ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: КЕЗЕК ЖАНА ОРТОМЧУЛУК ТАРЫХТА КАЛДЫ

  • 02.06.2026
  • 0

Кыргызстанда 20262027-окуу жылына карата 1-класска балдарды кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Билим берүү тармагын санариптештирүүнүн маанилүү багыттарынын бири болгон электрондук каттоо системасы быйыл дагы миңдеген ата-энелердин негизги жардамчысына айланды.  

Каттоонун экинчи этабы эмне үчүн маанилүү?

Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн адиси Акылай Толубаеванын маалыматына ылайык, биринчи этап 1-апрелден 1-июнга чейин жүргүзүлүп, анда ата-энелер балдарын жашаган жери боюнча бекитилген мектептерге катташкан. Ал эми 1-июндан башталган экинчи этапта каттоого байланыштуу чектөөлөр алынып, ата-энелер бош орун бар каалаган мектепти тандай алышат.

Өлкө боюнча быйыл 1-класстар үчүн жалпысынан 192 миң 246 орун бөлүнгөн. Учурда анын 87 миңине жакын орунга балдар катталып, дагы 104 миңден ашуун бош орун сакталууда. “Биз алдын ала эсептөөлөр боюнча быйыл 164 миңдей баланын мектеп босогосун атташын күтүүдөбүз. Ошондуктан орундардын саны жетиштүү деңгээлде каралган”, – дейт Акылай Толубаева.

Бишкекте абал кандай?

Бишкек шаарында быйыл биринчи класстар үчүн 26 миң 513 орун каралган. Биринчи этапта дээрлик 10 миң бала катталса, экинчи этаптын алгачкы күнүндө дагы 6 миңге жакын бала мектепке катталган. Натыйжада 1-июнга карата катталган балдардын саны 16 миңден ашты.

Бир караганда орундар жетиштүү көрүнгөнү менен, маселе алардын бирдей бөлүштүрүлбөгөнүндө болуп жатат. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башкы адиси Гулира Молдоисаеванын айтымында, борбордук бөлүктөгү жана калк жыш жайгашкан райондордогу мектептерде орундар тез эле толуп калууда. “Биринчи этапта борбордогу үч мектепте орун калган эмес. Экинчи этап башталганда мындай мектептердин саны 18ге жетти. Алардын арасында №9, №13, №31, №68, №95, №102 мектептери бар”, – дейт Г.Молдоисаева.

Бул көрүнүш Бишкек шаарынын демографиялык өсүшү менен түздөн-түз байланыштуу. Акыркы жылдары борборго ички миграция күчөп, айрым райондордо окуучулардын саны мектептердин мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашып кетүүдө.

Эмне үчүн ата-энелер орус тилдүү класстарды тандашат?

Быйыл Бишкектеги 15 мектепте орус тилдүү класстар үчүн бөлүнгөн квота толугу менен жабылган. Ал эми кыргыз тилдүү класстарда көпчүлүк учурда орундар дагы эле бар.

Бул көрүнүш билим берүү тармагындагы көптөн бери талкууланып келе жаткан маселелердин бири. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башкы адиси Гулира Молдоисаева белгилегендей, акыркы жылдары шаардагы дээрлик бардык мектептерде кыргыз тилдүү класстар ачылганына карабастан, ата-энелердин басымдуу бөлүгү балдарын орус тилдүү класстарга берүүнү каалашат.

Эксперттер муну бир нече фактор менен түшүндүрүшөт:

  • эмгек рыногунда орус тилинин дагы эле жогорку суроо-талапка ээ болушу;
  • ата-энелердин баланын келечектеги билим алуусуна байланыштуу көз карашы;
  • борбор шаардагы айрым престиждүү мектептердин көп жылдан бери орус тилдүү билим берүү салтын сактап келиши;
  • ата-энелер арасындагы “орус тилдүү мектепте билим сапаты жогору” деген түшүнүктүн али да күчтүү болушу.

Бирок билим берүү адистери тил эмес, окутуунун мазмуну жана мугалимдин сапаты негизги көрсөткүч экенин эскертишет.

Жаңы конуштардагы абал өзгөрдүбү?

Мындан бир нече жыл мурда жаңы конуштардагы мектеп жетишсиздиги борбор калаанын эң курч көйгөйлөрүнүн бири болчу. Азыр болсо абал акырындап өзгөрүп жатат.

Ново-Павловка айылынын тургуну Жылдызбек мырзанын пикиринде, акыркы жылдары жаңы мектептердин курулушу абалды кыйла жеңилдетти.

“Үч-төрт жыл мурда жаңы конуштардын жашоочулары үчүн мектеп маселеси оор эле. Азыр көптөгөн жаңы мектептер курулуп жатат. Менимче, эми орун эмес, билим сапаты негизги маселе болуп калды”, – дейт ал.

Чынында эле акыркы жылдары мамлекет тарабынан жаңы конуштарда ондогон билим берүү мекемелери курулуп, айрым райондордогу орун тартыштыгы азайган.

Каттоодо кандай көйгөйлөр кездешүүдө?

Адистердин айтымында, техникалык жактан системанын иши туруктуу болуп жатат. Бирок айрым ата-энелер төмөнкү көйгөйлөр менен көп кайрылышууда:

  • жашаган жеринин каттоосу (пропискасы) актуалдаштырылбаганы;
  • электрондук почтасын же сыр сөзүн унутуп калганы;
  • мамлекеттик маалымат базаларындагы маалыматтардын дал келбеши;
  • системага бир убакта өтө көп колдонуучу кирген учурлардагы жай иштөө.

Акылай Толубаеванын айтымында, мындай учурларда маалыматтарды өз алдынча оңдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген. “Азыр система мурдагыга караганда бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү. Ата-энелер жеке маалыматтарын өздөрү жаңырта алышат”, – дейт ал.

Каттоого үлгүрбөй калгандар эмне кылат?

Электрондук каттоо аяктагандан кийин да мектепке бара турган балдар билим алуу укугунан ажырабайт.

Эгер ата-эне кандайдыр бир себептер менен белгиленген мөөнөттө баласын каттай албай калса, маселени Балдар иштери боюнча комиссия карайт. Комиссия бош орундардын болушуна жараша тиешелүү мектепке жолдомо берет.

Мындай механизм миграцияда жүргөн ата-энелердин, ден соолугунан улам мектепке өз убагында бара албаган балдардын жана башка өзгөчө учурлардын укуктарын камсыздоого багытталган.

Маалымат коопсуздугу канчалык сакталат?

Санарип кызматтарды пайдаланган ата-энелерди көбүнчө маалымат коопсуздугу кызыктырат. Бул суроого жооп берген Акылай Толубаева электрондук каттоо системасындагы бардык маалыматтар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык корголорун билдирди.

Мындан тышкары система “Түндүк”, MBank, О! Банк, MegaPay сыяктуу мамлекеттик жана жеке сервистер менен интеграцияланып, колдонуучулардын маалыматтарын коргоонун көп баскычтуу механизмдери колдонулууда.

Электрондук каттоо эмнени өзгөрттү?

Билим берүү тармагынын адистери электрондук каттоо мурдагы жылдардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон адам факторун азайткандыгын белгилешет. Бүгүнкү күндө билим берүү процессине санариптик чечимдерди киргизүү эң чоң жетишкендиктердин бири болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде министрликтин эң чоң ийгилиги — дал ушул санариптик трансформация экендигин баса белгиледи:

— Бүгүн биз балдарды мектептин 1-классына толугу менен электрондук каттоо аркылуу кабыл алып калдык. Мурдагыдай тааныш-билиш салып, “коңгуроо кагып” кабыл алуу жоюлду. Бул мурда эң чоң маселелерди жаратып келген, атүгүл арасында пара алып кармалган директорлор да болгон. Баласын абройлуу мектептерге берүү үчүн ар кандай жолдорду пайдалангандар көп эле.

Мына ушул терс көрүнүштөрдү жойгон, жасалма интеллектти пайдалануу менен иштеген тутумду киргиздик. Биринчи жолу “Түндүк” мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу кабыл алууну уюштуруп, “бала кайсы жерде катталган болсо, ошол аймактагы мектепке барсын” деген чечимге келдик. “Мыкты мектепке берип койсо эле бала супер болуп кетет” деген түшүнүк — жалган. Азыр ата-эне үйүндө олтуруп эле электрондук каттоодон өткөрө алат. Баласын 5-6 чакырым алыстыктагы мектептерге ташып окутуу — балдар үчүн чоң травма болуп келген. Системага киргенде үч мектепке сунуш берилет. Мектепке киргизүүгө тиешелүү документтердин баарын биз өзүбүз Түндүк аркылуу санариптик форматта алып, мектепке өткөрүп беребиз” — дейт.

Мурда мектепке кабыл алуу маалында узун кезектер, документтерди кол менен текшерүү жана ар кандай түшүнбөстүктөр кездешсе, азыр бул процесстер автоматташтырылды.

Эң негизгиси — мектепке кабыл алуудагы ачыктык күчөдү. Адистердин айтымында, азыр баланы мектепке кабыл алуунун жалгыз мыйзамдуу жолу — электрондук каттоо. Эгерде мурда ата-энелер балдарын мектепке киргизүү үчүн эң оболу директордун алдынан өтүп же ортомчу салууга мажбур болуп келген болсо, электрондук каттоо киргизилгенден бери алардын алдына баруунун кажети жок болуп калды.

Бишкек шаарынын тургуну Жазгүл кызын борбордогу мектепке өзүнүн жашаган жериндеги каттоосу боюнча электрондук каттоонун жардамы менен киргизгенин айтты.

— Чынымды айтсам, электрондук каттоо системасы киргени аябай оңтойлуу болуп калды. Мурда бир туугандарым балдарын мектепке киргизе албай, тааныш издеп убараланып жүрүшкөнүн көрүп, чоочуй берчү элем. Биздин багыбызга электрондук каттоо киргизилип, эч кандай ашыкча убарагерчилиги жок эле мектепке каттоодон ийгиликтүү өткөрүп алдык. Калп айткан менен болобу, буга чейин кыйла эле кыйын болчу. Мен өзүм деле билим берүү тармагынан алыс эмесмин, андыктан балдарды бала бакчага, мектепке киргизүү “директорлордун кормушкасы” болуп келгени эч кимге сыр эмес. Эми тааныштарымдын ал көрүнүш түбү орду менен жоюлуптур деген сүйүнүчтүү сөздөрүн угуп, мен да кубандым, — дейт жаш эне кубанганын жашырбай.

Ата-энелердин пикирлерин шаардык билим берүү департаментинин башкы адиси Гулира Молдоисаева да тастыктады. “Баланы 1-класска каттоо процессине адам факторунун катышуусу таптакыр мүмкүн эмес. “Ар бир бала электрондук система аркылуу гана кабыл алынат. Эгер мектепте орун калбаса, биз жакынкы бош орун бар мектептерди гана сунуштай алабыз” — дейт.

Быйылкы электрондук каттоо өнөктүгү көрсөткөндөй, Кыргызстанда билим берүү системасын санариптештирүү жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Жалпы өлкө боюнча да, Бишкек шаарында да биринчи класстар үчүн орундар жетиштүү. Бирок борбор калаада калк жыш жайгашкан аймактардагы мектептерде орун тартыштыгы дагы эле актуалдуу бойдон калууда.

Адистердин пикиринде, бул маселени электрондук каттоо эмес, жаңы мектептерди куруу жана билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү гана толук чече алат.

Ал эми ата-энелер үчүн негизги кеңешибиз – каттоону акыркы күнгө калтырбай, бөлүнгөн убакытта каттоо керектигин дагы бир жолу айта кетели. Эгерде маалымат алуу же тактоо керек болсо же балким кандайдыр бир көйгөй жаралса, 110 кыска номуруна кайрылуу кажет. Бул кызмат жеке эле борбор калаада эмес, жер-жерлерде, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө да жигердүү иштөөдө.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер