«ДОБУЛ-ТАШТЫК «ЗАРАТУСТРАНЫН» АҢГЕМЕСИ» — УЛУТТУК ПРОЗАБЫЗДАГЫ ЖАҢЫ БИЙИКТИК
- 25.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү прозачы Арслан Койчиевдин «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемеси» аттуу повесть-китеби колума тийип калды. Мурда бул калемгердин чыгармаларына берилген оң бааларды окуп жүргөн элем. Филология илимдеринин доктору, адабиятчы, сынчы Курманбек Абакиров А. Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” романынын мазмунунун социалдык-философиялык олуттуулугун белгилесе, академик А. Акматалиев жазуучунун реализм менен мистиканы жуурулуштуруп, көрөсөндүү образ түзө билген стилистикасын тастыктап, аны жаңычыл сүрөткер катары мүнөздөгөн. Ал эми атагы алыска кеткен жазуучу Султан Раев өзүнүн оозеки сүйлөгөн сөздөрүндө да, жазуу кебинде да Арслан мырзаны таланттуу жазуучу катары мүнөздөп келет. Султан Раевдин А. Койчиевдин бир аңгемесин окуп чыгып, аны шедевр катары белгилеп, газетага сунуш кылганы эсибизде турат. Демек, окуп чыгайын деп колго алган «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемеси» китеби дагы, дагы жаңы көркөм ачылгаларга, жаңылыктарга туш кылат го деп үмүттөндүк. Анын үстүнө аталган повесть жазуучунун “Мисмилдирик”, “Бакшы менен Чыңгыз хан” романдарынан кийин жазылып, жарыкка чыгыптыр. Эгерде, айтылып жүргөндөй, “Чыныгы жазуучу мурдагы чыгармасы менен кошо өлүп, жаңы чыгармасы менен кайрадан жаңырып кошо төрөлөт” деген кеп чын болсо, анда А. Койчиев бул соңку повести менен жаңы амплуада адабий сахнага чыккан болуш керек. 1921-жылы бул чыгарма акын-жазуучулар арасында уюштурулган конкурста “Алтын калем” сыйлыгына бекеринен татыктуу болбосо керек.
Ошентип, «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемесинин» биринчи барагын ачтым. Баса, окуур алдында китептин арткы мукабасынын сыртына жазылган эки-үч кишинин кыска пикирлерине көзүм түшө калды. Анда белгилүү журналист, адабиятчы, ойчул аалым Эсенбай Нурушевдин повесть жөнүндөгү мындайча ою түшүрүлүптүр: “Мисмилдирикте” башка элең, “Бакшы менен Чыңгыз ханда” башка элең, ал эми бул чыгармаң алардан да ашып түшүптүр. Бул чыгармаңан кийин “Айтматовдун изин улай тургандар бар экен” деген ойго кошулуп калдым”. Э. Нурушевдин сөзүнө улай коомдук ишмер, интеллектуал Алмаз Кулматовдун сөзү да мукабага “чегилип” жазылган экен: “Эстетикалык суроо-талап бар: көкүрөгүңө ой салган, жан дүйнөнү түйшөлткөн, эс-учун жоготконду эсине келтирген, көңүлүн көкөлөткөн чыгармага эл муктаж. Арслан Койчиевдин жаңы чыгармасы дал ошондой чыгарма”.
Эсенбай Нурушев менен Алмаз Кулматовдун ой-тыйнактары, баалары туура болуп чыккай эле деп, «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемесин» адис адабиятчынын “куралданган көзү” менен карап, ар бир сүйлөмүнө, абзацына, окуясына, эпизодуна, штрихине, колдонгон көркөм боёкторуна, каражат-аспаптарына, подтекстерине, сюжеттин жүрүшүнөн чыгып турган идеяларына сарасап салып, кээде повесттин көркөм микродүйнөсүнө “адабий лупа” менен үңүлүп отуруп, акыры чыгарманын аягына чыктык. Ошондо кандай тыянакка келдик? Биринчи айта турган нерсе, жогорудагы эки интеллектуал азаматтын повесть жөнүндө айткан ой-бүтүмдөрү туура болуп чыкты. Бирок бул эки мыкчегердин жарыя кылынган позитивүү жалпы ой-пикирлери конкреттүү мисалдар менен далилдениш керек.
Эми бул жерде сюжетти кайталап, айтып отурбайлы. Чыгарманын негизги көркөм артыкчылыктарына жана моралдык-этикалык, социалдык-философиялык маңыз-мазмунуна көңүл буралы. Бирок сөз башында муну белгилеп коёлу. Жогорто Эсенбай Нурушев мурдагы чыгармаларында башка элең, кийинки чыгарманда башка болуп чыктың деп атпайбы. Чынында эле, Арслан Койчиев мурдагы романдарындагы көркөм жетишкендиктерин улантуу менен «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемесинде» жаңы деңгээлден, жаңы бийиктиктен көрүнө алган. Мунун өзү А. Койчиевдин тынымсыз изденген, өзүнүн прозасынын поэтикасын тынымсыз жаңылоого умтулган, баскычтан баскычка чыгууга куштарланган талант экенин күбөлөйт. Барынан мурда А. Койчиевдин аталган повестте жазуучулук көркөм техникасы, образ түзүү чеберчилиги кескин түрдө алдыга карай өскөн.
Биздин улуттук прозада тээ ХХ кылымдын 20-50-жылдарында калыптанып, кийин кеңири жайылып кеткен бир көнүмүш бар. Бул баяндоочулук (описательность) көнүмүшү. Баяндоочулук жалпы эле Борбордук Азия адабиятына мүнөздүү кубулуш. Баяндоочулук прозада автордун монотондуу монологу үстөмдүк кылат да, жазуучу бардыгын баяндап, мүнөздөп, өкүмүн чыгара берет. Каарман автордук диктаттын алдында жашайт, жазуучунун авториттардык мамилесинен азап чегет. Автор каарманды куурчак сыяктуу ойнотот. Анын тагдырын оңго бурам десе оңго бурат, солго бурам десе солго бурат, өлтүрөм десе өлтүрөт, тирилтем десе тирилтет. Кыскасы, каарман автордук схеманын, идеянын рупору катары жашайт. Биздин кыргыздын алдыңкы деген жазуучуларыбыздын чыгармасынан да ушундай көнүмүштүн инерциясынын издерин байкоого болот. Дал ушундай каарманга карата болгон авторитардык мамиленин, автордук диктаттын көнүмүшү ХХ кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинде бузулган эле. “Жамийлада” алгач жолу каарман (Жамийла, Данияр) автордук эрктин өкүмчүлүгүнөн эмансипацияланып чыгып, өз алдынча индивидуалдуулук катары жашай баштаган. Ошентип, кыргыз прозасына реализм келген. (Албетте, мунун өзү ошондон баштап баяндоочулук токтогон деген сөз эмес. Баяндоочулук бүгүнкү күндө да өзүнүн таскагын улантууда). А. П. Чеховдун жаш жазуучуга “Сен каарманыңды өзүңдүн атыңдан “жакшы” же “жаман” деп мүнөздөбө, жакшы, жаман экенин кейипкерлер өздөрүнүн жүрүм-туруму менен өздөрү көрсөтсүн, чеберчилик деген ушунда” деп кеңеш бергени бар. Чехов адабияттын реалисттик стилдин башкы белгисин мына ушинтип көрсөткөн. “Жамийлада” Ч. Айтматов Чехов айткандай, өз каармандарын жакшы, жаман, алсыз, күчтүү дегенсыяктуу автордук мүнөздөмөлөр мене демонстрациялабайт. Тескерисинче, акаармандар автордун диктатынан тыш туруп, өз беттеринче жашашып, өздөрүнүн кыял-жоруктары менен окурмандарга өздөрүн өздөрү таанытышат. Дал ушундай тирүү каарманды көрсөткөн реализми үчүн “Жамийла” дүйнөлүк аудиторияны багындырган да. Ушул жерден Э. Нурушевге дагы кайрылып, анын жанагы “бул чыгармаңан кийин “Айтматовдун изин улай тургандар бар экен” деген ойго кошулуп калдым” деген сөзүн эске түшүрөлү. Чынында эле, кеп болуп жаткан повестинен Арслан Койчиевдин Ч. Айтматовдун образ, мүнөз тузүү тажрыйбасынан таалим алгандыгы байкалып турат. Кенен алганда А. Койчиевдин көркөм чеберчилик боюнча дүйнөлүк классикалык адабияттын мектебинен окуп, жакшы сабак алгандыгы “заратустрасынан” ачык сезилип турат. Биздин прозабызда, жогоруда айтылгандай, баяндагыч автор кейипкерге эрк бербей, көп учурдан анын атынан өзү сүйлөп, каарманын “чүлүктөп” жетелеп алат.
«Добул-таштык «Заратустранын» аңгемесинде» А. Койчиев баяндагыч прозадагы автор өзүн оркойтуп көрсөтө берген адаттын алкагын бузуп чыгып, “жасалма фигурадан-жандуу инсанга” деген эстетикалык жобону карманып иштеген. Натыйжада, повесттин башкы каарманы “М.К.” аттуу НКВДнын-КГБнын ардагер полковниги автордук эрк менен шахмат пешкасы сындуу ойнобостон, сюжеттте өз алдынча автономдуу тирлик кылып, өзүнүн ким экендигин өзү ашкерелейт. Арслан Койчиевдин каарманга болгон демократизми жана художниктик чеберчилиги ушунда.
Башкы каарман-ардагер полковник, кырчындай жаш кезинде НКВДа иштеп, 1937-жылдагы репрессиялангандардын бир тобуна бир нече ирет тапанчасынан ок чыгарган. Бул жагдай автордук баян аркылуу эмес, полковниктин өзүнүн эскерүү-элестетүүлөрү аркылуу берилет. Эгемендүүлүктун учурунда репрессия курмандыктарынын сөөктөрү табылгандыгы жөнүндөгү кабарды газетадан окуганда ардагер полковниктин абалы төмөндөгүчө көрсөтүлөт.
«А…» гезитинин соңку санын жаңыдан эле колго алып, каадасынча «ко-ош!» деп дабышын салып, маңдайына кулачтап жая бергенинде, бырыштуу өңү кер-сары тартып, эки колун майда калтырак басты. Таноолору кысылып, бүлк-бүлк этти эриндери. Эки-үч сабын арбыта окуй түшкөнүндө, кечке тирмийип гезит окугандан шоросу акчудай кызарган эки көзү чекчейди. Арылай окуй түшкөнүндө, каны как чокусуна тээп, чыкыйындагы көк тамырлары көөп чыкты.
— Ки… ки… киши… кишинин сооктөрү дейби, ыя!? Табылды дейби, ыя!? Дагыбы!? Дурайындыкы-ы… Табылды дейби? Акыры табылдыбы, ыя? Карасаң, карасаң муну дурустап, сүрөтү менен кошо жүрөбү, ыя? Куу сөөктүн додо болуп үйүлгөндөгү сүрөтү менен какчыйган куу баштын как маңдайынан тартылган сүрөтү жүрү! Топ-тобу менен өлгөндөрдүн, анан дагы тобу менен бир чуңкурга көмүлгөндөрдүн тоо арасындагы бейитиби!? Эй, капкайдагыны былжырайт; капкайдагыны тантырайт мынабу гезит сөрөйүң?
-Неужели!? — деди орусча-кыргызча аралаштыра күңгүрөнүп. — Неужели таап алышты!? Ушул демократ сөрөйлөрдүкү өттү, дурайындар!
А бирок… А бирок кантип таап алышты десең?
Туттукчудай деми кыстыкты, тамагы кургады. Боргулданып тердегенден чий калпагын көк желкеге түрттү. Мажүрүм тал он жылдык дүпүйгөн мажүрүм тал боло туруп, капырай, күндүн аптабынан калкалаганга шаасы жетпей калды белем. «Кудум эле Африканын күнү болуп кетти го! Жадагалса табиятың да бузулуп, соо эмес!» деп ойлоду ардагер. Мажүрүм талдын бир кучак жыш бутагынан жалт буйтаарда саамга чалыштай түшүп оңолуп, дагы кайталады: «Чистка!». Демейде дубалга сөйкөнбөй-этпей эле соо өтүп жүрчү жерден сол ыйыгын терезенин кырына сүрүп алды. Аялдай калып, көйнөгүнө жуккан акиташтын чаңын кагынды».
Повесттин текстинен алынган бул фрагменттер, көрүнүп тургандай, психологиялуу. А. Койчиевдин чеберчилиги ушунда, ал каарманды тыш жагынан эмес ич жагынан көрсөтүп жатат. Мен айтпайын, коментарийлебейин, өзүңөр көргүлө дегендей, автор полковникти алдыбызга сахнага чыгарып койгон. Карачы, полковник газетадагы кабарга кандай реакция жасап жатат. “Ки…Ки…Киши… кишинин сөөгү дейби?” деп кекечтенип калганынан, ички дүрбөлөңү сыртына чыгып, эки колун майда калтырак басып, көздөрүнүн чекчекейген, “неужели”, “…дурайынар”, “чистка”, “чистка”, деп карбаластай күбүрөнгөнүнөн, капысынан эле күндүн ысыгына кейип жибергенинен “былжыраган” деп газетаны, демократия сөгүп тилдегенинен, алактап, күндө урунбаган терезенин кырына азыр урунуп алганынан полковниктин ички тен салмактуулугун жоготуп, алапайын таппай калганы кашкайып көрүнүп турат. Мынакей, адамды ич жагынан көрсөтүү деп ушуну айтыш керек.
Полковник өзүнчө дүрбөп, күбүрөнүп-күңкүлдөп атып, психикасынын ал жайын гана эмес, өзүнүн тереңдеги ишенимин, саясий “философиясын” да ачыктап таштады. Бүгүнкү журналист, демократ “сөрөйлөрдүн кылыгына чыдай албай бу неме ички сырын да моминтип төгүп жибербедиби” : «Мындан туура алтымыш-жетимиш жылча илгери кеменгер жол башчынын улуу кыялын, аруу тилегин жүзөгө ашыруу үчүн тап күрөшүнө, түп көтөрүлө аттанбадык белек, эсиңердеби? Түрүлө аттанганбыз! Ошондо, адам баласынын жер бетине адам баласы болуп жаралганы кан-жаны менен кошо бүткөн алмустактагы бузук кыялын күчкө салып оңдоого, маселен, киши туруп кишини кишиге кас санаткан, кажынтып эле кара санатайлык издеткен, бир-бирине кордук көрсөтүүнү, бирин-бири зордукка салууну дегдеткен, ой-санаага келгис не бир жаман иштерге азгырган, деги койчу тирүүчүлүктү азап-тозокко айланткан эзелки кулк-мүнөзүн жин каккандай кагып, кыскасы, кайра тарбиялап, телегейи тегиз коомду куруу тилегине тилектеш болбодук белек, эсиңердеби? Эми мынабу ары жок неме ошол айыгышкан улуу күрөштүн, дагы айтамын, айыгышкан улуу күрөштүн маалында аёосуз атылгандардын, Ибир-Сибирдеги лагерлерге күргүштөтүп айдалгандардын өчүн алмакчы, кунун куумакчы имиш. Анан да атпай журтту үндөп жибергеничи! Отуз миң нуска менен! Күйгүзөт да күйгүзөт! Билгиңер келсе, «чистка» деп коёт аны, балдар!»
Капырай, элибиз эркиндик алып, эгемендүү болуп, жаңыча ой жүгүртүп жатса, полковник кыргызыбыздын эч кебелбестен мурдагыдай эле сталинист, Бериячы, тапчыл балчабек, тоталитардык желдет бойдон кала берген тура. Бу кишиде улуттук аң сезим, ар намыс, кайра жаралуу, нарктарды кайра баалоо (переоценка ценностей) деген нерселер жок турбайбы.
А. Койчиев повестинде белгилүү бир доордун социалдык-психологиялык тибинин бейнесин тартууну, ал типтин коом үчүн кесепеттүү маани-маңызын ачып көрсөтүп, философиялык жалпылоолорду жасоону көздөгөн. Бирок автор бейнени тартууну тышкы биографияны жазуу аркылуу, полковниктин ички биографиясын эмес, ойлоо образын көрсөтүү аркылуу түзүүнү максаттаган.
Бул үчүн А. Койчиев каарманды тышынан шөкөттөгөн, сыпаттаган риторика эмес, бөлөкчө адабий технология керек экендигин туюп, ийкемдүү, эффективдүү көркөм каражаттардын бүтүндөй бир комплексине басым жасаган. Колдонулган көркөм каражаттардын ичинен, айрыкча полковниктин шакирттери менен болгон диалогдору, монологдору, ички монологдору, ой жүгүртүүлөрү, акыл-эс толгоолору, ички бушаймандары жана дүрбөлөңү чыгарманы башынан аягына чейин чулгап турат. Повестте полковниктин адаттары, өзүн кармаган манерасы, тула – боюнун кыймылы, физианомиясындагы өзгөрүүлөр да анын ички психикалык абалынын көрсөткүчү катары кызмат өтөйт.
КГБнын өткөндөгү ыплас, кандуу кылмыштарынын ачыкка чыгып калбашы үчүн шакирттери менен көмүскө жүргүзгөн айла-амалдары, тымызын уюштурган иш-аракеттери. Чындыктын, акыйкаттын жолуна жашыруун салган тузактары, көмгөн “миналары” да, түзүлгөн кырдаалдардагы жүрүм-туруму да анын ким экендигин ич жактан мүнөздөп турат.
Албетте бул жерде автордун сөздөрү, сүрөттөөлөрү, баяндары да көркөм инструмент катары пайдаланылат. Бирок автордук речь орду менен, ыгы менен кылдат курулуп, психологизмдин каражаттары менен табигый биримдикте образдын ачылышына сүрөө болуп жүрүп отурат. Бир сынчы Лев Толстойдон “Лев Николаевич, “Анна Каренина” романыңыздын башында эле Анна менен Вронскийди бир поездге салып, аныңыз аз келгенсип, бир купеге түшүрүп коюптурсуз. Чыгарма башталганда эле каармандарды зордоп бириктирип жаткан жоксузбу?” – деп сураганда жазуучу кебелбестен: “жок, алар менден руксат сурабай эле, поездге өздөрү түшүп алышкан” деп жооп берген. Мындай жоопту Лев Толстой бекеринен айткан эмес, анткени анын реалисттик чыгармачылык принциби боюнча каармандын жүрүм-турумунун мотивациясы автордун эркинде болууга тийиш эмес, кейипкер өз бетинче личность катары өзүнүн кызыкчылыктары жана мүдөөлөрү менен жашашы керек. Адамды реалисттик чагылтуу ошондо келип чыгат. Реалисттик адабиятта адатта жазуучу тизгинди каармандарга берип коюп, Флобер айткандай, өзү көрүнбөй ары жака жашынып «Добул-таштык «Заратустранын» аңгемесинде» да А. Койчиев башкы каарман-КГБнын ардагер полковнигин сахнага чыгарып койгон. Ал автор күн мурун чаап, даярдап койгон баягы даңгыр жол менен баспайт. Тилекке жараша, полковник сюжеттин агымында өзүнүн жолу менен басып, өз тагдыры, өз ишеними менен жашап, өйдөдө белгиленгендей, монологдору, диалогдору, ой жүгүртүүлөрү, иш-аракеттери аркылуу өзүнүн ким экендигин демонстрациялап, кадимкидей, тирүү образдын деңгээлине чейин өсүп жеткен.
Аналитикалык көркөм аспаптар менен “жан дүйнөнүн диалектикасын” (Чернышевский) ачкан, эстен чыккыс жандуу типти жараткан Койчиевдик эстетика жалгыз бир автордун ийгилиги эмес, бүтүндөй кыргыз прозасынын жетишкендиги деп айтсак жаңылышпайбыз. Жазуунун өркүндөгөн маданияты автордун повесттин сюжеттик-композициялык структурасына мифологиялык-мистикалык чакан сюжеттерди да (мисалы, көзү ачык кишинин арбак менен сүйлөшкөнү, “Заратустранын аңгемеси” бөлүктөрү) табигый түрдө сиңирип, кейипкерлердин образдарын ачууга ыктуу пайдалана билгендигинен да байклып турат. Бул жерде Ч. Айтматовдун эстетикасындагы элдик легендаларды, притчаларды, мифтерди колдонуу салты Койчиевдин повестинде жемиштүү уланган деп айта кетсек болот. Акыры, суроого кезек келди окшойт. Деги А. Койчиев бейнесин тарткан полковник деген ким өзү? Повесттин фактурасынан чыгып, даанараак жалпылап мүнөздөсөк. Ал — тоталитардык СССРдеги тап күрөшүнүн желдети. Таптык күрөш жөнүндөгү окуу ал үчүн абсолюттук чындык, дүйнөдөгү бирден бир туура теория. Ошондуктан коммунисттик улуу кыялды жүзөгө ашыруу үчүн “Тап күрөшүнө түп көтөрүлө аттанбадык беле” деп эгемендүүлүк күндөрүндө сыймыктануу менен сүйлөп турбайбы. Бирок полковниктин тап күрөшү жөнүндөгү ишеними марксизмдин таптык күрөш теориясын окуп түшүнүп, анын тууралыгына көзү жеткендиктен чыккан ишеним эмес. Анын ишенимин 20-30- жылдарда большевиктердин кызыл пропагандасы жасаган. Ал өз ишенимин өзү түзгөн эмес. Тап күрөшү жөнүндөгү ишенимди анын аң-сезимине тыштан бирөөлөр киргизген. Ошол ишеним ошо киргизген боюнча каарманыбыздын өзөгүндө эрибес муз болуп тоңуп, өзгөрбөс догма болуп катып калган. Бекеринен ал жогоруда 37-жылкы репрессияны «чистка болчу», «чистка», «чистка» деп жан сырын төгүп ийип жаткан жок.
19-кылымда орус революционери Бакунин Карл Маркс менен талашка чыгып, таптык күрөш окуусу фашизм идеясы менен барабар деген экен. Чынында эле мунун көп жагынан ырас экендигин СССРдеги жарандык согуштар далилдебедиби. Ала-Тоолук полковникте теория деген кайдан болсун. Полковник-бул коммунисттик утопиянын идеологиялык манипуляциясынын продуктысы. Ал личность эмес. Адамдын мындай пропагандисттик тиби учурунда Советтер Союзунун бардык аймактарында, бардык тармактарда кеңири тараган. Ч. Айтматовдун “Кыямат” романындагы парторг Кочкорбаев КГБнын полковнигинин колхоз-совхоздогу бир варианты. Ала-Тоолук полковник улут дегенди билбейт ал коммунист-космополит, көзкаман, манкурт, ээси жок болсо да, иштей берген айла-амалдуу машина. Ал өзүнө сын көз менен кароо, өзүн өзү талдоо, өзүн өзү соттоо (самосуд) дегенди билбейт. Тескерисинче, өзүн жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк катар көрүп, а түгүл өзүн байыркы акылман Заратустрадай туюп, бардыгынын үстүнөн өкүм чыгаруучу соттой сезет. Мынакей догматиканын амбициясынын күчү! Тээ илгери алмустакта кишилер жаралып жатканда адамдардын бир тобунун тула-боюна, полковниктин ою боюнча, ибилис, шайтан кирип кеткен. Ошондой ибилистүү түпкү аталардын бузуку тукумдарынан коомду «чистка» кылууга 1937-жылы полковник активдүү катышыптыр. Бузуку, ибилистүү адамдар бүгүн да “иттин кара капталынан”. Демек, тап күрөшү уланууга тийиш. Эгер оңдой берди болуп Сталин менен Бериянын заманы кайра келип калса, полковник, биринчи иретте, сөз эркиндиги, чындык, “люстрация” деп кыйкырган журналисттерди жана бузуку, тартипсиз демократ сөрөйлөрдү топ-тобу менен атып, жаңкы чуңкурларды казып, чогуусу менен көмүүгө даяр турат.
Альтернативдүү, вариативдүү ойлонуу дегенди билбеген, бир чекитти гана тиктеп, ошол чекитке итче берилип калган, жалган идолдорго сыйынган адам кандай коркунучтуу. Бүгүн ушундай догматиктер, фанатиктер, айрыкча дин жаатында көбөйүүдө. Диндик экстремизм деген нерсе ошол жактан чыгып жатат.
Арслан Койчиев ийгиликтүү түзгөн полковниктин образы-бул кенен караганда, жазуучунун Кыргызстанга жана адамзатка жасаган көп маанилүү көркөм эскертүүсү. Полковниктин образы реалисттик да, сиволикалык да мааниге ээ.
Сөз акырында жазуучунун дагы бир өзгөчөлүгүн белгилейли. А. Койчиевде кисти менен иштеген сүрөтчүнүн касиети бар экени байкалат. Ал көргөн нерсесин кудум фотообъектив сыяктуу чап кармап калат экен. Көрүү эстутуму күчтүү өнүкөн. Ошондон улам көрүнүштөрдү, кубулуштарды, абал-жагдайларды абдан элестүү, даана тартып көрсөтө билет. Мисалы, “ардагер өчөйө туруп, белин абайлап түзөп, аягын сүйрөп, эшикти ачканы жөнөдү” деген бир сап эле сүйлөмдү окуганыңда кинолентанын ирмемин көргөндөй боло түшөсүң. Кызыл-Аскердеги пивоканадагы тиричиликтин колориттүү картиналары, дегеле, повесттин бүтүндөй көркөм тулкусу А. Койчиевдин тубаса художниктик касиетке эгедер экенин күбөлөйт. Дагы бир белгилей турган нерсе, классикалык реалисттик адабиятта адамды курчап турган интерьерди сүрөттөө аркылуу каармандын мүнөзүн ачуу сыяктуу сыналган ыкма бар эмеспи. Ушул классикалык ыкманы автордун жемиштүү пайдалангандыгы кубандырат. Маселен, жазуучу повесттин каармандарынын бири белгилүү журналисттин жашаган үйүнүн ичин, короосун жасалмасы жок табигый түрдө сүрөттөй баштайт. Журналист эртең менен жумушка камданып жатып, эски муздаткычын аңырайта ачса, анда төрт гана жумуртка бар экен. Жумуртканы салып бышыра турган мискейинин кырбуулары тегерете мыйрыйып калган. Какжыраган шкабынын ичинде кир көйнөк-кечелери да, тазараак кийимдери баары аралашып додо болуп жатат. Ажатканасынын ичинде дуулдап чымын толуп, кыйшайган эшиги катуу тарса кулаганы араң турат. А. Койчиев бул жерде журналистин мүнөзү жөнүндө ак деп да, көк деп да эч нерсе айтпайт. Бирок газеталарга бийик сөздөрдү жазганы менен журналисттин үйүндө оокат кылбаган жалкоо, илээнди экенин анын үйүндөгү интерьерди сүрөттөө менен гана көрсөтүп койгон. Бул чеберчилик эмей эмне? Жазуучу сөзгө бай, тили ширелүү. Кыскасын айтканда, Арслан Койчиев бүгүнкү күндө кыргыз адабиятына “чымбыт” чыгармаларды эмес, чоң, чоң сакадай, томпойдой чыгармаларды берүүгө бардык жагынан даяр болуп калыптыр.
Советбек Байгазиев
Адабиятчы, сынчы, филолгия илимдеринин доктору, профессор
Комментарийлер