ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫ МЕКТЕПТИН ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕ КОЛДОНУУ ЖОЛДОРУ

  • 12.05.2021
  • 0

Асанова Мелискан Биримкуловна. Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин информатика мугалими, [email protected]

Бүгүнкү күндө илимий-техникалык прогресс адамдын ишмердүүлүгүнүн ар кайсы тармагында информациялык жана коммуникациялык технологияларды жайылтуу менен квалификацияны дайыма жогорулатып туруу зарылчылыгын билим берүүнү информациялаштыруу шартында окуучуларга билим берүүгѳ карата жаңы талаптарды коюп жатат. Билим берүүнү информациялаштыруу мезгилинде приоритеттүү багыттардын бири катары инсандын өнүгүүсүнө жана өзүн-өзү көрсөтө алуусуна дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыла турган формаларды, ыкмаларды жана окутуунун каражаттарын издөө, ошондой эле информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен окуу ишмердүүлүктү уюштурууга жөндөмдүү,  компетенттүү окуучуну окутуп тарбиялоо бүгүнкү күндүн талабы.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүндө информациялык — комуникациялык технологиялык каражаттарын, анын ичинде электрондук билим берүүчү ресурстарды, атап айтсак электрондук окуу китебин колдонуу информациялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга түрткү берет. Окуу-тарбия процессин информациялык — методикалык жактан камсыз кылуунун негизинде информациялык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Окуучулардын ѳз алдынча электрондук окуу китептерди пайдалануусу окутуунун индивидуалдаштырууну мындан да жогорку деңгээлде камсыз кылууга,  окутуунун ыкмаларын жана формаларын өзгөртүү  менен, окуучулардын өз алдынча иштөөсүнүн практикалык билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн шарт түзөт.

Азыркы учурда кѳпчүлүк окуучулар коомдун талабы болгон заманбап технологияларды колдонуу менен ѳз алдынча билимдерин жогорулатып, дүйнѳлүк масштабдагы информация менен кабардар болушууда. Ар бир мектеп окуучусу бүгүнкү күнү маалымат технологиялары (жада калса жеке чѳнтѳк телефону) аркылуу информацияларды алып, замандан артта калган жок десем жаңылышпаймын. Мына ошондуктан окуучулардын заманбап техникаларга кызыгуусун артка калтырбай, тыюу салбай жана чектѳѳ койбой бүгүнкү күндѳ мектеп программасындагы информацияларды да жеке ѳздѳрү ѳздѳштүрүүсү үчүн колдонууга шарт түзүп берсек, мугалим, ата-эне, окуучу үчүн да бирдиктүү иш болуп, кѳзѳмѳлдѳѳ да бир топ жеңилдемек.

Ошондуктан балдарды сабакка кызыктыруу жѳнүндѳ ой-жүгүртүүдѳ билим берүү максаттарын гана эмес, алардын жеке керектѳѳлѳрүн эске алуу керек. Окуучуну окууга кызыктыруудагы окутуучунун колундагы эң кубаттуу курал — бул окуучуну өз алдынчалыкка иштетүүнү билүү зарыл.

Бирок, кантип? …

Мындан сырткары, класстагы бардык окуучуларды кантип кызыктыруу керек? Аларга качан кызыктуу болорун кантип түшүнѳбүз?

Педагог катары биз, мектептеги билим берүү — бул балдарды окууга, жазууга, оюн баяндоого, креативдүү ой жүгүртүүгө, аң-сезимдүү, жашоого жѳндѳмдүү, замандын тапкыч жана активдүү жарандарын даярдайт деп ишенебиз.

Окуучуларды билим алууга кантип кызыктыруу керектиги жѳнүндѳ ой-жүгүртүп олтуруп, дегинкиси биз алардын окууга болгон ички ынтызарлыгын кантип күчѳтүү керектигин түшүнүүгѳ далалат жасайбыз.

Окууга кызыктыруу — демек, окуучуларга жигерленүү жана чыгармачыл болуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Алардагы кызыгуунун деңгээлин кѳтѳрүү керек, айрым предметтерге жана окутууга бүтүндѳй кызыктырганда гана алга жылат.

Мисалы, санариптик технологияларды алып кѳрѳлү. Алар бүгүнкү күндѳ окутууга болуп кѳрбѳгѳндѳй таасир берди. Айрыкча пандемиянын шартында дистанттык же аралыктан окутууда мугалимдер милдеттүү түрдө санариптик технологияларды колдонууну үйрөнүүсүн учур талап кылды.  Биз эми ѳзүбүз окуучулар менен, алардын ата-энелери менен, жакын адамдарыбыз менен деги эле бүтүндѳй дүйнѳ менен да башкача баарлашып калдык.

Компьютерде тапшырманы кызыгуу менен аткарган кѳп эле окуучуларды, айрыкча эркек балдарды билебиз, бирок аларга ушул эле тапшырманы кагазга жазуу түрүндө аткар десек, ошол замат ындыны ѳчѳт. Ошондуктан, санариптик технологиялар эми окутуучунун жардамчысы экендиги тууралуу ой менен макул келип, аны ар бир предметтик мугалим ѳздѳштүрүүсү зарыл экендигин түшүнүп турабыз. Бирок, анын жардамы менен окутуу кызыктуу, жеткиликтүү жана кѳрсѳтмѳлүү болуу үчүн ар бир окутуучудан ийкемдүүлүктү, реакциясынын тездигин жана жаңы билимдер талап кылынат.

Айталы, отличник болууга такыр жакындабаган бала бүгүнкү күндөгү технологияны колдонуу боюнча алдына ат салдырбашы мүмкүн, эгерде мугалим ага ачылууга жана ѳз ийгиликтерин кѳрсѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк бербесе, анда ал мындай баланын билим боюнча керектѳѳлѳрүн канаттандырбай жатат. Эгерде мугалим сабакта санариптик технологияларды колдонуудан этияттанса же коркуп жатса же аларды ѳз планына киргизе албаса жана пайдаланууну каалабаса, демек мындай мугалимдер окуучуларды окууга кызыгуу мүмкүнчүлүгүнѳн ажыраткан болот. Эгерде биз келечекке балдар менен бирге барууну кааласак, бизге алардын муктаждыктарын түшүнүп жана аларга алардын дүйнѳсүнѳн орун табууга жардам берүүбүз керек.

Демек, окуучулардын билимдери реалдуу бааланып, негиздүү, бекем болушу үчүн алардын ойлоо жѳндѳмдүүлүгүн, предметтерге кызыгуусун арттыруу үчүн санариптик технологиялардын бир элементи болгон электрондук окуу китептери аркылуу окутуунун технологиясына ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу керектиги бүгүнкү күндүн талабы.

Электрондук окуу китеби деген эмне? …

«Электрондук китеп» термини англис тилинин «Electronic Book» деген сөзүнөн келип чыккан жана бүгүнкү күндө электрондук китептин кыскартылышы катары e-Book деп көп колдонулат.

Электрондук китеп — бул маалыматты алып жүрүүчү, ошондуктан ал адаттагыдай эки курама түшүнүктөн турат: мазмундан жана алып жүрүүчүдөн.

Алып жүрүүчү-бул электрондук түзүлүш. Англис тилинде «device» деген түшүнүк колдонулат (англис тилинен которгондо «түзүлүш» дегенди түшүндүрөт). Бул адаптацияланган же болбосо адистештирилген түшүнүк. Мисалы, телефондордун негизги кызматы адамдардын бири-бири менен баарлашуусуна негизделген, башкача айтканда чалуулар үчүн гана колдонулат, ал эми адистешкен телефондор китеп окууга негизделип түзүлгөн.

Мазмунду кээде контент деп атайбыз. Бул англис тилинин «content» сөзүнөн алынган. Бул информацияны сактоонун ар кандай формасы. Мисалы текст, видео, аудио же башка электрондук формалар. Көпчүлүк учурда иллюстрациясы бар текст кадимки эле китепке окшош электрондук китеп катары колдонулат.

Электрондук китептин кагаз китептен айырмачылыктары.

Китеп (кагаз китеп) эмне экендигин баарыбыз билебиз. Китеп- информацияны кагаз формада алып жүрүүчү. Ал эми электрондук китеп деген эмне? Бул термин айрым маанилердин эки тараптуулугуна ээ.

Биринчиден, бул ар кандай форматта берилген байттар менен килобайттардын (б.а. файл) жыйындысы, аларды компьютерде же башка түзүлүштө окууга болот.

Экинчиден, бул окуу үчүн арналган, ал үчүн гана көрсөтүлүүчү түзүлүш. Башкача айтканда бул информация алып жүрүүчү.

Бүгүнкү күндө электрондук китеп менен кадимки окуу китебинин айырмасын элестете алабыз.

Окуучуларды электрондук окуу китебин колдонуу менен билимин жогорулатуунун эң ыңгайлуу, жѳнѳкѳй, жеткиликтүү жолу катары ар бир окуучуга алдын ала окуу планында көрсөтүлгөн дисциплиналар боюнча материалдардын берилгендиги туура го деп таптык. Окуучулардын ѳз алдынча билимин жогорулатуу алардын ойлоо сезимин кайсы бир негизде активдештире тургандыгын байкадык. Ошондой эле окуучу электрондук окуу китебин ѳзүнүн бош убактысында ѳз алдынча каалаган теманын (түшүнѳ албаган темалар боюнча) үстүндѳ иштѳѳгѳ мүмкүнчүлүгү болот. Электрондук окуу китебин ѳз алдынча окуу үчүн белгилүү бир убакыт (сабактан сырткаркы каалаган учурда да колдонууга болот) талап кылынбай тургандыгын баса белгилейбиз. Окуучу үчүн берилген теманын кайсы бир жери түшүнүксүз болгон учурда берилген электрондук окуу китебинде берилген маалыматтардын каалаган формасынан (теманын текстти, видеосабак, презентация, тест) маалымат ала алат. Демек, электрондук окуу китептерин ѳз алдынча колдонуу менен мектеп окуучуларынын билим сапатын жогорулатууну мектеп программасына колдонуу, методикалык тарабын кароо бүгүнкү күндүн талабы.

Окуучулардын ѳз алдынча окуу ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы — бул баланын ѳз алдынча келечекке максаттуу багыт алып, ага жетүү үчүн иш — аракеттерди пландай билүүсү жана аткарган иш аракеттин жыйынтыгы менен максатты дал келтире билүүсүндө.

Окуучулардын ѳз алдынча билим алуусунун жыйынтыгы — бул окуучунун ѳзүнүн — ѳзүнѳ ишеними артат, далилдүү сүйлѳѳгѳ үйрѳнѳт, интеллект жана эмоционалдык чѳйрѳсү ѳсѳт, бир иштен жыйынтык чыгара алат, мотивация пайда болот, ѳз алдынчалуулугу жогорулайт.

Окуу планында кѳрсѳтүлгѳн дисциплиналар (ар бир класска) боюнча предметтик мугалимдер тарабынан окуу методикалык комплекстер (ОМК) түзүлүп, түзүлгѳн электрондук окуу китептери ар бир окуучуга окуу жылынын башында (кааласак ар бир чейрек үчүн ѳз-ѳзүнчѳ, же болбосо жарым жылдыктар боюнча берилсе да болот) берилет. Окуучу жана ошону менен бирге баласынын билимине кызыкдар болгон ата-эне электрондук окуу китебинен (ЭОК) каалаган предметин мазмунун, предмет боюнча жыл ичинде өтүлүүчү темалар жөнүндө, канча саат ѳтүлѳ тургандыгын биле алышат.

ЭОК ѳз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

мукаба,

мазмун,

кириш сөз,

ар бир теманын теориялык маалыматы,

окуу материалынын ар бир темасына презентация,

тесттерди (ар бир теманын жыйынтыгы менен, чейректин жыйынтыгы менен, жарым жылдык жана жылдык тесттер), тесттин бир нече түрлөрү (ачык жооп, бир жообу туура, бир нече жообу туура, дал келтирүү),

видео-сабактарды,

терминдердин сөздүгүн (Глоссарий),

кошумча адабияттардын булактарын.

Жумасына бир саат (2 саат, 3 саат) ѳтүлүүчү предметтердин 34 саатка (68 саатка, 102 саатка) текстти, 34 сааттын презентациясы, 34 сааттын видеосабагы, 34 сааттык (киришүү, чейректик, жылдык кайталоолор, жазуу иштерин эске албаганда жалпы болжолдуу түрдө 240-300 суроолорду камтыган) тесттерди камтыйт.

Ошол эле учурда окутуучу электрондук окуу китебиндеги берилген теманын мазмунун камтыган тексттерди, видеосабактарды, презентацияларды колдонуу менен теманы түшүндүрѳт. Бизге маалым болгондой ар бир окуучу сабак учурунда окутуучу тарабынан түшүндүрүлгѳн маалыматты ар түрдүү кабыл алышат.

Педагогика жана психология илиминде далилденгендей, окуучуларыбыздын кабыл алуусу ар түрдүү. Кээ бир окуучу сабак учурунда берилген жаңы информацияларды толук кабыл ала албайт, ѳз алдынча окуганда жакшы түшүнѳт. Ал эми кээ бири угуу, кѳрүү (электрондук окуу китебиндеги презентация жана видеосабак) аркылуу информацияны кабыл алат. Окуучулардын арасындагы кээ бирлери суроолорго жооп табуу менен информацияларды толук ѳздѳштүрѳ алат.

Окутуучу ѳтүлгѳн теманын мазмунун камтыган бир нече компьютердик тесттердин жардамы менен ѳтүлгѳн теманы канчалык деңгээлде кабыл алганын текшерүүнү жүргүзѳ алат. Бул тесттерден окуучу алдын ала ѳтүп, даярданып келсе да болот. Мындагы жыйынтык компьютер тарабынан баллдык системанын негизинде чыгарылат. Ар бир суроонун «туура» жана «туура эместиги» жѳнүндѳгү отчет кошо чыгарылып берилет. Мына ушул отчетто ар бир окуучунун кайсы суроодон ката кеткендиги ачык айкын кѳрүнүп турат.

Эгер тесттин жыйынтыгында окуучу тиешелүү балл топтосо, ошого жараша төмөндөгүдөй градация менен билимдери бааланат:

85% – 100% балл = «5»

70% – 84 балл = «4»

55% – 69% балл = «3»

0 – 54% балл = «2»

Сабак учурунда толук түшүнѳ албаган окуучу үчүн, электрондук окуу китеби чоң жардамчы боло алат. Ѳз алдынча ѳтүлгѳн теманын мазмуну (тексттик формасы) же болбосо видеосабагын, же презентациясын кайра ѳз алдынча карап чыгып, тесттин тексттик формасы менен таанышып, тесттин туура жоопторун божомолдоп, тесттин жоопторуна так жооп бере албаса кайрадан артка кайрылып (текст, презентация, видеосабак), ѳзүнѳ ишеним пайда болгондо компьютердик тестирлѳѳдѳн ѳтсѳ болот. Тесттин ар бир суроосунун жыйынтыгы бала үчүн чыгарылып отчет формасында чагылдырылат. Жыйынтык жогоруда көрсөтүлгөндөй баллдык система менен бааланат. Ар бир бала топтогон баллдын негизинде кайсы баа менен баалана тургандыгын билет. Ѳзүнүн жообуна канааттанган окуучу алган баасына ыраазы болот. Эгерде канааттанбаса кайсы суроолордон ката кетиргенин анализдеп отуруп, ал суроолордун туура жоопторун кайрадан издейт. Мына ушул процесс бир нече жолу кайталанышы мүмкүн. Бала ѳзүнүн компьютер чыгарып берген жыйынтык баасына макул болгончо, бул аракет аткарылат. Бир нече кайталап окуу окуучунун эсинде сакталып калат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалимдери Sun-Rav информациялык системасына предметтер боюнча (1-11-класстарга) электрондук китептерин түзүп, жеке практикаларында колдонушуп жатышат. Пандемия шартында мектеп мугалимдери дистанттык же аралыктан билим берүүдө окутууну уюштуруу үчүн санариптик билим берүү платформаларын Microsoft Teams, Zoom, Google Meet, ClassRoom, мультиурок ж.б. колдонушту. Мындан сырткары SunRav информациялык системасына түзүлгөн электрондук окуу китептеринин жардамы чоң болду. Мектепте аралыктан окутууну уюштурууда колдонулган нормативдик документке таянып: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Электрондук окуу китебинин стандартын бекитүү жөнүндө” №285/1 16.03.2020 ж. Буйругунун негизинде бекитилген “ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕБИНИН СТАНДАРТЫ (Билим берүүнүн бардык уюмдары үчүн)” документинде электрондук китептер кандай тартипте түзүштү жана программалык чөйрөдөгү шарттарын аткарышты.

Электрондук окуу китебин колдонуу менен сабак ѳткѳн мугалимдердин иши бир топ жеңилдейт. Албетте, электрондук китептерди алдын ала даярдоодо мугалимдерден бир топ эмгекти талап кылат. Окуучуларга алдын ала берилүүчү электрондук окуу китеби мугалимдер тарабынан даярдалат. Бул каражаттар окуучулар үчүн кѳрсѳтмѳлүү, жеткиликтүү, түшүнүктүү болот деп айта алам. Жогоруда айткандай, кээ бир окуучу үчүн мугалимдин айтып берүүсү түшүнүксүз болуп жатса, аудио-видеосабак же презентацияларды кѳрсѳтүүдѳ кандайдыр бир түшүнүктѳрдү кабыл ала алат деген ойдомун. Мугалим үчүн сабак учурундагы убакыт кенен болот. Себеби видеосабактагы, презентациядагы маалыматтарды бор (же маркер) менен доскага сүрѳтүн тартып же графигин сызып же таблицасын түзүү бир топ убакытты алмак.

Мындан сырткары мектеп-лицейдин мугалимдери электрондук окуу китептерин Россиянын Якласс платформасына жүктөп, окуучулардын аралыктан же дистанттык окуусуна, өз алдынча билим алуусуна шарт түзүштү. Мында окуучу жана мугалимдерге бир топ жеңилдиктерди болду.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер