ЧААЛЫКПАС ИЛИМПОЗ, ДАСЫКАН ПЕДАГОГ ЭЛЕ
- 29.08.2025
- 0
(Профессор Шералы Жапаровдун өмүр жолуна жана илимий жана маданий ишмердигине адабий-илимий этюддар)

Устатым, улуу окумуштуу Шералы Жапаровдун жаш чагы катаал жылдарга – начар турмуш, согуш жана кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү мезгилине дал келген.
Агай жаш чакта Лейлектин кара тоолорунда кара кой багып, Кадамжайда кара алтын казган, Лейлектин сары өрүгүн как кылып, данегин чаккан, тагдыр буйруп, ошол жакта калса, совет заманында эле Социалисттик Эмгектин Баатыры болмок, улуу атакка конмок. Тагдырдын буйругу менен университетте окуп, билим алып, аспирантура, докторантурада ийне менен кудук казып, илим даража алган.
ХХ кылымдагы лингвистиканын тарыхы «традиция – модерн — постмодерн» же башка термин менен айтканда, «тезис – антитезис – синтез» стандарттык диалектикалык үчилтиги менен мүнөздөлөт. Кененирээк айтканда, ХХ кылымдагы лингвистикада салыштырма-тарыхый, система-структуралык жана антроп борбордук парадигма жатат. Жогоркулардын биринчиси историзм принцибинин негизинде тилдерди салыштырса, экинчиси тилдик бирдиктердин структуралык-системалык касиеттерин ачты, ал эми үчүнчүсү «тилдеги адам» жана «адамдагы тил» формуласында иликтөөлөрүн улантууда.
Ш.Жапаров илимпоз катары структуралык-системалык парадигманын алкагында үзүрлүү эмгектенген окумуштуу.
Ал баарынан мурда Л.Щерба, В.Виноградов, А.Смирницкий, Р.Шор, С.Кацнельсон, О.Ахманова, Л.Булаховский, В.Звегинцев, Д.Шмелев, А.Супрун, А.Ефимов, С.Ожегов өӊдүү лексикологдордон, Н.Дмитриев, А.Кононов, А.Щербак, М.Ширалиев, Н.Баскаков, Э.Севортян, Э.Тенишев, Б.Юнусалиев, К.К.Юдахин, И.Батманов сыяктуу түркологдордон дыкаттык менен сабак алып, алардын идеяларын улантты.
Устатым экөөбүз энциклопедияда иштеген чакта: “Кубатбек мырза, адам аттары боюнча материал жыйнап жүргөндө, университет берген айлык кээде конверттен ашпай калчу” – деген сөзү такыр эсимен кетпейт. Агай миӊ кат жазса, андан ашуун кат келип, төрт бөлмөлүү үйүнүн үч бөлмөсү жалаӊ каттарга шыкалып калганын көрүп, таӊ калып, эмгегине таң берген да жайым бар.
Ошол көп жылдык эмгегинин акыбети кайтып, антропонимдер боюнча Москва шаарында докторлук диссертация жазып, филология илимдеринин доктору илимий даражасын алган.
“Адам аттары – эл байлыгы” аттуу эмгеги кыргыздардын 22234 атын камтыган, алардын бир тобунун төркүнүн чечмелеген өзгөчө бир энциклопедия. Мындан башка да 50 миңдей адам аттарынын картотекасын түзгөн. Бул — кыргыз элинин зор байлыгы. Башка эмгектери эскирген күндө да, бул эмгеги эч качан өз баасын жоготпойт. Анткени кыргыз баласы төрөлгөн сайын аны издеген адам саны артып турат, китеп колдон колго өтүп турат, басмалар талашып, улам-улам чыгарып турат.
Илимпоздун «Кыргыз тилинин Лейлек говорунун лексикалык өзгөчөлүктөрү» аттуу кандидаттык жана «Кыргыз антропонимикасы» аттуу докторлук диссертацияларында кыргыз тили илиминин диалектологиясы менен лексикологиясынын урунттуу проблемалары заманбап теориялык-методологиялык негизде чечилген.
Диссертациядагы илимий жыйынтыктар жана корутундулар изденүүчүнүн илимий таанымдын эмпириялык жана теориялык баскычтарын, методдорун терең өздөштүрүп, аларды өз изилдөөсүндө ийкемдүү пайдалангандыгынан, лингвистика, тарых жана этнографиянын жетишкендиктерин терең изилдегенинен кабар берет.
Илимпоз кептин функциялык типтерин – сыпаттоо, баяндоо жана ой жүгүртүү түрлөрүн чеберчилик менен пайдалануу аркылуу ар кандай теманы заманбап деӊгээлде чечкенге аракеттенген.
Илимдеги ак эмгегинин акыбети кайтып, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери наамын алган, ал адам мындан да жогорку сыйлыктарга арзыган эмгектерин элине мурас кылды. Бир чети ошол эмгектери аркылуу сыйлыктардын баарынан жогору турган өлбөс-өчпөс атак-даңк калтырып кетти. Агай сөздүктөрдүн өзгөчө бир серияларын жаратты жана жаратууга катышты: адам аттарынын, синонимдер, омонимдер, антонимдер, фразеологиялык бирдиктердин сөздүктөрү буга далил.
Эмгектеринин жыйынтыктарынын далилдүүлүгү ишенимдүү, ынанымдуулук даражасы жогору, деңгээли бийик жана илимий даражаларга коюлган квалификациялык сын-өлчөмдөргө толук жооп берет.
Кыргыз тилчилеринин өмүрүн жана чыгармачылыктарын толук чагылдырган биобиблиографиялык тактам жана окума жаратып, энциклопедист катары да көрүндү.
Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн кыргыз тилинин диалектологиясы, лексикологиясы, лексикографиясы, фонетикасы боюнча окуу китептерин жазып, жарыкка чыгарып, окуу китеп жаратуунун теориясы менен практикасына өз салымын талыкпай кошуп келди.
Биобиблиографиялык көрсөткүч жана лингвистикалык календарь түзүү жаатында да агайдын алдына адам чыкчу эмес. Улуттук энциклопедия бербеген материалдарды – илимпоздун редакторлук ишмердигин, жарык көрө элек эмгектерин агайдын эмгегинен гана табууга болот. Лингвистикалык календары ким кайсы жылы канчага чыгат, кайсы эмгектин чыкканына канча жыл болду өӊдүү маалыматтарды күн сайын кулак кагыш кылып турат.
Агай балдарга арналган жомоктору, сыбызгыган чоор күүлөрү жана жарык көрбөй жаткан «Мен атамдын уулумун» аттуу романы менен кыргыз маданиятына өз салымын кошту.
Заманыбыздын улуу ойчул акыны С.Эралиев “Менин философиям”(1987) аттуу ырында:
Бир сырдуу болуп жан сакта,
Жаӊырса мезгил жаӊыраар…
Айрыкча бийлик, мансапка
Жутунбас жупун жаным бар.
Кай бирлер колун шилтешип,
Күлүшөт мага: “Бош, уяӊ!”
Ансайын укпай, тил тешип,
Дүкүйөт философиям – деп,
таасын айткандай, агай да мансап, бийлик жана байлык жөнүндө ойлобой, ийне менен кудук казды, лекция окуп, практикалык сабак өтүп, илим жана педагогика майданында талыкпай иштеп өттү.
Бул дүйнөдө баары картаят: чокусу ай чалган ак тоолор кара тоолорго, бийик сепилдер жапыз коолорго, мелтиреген көлдөр сары чөлдөргө, улуу дарыялар кургак сайларга айланат, алма чирип, дөӊ болот, өрүк чирип көӊ болот. Бир гана нерсе — ак эмгектен жаралган дөөлөттөр жаш турпатында кала берет. Өмүр өтө берет, эл эмгектен эскере берет тура. Биз улуу устаттарыбыз менен бирге эмгектенип, айткан-дегендерин кулакка куюп, көкүрөккө сиңиргенге далалаттанып жүрүп, көптү үйрөнгөнгөн аракеттендик. Алардын басып өткөн байсалдуу өмүр жолуна баам салып отуруп, төмөндөгүдөй тыянак чыгардым:
Күжүрмөндүүлүк менен талыкпастыкты Константин Юдахинден, чечендик менен кенендикти Кусейин Карасаевден, салабаттулук менен салмактуулукту Калкабай Сартбаевден, тереңдик менен белендикти Абдыгул Жапаровдон үйрөндүк, тапкычтык менен тамашакөйлүк Зыяш Бектеновдон, кайраттуулук менен кажыбастык Токтосун Ахматовдон, такыбалык менен тактык Самак Давлетовдон, шапооздук менен шайырлык Салижан Жигитовдон жукту, кара жаак, кайкы тил Акеш Имановдон, азилкечтик менен асылкечтик Үсөнбек Асаналиевден, көктүк менен өжөрлүк Султан Мамбеткалиевден өттү деп ойлойм. Ушул сапаттардын баарын өзүнүн тулку боюна сиңирген агайым Шералы Жапаровдон да биздин үйрөнө тургандарыбыз али көп экенин жакшы билемин.
Кубат САМАТОВ,
филология илимдеринин доктору, профессор
Комментарийлер