ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

  • 08.12.2020
  • 0

Кыргызстандагы электрондук билим берүүнүн сап башында өлкөбүздөгү он «Акылдуу мектептин» бири – профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи баратат. Бүгүн айтылуу номур бештин мугалимдери санариптик билим берүүдөгү жетишилген ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу ой бөлүшөт.

Муратбек Касымалиев,
Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«ЭлЖур менен ЯКласска көбүрөөк ишеним арттык»

2019-жылы изденүү жолунда болуп, Орусия мектептеринде колдонулган ЭлЖур электрондук мектеби менен иштей баштадык. Бизге пандемия учурунда ЯКласс менен иштөөгө үч айлык лицензия убактылуу берилди. Жалпы жамааттын алдында жаңы маалыматтык системаны аралыктан окутууда апробациядан өткөрүү жумуштары турган эле.

Жаңы системада окуу процессиндеги бардык ишмердүүлүктөрдү автоматташтыруу кандайча жүргүзүлөрүн, ал үчүн колдонуучулар кандай даярдыктардан өтүшү керек экендигин билгибиз келди. Ошон үчүн жалпы маалыматтык бөлүгү менен таанышып, жалпы коллективге семинарлар уюштурулду.

Ал ортодо IT компанияларынын ортосунда тендерлер уюштурулуп, алар өздөрүнүн маалыматтык системаларын мектептерге тааныштырып жатышты.

Мектептин-лицейдин IT адистеринин чечими менен орусиялык компаниянын ЭлЖур информациялык системасын тандап алдык.

Бизге бул маалыматтык системада онлайн режиминде компьютердик тестирлөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү, окуучулар менен болуучу кайтарым байланышка өзгөчө маани бергени жакты. ЭлЖур маалыматтык системасынын интерфейси интуитивдүү, кнопкаларынын аталышы түшүнүктүү болгон үчүн колдонуучулар эмне кылууну оңой билип алат экен.

Быйылкы окуу жылында биз электрондук журналга өтөлү деп ЭлЖурга өттүк. Ар бир предмет боюнча онлайн режимде сабак өткөндөн кийин мугалимдердин баарына эртеси окуучулар тапшырманы аткарганга чейин электрондук журналга баа коюуга уруксат берилет.

ЭлЖурда мектептеги окуу-тарбия иштеринин баары — билим сапатына мониторинг жүргүзүү, чейректик жыйынтыктарды чыгаруу автоматтык негизде берилип турат.

Ата-энелер да өздөрүнүн логин жана сыр сөзү аркылуу ЭлЖурга кирип, ар бир предмет боюнча баласынын өздөштүрүүсүнө көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ушул эле жерде кураторлордун ата-энеге тигил же бул маселе боюнча кайрылуусу жазылышы ыктымал.

Кураторлор — бул кадимки мектептеги класс жетекчилер. Бизде предметтик он кафедра бар. Кафедра башчылары мугалим, кураторлор менен иштесе, окуу бөлүмүнүн башчысы отчётту электрондук журналдан карап эле, «мунуң жок, тигил жок, толукта!» деп айта алат.

Бул бир жагы завучтун, ошол эле убакта мугалим, куратордун убактысын үнөмдөйт. Мугалим калган убактысын чыгармачылыкка, окуу материалдарын жогорку деңгээлде түзүүгө, өзүнүн кесиптик өнүгүүсүнө жумшайт.

…Азыркы мезгилде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев да мугалимди кагаз иштеринен арылтуу тууралуу айтып жатат.

Башка мектептерге салыштырганда бизге аралыктан окутууга өтүү кыйла жеңил болду. Себеби 2017-2018, 2018-2019, 2019-2020 окуу жылдарында электрондук окуу китептерин түзө баштаганбыз. Электрондук китеп жасаган SunRav, BookOffice маалыматтык системасын колдонуп, Базалык окуу планына ылайык, 5-класстан 11-класска чейин кыргыз тилинде 60 электрондук китеп түзүүгө жетиштик.

Алар азыр Арабаев атындагы университетте эксперттик кароодо турат. Ошол эле Базалык окуу планына ылайык биз республика мектептерине экинчи чейректин мазмунун 48 предмет боюнча карап жардам бердик. Мында ар бир предмет боюнча чейрек аралык формативдик баалоо же эки-үч жолу тестирлөө өтөт, анан суммативдик баалоо же электрондук китептин ичинде чейректик жыйынтык баалоо динамикалык компьютердик тестирлөө менен ишке ашат.

2019-жылы министрлик тарабынан «Электрондук китептерди түзүү тууралуу стандарт» иштелип чыккан. Ушул стандартка таянып, жалпысынан 120 китепти даярдап жатабыз. Алардын ичинен 60 электрондук китеп даяр болду. Эксперттердин бүтүмү чыкса, электрондук китептерди бардык мектептер менен бөлүшө алабыз.

Пандемия башталган жылы Орусия бизге ЯКласс платформасы менен иштөөгө үч айга уруксат берген. ЯКласс — бул дүйнөдөгү эң ири маалыматтык ресурс. Апрелдеги карантин учурунда бизде 57 предметтик мугалим жана 575 окуучу ЯКласс платформасын колдонуп аралыктан окушту.

Мугалимдер мындагы билим берүүнүн мазмуну табигый илимдер багыты боюнча биздикине окшош экенин айтышууда. Аралыктан билим берүүнүн башкы максаты — окуучуларды өз алдынча иштөөгө үйрөтүү менен сапаттуу билимге жетишүү.

Бул жагынан ЯКласс билим берүү платформасы көптөгөн артыкчылыктарга ээ.

ЯКласс кантип иштейт? Алдын мугалим окуучуга тапшырма берет. Окуучу ЯКласс сайтына кирип, мугалим берген тапшырманы аткарат. Эгерде окуучу ката кетирсе, ЯКласс туура жолун көрсөтөт. Кайталап аракет кылууда окуучуга тапшырманын башка варианты сунушталат. Жоопту бирөөдөн көчүрүп алууга болбойт. Мугалимге окуучулар берилген тапшырманы кантип аткарып жатканы тууралуу маалымат тынбай келип турат.

Бул натыйжалуу система Орусияда 2017-жылдан бери иштеп келүүдө. ЯКласстын мазмунун кыска аралыкта кыргызча контент менен толтура алабыз деп ишенимдүү айта алам, себеби предметтик мазмундарга ылайык келе турган электрондук китептерибиз даяр.

Тилекке каршы учурда биз үч айлык акысыз колдонуу мөөнөтү аяктагандан улам, бул билим берүү платформасына кире албай калдык. Орусияда сайтты колдонуу акысы бир окуучуга 2390 рубль турат дешет.

Сүйлөшүп көрсөк, ар бир окуучуга лицензияны жылына 600 сомдон бере турган болушту. Ошондо 2500 лицензия сатып алсак,
1,5 млн. сом болот экен. Ар бир окуучуга лицензия 50 сомдон айланат. Кыргызстанда ЯКласс билим берүү платформасы ГАЗПРОМ мектебинде колдонулуп, ата-энелер тарабынан каржыланып келет.

Жыйынтыктоо катарында айта турган оюм: эгерде Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн “Электрондук мектеп” билим берүүчү платформасы түзүлүп, апробациядан өтүп калса, биздин мектеп-лицей сунушталган системага кыска аралыкта өтө алат.

Айнура Кожомбердиева,
окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«ЭлЖур баары үчүн ыңгайлуу экен»

Азыркы тапта мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу боюнча иштер жүрүп жатпайбы, ошол кагаз иштерин азайтуунун бир жолу ушул ЭлЖур экен. Мурда жалаң кагаз, журналдар менен иштейт элек. Отчёттордун баарын кагазга өзүбүз эсептеп чыгарчубуз. Азыр болсо, буга өткөндөн бери, жумуштарыбыз бир топ жеңилдеп калды.

Жаңы маалыматтык системаны колдонгондо, ата-энелердин мектеп менен байланышы бекемделет экен. Ата-энелер да баласынын сабакка катышкан-катышпаганын көзөмөлдөй алышат. Мугалим баланы «катышкан жок» деп белгилегенде, ал дароо күндөлүккө түшөт. Ошол эле учурда куратор, класс жетекчилер да ЭлЖур аркылуу ата-энелер менен байланышып, аларга билдирүү жибере алышат.

Үй тапшырмаларды мурда кээ бир окуучулар күндөлүккө жазбай коюшчу, азыр үй иши түз эле окуучунун электрондук күндөлүгүнө жазылат. Дагы бир жакшы жери ЭлЖур аркылуу балдарга кошумча презентацияларды, материалдарды жүктөп бере алабыз. Анан алар аны күндөлүгүнөн таап, өз алдынча окуй алышат.

Завучтар көбүнчө мектептин ички көзөмөлүн жүргүзөт эмеспи, ЭлЖурда «Мугалимдердин жана завучтардын мүмкүнчүлүктөрү» деп өз-өзүнчө көрсөтүлгөн. «Завуч» дегенди тандап кирип, ар бир мугалимдин класстык журналды кандай толтуруп жатканын, балдарды кандай баалап жатканын көрө алабыз. Ошондой эле чейректик отчётторду дагы чыгарып алсак болот.

Ошол эле учурда каалаган сабакты жана классты тандап алып, кандай иш жүрүп жатканын көрүү мүмкүн. Ачыгын айтканда, мында окуу бөлүм башчыларына мугалимдердин ишин, окуучулардын сабакка катышуусун көзөмөлдөгөнгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

ЭлЖур аркылуу окуучулардан ар кандай тесттерди дагы алууга болот. Тесттин суроолорун ЭлЖурга киргизип, анан аны кайсы бир күнгө убактысын белгилесек, тест барып баланын күндөлүгүнө түшөт. Андан окуучу ачып алып, жоопторун иштегенде, жыйынтыгы заматта бизге келет.

ЭлЖур ар бир баланын жетишүүсү боюнча арифметикалык орточо бааны чыгарып турат. Анан чейрекке келгенде, «Чейрек» дегенди басып койсо, бааны тегеректеп чыгарып берет. Мисалы, бир бала бул чейректе 4,75 балл алса, анда ал бала чейректен «5» чыгат. Мурда мугалим журналга баа коюп, кайра анын баарын санап чыгат эле.

Жаңы системанын дагы бир артыкчылыгы мугалим кайсыл теманы өткөнүн календардык пландан дароо көрө алабыз. Эгер завуч мугалимдин конспектисин текшергиси келсе, анда электрондук түрдө эле текшерсе болот. Мурдагыдай кагаз түрүндө текшерип, папкаларга салдырып коймой азыр жок. Кыскасы ЭлЖур биринчиден, кагаз иштерин кыскартат, экинчиден, иштегенге жеңил.

Гүлзат Таштанбекова,
математика мугалими:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«Графикалык планшет менен иштеп жатам»

Башка сабактардан айырмаланып, математика сабагында окуучуларга жазып көрсөтпөсөк болбойт. Графикалык планшет аркылуу сабак өткөндө, мурда окуучуларга тактайга кандай жазып түшүндүрүп келсек, сабак онлайн режим жүрүп жатканына карабай, ошондой эле жазып түшүндүрө алабыз. Окуучулар да өз билгенин көрсөтө алышат. Окуучулардын убактысын үнөмдөө үчүн өзүмдүн презентациямды кошомун. Бош барактарды да коюп коём, окуучулар менен эсепти кошо чыгарсак болот.

Кыскача айтканда, математикада сөз менен жеткире албаган нерселер бар, ошону бул платформа окуучуларга опоңой жеткирет экен.

Гүлжан Алымкулова, англис тили мугалими:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«Окуучу сабакка катышпай калса, презентацияны WhatsApp, Telegram системасына жүктөйм»

Мен жаңы теманы өтүүдө Zoom платформасын колдоном. Окуучу сабакка катышпай калса, презентацияны WhatsApp, Telegramга жүктөйм. Бизде бардык класстар боюнча англис тил окуу китептеринин электрондук варианты бар. «Экранга көрсөтүү» дегенди басканда, тапшырма экранга чыгат. Балдар көнүгүүнү угуп, айтылган сүйлөм кайсыл сүрөткө туура келерин белгилешет. Жооптун туура же туура эместигин, ачкычты басканда, дароо автоматтык түрдө көрсө болот. Сабакта бир эле убакта ата-мекендик окуу китебин жана Оксфорд китебин колдонуу мүмкүн.

Гүлиза Жүндүбаева, математика мугалими:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«Жалаң кол телефон менен иштейм»

Мен ноутбук, компьютер деп отурбай, мобул колумдагы кол телефон менен иштейм. Жаңы теманы түшүндүрүүдө Zoom программасын колдоном. Окуучулардын билимин бышыктоодо болсо, ЯКласска кайрылам. Балдардын тема боюнча билимин көтөргөнгө 01Математика платформасын кеңири пайдаланам. Окуучуларымды Classroom акысыз кызматына каттатып койгом. Бул сервис сабакка кайсыл бир себептер менен катыша албаган окуучулар үчүн да ыңгайлуу. Өтүлгөн сабак сервисте сакталуу тургандыктан, окуучу каалаган учурда кирип, тема тууралуу маалымат алса болот. Ал эми ЯКласс маалыматтык системасы аркылуу окуучуларды предметтик олимпиадага даярдай алабыз. ЯКласс бул маанилүү иште мугалимдин ишенимдүү жардамчысы экен.

Бактыгүл Алышерова, химия мугалими:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«Кайтарым байланышта синхрондук жана асинхрондук ыкмага өзгөчө маани берем»

Аралыктан окутууда окуучулар менен кайтарым байланышты түзүү өтө маанилүү. Мен кайтарым байланышта синхрондук (түз байланыш) жана асинхрондук (тапшырма берип, кайра байланыш) жолду пайдаланам.

Биз электрондук журнал менен эки жылдан бери иштейбиз. Жүгүртмө боюнча сабак өтөбүз. Окуучулар электрондук күндөлүктөн кайсыл тапшырма берилгенин билип алышат.

Электрондук журналда даяр тесттер бар.

Ар бир класстын билим деңгээлине жараша, тестти тандап алам.

Жетекчиликтин багытты туура алганынан улам, биз пандемияга чейин эле аралыктан билим берүүгө даяр болуп калыппыз. Ошон үчүн карантин учурунда «Телесабак» долбооруна катыштык, азыр да катышып жатышат.

Гүлкайыр Орозалиева,
башталгыч класстар мугалими:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«ЭлЖур киргени бизге аябай жеңил болду»

Мен мектепте экинчи жыл иштеп жатам. Бизге ЭлЖур киргени аябай жеңил болду. Өзүм сабак берген 4-«з»класска куратормун.

Окуучуларым сегиз предметти окуп үйрөнүшөт. Бирөөсү — тарбиялык саат, ага баа коюлбайт. Калганына баа коюлат. Ата-энелер өз логин жана сыр сөзү аркылуу ЭлЖурга кирип, баласынын тигил же бул предметтен алган баасын көрүп турушат. Мында бардык окуучулардын сүрөтү да коюлган. Куратор катары орус тили жана чет тили сабактарынан балдарды эки топко бөлүп беребиз. Окуучу өз тобун алмаштыра албайт. «Мониторинг» дегенди бассак, балдардын ар бир сабак боюнча катышуусун көрсөк болот. Сабакка келбесе, ата-энелелерден сурап, себебин тактап алабыз.

Гүлнара Сейисова, география мугалими:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«Алдыңкы платформалар менен иштегенге жетишип калдым»

Мен бул мектепте быйыл үчүнчү жыл иштеп жатам. Аралыктан билим берүүдө алдыңкы платформалар менен иштегенге жетишип калдым. Ошентсе да ар бир сабагыма дыкат даярданам. Презентацияны, тесттерди даярдайм. Бир сабакка даярданууга орточо эки-үч саат сарпталат. Адам бир эле ишти аткара берсе, көндүм пайда болот эмеспи, барган сайын сабакка даярдануу убактысы кыскарып баратат.

Жайнак Ибрагимов,
информатика мугалими жана маалыматтык системалар боюнча адис:

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БҮГҮНКҮ КАМЫЛГАСЫ

«Эгерде мугалим ЭлЖурду колдонгонду билбесе, окутуп-үйрөтөм»

Былтыркы окуу жылында мурунку электрондук журналды да колдонуп жүрдүк. Быйыл сентябрдан тартып, биротоло ЭлЖурга өттүк. ЭлЖурдун артыкчылыгы компьютер, ноутбук, кол телефондо бирдей иштейт. Мобилдик колдонмосу да бар. Мугалимдер мурда тест алууда түрдүү программаларды колдонуп жүрүшчү, азыр ЭлЖурда баары бар. Мында мурункудай WhatsApp группаларды түзүүнүн эч зарылдыгы жок. Ким менен болбосун, ЭлЖур аркылуу түздөн-түз байланышса болот.

Мектеп-лицейде 160 мугалим бар. Баары жаңы системаны колдонууда кыйынчылык жаралса, мага кайрылышат. Окуучуларга, ата-энелерге да кеп-кеңешимди айтып, жардам берип турам.

А. АЛИБЕКОВ, Н. КАЗЫБЕКОВА, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер