мугалим кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда 9 ай) ашык төлөнбөйт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин алмаштыруу сааттары тарификациялык тизмелерге кайра квалификацияланат. Мугалимдер жок, мугалимдер оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыз болгон, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда мугалимдерге 1-4-класстарда жумасына 16 саат, 5-11-класстарда — жумасына 18 саат алмаштырууга уруксат берилет, мында жалпы билим берүү уюмунун алмаштыруучу мугалиминин сабак берүү жүктөмү алмаштырууну эске алуу менен 1-4-класстарда жумасына 32 сааттан, 5-11-класстарда — жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.

Эгерде мугалим декретке 1-сентябрынан, 1-октябрынан баштап чыкса мугалимди толук тарификациядан өткөрсө болот. Башка учурларда бир окуу жылдын ичинде алмаштырылган саат аткаруучу болуп калат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер