ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: КЕЛЕЧЕКТҮҮ РЕФОРМАЛАР ЖАНА БИШКЕКТИН СЕКИРИГИ
- 21.05.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү системасында тарыхый чоң трансформация ишке ашууда. Жаңы доордун талаптарына ылайык, жаттама билимден туруктуу турмуштук жана предметтик көндүмдөрдү калыптандырууга багыт алган бул өзгөрүүлөр өлкөнүн ар бир жаранынын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Бишкекте өткөн “Доор өзгөрткөн билим” аттуу масштабдуу ата-энелер форуму дал ушул максатты көздөп, жаңыланган билим берүүнүн алгачкы натыйжалары менен алдыдагы чоң пландарды коомчулукка ачыктады. Агартуу министри Д. Кендирбаева жана Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиев өлкөдөгү инфраструктуранын өнүгүшү, курч маселелердин чечилиши жана санариптик тутумдардын болуп көрбөгөндөй кулач жайышы боюнча кеңири маалымат беришти.
УЛУТТУК КОМПАС — “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫ
Бул өзгөрүүлөрдүн өзөгүндө турган мамлекеттик “Алтын казык” программасынын маанисин Агартуу министри абдан таамай сүрөттөп: “Көчмөн элдин компасы болгон, адашкан адамды дүйнөнүн кайсы жеринде болсо дагы, Алтын казык жылдызы ордунан жылбай дал ошого багыт берип, максатына жете турган жылдыз болуп эсептелет… Биз үчүн келечекти аныктай турган, Кыргызстандын түбөлүгүн түптөөчү, келечегин кепилдөөчү — биздин балдар. Биздин Алтын казыгыбыз!” — деп баса белгиледи. Бул улуттук багыт билим берүүнүн бардык тепкичтерин камтыган реалдуу иштер менен бекемделүүдө.
Министр өз сөзүндө мектепке чейинки билим берүүгө да өзгөчө токтолуп, бала бакчалардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча маанилүү кадамдарды атады. 3-5 жаштагы балдарды камтуу – 51%ды камтып, өлкө боюнча 2344 бала бакчада 320 миңден ашык баланы 11959 тарбиячы тарбиялап жатканын баса белгиледи.
Акыркы жылдары өлкөдө инфраструктураны кеңейтүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында болуп көрбөгөндөй масштабдуу иштер жасалды. Беш-алты жыл мурун республика боюнча 700дөн ашык авариялык мектеп катталып, абал кыйла оор болсо, бүгүнкү күндө жылына 200дөн ашык мектеп жаңыдан бой көтөрүүдө. Өлкө башчысынын убадасына ылайык, 2028–2029-окуу жылдарына чейин учурдагы 100гө жакын авариялык мектептердин маселеси толугу менен чечилип, заманбап шарттар түзүлөт.
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИ А. ЖУНУШАЛИЕВДИН БИЛДИРҮҮСҮ
Инфраструктуралык өсүштүн эң негизги очогу борбор калаабыз Бишкек болууда. Мэр А. Жунушалиев белгилегендей, ички миграциянын жана административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаардагы окуучулардын саны кыска убакыттын ичинде 180 миңден 260 миңге чейин көбөйүп, дээрлик эки эсеге өскөн. Бул масштабдуу чакырыкка жооп катары Бишкекте учурда 120 мектеп жана 127 бала бакча иштеп жатса, быйыл Президенттин колдоосу менен бир убакта 20 мектепдин курулушу башталуу алдында турат. Шаар бийлиги ички бюджетке гана ишенбестен, сырткы инвесторлорду да жигердүү тартууда: Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу 12 мектеп, Россия Федерациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында 1 заманбап мeктеп, жалпысынан эл аралык фонддор жана республикалык бюджеттин эсебинен 33 мектеп салынат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча үч мектеп жана төрт бала бакчанын курулушу башталып, мурда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен имараттарды кайтаруунун алкагында сегиз бала бакчанын имараты мамлекетке өткөрүлүп, анын беши толук оңдоп-түзөөдөн кийин наристелерди кабыл алды.
Жаштардын бош убактысын натыйжалуу уюштуруу максатында Бишкекте ачылган “Жаштык” аренасында кыска убакытта 35тен ашык ири иш-чара өтүп, ага 200 миңге жакын адам баш бакты. Борбор калаанын социалдык-маданий жүзүн өзгөртүү максатында эски “Чатыр-Көл” кинотеатрынын ордуна жаңы заманбап имарат курулуп, жаштар үчүн “Жаш техник” борборунун курулушу кызуу жүрүүдө.
“Билим берүү тармагындагы реформалар – турмуштун өзү көрсөткөн зарылчылык. 180 миңден 260 миңге чейинки өсүш – бул бизге ташталган чоң чакырык. Эгер биз бүгүн билимдин сапатын жана тутумун туура жолго койбосок, эртең кеч болуп калат. Борбор калаанын билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн сиздер менен ар дайым биргелешип иштешүүгө даярбыз!” деп белгилеп өттү А.Жунушалиев.
САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ
Билим берүүнүн сапатын көтөрүү менен бирге, коомдогу эң маанилүү маселелердин бири — коррупция жана бюрократиядан арылуу маселеси санариптештирүү куралдары аркылуу ийгиликтүү чечилүүдө. Билим берүүнүн бирдиктүү санариптик архитектурасы түзүлүп, “Күндөлүк”, “Инфраструктура”, “Мугалим” жана “Санарип кампа” автоматташтырылган маалыматтык системаларды камтыйт. Мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алуу мурдагыдай «тааныш-билиш же телефон чалуулар» менен эмес, толугу менен мамлекеттик «Түндүк» тутумуна байланган электрондук каттоо аркылуу ишке ашууда.
Бүгүнкү күндө «Санарип мектеп» экосистемасынын алкагында АИС «Күндөлүк» платформасы бир күндө 1 миллион 200 миң активдүү колдонуучуну (анын ичинде 100 миң мугалим, 500 миң ата-эне, 600 миң окуучу) бириктирип турат. Кагазсыз мектеп тутумуна өтүүнүн аркасында мугалимдердин күндөлүк отчёттору менен жазуулары 80% чейин кыскарып, убакытты текке кетирген бюрократия жоюлду. Аттестация, электрондук лицензиялоо жана аккредитация процесстери автоматташтырылып, чечим кабыл алуудагы субъективдүү факторлор толугу менен жасалма интеллект технологияларына өткөрүлдү. Мугалимдерди сыйлоо процесси толугу менен санариптик платформага өткөрүлүп, сыйлык алуу системасы толугу менен ачык-айкын болду.
Мектептердеги бир жолку акысыз тамактануу тутумундагы коррупцияны жоюу максатында АИС «Бала» программасы ишке кирип, окуучунун катышуусуна жараша тамак-аштын көлөмү граммына чейин так көзөмөлгө алынды. Эң кубанычтуусу, ата-энелердин чөнтөгүнө оорчулук келтирбөө жана окуучуларды ЖРТга (ОРТ) сапаттуу даярдоо үчүн түзүлгөн акысыз «Булак» платформасында учурда 94 440 бала акысыз билим алып, өз билимин өркүндөтүүдө. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер жана чет жактагы мигранттардын балдары кыргызстандык аттестат ала алышы үчүн өлкөдө алгачкы ирет 2 540 баланы кучагына алган “Туңгуч” онлайн мектеби ачылды. Коопсуздук жаатында да маанилүү кадам жасалып, электрондук күндөлүктөгү “Коркпо, билдир” анонимдүү тиркемеси аркылуу балдар арасындагы тартипсиздиктин жана кылмыштуулукен алдын алуу боюнча ИИМ жана Агартуу министрлиги биргелешкен ыкчам чараларды көрүүдө.
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ЖАҢЫ МУУНДАГЫ КИТЕПТЕР
Мазмундук өзгөрүүлөрдүн негизин 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүү түзөт, бул кадам Президенттин демилгеси менен дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келүү үчүн жасалды. Жаңы муундагы окуу китептерин чыгаруу максатында толугу менен мамлекеттик менчиктеги басма үйү түзүлүп, коррупциясыз “Учкун” ачык акционердик коому аркылуу басылып чыга баштады. Мектеп китептери үчүн 2025-окуу жылында 856 миллион сом, ал эми 2026-жылы 744 миллион сом каралып, 4,8 миллиондон ашык улуттук окуу-методикалык комплекстер даярдалууда. Бул китептер эч жерде сатылбайт, толугу менен акысыз же символикалык 25 сомдук аренда менен берилет. Так илимдер боюнча дүйнөлүк линияга кирген бул китептер окуучулардын изденүүсүнө багытталган. Мектептерде 220 STEM лабораториясы түзүлүп, мугалимдерге так илимдерди заманбап деңгээлде жана жасалма интеллектти колдонуу менен окутуу үчүн атайын ноутбуктар таркатылды.
МУГАЛИМДЕРДИН ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА СОЦИАЛДЫК КОЛДОО
Мугалимдердин жана методисттердин потенциалын жогорулатуу да унутта калган жок. Билим берүү тармагынын 185 миңге жакын кызматкеринин айлыгы 100%га көбөйтүлдү. Ал тургай, мугалимдердин мугалими деп эсептелген методисттердин айлыгы тарыхта биринчи жолу 50 миң сомдун тегерегине жеткирилип, атайын креативдүү кадрларды тандоо конкурстары жүрүүдө. Мугалимдерди колдоо максатында улуттук тренерлер Сингапур сыяктуу дүйнөнүн эң алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын өздөштүрүп, жер-жерлерде окутууларды жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары, педагогдорго мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу “Менин үйүм” программасынын алкагында 4% жеңилдетилген насыя менен турак жай берүү иштери кызуу жүрүүдө.
Мындан сырткары, өлкө тарыхында биринчи жолу райондук билим берүү бөлүмдөрү, инклюзивдик интернаттар жана областтык институттар атайын кызматтык автомашиналар менен камсыздалды.
Бул ири өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүгү — алардын толугу менен сырткы гранттарга көз карандысыз, таза атамекендик жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жаткандыгында. Мамлекет убактылуу эмес, туруктуу өнүгүү жолун тандап алды. Мектеп менен бирге кесиптик-техникалык билим берүү да жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өлкөдөгү 93 кесиптик окуу жайында 26 миңден ашык студент эң суроо-талап жогору болгон жумушчу кесиптерге даярдалууда. Дуалдык билим берүү тутумунун негизинде студенттер окуп жаткан мезгилде эле өндүрүштө иштеп, 60 000 сомго чейин кошумча айлык акы алышууда, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн 70%ы дароо жумуш менен камсыз болууда.
Мына ушундай бирдиктүү, ачык-айкын жана чечкиндүү кадамдар менен Кыргызстан өзүнүн «Алтын казыгы» болгон жаш муундун жаркын келечегине ишенимдүү жол салууда.
КООМДУК ПИКИР ЖАНА ЭКСПЕРТТИК КӨЗ КАРАШ
Бул масштабдуу өзгөрүүлөр коомчулукта, эксперттердин жана ата-энелердин арасында кеңири талкуу жаратууда. Төмөндө бул реформалар тууралуу айрым пикирлер менен тааныштырабыз.
Рысгүл АКИМЖАНОВА:
«Дүйнөлүк окуу жана жумушка орношуу системасы 12 жылдык стандартка негизделгендиктен, бул реформа биздин бүтүрүүчүлөрдүн чет элдик алдыңкы университеттерге түз тапшыруусуна жол ачат. Сырттан заманбап билим жана эл аралык тажрыйба алып келген жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң секирик жасайт. Бул – мамлекет үчүн стратегиялык маанилүү кадам. Бирок, жаңыланууга каршы күчтөр тарабынан Агартуу министри Догдуркул Кендирбаевага карата негизсиз каралоолор жүрүп жатканы өкүндүрөт. Премьер-Министр Адылбек Касымалиев өз командасын жана өнүгүү программасын коргоп алат деп ишенебиз.»
Кадыр КАЗАКПАЙ уулу:
«Учурда Агартуу министрлиги билим берүүдө мурдагыдай үзүндү эмес, бардык тепкичтерди бириктирген бирдиктүү жана системалуу реформаны жүргүзүүдө. Ооба, өткөөл кезеңде ар бир үй-бүлө үчүн окуу куралдары, санарип тутумдар жана жүктөм боюнча кыйынчылыктар бар, аларды ыкчам чечүү зарыл. Бирок реформаны токтотуу – каржылык ресурстарды гана эмес, убакытты да жоготуу дегенди билдирет. Бул стратегия коомчулук жана эксперттер менен бирге иштелип чыккан. Эгер азыр өзгөрбөсөк, өлкө билим берүүдө жылдарга артта калат. Ошондуктан, кемчиликтерди жоюу менен реформаны аягына чыгаруу керек. Биз бүгүнкү кыйынчылыктарга эмес, балдарыбыздын 10–20 жылдан кийинки атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө карашыбыз зарыл. Мен бул тармакта 25 жылдан ашык иштеген адис жана ата-эне катары айта алам: балам 2025-жылдын күзүнөн тарта америкалык мектепте окуусун улантты, бул эл аралык стандарттарга багытталган азыркы курстун тууралыгын далилдейт.»
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер